Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Берилгендик көрсөтүүнүн пайдалары

Берилгендик көрсөтүүнүн пайдалары

Берилгендик көрсөтүүнүн пайдалары

КЭЭ БИР жерлерде жаш балдар бири-биринин кийимине уйгак жабыштырып ойногонду жакшы көрүшөт. Уйгак бир жабышкандан кийин, эмне гана кылба, такыр түшпөйт. Ары-бери бас, чурка, силкин, секир — баары бир. Аны жулуп салып эле кутулбасаң, башка арга жок. Балдар үчүн мунун баары — кызыктуу оюн-тамаша.

Уйгактын кийимине жабышып калышын баары эле жактыра бербейт, бирок анын жабышчаактыгына таң калбаган адам жоктур. Берилген адам ушундай касиетке ээ. Андай адам кимдир бирөө менен тыгыз мамилени сактай билет. Кыйын кезеңде да мамилени бузбастан ишенимдүү бойдон кала берет. «Берилгендик» деген сөз жанаябастык, кыйбастык жана ишеничтүүлүк сыяктуу сапаттарды эске салат. Башкалардын сага болгон берилгендигин бааласаң, сен да аларга берилгендик көрсөтүүгө чечкиндүүсүңбү? Андай болсо, кимге берилгендик көрсөтүүң зарыл?

Никеде ишенимдүү болуу — зарыл нерсе

Берилгендик сапаты никеде өтө маанилүү роль ойнойт, бирок тилекке каршы, көптөгөн жубайлар бири-бирине берилгендик көрсөтүү жагынан аксашат. Никелик убадасына бек турган, башкача айтканда, ар дайым чогуу болуп, бири-биринин жыргалчылыгын ойлогон түгөйлөр бактылуу болуп, өздөрүн коопсуз сезишет. Эмне үчүн? Анткени адамдар башкаларга берилгендик көрсөтүү жана алардын берилгендигин сезүү муктаждыгы менен жаратылган. Эйден бакчасында Адам менен Обо баш кошкондо, Кудай: «Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет»,— деген. Бул сөздөр аялга да тиешелүү болгон, башкача айтканда, ал да күйөөсү менен биригүүгө тийиш болгон. Күйөө менен зайыптан бири-бирине ишенимдүү болуп, эриш-аркак иш алпаруу талап кылынган (Башталыш 2:24; Матай 19:3—9).

Албетте, ал сөздөр миңдеген жылдар мурун айтылган. Анда бул бүгүнкү күндө никеде берилгендикти сактоонун кереги жок дегенди билдиреби? Буга көптөр «жок» деп жооп бермек. Германиядагы изилдөөчүлөр адамдардын 80 пайызы никелик жарына ишенимдүү болууну абдан маанилүү деп эсептээрин байкашкан. Экинчи сурамжылоо эркектер менен аялдардагы кайсы сапаттар жогору бааланарын аныктоо үчүн жүргүзүлгөн. Бир нече эркекке аялдардагы эң баалуу делген беш сапатты, ал эми аялдарга эркектердеги эң баалуу делген беш сапатты санап берүү сунушталган. Натыйжада эркектер да, аялдар да ишенимдүүлүк сапатын жогору баалашары байкалган.

Ооба, жубайлар берилгендикти ыйык тутушса, үй-бүлө бекем болот. Бирок, мурунку макалада айтылгандай, берилгендикти көптөр баалаганы менен, ал сапат иш жүзүндө аз көрсөтүлөт. Алсак, көптөгөн өлкөлөрдө ажырашуулардын арбын болуп жатышы жубайлардын ортосундагы берилгендиктин жоктугунан кабар берип турат. Жубайлар канткенде мындай көрүнүшкө карабай бири-бирине берилгендигин сактай алышат?

Берилгендик никени бекемдейт

Жубайлар ортодогу ынактыкты өрчүтүүгө умтулуу менен бири-бирине карата берилгендикти көрсөтө алышат. Мисалы, «меники» дегенге караганда «биздики» деген жакшы, башкача айтканда, «биздин достор», «биздин балдар», «биздин үй-жай» жана башка ушу сыяктуу сөздөрдү колдонгонубуз абзел. Алдыга максат коюуда же чечим чыгарууда, мейли, ал турак-жайга, жумушка, бала тарбиялоого, көңүл ачууга, эс алууга же диний иштерге байланыштуу болобу, айтор, бардыгында тең жубайлар бири-биринин сезимдерин жана ой-пикирин эске алышы керек (Накыл сөздөр 11:14; 15:22).

