Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биз Жахаба Кудайыбыздын атынан жүрөбүз

Биз Жахаба Кудайыбыздын атынан жүрөбүз

Биз Жахаба Кудайыбыздын атынан жүрөбүз

«Кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашайбыз [«атынан жүрөбүз», СК]» (Михей 4:5).

1. Нухтун убагында жердеги абал кандай болгон жана Нух башкалардан эмнеси менен айырмаланган?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Кудай менен жүргөн деп аталган адамдардын биринчиси Энох болгон. Экинчиси — Нух. Ал жөнүндө Ыйык Жазмада: «Нух өз замандаштарынын ичинен адил, кемчиликсиз адам болгон. Нух Кудайдын алдында түз жүргөн»,— деп айтылат (Башталыш 6:9). Нухтун убагында жалпы адамзат чыныгы сыйынуудан четтеп кеткен болчу. Ишенимсиз периштелер аялдар менен табигый эмес байланышта болуп, алардан ошо кезде «күчтүү, атактуу» алп адамдар төрөлгөндө, жагдай ого бетер оорлогон. Жер бети эмне үчүн жаман иштерге толуп кеткени таң калыштуу эмес! (Башталыш 6:2, 4, 11). Буга карабастан Нух актыгын сактап, «адилдикти жар салган» (2 Петир 2:5). Кудай ага куткарылуу үчүн кеме курууга буйрук бергенде, Нух тил алчаактык көрсөтүп, «бардыгын жасаган: Кудай кандай буйруса, ал так ошондой жасаган» (Башталыш 6:22). Чынында эле, Нух Кудай менен жүргөн.

2, 3. Нух бизге кандай сонун үлгү көрсөткөн?

2 Пабыл Нухту ишенимдүү күбөлөрдүн катарына кошуп: «Ишеними аркылуу Нух пайгамбар али көрүнө элек нерсе жөнүндө аян алып, өз үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн, Кудайдан коркуу менен кеме курган. Өз ишеними менен ал бүткүл дүйнөнү айыптады, ишенимдин негизинде адилеттиктин мурасчысы болду»,— деп жазган (Эврейлерге 11:7). Кандай сонун үлгү! Нух Жахабанын айтканы аткарыларына бекем ишенгендиктен анын тапшырмаларын аткарууга убактысын, күчүн, каражатын жумшаган. Бүгүн да көптөр убактысын, күчүн жана каражатын Кудайдын эркин аткарууга жумшоо үчүн, бул дүйнө тартуулап жаткан мүмкүнчүлүктөрдөн баш тартышууда. Алардын мындай зор ишеними өздөрү менен кошо башкалардын да куткарылышына өбөлгө түзөт (Лука 16:9; 1 Тиметейге 4:16).

3 Ишенимди бек сактоо мурунку макалада талкууланган Нухтун чоң атасынын атасы Энох үчүн оңойго турбагандай эле, Нух менен анын үй-бүлөсү үчүн да, сыягы, жеңил болгон эмес. Энохтун күндөрүндөгүдөй эле, Нухтун күндөрүндө да Кудайдын чыныгы кызматчылары саналуу эле болгон — сегиз гана адам ишенимдүү болуп, Топон суудан аман өткөн. Нух зордук-зомбулук менен адеп-ахлаксыздык өкүм сүргөн дүйнөдө адилдикти жар салган. Андан тышкары, ошо кезге чейин жерди суу каптаганын эч ким көрө элек болсо да, Нух үй-бүлөсү менен бүткүл дүйнөлүк топон сууга даярданып, жыгачтан заңгыраган кеме курган. Сырттан карап тургандарга бул аябай эле күлкүлүү көрүнсө керек.

4. Ыйса Нухтун замандаштарынын кайсы катасын баса белгилеген?

