Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Берилгендик көрсөтүү маанилүүбү?

Берилгендик көрсөтүү маанилүүбү?

Берилгендик көрсөтүү маанилүүбү?

—СЕН медициналык камсыздандырууга ашыкча акча берип жатасың,— дейт камсыздандыруу тармагында иштеген Карл *.— Эгер биздин компаниянын кызматынан пайдалана баштасаң, анда ай сайын 15 евродон үнөмдөп турасың, а бул оңой акча эмес.

— Бир чети, туура айтасың,— деп жооп кайтарат Йенс.— Бирок мен көп жылдан бери ушул эле компаниянын кызматынан пайдаланып келатам. Буга чейин алар мага көп жардам беришти, ошондуктан мен аларды таштап кетким келбейт.

— Берилгендик — мыкты сапат. Бирок берилгендигиңди сактайм деп акчаңды коротуп жатпайсыңбы! — дейт Карл.

Карл туура айткан. Көпчүлүк учурда кимдир бирөөгө карата берилгендик, башкача айтканда, ишенимдүүлүк сактоо капчыкка зыян келтириши мүмкүн *. Ошондой эле убактың, күчүң кеткенден сырткары, ал адамга өзүңдү милдеттүүдөй сезишиң мүмкүн. Анда берилгендик сактоонун кереги барбы?

Көптөр баалаганы менен, иш жүзүндө көрсөтүлбөгөн сапат

Германияда коомчулуктун көзкарашын билүү максатында Алленсбах институту тарабынан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ага катышкандардын 96 пайызы ишенимдүүлүктүн жакшы сапат экенин айтышкан. Ошол эле институт жүргүзгөн кийинки сурамжылоодо 18 жаштан 24 жашка чейинки жаштардын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгү ал сапатты жактырарын билдирген.

Берилгендик менен ишенимдүүлүк жогору бааланганы менен, чындап берилгендикти сактоого же ишенимдүү болууга келгенде, иштин жөнү башка. Алсак, Европа өлкөлөрүндө өмүрлүк жубайлар же үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирине дайыма эле берилгендик көрсөтө беришпейт. Достор да көпчүлүк учурда бири-бирине берилгендикти сакташпайт. Азыр жумуш берүүчү менен жумушчунун же фирма менен кардарлардын ортосунда мурдагыдай берилгендик жок. Эмне үчүн?

Азыркы кымгуут заманда кээде берилгендикке умтулууга убакыт да, күч да калбай калат. Бирөөгө ишенүүдөн жалкып калган адамдар, балким, азыр башкаларга ишенимдүү болуудан коркушат. Башкалары болсо «бүгүн бар да эртең жок» деген принцип менен жашашы мүмкүн.

Кандай гана себеп болбосун, берилгендик сапатын көптөр баалайт, бирок иш жүзүндө көрсөтүшпөйт. Буга байланыштуу мындай суроолор туулат: Берилгендик көрсөтүү маанилүүбү? Маанилүү болсо, кимге берилгендик көрсөтүүгө тийишпиз жана кантип? Берилгендиктин кандай пайдалары бар?

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Бул жана кийинки макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 5-абз. «Берилгендик» жана «ишенимдүүлүк» деген сөздөр дайыма эле бир мааниде колдонула бербесе да, бул макалада экөө синоним катары колдонулду.

[3-беттеги сүрөт]

Берилгендик сапатын көптөр баалайт, бирок иш жүзүндө көрсөтүшпөйт