Адам өмүрлүк жарына аны жакшы көрөрүн жана баалаарын билдирүү менен берилгендик көрсөтө алат. Жубайлардын бири башка жыныстагы адамдарга ашкере көңүл бура берсе, экинчиси тынчсыздана башташы мүмкүн. Ыйык Китепте күйөөлөр «жаш кезде алган» аялдары менен ынак болууга чакырылат. Күйөө жүрөгүндө зайыбынан башка бирөөнүн көңүлүн өзүнө бурууга болгон каалоонун өрчүшүнө жол бербеши керек. Ал башка аял менен адеп-ахлаксыз иштерге баруудан качышы зарыл. Ыйык Китепте: «Бирөөнүн аялы менен ойноштук кылган адамдын акылы жок, мындай кылган адам өз жанын өлтүрөт»,— деп эскертилет. Мындай бийик нормаларга аялдар да карманышы керек (Накыл сөздөр 5:18, 19; 6:32).

Никеде ишенимдүү болууга умтулуу зарылбы? Албетте. Эгер жубайлар бири-бирине ишенимдүү болушса, нике бекем болуп, оңой менен бузулбайт жана бул ар бир түгөй үчүн пайдалуу. Мисалы, күйөөсү чын жүрөктөн аялынын жыргалчылыгын көздөсө, аялы өзүн коопсуз сезип, өзүнүн жакшы жактарын дагы көбүрөөк көрсөтө алат. Күйөөлөр жөнүндө да ушуну айтса болот. Эгер күйөөсү аялына берилгендикти сактоого чечкиндүү болсо, бул ага жашоосунун бардык тармактарында адил принциптерге бекем карманууга жардам берет.

Бири-бирине берилгендик көрсөтүүнүн аркасында жубайлар баштарынан оор күндөрдү кечирип жаткан убакта да өздөрүн коопсуз сезе алышат. А эгер алардын ортосунда берилгендик жок болсо, адатта, бөлөк жашоого же ажырашууга аракеттенишет. Мындай кадам көйгөйдү чечмек тургай, көп учурда аны ого бетер татаалдантат. 1980-жылдары мода тармагында иштеген белгилүү бир адис үй-бүлөсүн таштап кеткен. Ал жалгыз бой калып, бактылуу боло алганбы? Жыйырма жыл өткөндөн кийин, ал «жалгызсырап, тынчы кетип, кечинде кыздарына „жакшы жаткыла“ деп айткысы келип, уйкусуз түндөрдү өткөрүп жүргөндүгүн» мойнуна алган.

Ата-эне менен балдардын ортосундагы берилгендик

Эгер ата-эне бири-бирине берилгендигин сактаса, бул сапат балдарына да өтөт. Ынактык жана сүйүү өкүм сүргөн үй-бүлөдө чоңойгон балдар кийинчерээк жашы өтүп, эмгекке жараксыз болуп калган ата-энесине, ошондой эле өмүрлүк жарларына жакшы кам көрүшөт (1 Тиметейге 5:4, 8).

Бирок кээде ата-энеден мурун балдары жардамга муктаж болуп калышы мүмкүн. Алсак, Жахабанын Күбөсү болгон Герберт менен Гертруд 40 жыл бою ошондой жагдай менен күрөшүп келишкен. Алардын Дитмар деген уулу жаш чагынан эле булчуң дистрофиясынан жапа чегип келген. Ал 2002-жылы ноябрда кайтыш болгон. Өмүрүнүн акыркы жети жылында Дитмарды күндүр-түндүр жанынан чыкпай кароого туура келген. Ата-энеси анын муктаждыктарына мээримдүүлүк менен кам көрүшкөн. Алар үйүнө керектүү медициналык жабдык орнотуп, баласынын оорусу жөнүндө дарыгерлерден кеңири маалымат алышкан. Үй-бүлөдө берилгендик көрсөтүүнүн кандай гана мыкты үлгүсү!

Берилгендик дос күтүүдө да өтө зарыл

«Өмүрлүк жарың жок деле бактылуу боло аласың, бирок досуң жок бактылуу болуу кыйын»,— дейт Биргит. Балким, сен буга кошулаттырсың. Үй-бүлөлүү болсоң да, болбосоң да, жакшы досуңдун берилгендик көрсөтүүсү жан эргитип, жашооңду ар кыл түскө боёйт эмеспи. Эгер сен турмуш курган болсоң, анда албетте, сенин эң жакын досуң өмүрлүк жарың болууга тийиш.

