Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыркы коогалаңдуу мезгилде Кудай менен жүргүлө

Азыркы коогалаңдуу мезгилде Кудай менен жүргүлө

Азыркы коогалаңдуу мезгилде Кудай менен жүргүлө

«Энох Кудай алдында түз жүрдү [«Кудай менен жүргөн», МАК]. Анан жок болуп кетти, анткени аны Кудай алып кетти» (Башталыш 5:24).

1. Азыркы коогалаңдуу мезгилдин айрым өзгөчөлүктөрү кайсылар?

КООГАЛАҢДУУ мезгил! Бул сөздөр 1914-жылы Мессиялык Падышалык орнотулгандан тартып өкүм сүрүп келаткан тынчы жок жана зордук-зомбулукка толгон мезгилди таамай сүрөттөп турат. Ошончо убактан бери адамзат «акыркы убакта» жашап келет. Ачарчылык, оору, жертитирөө, согуш сыяктуу алааматтар дүйнөгө мурда болуп көрбөгөндөй масштабда кулач жаюуда (2 Тиметейге 3:1; Аян 6:1—8). Ал нерселер Жахабанын кызматчыларын кыя өтпөйт. Кайсы бир деңгээлде баарыбызга тең азыркы мезгилдин туруксуздугу жана кыйынчылыктары менен күрөшүүгө туура келүүдө. Экономикалык оор абал, саясий башаламандык, кылмышкерлик, оору жана башка көйгөйлөр оор турмушту ого бетер оорлотууда.

2. Жахабанын кызматчылары кандай кыйынчылыктарга туш болот?

2 Андан тышкары, Жахабанын көп кызматчылары катуу куугунтукка байма-бай дуушар болуп келишет, анткени Шайтан «Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө ээ» болгон адамдарга каршы согушууда (Аян 12:17). Куугунтукка баарыбыз туш болбосок да, Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын ар бири Шайтан Ибилиске жана анын адамзат аркылуу таасир эткен рухуна каршы турушу керек (Эфестиктерге 2:2; 6:12). Андай рухтун таасирине биз жумуштан, мектептен же башка жерлерден чындыкка кызыкпаган адамдар менен мамилелешүүгө туура келгенде дуушар болобуз, ошондуктан дайыма сергек болушубуз абзел.

Дүйнө менен эмес, Кудай менен жүргүлө

3, 4. Ыйсанын жолдоочулары дүйнөдөгүлөрдөн эмнеси менен айырмаланат?

3 Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары да бул дүйнөнүн руху менен күрөшүп, башка адамдардан кескин түрдө айырмаланып турушкан. Ошол айырманы баса көрсөтүп, Пабыл мындай деп жазган: «Ошондуктан Теңирдин атынан айтып эскертемин: мындан ары силер бутпарастарга окшоп куру кыял менен жашабагыла. Алардын акылы караңгылангандыктан, түркөйлүктөрүнүн жана жүрөктөрүнүн катууланганынын айынан Кудайдын жашоосунан четтеп калышкан. Ыйманынан ажырап калган алар ар кандай ыпылас иштерди тойбостук менен жасап, бузуктукка берилип кетишкен» (Эфестиктерге 4:17—19).

4 Бул сөздөр Пабылдын убагындагы жана биздин күндөрдөгү дүйнөнүн рухий жана адеп-ахлактык жактан караңгылыкта адашып жүргөнүн кандай айкын сүрөттөп турат! I кылымдагы шакирттерге окшоп, Ыйсанын бүгүнкү жолдоочулары дүйнөдөгү адамдардай болуп жашабайт. Алар Кудай менен жүрүү сыймыгына ээ. Кээ бирөөлөргө төмөн абалда турган жеткилеңсиз адамдардын Жахаба менен жүрө алары акылга сыйбаган нерседей көрүнүшү мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, адамдар Кудай менен жүрө алат. Муну алардан Жахаба өзү талап кылат. Биздин заманга чейинки VIII кылымда Михей пайгамбар төмөндөгү сөздөрдү жазган: «Теңир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган: бул — адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо жүрүү», МАК]» (Михей 6:8).

