Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Өзүңөрдү өзүңөр сынап көргүлө»

«Өзүңөрдү өзүңөр сынап көргүлө»

«Өзүңөрдү өзүңөр сынап көргүлө»

«Өзүңөрдү өзүңөр текшерип көргүлөчү: ишеним жолундасыңарбы? Өзүңөрдү өзүңөр сынап көргүлөчү» (2 Корунттуктарга 13:5).

1, 2. а) Диний ишенимдерибизге шек саноо бизге кандай таасир этиши мүмкүн? б) Биринчи кылымда Корунттагы жыйналыштын айрым мүчөлөрү кандай жагдайдан улам эки анжы болушу мүмкүн эле?

ЭЛЕТ жеринде бараткан жолоочу жолдун айрылышына келип токтойт. Көздөгөн жерине кайсы жол алып барарын билбей, башкалардан сурайт, бирок эки башка жооп угат. Айласы алты болуп, андан ары сапарын улай албай калат. Диний ишенимдерибизге шек саноо бизге дал ушундай таасир этет. Андай олку-солкулук бизди кайсы жол менен жүрүү керектигине байланыштуу эки анжы кылып, чечим чыгарууга кедерги болушу мүмкүн.

2 Биринчи кылымда Грециянын Корунт шаарындагы жыйналышта пайда болгон жагдай Ыйсанын айрым жолдоочуларына, сыягы, ошондой таасир тийгизген. «Мыкты элчилер» элчи Пабылдын бийлигине шек келтирип, ал жөнүндө: «Каттарында курч жана кайраттуу болгону менен, бетме-бет келгенде, алсыз, сөзү өтүмсүз»,— деп айтышкан (2 Корунттуктарга 10:7—12; 11:5, 6). Мындай көзкараш Корунттагы жыйналыштын кээ бир мүчөлөрүнө терс таасир тийгизип, аларды эки анжы кылышы мүмкүн эле.

3, 4. Пабылдын корунттуктарга берген акыл-насааты бизди эмне үчүн кызыктырышы керек?

3 Корунттагы жыйналышты Пабыл ал жерге б.з. 50-жылында барганда негиздеген. Корунтта ал «бир жыл алты ай калып, аларга Кудайдын сөзүн үйрөткөн». Натыйжада «Пабылдын сөзүн уккан көптөгөн корунттуктар да Ыйсага ишенип, сууга чөмүлдүрүлүшкөн» (Элчилер 18:5—11). Пабыл ал шаардагы ишенимдештеринин рухий жыргалчылыгына абдан кызыкдар болгон. Андан тышкары, корунттуктар Пабылга кат жазып, айрым маселелерге байланыштуу андан кеңеш сурашкан (1 Корунттуктарга 7:1). Ошондуктан ал аларга эң сонун акыл-насааттарды берген.

4 «Өзүңөрдү өзүңөр текшерип көргүлөчү: ишеним жолундасыңарбы? Өзүңөрдү өзүңөр сынап көргүлөчү»,— деп жазган Пабыл (2 Корунттуктарга 13:5). Бул кеңешти колдонуу Корунттагы биртуугандарды өздөрүнүн туура жолдо жүрүшкөнүнө шек саноодон коргомок. Ал бүгүн бизди да коргой алат. Анда канткенде Пабылдын кеңешине ылайык иш кыла алабыз? Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү кантип текшерип көрсөк болот? Ошондой эле өзүбүздү сынап көрүүгө эмнелер кирет?

«Өзүңөрдү өзүңөр текшерип көргүлөчү: ишеним жолундасыңарбы?»

5, 6. Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерип көрүүгө кандай норма бар жана эмне үчүн ал мыкты норма?

5 Текшерүү, адатта, кимдир бирөөгө же кайсы бир нерсеге карата жана белгилүү бир чен-өлчөмгө же нормага ылайык жүргүзүлөт. Ал эми рухий текшерүүгө келгенде, ишенимибизди (биз кабыл алган көзкараштардын жыйындысын) эмес, ар бирибиз өзүбүздү текшерип көрүшүбүз керек. Ан үчүн бизде жеткилең норма бар. Забурчу Дөөт түзгөн ырда мындай делет: «Кудайдын мыйзамы жеткилең, ал жанга күч берет. Теңирдин сөздөрү туура, ал жөнөкөйлөрдү акылдуу кылат. Теңирдин буйруктары адилет, жүрөктү кубантат. Теңирдин осуяттары жарык, көздү ачат» (Забур 18:8, 9). Ыйык Китепте Жахабанын жеткилең мыйзамдары менен адилет буйруктары, ишенүүгө татыктуу эскертүүлөрү менен жарык осуяттары камтылат. Андагы кабар — өзүбүздү текшерүү үчүн эң мыкты норма.

