Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Экинчи Падышалар китебиндеги урунттуу ойлор

Экинчи Падышалар китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Экинчи Падышалар китебиндеги урунттуу ойлор

ЫЙЫК ЖАЗМАНЫН Экинчи Падышалар китеби Биринчи Падышалар китебинин уландысы болуп эсептелет. Бул китепте 29 падыша жөнүндө баяндалат. Алардын 12си Ысрайыл түндүк падышалыгынан, 17си Жүйүт түштүк падышалыгынан болгон. Экинчи Падышалар китебинде Илияс, Элиша жана Ышайа пайгамбарлардын кызматы тууралуу да айтылат. Окуялардын баары хронологиялык тартипте берилбесе да, китепте Самария менен Иерусалимдин талкаланышына чейинки окуялар баяндалат. Экинчи Падышалар китеби б.з.ч. 920-жылдан тартып б.з.ч. 580-жылы Жеремия бул китепти жазып бүткөнгө чейинки убакытты — 340 жылды — камтыйт.

Экинчи Падышалар китеби биз үчүн эмнеси менен баалуу? Анда Жахаба жана анын иштери жөнүндө эмнелер айтылат? Китепте айтылган падышалардын, пайгамбарлардын жана башка адамдардын кылган иштеринен өзүбүзгө кандай сабак алсак болот? Келгиле эмесе, Экинчи Падышалар китебинен эмнелерге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү.

ЭЛИША ИЛИЯСТЫН ОРДУНА КЕЛЕТ

(2 Падышалар 1:1—8:29)

Ысрайыл падышасы Ахазай үйүнүн үстүнкү бөлмөсүнүн терезесинен кулап кетип, төшөктө жатып калат. Ал Илияс пайгамбардан өлө тургандыгы тууралуу кабар алат. Ахазай өлүп, иниси Жорам такка олтурат. Ошол учурда Жошапат жүйүт элине падыша болуп турган. Илияс куюн менен асманга көтөрүлүп кетет да, ордуна анын жардамчысы Элиша пайгамбар болот. 60 жылдай созулган пайгамбарлык кызматынын учурунда Элиша көптөгөн кереметтерди жасайт. («Элишанын кереметтери» деген кутучаны кара.)

Маап падышасы Ысрайылга согуш ачканда, Жорам, Жошапат жана Эдом падышасы ага каршы согушка аттанышат. Жошапат Кудайга ишенимдүү болгондуктан, алар жеңишке жетишет. Кийинчерээк Сирия падышасы Ысрайылга байкатпай кол салууну пландаштырат. Бирок Элиша анын планын бузат. Каары кайнаган Сирия падышасы Элишаны колго түшүрүш үчүн «аттарды, майдан арабаларды жана көп аскерлерди жөнөтөт» (2 Падышалар 6:14). Элиша эки керемет көрсөтүп, аларды тынчтык менен коё берет. Арадан убакыт өтүп, Сирия падышасы Бенадат Самарияны курчоого алат. Натыйжада катуу ачарчылык башталат, бирок Элиша ачарчылыктын бүтөрүн алдын ала айтат.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин Элиша Дамаскка барат. Ооруп жаткан Бенадат падыша оорусунан айыгар-айыкпасын билип келүү үчүн Хазаелди Элишага жөнөтөт. Элиша падышанын өлөрүн жана ордуна Хазаел келерин айтат. Ошол эле күндүн эртеси Хазаел падышаны сууга малынган жууркан менен тумчуктурат да, падышалыкты колго алат (2 Падышалар 8:15). Жүйүттө болсо Жошапаттын уулу Жорам падышалыкка дайындалат. Кийин анын ордуна уулу Ахазай такка келет. («Жүйүт жана Ысрайыл падышалары» деген кутучаны кара.)