Кудай менен кантип жана эмне үчүн жүрөбүз?

5. Жеткилеңсиз адамдар Кудай менен кантип жүрө алышат?

5 Көзгө көрүнбөгөн кудуреттүү Кудай менен кантип жүрө алабыз? Албетте, адамдар менен жүргөндөй мааниде эмес. Ыйык Китепте «жүрүү» деген сөз «иш-аракеттин белгилүү бир тартибине кармануу» дегенди билдириши мүмкүн *. Ошондуктан Кудай менен жүргөндөр ал көрсөткөн жана ага жаккан өмүр жолу менен жүрүшөт. Мындай жолдо жүргөнүбүз бизди адамдардын көбүнөн айырмалап турат. Анткен менен, Ыйсанын жолдоочусу үчүн бул — жалгыз туура жол. Эмне үчүн? Айрым себептерин карап көрөлү.

6, 7. Кудай менен жүрсөк, эмне үчүн эң жакшы жолдо жүргөн болобуз?

6 Биринчиден, Жахаба — Жаратканыбыз, өмүрүбүздүн Булагы. Ал бизге жашоо үчүн зарыл нерселердин бардыгын берип келет (Аян 4:11). Андыктан жолубузга багыт берүүгө ал гана укуктуу. Андан сырткары, Кудай менен жүрүүдөн башка эч нерсе бизге мынчалык пайда апкелбейт. Жахаба аны менен жүргөндөрдүн күнөөлөрүн кечирүүгө чара көрүп, түбөлүк өмүргө бекем үмүт берүүдө. Ошондой эле асмандагы мээримдүү Атабыз аларга, жеткилеңсиз болушканына жана Шайтандын бийлиги астындагы дүйнөдө жашап жатышканына карабай, акылман кеңештери аркылуу жашоодо ийгиликтерге жетүүгө жардам берет (Жакан 3:16; 2 Тиметейге 3:15, 16; 1 Жакан 1:8; 2:25; 5:19). Кудай менен жүрүүнү каалаганыбыздын дагы бир себеби — муну менен биз жыйналыштын тынчтыгына жана биримдигине өбөлгө түзө алабыз (Колосалыктарга 3:15, 16).

7 Эң маанилүүсү, Кудай менен жүрсөк, биз Эйден багында көтөрүлгөн чоң маселеде — эгедерликке байланышкан маселеде — кайсы тарапта экенибизди көрсөтөбүз (Башталыш 3:1—6). Биз жашообуз менен бүт бойдон Жахабанын тарабын ээлээрибизди далилдеп, анын мыйзамдуу Эгедер экенин тайманбастык менен жарыялайбыз (Забур 82:19). Ошентип, Кудайдын ысмынын ыйык тутулушу жана эркинин аткарылышы жөнүндөгү тиленүүлөрүбүзгө ылайык иш кылган болобуз (Матай 6:9, 10). Кудай менен жүрүүнү чечкендер кандай акылдуу! Алар туура багытта баратканына шектенбесе болот, анткени Жахаба «жалгыз акылман». Ал эч качан жаңылбайт (Римдиктерге 14:26).

8. Энох менен Нух жашаган убак биздин мезгилге эмнеси менен окшош?

8 Бирок адамдардын көбү Жахабага кызмат кылууну каалабаган азыркы коогалаңдуу мезгилде биз канткенде Ыйсанын жолун жолдоп жашай алабыз? Жоопту байыркы убакта өтө оор жагдайларда да Кудайга берилгендигин сактаган ишенимдүү кызматчылардын үлгүсүнөн көрөбүз. Алардын арасында Энох менен Нух бар. Алар жашаган убак биздин мезгилге көп жагынан окшош келет. Ал кезде да мыйзамсыздык кеңири кулач жайган болчу. Нухтун күндөрүндө жер зордук-зомбулук менен адеп-ахлаксыздыкка толуп кеткен. Бирок Энох менен Нух дүйнөнүн рухуна каршы туруп, ар дайым Жахаба менен жүрүшкөн. Аларга эмне жардам берген? Бул суроого жооп алуу үчүн, биз бул макалада Энохтун үлгүсүн талкуулайбыз. Кийинки макалада Нухтун үлгүсү каралат.