Дос деп жөн гана тааныш адамды айтпайбыз. Анткени тааныштарыбыз көп, мисалы, кошуналарыбыз, жумушта чогуу иштегендер же мындай эле кезиктире калып жүргөн адамдар. Чыныгы достук убакытты, күчтү жана турмуштун ачуу-таттуусун тең бөлүшө билүүнү талап кылат. Кимдир бирөөнүн досу болуу — чоң сыймык. Дос күтүү көп жагынан пайдалуу, бирок анын жоопкерчиликтери да бар.

Достор менен сөзсүз пикир алышып туруу керек. Кээде пикир алышууга ички муктаждыктар түрткү бериши мүмкүн. «Эгерде кимдир бирөөбүздө кандайдыр бир кыйынчылыктар болуп калса, досум экөөбүз жумасына бир же эки жолу телефон чалышып турабыз. Анын бар экенин жана сени угууга даяр экенин билүү кандай сонун!» — дейт Биргит. Андан тышкары, аралык да достукка тоскоол болбошу керек. Герда менен Хелга бири-биринен миңдеген километр алыстыкта жашашат. Ошого карабастан алар 35 жылдан бери абдан ынак дос. «Биз башыбыздан өткөн окуяларды жана ичтеги сезимдерибизди, мейли, алар кубанычтуу болсун же тескерисинче, кайгылуу болсун, бири-бирибизге кат аркылуу билдирип турабыз. Хелганын каттары мени абдан кубандырат. Биздин ойлорубуз ар дайым бирдей чыгат»,— дейт Герда.

Досторубузга берилгендик көрсөтүү абдан маанилүү. Берилгендик жок болсо, узак убакыттан бери сакталып келаткан достук да кыйрайт. Достор ичтеги сырларын бири-бири менен бөлүшүп, кеңешишет. Алар өздөрүн кемсинтилгендей сезүүдөн же ички сырларынын башкаларга жайылып кетүүсүнөн коркпостон, бири-бири менен чын жүрөктөн баарлашат. Ыйык Жазмада: «Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 17:17).

Досторубуз ой жүгүртүүбүзгө, жандүйнөбүзгө жана жүрүм-турумубузга таасир эткендиктен, жашоо мүнөзү өзүбүздүкүнө дал келген адамдар менен достошуу маанилүү. Мисалы, ишеними, адеп-ахлактыкка жана жакшы менен жаманга карата болгон көзкараштары сеникиндей адамдар менен дос бол. Мындай достор максаттарыңа жетүүгө жардам берет. Ойлоп көрсөң, сен карманган принциптерди жана жүрүм-турумду туура көрбөгөн адам менен дос болуунун эмнеси жакшы? Ыйык Китептеги: «Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деген сөздөр досторду туура тандоонун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат (Накыл сөздөр 13:20).

Берилгендик сапатын өрчүтүүгө болот

Жаш бала бирөөнүн кийимине уйгак жабыштырганды үйрөнүп алса, кайра-кайра жабыштырып ойногусу келе берет. Берилген адам жөнүндө да ушуну айтса болот. Эмне үчүн? Анткени берилгендик көрсөтүүгө үйрөнө берсек, бара-бара ал сапатты чагылдыруу кыйынга турбай калат. Эгер адам бала кезинен тартып эле үй-бүлөсүндөгүлөргө берилгендик көрсөтүүгө үйрөнсө, кийин кыйышпас досторду табуу ал үчүн кыйынга турбайт. Достукка бек адам никеде да берилгендик көрсөтө алат. Ушундай сапатка ээ адам эң маанилүү достукта да берилгендигин сактай алат.

Ыйса эң улуу осуят Жахаба Кудайды чын жүрөгүбүз менен, бүт жан-дилибиз менен, бүт түшүнүгүбүз менен жана бардык күч-кубатыбыз менен сүйүү экендигин айткан (Марк 12:30). Демек, биз Жахабага толук берилгендик көрсөтүүгө тийишпиз. Бул мол баталарды алып келет. Ал эч качан көңүлүбүздү калтырбайт, анткени ал өзү жөнүндө: «Кудай ишенимдүү»,— деп билдирет (1 Корунттуктарга 1:9). Ооба, Кудайга берилгендик көрсөтүп, ишенимдүү болуу түбөлүк баталарды алып келет (1 Жакан 2:17).

[5-беттеги сүрөт]

Берилгендикти сактаган үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирине кам көрүшөт.

[7-беттеги сүрөт]

Жакшы достун берилгендиги жүрөк жылытат