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2 Падышалар 2:9 — Эмне үчүн Элиша өзүндө Илиястагы рухтун эки эсе болушун сураган? Ысрайылда пайгамбарлык кызматты аткарыш үчүн, Элишага Илиястыкындай тайманбастык жана эржүрөктүүлүк керек болгон. Муну түшүнгөндүктөн Элиша Илиястан өз рухунан эки эсе көп беришин суранган. Илияс Элишаны өзүнүн орунбасары кылып дайындаган. Ага чейин Элиша Илиясты алты жыл коштоп жүргөндүктөн, аны өзүнүн рухий атасындай көрүп калган. Ал эми Элиша Илиястын рухий тун уулундай болгон (1 Падышалар 19:19—21; 2 Падышалар 2:12). Демек, тун уул атасынан мурасты эки эсе көп алгандай эле, Элиша Илиястан эки эсе көп рухий мурас сурап алган.

2 Падышалар 2:11 — Илияс куюн менен көтөрүлүп кеткен «асман» эмнени билдирет? Ал ааламдын алыскы бир бөлүгүнө же Кудай менен анын периштелери жашаган рухий жайга барган эмес (Мыйзам 4:19; Забур 10:4; Матай 6:9; 18:10). Илияс көтөрүлүп кеткен «асман» канаттуулар учуп жүргөн асмандын бир бөлүгүн билдирген (Забур 77:26; Матай 6:26). Абада зымырап учкан оттуу араба, сыягы, Илиясты жер шарынын башка бир бурчуна алпарып койгон. Ал жерде Илияс дагы бир топ жыл жашаган. Себеби ал бир канча жыл өткөндөн кийин Жүйүт падышасы Жорамга кат жазган (2 Жылнаама 21:1, 12—15).

2 Падышалар 5:15, 16 — Эмне үчүн Элиша Наамандын белегин албай койгон? Анткени ал Нааманды айыктыруудагы керемет өзүнүн эмес, Жахабанын күчү менен болгонун түшүнгөн. Кудай дайындаган кызматтан пайда көрүү анын оюна да келмек эмес. Жахабанын бүгүнкү күндөгү чыныгы сыйынуучулары ага кызмат кылууда өз кызыкчылыктарын көздөшпөйт. Алар Ыйсанын: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деген насаатына олуттуу карашат (Матай 10:8).

2 Падышалар 5:18, 19 — Нааман диний ырым-жырымга катышканы үчүн кечирим сураганбы? Кыязы, Сирия падышасы карып, алдан-күчтөн тайып калган болчу, ошондуктан жыгылып кетпеш үчүн Наамандын колуна таянып турууга муктаж эле. Падыша Римонго сыйынуу үчүн чөгөлөгөндө, Нааман да аны менен бирге чөгөлөчү. Бирок Нааман сыйынуу максатында эмес, падышаны сүйөп туруу үчүн гана ылдый болуп, кайра турчу. Нааман Жахабадан падышанын алдындагы бул милдетин аткаргандыгы үчүн кечирим сураган. Нааманга ишенип, Элиша ага: «Тынчтык менен бара бер»,— деген.

Биз алчу сабактар:

2 Падышалар 1:13, 14. Байкагычтык жана момундук өмүрдү сактайт.

2 Падышалар 2:2, 4, 6. Элиша Илиясты алты жылдай артынан калбай коштоп жүргөн. Бул — берилгендик менен достуктун кандай сонун үлгүсү! (Накыл сөздөр 18:24).

2 Падышалар 2:23, 24. Балдардын шылдыңдаганынын негизги себеби Илиястын чапанын кашка баш киши кийип келатканына байланыштуу болсо керек. Алар Элишанын Жахабанын өкүлү экенин көрүп, анын өздөрү жашаган жерге келишин каалашкан эмес. Алар ага «кет» дешкен, башкача айтканда, анын токтобой Бейтелге кете беришин же Илиястай болуп жок болуп кетишин каалашкан. Балдар, кыязы, ата-энелеринин терс маанайын чагылдырышкан. Ата-энелер кичинекей балдарын Кудайдын өкүлдөрүн сыйлоого үйрөткөнү кандай маанилүү!

2 Падышалар 3:14, 18, 24. Жахабанын сөзү ар дайым аткарылат.

2 Падышалар 3:22. Эртең мененки күн нурунун чагылуусунан улам суу кан сыяктуу болуп көрүнгөн: сыягы, жаңы казылган чуңкурлардын топурагы кызыл чопо аралаш болсо керек. Айрым учурларда Жахаба табият кубулуштарын өзүнүн максатын ишке ашыруу үчүн колдонууну туура көрөт.