4 Нухтун күндөрү жөнүндө сөз кылганда Ыйсанын ошол убакта кеңири кулач жайган зордук-зомбулук, жалган дин жана адеп-ахлаксыздык жөнүндө бир да ооз ачпаганы кызык. Ыйса баса белгилеген нерсе — адамдардын берилген эскертүүгө кулак какпаганы. Ал: «Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен»,— деген. Жеп-ичүү менен үйлөнүүнүн эмнеси жаман болгон? Алар «эл катары» жашоону каалашкан! Бирок топон суу жакындап келаткан, ал эми Нух адилдикти жар салып кабар айтып жүргөн. Анын сөздөрү менен жүрүм-туруму аларга эскертүү болушу керек эле. Тилекке каршы, алар «топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин ойлонушкан эмес» (Матай 24:38, 39).

5. Нух менен анын үй-бүлөсүнө кайсы сапаттар керек болгон?

5 Ошол мезгил тууралуу ой жүгүртүп, биз Нухтун акылдуулук менен туура жолду тандап алганын түшүнөбүз. Бирок Топон сууга чейинки мезгилде башкалардан өзгөчөлөнүү эржүрөктүүлүктү талап кылган. Ошондой эле чоң кеме куруп, аны жаныбарлардын ар кайсы түрлөрү менен толтуруш үчүн, Нух менен анын үй-бүлөсүнүн ишеними бекем болушу керек эле. Ошол саналуу ишенимдүү адамдардын айрымдары кээде башкалардын көзүнө көп илине бербей, «эл катары» жашоону каалаганбы? Андай ойлор келген күндө да, алар ишениминин алсырашына жол беришкен эмес. Көптөгөн жылдар өткөн соң (азыркы түзүлүштүн аягына чейин эч кимибизге анчалык узак убакыт күтүүгө туура келбейт), Нух ишеними аркылуу Топон сууда аман калган. Ал эми «эл катары» жашап, өздөрүнүн кайсы убакта жашап жатканын көңүлгө алгысы келбегендердин баары Жахабанын сот күнүндө өлүмгө дуушар болушкан.

Зордук-зомбулук кайрадан күч алган

6. Топон суудан кийин жердеги жагдай дагы деле кандай болгон?

6 Топон суу аяктап, жер кургагандан кийин, адамдар кайрадан көбөйө баштаган. Бирок алар дагы эле жеткилеңсиз болушкан жана «адамдын ойлору» мурункудай «жаш чагынан эле жаман» боло берген (Башталыш 8:21). Андан сырткары, жин-перилер жерге адам кейпин кийип келе албай калышса да, алардын таасири дагы деле күчтүү болчу. Кудайсыз адамдардын дүйнөсү «амалкөйдүн бийлиги астында экени» жана бүгүнкү күндөгүдөй эле, чыныгы сыйынуучулардын «Шайтандын айла-амалдарына» каршы күрөшүүгө тийиш экени көп узабай айкын болгон (1 Жакан 5:19; Эфестиктерге 6:11, 12).

7. Топон суудан кийин зордук-зомбулук кантип күч алган?

7 Топон суудан кийин, бери дегенде, Нимроттун күндөрүнөн тартып жерде кайрадан зордук-зомбулук күчөй баштаган. Калктын саны өсүп, техника өнүккөн сайын зордук-зомбулук ого бетер күч ала берген. Илгери согуштарда кылыч, найза, жаа, жебе жана арабалар колдонулса, кийинчерээк мушкет, замбирек, андан соң мылтык жана XX кылымдын башында татаал артиллерия чыгарылган. Биринчи дүйнөлүк согушта булардан да коркунучтуу куралдар: аэропландар, танкалар, суу астында жүрүүчү кемелер жана уулантуучу газ колдонулган. Ошол согушта бул куралдардан миллиондогондордун өмүрү кыйылган. Бул күтүлбөгөн нерсе беле? Жок.

8. Аян 6:1—4-аяттар кантип аткарылып жатат?