Энох коогалаңдуу мезгилде Кудай менен жүргөн

9. Энох жөнүндө кандай маалымат бар?

9 Энох — Ыйык Жазмада Кудай менен жүргөн деп аталган адамдардын эң биринчиси. Ыйык Китепте: «Матушал төрөлгөндөн кийин, Энох Кудай алдында үч жүз жыл жашады»,— деп айтылат (Башталыш 5:22). Энохтун өмүрү биздикине караганда кыйла узакка созулганы менен, ошол мезгилдеги адамдардын өмүрүнөн бир топ кыска болгон. Андан ары билдирүүдө: «Энох Кудай алдында түз жүрдү [«Кудай менен жүргөн», МАК]. Анан жок болуп кетти, анткени аны Кудай алып кетти»,— деп айтылат (Башталыш 5:24). Сыягы, душмандары өлтүрүп салбашы үчүн, Жахаба аны тирүүлөрдүн арасынан алып, өлүм уйкусу менен уктатып койгон (Эврейлерге 11:5, 13). Бул кыска билдирүүлөрдөн тышкары, Энох жөнүндө Ыйык Китептин башка жерлеринде да айтылат. Ал маалыматтардын негизинде Энох жашаган мезгил коогалаңдуу болгон деп айтууга толук негиз бар.

10, 11. а) Адам менен Обо күнөөгө баткандан кийин, адамдар кантип бузула баштаган? б) Энох кандай пайгамбарлык кабарды тараткан жана адамдар анын кабарын кандай кабыл алган?

10 Мисалы, Адам күнөө кетиргенден кийин адамдардын канчалык бат бузула баштаганын карап көрөлү. Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, Адамдын тун уулу Кабыл биртууганы Абылды өлтүрүп, биринчи киши өлтүргүч болуп калган (Башталыш 4:8—10). Абыл өлгөндөн кийин, Адам менен Обо дагы бир уулдуу болуп, атын Шет коюшкан. Шет тууралуу: «Шеттен да уул төрөлдү. Ал анын атын Энош койду. Ошондон баштап адамдар Теңирдин атын чакыра башташты»,— деген сөздөрдү окуйбуз (Башталыш 4:25, 26). Бирок «адамдардын Теңирдин атын чакыра баштаганы» чындыктан четтөөчүлүктүн башталышы болгон *. Энош төрөлгөндөн көп жыл өткөн соң, Кабылдын Лемек аттуу урпагы эки аялына ыр чыгарып, аны жарадар кылган бир баланы өлтүрүп салганын айткан. Андан тышкары, ал: «Эгерде Кабыл үчүн жети эсе өч алынса, анда Лемек үчүн жетимиш жолу жети эсе өч алынат»,— деп эскерткен (Башталыш 4:10, 19, 23, 24).

11 Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Шайтандын азгырыгы менен Эйден багында жасалган күнөө Адамдын тукумдарынын тез эле мыйзамсыздыкка бериле башташын шарттаган. Энох ошондой дүйнөдө Жахабанын пайгамбары болуп кызмат кылган жана анын рухтун жетеги менен жазган курч сөздөрү бүгүнкү күндө да жаңырып жатат. Жүйүттүн катында Энохтун: «Мына, Теңир бардыгын соттош үчүн, кудайсыздардын өздөрүнүн кудайсыздыгы менен жасаган иштеринин бетин ачуу үчүн, Ага каршы осол сөздөрдү айткан кудайсыз күнөөкөрлөрдү ашкерелөө үчүн, Өзүнүн түмөндөгөн ыйыктары менен келе жатат»,— деп пайгамбарлык кылганы көрсөтүлөт (Жүйүт 14, 15). Ал сөздөр толугу менен Армагедондо аткарылат (Аян 16:14, 16). Бирок Энохтун күндөрүндө да анын пайгамбарлыгын кыжырданып уккан «кудайсыз күнөөкөрлөрдүн» көп болгону шексиз. Жахаба пайгамбарын алардын арасынан алып кетүү менен ага кандай сүйүү көрсөткөн!