2 Падышалар 4:8—11. Шунемдик аял Элишанын «Кудайдын ыйык кишиси» экенин билип, ага меймандостук көрсөткөн. Жахабанын ишенимдүү кызматчыларына биз да ушундай мамиле кылышыбыз керек эмеспи?

2 Падышалар 5:3. Ысрайылдык кичинекей кыз Кудайдын кереметтерди жасай аларына ишенген. Андан тышкары, өзүнүн ишеними тууралуу башкаларга тайманбастык менен айткан. Жаштар, Кудайдын убадаларына болгон ишенимиңерди бекемдегенге жана мугалимдериңер менен классташтарыңарга жакшы кабарды тайманбай айтканга аракет кыласыңарбы?

2 Падышалар 5:9—19. Текебер адамдын момундукка үйрөнө аларын Наамандын мисалы көрсөтүп турган жокпу? (1 Петир 5:5).

2 Падышалар 5:20—27. Алдамчылык менен күн көрүү кандай гана кесепеттүү! Эки түрдүү жашоо өткөрүү бир топ кайгы алып келери жөнүндө ойлонуу бизге андай жолдон оолак болууга жардам берет.

ЫСРАЙЫЛ МЕНЕН ЖҮЙҮТ ТУТКУНГА АЛЫНАТ

(2 Падышалар 9:1—25:30)

Жейу Ысрайылга падыша болууга майланат. Ал Ахаптын үйүн жок кылууга токтоосуз киришет. Жейу амалкөйлүк менен «Ысрайыл жеринен Баалды жок кылат» (2 Падышалар 10:28). Ахазайдын энеси Аталея уулун Жейу өлтүргөнүн билип, «падышанын бардык тукумун кырдырып салат» да, тактыны өзүнө каратып алат (2 Падышалар 11:1). Бир гана Ахазайдын баласы Жааш тирүү калып, алты жыл жашыруун жаткандан кийин Жүйүттү башкарууга падышалыкка майланат. Ыйык кызмат кылуучу Жойаттан таалим алган Жааш Жахабанын алдында туура иштерди кылат.

Ысрайылдын Жейудан кийинки бардык падышалары Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылышат. Жейунун небересинин убагында Элиша карып көз жумат. Жүйүттүн Жааштан кийинки төртүнчү падышасы Ахаз «Кудай-Теңирине жаккандай иштерди кылбайт» (2 Падышалар 16:2, «ҮН», 2001). Бирок анын баласы Хиския «Теңирге жабышкан» падыша болот (2 Падышалар 17:20; 18:6). Б.з.ч. 740-жылы Жүйүттү — Хиския, ал эми Ысрайылды Ошуя башкарып турганда, Ашур падышасы Шалманесер «Самарияны басып алып, ысрайылдыктарды Ашурга көчүрүп кетет» (2 Падышалар 17:6). Натыйжада сырттан келген адамдар Ысрайыл жерине байыр ала башташат да, самариялыктардын дини пайда болот.

Жүйүттүн Хискиядан кийин келген жети падышасынын ичинен Жошия гана элди жалган сыйынуудан арылтуу үчүн иш-аракет кылат. Акыр-аягы б.з.ч. 607-жылы бабылдыктар Иерусалимди басып алып, «жүйүттөр өз жеринен туткундалып кетишет» (2 Падышалар 25:21).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2 Падышалар 13:20, 21 — Бул керемет олуяларга таазим кылуунун туура экендигин көрсөтүп турабы? Жок. Адамдардын качандыр бир убакта Элишанын сөөгүнө таазим кылышкандыгы тууралуу Ыйык Китепте айтылбайт. Элиша тирүү кезинде жасаган кереметтер сыяктуу эле, бул керемет да Кудайдын күчү менен жасалган.