6 Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган кабар жөнүндө элчи Пабыл: «Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч: ал жандан рухту ажыратып, муунга чейин, сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт»,— дейт (Эврейлерге 4:12). Ооба, Кудайдын Сөзү жүрөгүбүздү — ички дүйнөбүздү — сынай алат. Канткенде биз бул курч жана таасирдүү кабарга ылайык иш кыла алабыз? Забурчу буга эмне кирерин айкын көрсөткөн. Ал «Кудайдын мыйзамынан кубаныч алган, Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонгон» адам бактылуу экенин айткан (Забур 1:1, 2). «Кудайдын мыйзамы» Анын Сөзү болгон Ыйык Китепте камтылат. Биз Жахабанын Сөзүн окуудан ырахат алышыбыз керек. Ан үчүн аны окууга жана ой жүгүртүүгө убакыт бөлүү кажет. Ошондой эле биз ал китепте жазылгандардын жардамы менен өзүбүздү текшеришибиз зарыл.

7. Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерип көрүүнүн эң негизги жолу кайсы?

7 Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерип көрүүнүн эң негизги жолу мындай: Кудайдын Сөзүн окуйбуз, ой жүгүртөбүз жана жүрүм-турумубуздун алган билимибизге канчалык дал келерин карап чыгабыз. Кудайдын Сөзүн түшүнүү үчүн биз зор жардамга ээ экенибизге кубансак болот.

8. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» чыгарган адабияттар ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерип көрүүгө кандай жардам берет?

8 Жахаба бизге «ишенимдүү жана акылдуу кул» чыгарган адабияттар аркылуу таалим-тарбия берип, Ыйык Жазманы түшүнүшүбүзгө өбөлгө түзөт (Матай 24:45). Мисалы, «Жахабага жакында» китебиндеги * бөлүмдөрдүн көбүндө «Ой жүгүртүү үчүн суроолор» деген кутучалар бар. Алар өз алдыбызча ой жүгүртүүгө кандай сонун мүмкүнчүлүк берет! Ошондой эле «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарында талкууланган көптөгөн темалар бизге ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерип көрүүгө жардам берет. Бир ишенимдешибиз «Күзөт мунарасынын» акыркы сандарындагы Накыл сөздөр китеби талкууланган макалалар жөнүндө мындай деген: «Мен бул макалалардан иш жүзүндө колдонорлук ойлорду таптым. Алар мага сүйлөгөн сөздөрүмдүн, жүрүм-турумумдун жана маанайымдын Жахабанын адил нормаларына канчалык дал келерин текшерүүгө жардам берет».

9, 10. Жахаба бизге ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерип көрүүгө кандай жолдор менен жардам берүүдө?

9 Биз жыйналыш жолугушууларынан, райондук жана облустук жыйындардан да көптөгөн насааттарды, кубаттандырарлык ойлорду угабыз. Аларды Кудай өзүнүн кызматчыларына рухий жактан кам көргөндүктөн берип жатат. Ышайа Жахабанын эли жөнүндө мындай пайгамбарчылык айткан: «Акыркы күндөрү Теңир үйү турган тоо бардык тоолордун башына коюлат, бардык дөбөлөрдөн жогору көтөрүлөт, ага бүт элдер агылып келишет. Көптөгөн элдер келип: „Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгалы... Ал бизге Өз жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз...“ — дешет» (Ышайа 2:2, 3). Жахабанын жолдорун үйрөнүү — чынында эле, чоң бата.

10 Өзүбүздү текшерүүгө рухий жактан жетилген ишенимдештерибиздин, алардын ичинде Ыйсаны жолдогон аксакалдардын кеңештери да жардам берет. Ал биртуугандарга Ыйык Китепте мындай көрсөтмө берилет: «Бир туугандар, кандайдыр бир күнөө жасап айыбы ачылган адамды, силер, Рухтун жетеги менен жашагандар, момундук менен оң жолго салгыла, бирок өзүңөр да азгырылып кетпеш үчүн, сак болгула» (Галатиялыктарга 6:1). Алардын бизге оң жолдо жүрүүгө жардам берип жатканына кандай гана ыраазыбыз!

11. Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерүүгө дагы эмне кирет?