8 Ыйса 1914-жылы Кудайдын асман Падышалыгынын Падышасы катары такка отурган да, «Эгенин күнү» башталган (Аян 1:10, «ЖД»). Аян китебинде берилген көрүнүштө Ыйсанын жеңүүчү Падыша катары ак ат чаап баратканы сүрөттөлөт. Анын артынан ар кандай каргашаларды символдоштурган башка атчандар чыгат. Алардын бири — жээрде атчан. «Адамдар бири-бирин өлтүрүшү үчүн, ал атты минип турганга жер үстүнөн тынчтыкты алып салуу укугу берилген. Анан ага чоң кылыч берилген» (Аян 6:1—4). Бул атчан аты менен согушту символдоштурат, ал эми чоң кылыч күчтүү куралдар колдонулуп жаткан азыркы согуштардын кыйратуучу күчүн көрсөтүп турат. Бүгүн андай куралдарга он миңдеген адамдарды мерт кыла ала турган ядро заряддар менен аларды миңдеген километр алыстыктагы бутага жеткизе ала турган ракеталар, ошондой эле массалык кыргын салуучу химиялык жана биологиялык татаал куралдар кирет.

Жахабанын эскертүүлөрүнө кулак кагабыз

9. Бүгүнкү дүйнө Топон сууга чейинки дүйнөгө кайсы жагынан окшош?

9 Нухтун күндөрүндө алп адамдардын таасиринен улам зөөкүр адамдар жерди зордук-зомбулукка толтуруп салгандыктан, Жахаба ал дүйнөнү жок кылган. Биздин мезгилдечи? Азыр Нухтун убагындагыга караганда зордук-зомбулук азыраакпы? Кайдан?! Андан тышкары, ошол убактагыдай эле, бүгүн да адамдар «эл катары» жашоого аракеттенип, айтылган эскертүүлөргө көңүл бурбай, өздөрүнүн иштери менен алек (Лука 17:26, 27). Анда Жахабанын каардуу адамдарды кайрадан жок кыларына шектенүүгө негиз барбы? Жок.

10. а) Ыйык Китепте бир нече жолу кандай эскертүү берилет? б) Бүгүнкү күндө эмне кылганыбыз туура болот?

10 Топон сууга чейин жүздөгөн жылдар мурун Энох биздин убакта боло турган кыйратуу жөнүндө пайгамбарлык кылган (Жүйүт 14, 15). Ыйса да «чоң алааматтын» жакындап келатканын айткан (Матай 24:21). Ал убак тууралуу башка пайгамбарлар да эскертишкен (Жезекиел 38:18—23; Даниел 12:1; Жоел 2:31, 32). Ал эми Аян китебинде ошол акыркы кыйроонун айкын сүрөттөлүшү берилет (Аян 19:11—21). Ошондуктан ар бирибиз Нухту туурап, адилдикти жар салууда жигердүү болууга умтулабыз. Биз Жахабанын эскертүүлөрүнө кулак кагып, бул жагынан жакындарыбызга сүйүү менен жардам беребиз. Нухка окшоп, Кудай менен жүрөбүз. Өмүр алууну каалаган ар бир адам мындан ары да Кудай менен жүрүшү керек. Күн сайын ар кандай кысымдарга дуушар болуп жатканыбызга карабай кантип дайыма Кудай менен жүрө алабыз? Ан үчүн Жахабанын ой-ниетинин аткарыларына карата бекем ишеним өрчүтүшүбүз зарыл (Эврейлерге 11:6).

Коогалаңдуу мезгилде мындан ары да Кудай менен жүргүлө

11. Биз Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочуларын кантип туурай алабыз?

11 Ыйсанын биринчи кылымдагы майланган жолдоочуларын «ушул Жолго таандык» деп айтышкан (Элчилер 9:2, «ЖД»). Алардын бүт өмүр жолу Жахабага жана Ыйса Машайакка болгон ишеним менен байланышкан. Алар өздөрүнүн Устаты жүргөн жол менен жүрүшкөн. Бүгүн да Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары ошентүүдө.

12. Ыйса элди керемет жолу менен тойгузгандан кийин эмне болгон?