2 Падышалар 15:1—6 — Эмне үчүн Жахаба Азарияны (Узияны) пес оорусуна чалдыктырган? Узия «күч-кубаттуу болуп калганда, анын жүрөгү менменсинип кеткен... Ал өз Кудай-Теңиринин алдында кылмышкер болуп калган. Анткени ал жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайда жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн, Теңирдин ийбадатканасына кирген». Ыйык кызмат кылуучулар «падыша Узияга каршы болуп», «ыйык жайдан чыгып кетишин» талап кылышканда, Узия аларга каарданган. Ошол замат аны пес оорусу каптаган (2 Жылнаама 26:16—20).

2 Падышалар 18:19—21, 25 — Хиския Мисир менен биримдикте болгонбу? Жок. Рапшак «Теңирдин эрки» менен келдим деп калп айткандай эле, Хиския жөнүндө да жалган сөздөрдү сүйлөгөн. Ишенимдүү падыша Хиския бир гана Жахабага таянган.

Биз алчу сабактар:

2 Падышалар 9:7, 26. Ахаптын үйүнүн катуу жазаланышы жалган сыйынуу жана күнөөсүз кан төгүү Жахабанын көз алдында жийиркеничтүү экендигин айтып турат.

2 Падышалар 9:20. Жейунун чыгаан чабарман катары белгилүү болгондугу өзүнө берилген тапшырманы ынталуулук менен аткаргандыгынан кабар берип турат. Сен Падышалыктын ынталуу жарчысы катары белгилүүсүңбү? (2 Тиметейге 4:2).

2 Падышалар 9:36, 37; 10:17; 13:18, 19, 25; 14:25; 19:20, 32—36; 20:16, 17; 24:13. Жахабанын «оозунан чыккан сөз... жүзөгө ашарына» бекем ишенсек болот (Ышайа 55:10, 11).

2 Падышалар 10:15. Жейу майдан арабага түшүүнү сунуш кылганда, аны чын дилден кабыл алган Жонадапка окшоп, «эбегейсиз көп адамдар» азыркы учурдагы Жейуну, Ыйса Машайакты жана анын майланган жолдоочуларын колдошууда (Аян 7:9).

2 Падышалар 10:30, 31. Жейунун Жахабанын алдында кылган иштери кемчиликсиз болбосо да, Жахаба алардын баарын баалаган. Албетте, «Кудай адилетсиз эмес», ал биздин эмгегибизди унутпайт (Эврейлерге 6:10).

2 Падышалар 13:14—19. Жейунун небереси Жааш жебелерди жерге көңүлдөнбөй үч эле жолу ургандыктан, сириялыктарды аягына чейин жеңген эмес. Жахаба бизден ал тапшырган жумушту чын жүрөктөн жана ынталуулук менен аткарышыбызды күтөт.

2 Падышалар 20:2—6. Жахаба «сыйынууну угат» (Забур 64:3).

2 Падышалар 24:3, 4. Менашенин жазыксыз кан төккөндүгү үчүн Жахаба Жүйүттү «кечиргиси келген» эмес. Кудай күнөөсүздүн канын баалайт. Жахаба кан төккөндөрдү жок кылуу менен күнөөсүз кандын өчүн аларына шектенбесек болот (Забур 36:9—11; 144:20).

Биз үчүн пайдасы

Экинчи Падышалар китебинен биз Жахабанын өз убадаларынын Аткаруучусу экендигин билебиз. Эки падышалыктын элинин (алгач ысрайылдыктардын, андан кийин жүйүттөрдүн) туткунга алынышы Мыйзамды кайталоо 28:15—29:28-аяттардагы пайгамбарлык эскертүүлөр кандайча аткарылгандыгын көрсөтүп турат. Экинчи Падышалар китебинде Элишанын Кудайдын ысмынын даңкталышы жана чыныгы сыйынуунун гүлдөшү үчүн абдан ынталуу кызмат кылгандыгы баяндалат. Хиския менен Жошия Кудайдын Мыйзамын сыйлаган момун падышалар катары сүрөттөлөт.

Экинчи Падышалар китебиндеги падышалардын, пайгамбарлардын жана башка кишилердин көзкараштары менен кылган иш-аракеттери жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө эмнеге умтулуп, эмнеден качышыбыз керектигине байланыштуу маанилүү сабактарды албайбызбы? (Римдиктерге 15:4; 1 Корунттуктарга 10:11). Ооба, «Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12).