Кудай менен жүрүүгө Энохту эмне бекемдеген?

12. Энох замандаштарынан эмнеси менен айырмаланган?

12 Эйден багында Адам менен Обо Шайтандын тилине кирген да, Адам Жахабага каршы чыккан (Башталыш 3:1—6). Ал эми алардын баласы Абыл туура жолду тандап, Жахабанын ырайымына ээ болгон (Башталыш 4:3, 4). Тилекке каршы, Адамдын тукумунун басымдуу бөлүгү Абылдай болгон эмес. Бирок жүздөгөн жылдардан кийин төрөлгөн Энох Абылга окшош болгон. Энох Адамдын көп сандаган башка урпактарынан эмнеси менен айырмаланган? Элчи Пабыл: «Ишенгендиги үчүн Энох асманга алынды, ал өлгөн жок. Аны таппай калышты, анткени аны Кудай алып кетти. Алынып кетерден мурун ал Кудайга жаккандыгы жөнүндөгү күбөлөндүрүүгө ээ болгон эле»,— деп жазган (Эврейлерге 11:5). Энох — Ыйсанын жолдоочуларына чейин жашап, ишеними менен эң сонун үлгү калтырган «көп күбөлөрдүн» бири (Эврейлерге 12:1). Ишениминин аркасында Энох туруктуу болуп, 300 жылдай — азыркы адамдардын өмүрүнө салыштырмалуу үч эседен көбүрөөк мезгил — адил, ак жашаган.

13. Энох кандай ишенимге ээ болгон?

13 Пабыл Энохтун жана башка күбөлөрдүн ишенимине: «Ишеним — бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү»,— деп аныктама берген (Эврейлерге 11:1). Ооба, ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерибиздин ишке ашарын шектенбей күтүү. Ал ушунчалык күчтүү болгондуктан, жашообузда биринчи орунга эмнени коёрубузга да таасир этет. Ошондой ишеним Энохко мыйзамсыздардын арасында жашаганына карабай Кудай менен жүрүүгө жардам берген.

14. Энохтун ишеними кайсы так билимге негизделиши мүмкүн эле?

14 Чыныгы ишеним так билимге негизделет. Энох кандай билимге ээ болгон? (Римдиктерге 10:14, 17; 1 Тиметейге 2:4). Албетте, ал Эйденде болгон окуяларды билген. Ошондой эле, мүмкүн, дагы деле бар болгону менен, адамдарга кирүүгө тыюу салынган Эйден багында жашоо кандай болгонун, сыягы, уккан (Башталыш 3:23, 24). Энох Кудайдын ой-ниети боюнча Адамдын урпактары жер жүзүн толтуруп, аны Эйден багындай Бейишке айлантарын билген (Башталыш 1:28). Андан тышкары, ал Жахабанын убадасы боюнча Шайтандын башын жанчый турган Тукум келип, Шайтандын калпынын бардык кесепеттерин жоёрун түшүнгөнү шексиз (Башталыш 3:15). Анткени Жүйүт китебинде сакталып калган Энохтун пайгамбарлыгында Шайтандын тукумунун жок кылынары алдын ала айтылган эмеспи. Энохтун ишеними күчтүү болгондуктан, биз анын Жахабага «Аны издегендерге... тиешелүүсүн берерине» шектенбей кызмат кылганын билебиз (Эврейлерге 11:6). Ошондуктан, Энох биздеги билимдин баарына ээ болбосо да, анын билими ишенимин бекем түптөөгө жетиштүү болгон. Ошондой ишеним менен ал коогалаңдуу мезгилде Кудайга берилгендигин сактаган.

Энохтон үлгү алгыла

15, 16. Биз канткенде Энохту туурай алабыз?