11 Адабияттарыбыз, жыйналыш жолугушуулары, дайындалган биртуугандар — Жахабанын бизге берген эң сонун белектери. Бирок ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерүүгө өзүбүздү изилдөө да кирет. Ошондуктан ыйык китептик адабияттарды окуганда же Кудайдын Сөзүнө негизделген кеп-кеңештерди укканда өзүбүзгө: «Бул мага тиешелүү эмеспи? Мен ошондой кылып жатамбы? Кудайдын бардык окууларына карманып жашаймбы?» — деген суроолорду берип көрүшүбүз зарыл. Ошол булактар аркылуу берилген маалыматтарды кандай кабыл алганыбыз рухий абалыбызга таасир этет. «Табигый адам Кудайдын Руху ачып берген чындыктарды кабыл албайт, анткени ал муну акылсыздык деп эсептейт,— деп айтылат Ыйык Китепте.— Рухий адам бардыгы жөнүндө ой жүгүртө алат» (1 Корунттуктарга 2:14, 15). Китеп-журналдардан же башка адабияттардан окугандарыбызга жана жолугушуулардан же аксакалдардан уккандарыбызга оң маанай, рухий көзкараш менен кароого умтулушубуз керек эмеспи?

«Өзүңөрдү өзүңөр сынап көргүлө»

12. Өзүбүздү сынап көрүү эмнени камтыйт?

12 Өзүбүздү сынап көрүү өзүбүзгө баа берүүнү камтыйт. Биз чындыкта жүрүшүбүз мүмкүн, бирок рухий деңгээлибиз кандай? Ошондуктан өзүбүздү сынап көрүп, рухий жактан жетилгенибизге жана рухий иш-чараларга чын жүрөктөн ыраазы экенибизге ынанышыбыз абзел.

13. Эврейлерге 5:14кө ылайык, рухий жактан жетилгенибизди эмне көрсөтөт?

13 Рухий жактан жетилгенибизди эмнеден көрүүгө болот? Элчи Пабыл: «Күчтүү тамак... акыл-сезими жаман-жакшыны айырмалай билүүгө көнүккөн жеткилең [«жетилген», «ЖД»] адамдар үчүн»,— деп жазган (Эврейлерге 5:14). Рухий жактан жетилүү үчүн акыл-сезимибизди көнүктүрүшүбүз зарыл. Спортсмен ийгиликке жетүү үчүн машыгып, булчуңдарын чыңдагандай эле, биз акыл-сезимибизди Ыйык Китептеги принциптерди иш жүзүндө колдонууга көнүктүрүшүбүз керек.

14, 15. Кудайдын Сөзүндөгү терең ойлорду изилдөөгө эмне үчүн ынтызарлык менен аракеттенишибиз керек?

14 Акыл-сезимибизди көнүктүрүү үчүн, адегенде билим алышыбыз керек. Ан үчүн тырышчаактык менен өздүк изилдөө жүргүзүү маанилүү. Өздүк изилдөөбүздү үзгүлтүккө учуратпай, Кудай Сөзүндөгү терең ойлорду ынтызарлык менен изилдей берсек, акыл-сезимибиз курчуйт. Бир канча жылдан бери «Күзөт мунарасында» көптөгөн терең темалар талкууланып келет. Андай макалаларды окуганда кантебиз? «Кээ бир нерселерди түшүнүү кыйын» болгондуктан эле, аларды окубай коёбузбу? (2 Петир 3:16). Жок, тескерисинче, аларда эмне айтылып жатканын түшүнүүгө кошумча күч-аракет жумшайбыз (Эфестиктерге 3:18).

15 Өздүк изилдөө жүргүзүү кыйынга турсачы? Анда изилдөө жүргүзүүгө болгон табитибизди өрчүтүүгө аракеттенгенибиз маанилүү * (1 Петир 2:2). Рухий жактан өсүп жетилүү үчүн, күчтүү тамак, Кудайдын Сөзүндөгү терең чындыктар, менен азыктанууга көнүшүбүз керек. Болбосо, акыл-сезимибиз курчубай, чектелүү бойдон кала берет. Бирок рухий жактан жетилүү үчүн, акыл-сезимибизди курчутуу эле жетиштүү эмес. Биз тырышчаактык менен өздүк изилдөө жүргүзүү аркылуу алган билимдерибизди күндөлүк турмушубузда колдонушубуз керек.

16, 17. «Сөздү аткаруучулардан» болууга карата шакирт Жакып кандай кеңеш берген?

16 Биз чындыкка болгон ыраазычылыгыбызды иш жүзүндө канчалык көрсөтүп жатканыбызды да текшерип көрсөк болот. Шакирт Жакып өзүбүзгө баа берүүгө карата күчтүү мисал колдонуп, мындай деген: «Сөздү угуучулар гана болуп, өзүңөрдү алдабастан, сөздү аткаруучулар болгула. Сөздү угуп, бирок аткарбаган адамды күзгүгө каранып, ары басары менен өзүнүн кандай экенин унутуп койгон адамга окшоштурса болот. Жеткилең мыйзамга, эркиндиктин мыйзамына, дитин коюп, ошол мыйзам боюнча жашаган адам унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болуп, өз иш-аракетинен бакыт табат» (Жакып 1:22—25).