[10-беттеги кутуча]

ЭЛИШАНЫН КЕРЕМЕТТЕРИ

1. Иордандын суусу эки жакка тартылат (2 Падышалар 2:14).

2. Жериходогу жаман суу таза сууга айланат (2 Падышалар 2:19—22).

3. Күнөөгө баткан балдарга аюулар кол салат (2 Падышалар 2:23, 24).

4. Жоокерлер суу менен камсыздандырылат (2 Падышалар 3:16—26).

5. Жесир аял май менен камсыз болот (2 Падышалар 4:1—7).

6. Шунемдик төрөбөс аялдын боюна бүтөт (2 Падышалар 4:8—17).

7. Өлгөн бала тирилет (2 Падышалар 4:18—37).

8. Ууланган сорпо ичкенге жарактуу болуп калат (2 Падышалар 4:38—41).

9. Жүз киши 20 нанга тоёт (2 Падышалар 4:42—44).

10. Нааман пес оорудан айыгат (2 Падышалар 5:1—14).

11. Наамандын пес оорусу Гейхазиге өтөт (2 Падышалар 5:24—27).

12. Балта суунун үстүнө калкып чыгат (2 Падышалар 6:5—7).

13. Кызматчы периштелердин майдан арабаларын көрөт (2 Падышалар 6:15—17).

14. Сирия аскерлеринин көздөрү сокур болуп калат (2 Падышалар 6:18).

15. Сирия аскерлеринин көздөрү кайрадан көрөт (2 Падышалар 6:19—23).

16. Өлгөн киши тирилет (2 Падышалар 13:20, 21).

[10-беттеги кутуча

ЖҮЙҮТ ЖАНА ЫСРАЙЫЛ ПАДЫШАЛАРЫ

Шабул/Дөөт/Сулайман: б.з.ч. 1117/1077/1037*

ЖҮЙҮТ ПАДЫШАЛЫГЫ ЖЫЛЫ (Б.З.Ч.) ЫСРАЙЫЛ ПАДЫШАЛЫГЫ

Рехабам ․․․․ 997 ․․․․․․ Жаробам

Абия/Аса ․․․․ 980/978 ․․․․․․

․․․․ 976/975/952 ․․․․․․ Надап/Бааша/Эйла

․․․․ 951/951/951 ․․․․․․ Зимри/Омри/Тибни

․․․․ 940 ․․․․․․ Ахап

Жошапат ․․․․ 937 ․․․․․․

․․․․ 920/917 ․․․․․․ Ахазай/Жорам

Жорам ․․․․ 913 ․․․․․․

Ахазай ․․․․ 906 ․․․․․․

(Аталея) ․․․․․․ 905 ․․․․ Жейу

Жааш ․․․․ 898 ․․․․․․

․․․․ 876/859 ․․․․․․ Жаахаз/Жааш

Аматсия ․․․․ 858 ․․․․․․

․․․․ 844 ․․․․․․ Жаробам II

Азария (Узия) ․․․․ 829 ․․․․․․

․․․․ 803/791/791 ․․․․․․ Захария/Шалум/Менахейим

․․․․ 780/778 ․․․․․․ Пекахия/Пеках

Жотам/Ахаз ․․․․ 777/762 ․․․․․․

․․․․ 758 ․․․․․․ Ошуя

Хиския․․․․ 746 ․․․․․․

․․․․ 740 ․․․․․․ Самариянын басып алынышы

Менаше/Амон/Жошия ․․․․ 716/661/659 ․․․․․․

Жаахаз/Жайаким ․․․․ 628/628 ․․․․․․

Жайахин/Ситкия ․․․․ 618/617 ․․․․․․

Иерусалимдин кыйратылышы ․․․․ 607 ․․․․․․

* Даталардын айрымдары падышалардын такка келген болжолдуу жылдарын билдирет.

[9-беттеги сүрөт]

Нааман момундук көрсөткөндүктөн Жахабанын күчү менен айыгып кеткен.

Илияс «куюн менен асманга көтөрүлүп кеткенде» каякка барган?