12 Ишенимдин маанилүүлүгү Ыйса жерде кызмат кылып жүргөндө болгон бир окуядан көрүнүп турат. Бир жолу Ыйса керемет жолу менен 5000дей адамды тойгузган. Буга адамдар аябай таң калып, кубанышкан. Бирок андан ары эмне болгонуна көңүл бурсаңар. «Ошондо Ыйса жасаган кереметти көргөн адамдар: „Дүйнөгө келе турган Пайгамбар ушул“,— дешкен. Алар Ыйсаны кармап алып, падыша шайламакчы болуп жатышкан. Ыйса алардын бул оюн билип, кайрадан Өзү жалгыз тоого кетип калган» (Жакан 6:10—15). Ошол түнү Ыйса башка жерге кеткен. Анын падыша болуудан баш тартканы, кыязы, көптөрдүн көңүлүн кайт кылган. Себеби алар анын падыша болууга акылман жана адамдардын муктаждыктарын канааттандырууга кудуреттүү экенин көрүшкөн да. Бирок Ыйсаны Падышалыкка дайындоо үчүн Жахаба белгилеген убакыт али келе элек болчу. Андан сырткары, Ыйса жерде эмес, асманда падышалык кылмак.

13, 14. Көптөр кандай маанай көрсөтүшкөн жана алардын ишеними кантип сыналган?

13 Ошондой болсо да, адамдар Ыйсаны артынан сая түшө издеп, Жакандын сөзүнө ылайык, «көлдүн берки өйүзүнөн табышкан». Алар эмне үчүн Ыйсаны падыша болуудан баш тарткандан кийин деле издей беришкен? Алардын көпчүлүгү рухий адамдардай ой жүгүртпөй, Мусанын убагында чөлдө Жахаба тарабынан берилген тамакка өзгөчө басым жасашкан. Демек, алардын ою боюнча Ыйса аларга материалдык жактан андан ары да кам көрүшү керек болчу. Ыйса алардын ниети туура эмес экенин баамдап, ой жүгүртүүлөрүн оңдоо аракетинде аларды рухий чындыктарга окута баштаган (Жакан 6:17, 24, 25, 30, 31, 35—40). Натыйжада алардын айрымдары, айрыкча, Ыйсанын: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Адам Уулунун Денесин жеп, Канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар. Ким Менин Денемди жеп, Канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө ээ, Мен аны акыркы күнү тирилтем»,— деген көрсөтмөлүү мисалын укканда наалый башташкан (Жакан 6:53, 54).

14 Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалдары көпчүлүк учурда адамдардын ниетин, алардын Кудай менен жүрүүнү чындап каалаар-каалабасын айкын кылчу. Бул мисалы да ошондой эле. Аны уккандар шак эле терс маанай көрсөтүшкөн. «Шакирттеринин бир тобу муну укканда: „Катуу айтылган сөздөр экен, муну ким угуп тура алат?“ — дешкен». Андан ары Ыйса аларга сөздөрүнүн рухий маанисин аңдоо керек экенин түшүндүргөн. Ал: «Рух өмүр берет, дене эч кандай пайда келтирбейт. Менин силерге айтып жаткан сөздөрүм — рух жана өмүр»,— деген. Бирок көптөр укпай коюшкан жана «ушул сөздөрдөн кийин шакирттеринин көбү Ыйсадан четтеп, Аны ээрчибей калышкан» (Жакан 6:60, 63, 66).

15. Ыйсанын айрым жолдоочулары кандай туура маанай көрсөтүшкөн?

15 Бирок шакирттердин баары эле андай маанай көрсөтүшкөн эмес. Ишенимдүү шакирттер Ыйсанын сөздөрүн анча түшүнө беришпесе да, Ыйсага толук ишенишкен. Алардын бири Петир: «Теңир [Эге, «ЖД»], биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде» — деп, ошол шакирттердин сезимдерин билдирген (Жакан 6:68). Кандай сонун маанай жана кандай мыкты үлгү!

16. Биз кантип сыналышыбыз мүмкүн жана кандай туура маанай өрчүтүшүбүз керек?

16 Бүгүн биз да алгачкы шакирттердей болуп сыналышыбыз ыктымал. Мисалы, Жахабанын убадаларынын өзүбүз күткөндөй тез аткарылбай жатканы көңүлүбүздү чөктүрүшү мүмкүн. Балким, адабияттарыбызда талкууланган Жазманын айрым аяттарын түшүнүү кыйын болуп жаткандыр. Же ишенимдешибиздин жүрүм-туруму көңүлүбүздү иренжитиши ыктымал. Ушу сыяктуу себептерден улам Кудай менен жүрбөй калуу туура болор беле? Албетте, жок! Ыйсаны таштап кеткен шакирттер рухий адамдардай ой жүгүртүшкөн эмес. Биз ушундан сак болушубуз керек.