17 Башкача айтканда, Жакып мындай деген: «Кудайдын сөзү болгон күзгүгө карангыла да, өзүңөргө баа бергиле. Ошо боюнча жашагыла жана өзүңөрдү Кудайдын сөзүндөгүлөр менен текшерип көргүлө. Анан көргөнүңөрдү дароо унутуп койбогула. Керектүү өзгөрүүлөрдү жасагыла». Бул кеңешке ылайык иш кылуу кээде оңойго турбашы мүмкүн.

18. Жакыптын кеңешине ылайык иш кылуу эмне үчүн оңой болбошу мүмкүн?

18 Мисалга Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине катышуу талабын алалы. «Адам чын жүрөгү менен ишенүү аркылуу акталат,— деп жазган Пабыл,— оозу менен ачык таануу аркылуу куткарылат» (Римдиктерге 10:10). Оозубуз менен ачык таануу үчүн, бир топ өзгөрүүлөрдү жасоо талап кылынат. Кабар айтуу ишине катышуу көбүбүз үчүн оңойго турбайт. Ал иште ынталуу болуу, аны жашообузда биринчи орунга коюу андан да көп өзгөрүүлөрдү жасоону жана курмандыктарга барууну талап кылат (Матай 6:33). Бирок Кудай тапшырган бул ишти аткаруудан биз кубаныч табабыз, анткени ал иш Жахабага даңк алып келет. Андыктан Падышалык жөнүндөгү кабарды ынталуулук менен жарыялап жатабызбы?

19. Ишенимибиздин иштери эмнени камтышы керек?

19 Ишенимибиздин иштери эмнени камтышы керек? «Менден эмнени үйрөнсөңөр, эмнени кабыл алсаңар, эмнени уксаңар, эмнени көрсөңөр, ошону аткаргыла. Ошондо тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот»,— дейт Пабыл (Филипиликтерге 4:9). Үйрөнгөндөрүбүздү, кабыл алгандарыбызды, уккан-көргөндөрүбүздү аткарууга, башкача айтканда, Ыйсанын жолдоочуларынан талап кылынган нерселердин баарын кылууга умтулуу менен биз өзүбүздү текшере алабыз. Жахаба Ышайа пайгамбар аркылуу: «Жол мына, ушул жол менен жүргүлө»,— деген көрсөтмө берет (Ышайа 30:21).

20. Кандай адамдар жыйналыш үчүн зор бата?

20 Кудайдын Сөзүн ынтызарлык менен изилдеген, жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялаган, актыгын сактаган жана Падышалыктын ишин берилгендик менен колдогон эркек-аялдар — жыйналыш үчүн зор бата. Алар жыйналыштын бекем болушуна чоң салым кошушат. Айрыкча, жардамга муктаж болгон жаңылардын көп экенин эске алсак, андай биртуугандардын кызматы абдан баалуу. Пабылдын кеңешине кулак кагып, ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерсек жана өзүбүздү сынап көрсөк, биз да башкаларга жакшы таасир тийгизебиз.

Кудайдын эркин аткарууну каалайбыз

21, 22. Канткенде Кудайдын эркин аткаруудан ырахат алабыз?

21 Байыркы ысрайыл элинин падышасы Дөөт: «Мен Сенин эркиңди аткаргым келет, Кудайым. Сенин мыйзамың менин жүрөгүмдө»,— деп ырдаган (Забур 39:9). Дөөт Кудайдын эркин аткаруудан ырахат алган. Эмне үчүн? Анткени Жахабанын мыйзамы Дөөттүн жүрөгүндө болгон. Дөөт кайсы жол менен жүрүш керектигине карата эки анжы болгон эмес.

22 Кудайдын мыйзамы жүрөгүбүздөн терең орун алганда, бизде кайсы жол менен жүрүш керектигине карата шектенүүлөр болбойт. Биз Кудайдын эркин аткаруудан ырахат алабыз. Келгиле анда, бүт күч-аракетибизди жумшап, Жахабага чын жүрөктөн кызмат кыла берели (Лука 13:24).

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

^ 15-абз. Кантип изилдөө жүргүзүүгө карата пайдалуу кеңештерди «Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» китебинин 27—32-беттеринен таба аласыңар (китеп Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган).

Эсиңердеби?

• Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү кантип текшерип көрсөк болот?

• Өзүбүздү сынап көрүүгө эмнелер кирет?

• Рухий жактан жетилгенибизди эмнеден көрүүгө болот?

• Ишенимибиздин иштери өзүбүзгө баа берүүгө кандай жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Өзүңдү кантип текшерсең болорун билесиңби?

[16-беттеги сүрөт]

Акыл-сезимибизди курчутуу менен рухий жактан жетилгенибизди айкындайбыз.

[17-беттеги сүрөт]

«Унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болуш» үчүн, өзүбүздү текшерип көрүшүбүз керек.