15 Энохко окшоп, биз азыркы коогалаңдуу мезгилде Жахабага жагууну кааласак, Энохтон үлгү алышыбыз керек. Жахаба жана анын ой-ниеттери тууралуу так билим алып, аны жүрөгүбүздө сактоо зарыл. Бирок бул аздык кылат. Биз ошол так билимге жетектелип жашашыбыз керек (Забур 118:101; 2 Петир 1:19). Ан үчүн Жахабанын ой жүгүртүүсүнө ээ болуп, ага дайыма оюбуз менен да, ишибиз менен да жагууга аракет кылганыбыз абзел.

16 Энохтун убагында Жахабага дагы кимдер кызмат кылганы бизге белгисиз, бирок анын саналуу эле адил адамдардын арасында же жалгыз болгонунда шек жок. Биз да дүйнөдө азчылыкты түзөбүз, бирок бул көңүлүбүздү чөктүрбөйт. Ким гана каршы чыкпасын, Жахаба бизди колдойт (Римдиктерге 8:31). Энох кудайсыз адамдардын жок болорун тайманбастык менен жарыялаган. Биз да «асман Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды» шылдыңдоого, каршылыкка жана куугунтукка карабай кайраттуулук менен айтабыз (Матай 24:14). Энох замандаштарындай узак жашаган эмес жана үмүтүн бул дүйнө менен байланыштырган эмес. Анын көзү алда канча улуу нерсеге бурулган болчу (Эврейлерге 11:10, 35). Биздин да көзүбүз Жахабанын ой-ниеттеринин аткарылышына бурулган. Андыктан биз бул дүйнөнү толук деңгээлде пайдаланбайбыз (1 Корунттуктарга 7:31). Тескерисинче, күчүбүздү жана каражатыбызды биринчи кезекте Жахабага кызмат кылууга жумшайбыз.

17. Биз Энохто болбогон кандай билимге ээбиз жана ошондуктан эмне кылышыбыз керек?

17 Энох убадаланган Тукумдун Жахаба белгилеген убакта келерине ишенген. Эми ошол Тукумдун — Ыйса Машайактын — келип, өзүн кун катары берип, биздин жана байыркы убактагы Энох сыяктуу ишенимдүү күбөлөрдүн түбөлүк өмүр алышына жол ачып кеткенине 2000 жылдын жүзү болуп калды. Азыр Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары тактыда отурган ошол Тукум Шайтанды асмандан жерге кууп түшүргөн жана биз мунун натыйжасында болуп жаткан азап-кайгыларды кайдан болбосун көрүп жатабыз (Аян 12:12). Айкын болгондой, биз Энох ээ болбогон кеңири билимге ээбиз. Ошондуктан келгиле, Энохтон үлгү алып, ишенимибизди бекем сактайлы. Бардык иш-аракеттерибиз менен Кудайдын убадаларынын аткарыларына толук ишенерибизди көрсөтө берели. Энохко окшоп, коогалаңдуу мезгилде жашасак да, ар дайым Кудай менен жүрөлү.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» эмгегинин (англ.) 1-томун, 220-беттеги 6-абзацты карагыла.

^ 10-абз. Эноштун убагына чейин Жахаба Адам менен сүйлөшкөн. Абыл Жахабага жагымдуу курмандык алып келген. Кабыл каарданып, көралбастыктын кесепетинен инисин өлтүрүп койгонго чейин, Кудай аны менен да сүйлөшкөн. Андыктан «адамдардын Теңирдин атын чакыра баштаганы», сыягы, таза сыйынууга байланышы жок бир жаңы нерсе болгон.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудай менен жүрүү деген эмнени билдирет?

• Кудай менен жүрсөк, эмне үчүн эң жакшы жолдо жүргөн болобуз?

• Энохко коогалаңдуу мезгилде Кудай менен жүрүүгө эмне жардам берген?

• Энохту кантип туурай алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Ишениминин аркасында «Энох Кудай менен жүргөн».

[27-беттеги сүрөт]

Биз Жахабанын убадаларынын аткарыларына бекем ишенебиз.

Woman, far right: FAO photo/B. Imevbore; collapsing building: San Hong R-C Picture Company