«Жок болуу үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз»

17. Мындан ары да Кудай менен жүрүүгө бизге эмне жардам берет?

17 Элчи Пабыл: «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган»,— деп жазган (2 Тиметейге 3:16). Жахаба бизге Ыйык Китеп аркылуу: «Жол мына, ушул жол менен жүргүлө»,— дейт (Ышайа 30:21). Кудайдын Сөзүнө кулак кагуу «кандай жашап жатканыбызга көңүл коюуга» жардам берет (Эфестиктерге 5:15). Ыйык Китепти изилдеп, алган билимдерибиздин үстүнөн ой жүгүртсөк, биз мындан ары да «чындык жолунда жүрө» алабыз (3 Жакан 3). Чынында эле, Ыйса айткандай, «рух өмүр берет, дене эч кандай пайда келтирбейт». Биз үчүн жападан жалгыз ишеничтүү жетекчилик — бул Жахабанын Сөзү, руху жана уюму аркылуу берилип жаткан жетекчилик.

18. а) Кээ бирөөлөр акылсыздык менен эмне кылышат? б) Биз кандай ишеним өрчүтөбүз?

18 Бүгүнкү күндө айрымдар рухий адамдардай ой жүгүртпөгөндүктөн же күткөн нерселери ишке ашпай калгандыктан нааразы болуп, көп учурда бул дүйнө сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууга аракеттенишет. Алар убакыттын тар экенин, «сергек болуунун» зарылдыгын аңдабай, Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюунун ордуна жеке максаттарына умтулууну артык көрүшөт (Матай 24:42). Андай жолдо жүрүү акылсыздыкка жатат. Элчи Пабылдын: «Биз болсо жок болуу үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз, тескерисинче, жаныбыздын куткарылышы үчүн ишенгендерденбиз»,— деген сөздөрүнө көңүл бурсаңар (Эврейлерге 10:39). Энох менен Нухка окшоп, биз да коогалаңдуу мезгилде жашап жатабыз, бирок алар сыяктуу эле биз да Кудай менен жүрүү сыймыгына ээбиз. Ошону менен бирге биз Жахабанын убадаларынын аткарылышын, жамандыктын жок кылынышын жана адилеттүү жаңы дүйнөнүн орношун бекем ишеним менен күтүп жатабыз. Алдыбызда кандай сонун келечек турат!

19. Михей чыныгы кызматчылардын эмне кылууга чечкиндүү болорун айткан?

19 Кудайдын жетеги менен Михей пайгамбар дүйнөдөгү элдердин «ар бири өз кудайынын аты үчүн жашаарын [«атынан жүрөрүн», СК]» айткан. Анан өзү жана башка ишенимдүү кызматчылар тууралуу: «Биз болсо кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашайбыз [«атынан жүрөбүз», СК]»,— деген (Михей 4:5). Михейдикиндей чечкиндүүлүк силерде да болсо, мезгил канчалык коогалаңдуу болбосун, мындан ары да Жахабага жакындай бергиле! (Жакып 4:8). Жахаба Кудайыбыз менен азыр жана кылымдар бою жүрүү ар бирибиздин чын жүрөктөн чыккан каалообуз болсун!

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Нухтун күндөрү биздин күндөргө кайсы жактарынан окшош?

• Нух жана анын үй-бүлөсү кандай жолдо жүргөн жана ишеним көрсөтүү жагынан аларды кантип туурай алабыз?

• Ыйсанын айрым жолдоочулары кандай терс маанай көрсөтүшкөн?

• Ыйсанын чыныгы жолдоочулары эмне кылууга чечкиндүү?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Падышалыктын кабарчылары катары «биз артка кетенчиктегендерден эмеспиз».

[32-беттеги сүрөт]

Нухтун күндөрүндөгүдөй, бүгүн да адамдар жеке өздөрүнүн иштери менен алек.