Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүрөктөргө жазылган сүйүү мыйзамы

Жүрөктөргө жазылган сүйүү мыйзамы

Жүрөктөргө жазылган сүйүү мыйзамы

«Мен Өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам» (Жеремия 31:33).

1, 2. а) Бул макалада эмне каралат? б) Синай тоосунун этегинде Жахаба өзүн кантип көрсөткөн?

МУРУНКУ эки макаладан биз, Муса Синай тоосунан түшүп келгенде, анын жүзүнөн нур чачырап, Жахабанын даңкын чагылдырып турганын билдик. Ошондой эле Мусанын бетиндеги жабуу эмнени билдирерин талкууладык. Келгиле эми, ошол билдирүүлөрдүн Ыйсанын бүгүнкү жолдоочулары үчүн кандай мааниге ээ экенин карап чыгалы.

2 Муса тоонун башында жүргөндө Жахабадан көрсөтмөлөрдү алган. Синай тоосунун этегине чогулган ысрайылдыктар Кудайдын укмуш бир көрүнүшүнө күбө болушкан. «Күн күркүрөгөн, чагылган чартылдаган, калың булут тоонун башына келген, анан сурнай үнү катуу жаңырган. Ошондо стандагы эл абдан коркуп кеткен. [...] Теңир от ичинде түшкөндүктөн, Синай тоосу түтөп жаткан. Түтүн тоодон мештен чыккан түтүндөй болуп чыгып жаткан, тоо катуу солкулдап турган» (Чыгуу 19:16—18).

3. Жахаба Он осуятты ысрайыл элине кандай жол менен берген жана алар эмнени айкын түшүнгөн?

3 Жахаба элге периштеси аркылуу сүйлөп, аларга Он осуят деп аталып калган мыйзамдарды берген (Чыгуу 20:1—17). Ал мыйзамдардын Кудуреттүү Кудайдан келгенине эч кандай шек болгон эмес. Жахаба ал осуяттарды таш лоокторго жазып берген, бирок аларды Муса ысрайылдыктардын алтын музоого табынып жатканын көргөндө талкалап салган. Жахаба ал осуяттарды кайрадан жазып берген. Бул жолу, Муса тоодон таш лоокторду алып түшкөндө, анын жүзүнөн нур чачырап турган. Ошондо ал мыйзамдардын эбегейсиз зор мааниге ээ экени баарына айкын болгон (Чыгуу 32:15—19; 34:1, 4, 29, 30).

4. Эмне себептен Он осуят чоң мааниге ээ болгон?

4 Он осуят жазылган эки таш лоок жыйын чатырынын, кийинчерээк ийбадаткананын Ыйыктардын ыйыгы деген бөлүгүндөгү келишим сандыгынын ичинде сакталган. Ал осуяттар Мусанын мыйзамынын негизги принциптери катары Ысрайылдагы теократиялык башкаруунун негизин түзүп калган. Алар Жахабанын тандалган өзгөчө эли бар экенин күбөлөндүрүп турган.

5. Кудайдын ысрайыл элине берген мыйзамдары кандайча анын сүйүүсүн чагылдырып турат?

5 Ошол мыйзамдарда Жахаба жөнүндө, айрыкча, элине болгон сүйүүсү жөнүндө көп нерселер ачылган. Ал мыйзамдар аларды аткаргандар үчүн кандай баалуу белек болгон! Бир окумуштуу: «Адамдар түзгөн адеп-ахлактык баалуулуктардын эч бир жыйнагы Кудайдын он осуятынан ашып түшмөк турсун, аларга тең келүүгө да жарабайт»,— деп жазган. Жалпы Мыйзам жөнүндө Жахаба мындай деген: «Силер Мени угуп, Менин келишимимди сактасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар, анткени бүт жер Меники. Силер Мен үчүн ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгы жана ыйык эл болосуңар» (Чыгуу 19:5, 6).

Жүрөккө жазылган мыйзам

6. Кайсы мыйзам ташка жазылган осуяттардан да баалуу болуп калган?

6 Кудайдын ысрайыл элине берген мыйзамдары, чынында эле, абдан баалуу болгон. Бирок Ыйсанын майланган жолдоочуларынын ташка жазылган мыйзамдардан алда канча баалуу нерсеге ээ экенин билчү белеңер? Жахаба ысрайыл эли менен түзүлгөн Мыйзам келишиминен башка жаңы келишим түзүлөрүн алдын ала айткан. «Мен Өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам»,— деген ал (Жеремия 31:31—34). Жаңы келишимдин Арачысы болгон Ыйса өзүнүн жолдоочуларына мыйзамдардын жазма түрүндөгү жыйнагын берген эмес. Ал айткан сөздөрү жана кылган иштери менен Жахабанын мыйзамын шакирттеринин акылына жана жүрөгүнө салган.

7. «Машайактын мыйзамы» башында кимдерге берилген жана кийинчерээк аны кимдер кабыл алды?

7 Бул мыйзам «Машайактын мыйзамы» деп аталат. Башында ал Жакыптын урпактары болгон ысрайылдыктарга эмес, «Кудайдын Ысрайылы» деп аталган рухий элге берилген (Галатиялыктарга 6:2, 16; Римдиктерге 2:28, 29). Кудайдын Ысрайылы Ыйсанын рух менен майланган жолдоочуларынан турат. Убакыттын өтүшү менен аларга Жахабага сыйынууну каалаган башка адамдар да — бардык элдерден чыккан «эбегейсиз көп адамдар» — кошулган (Аян 7:9, 10; Захария 8:23). «Бир койчунун» жетеги астындагы «бир короо кой» катары бул эки топ «Машайактын мыйзамын» кабыл алып, ошого ылайык жашоого аракеттенишүүдө (Жакан 10:16).

8. Мусанын мыйзамы Машайактын мыйзамынан эмнеси менен айырмаланган?

8 Мусанын мыйзамына төрөлгөндөн баштап баш ийүүгө милдеттүү болгон ысрайылдыктардан айырмаланып, Ыйсанын жолдоочулары Машайактын мыйзамына өз ыктыяры менен баш ийишет жана мында адамдын улуту же туулган жери сыяктуу факторлор эч кандай роль ойнобойт. Алар Жахаба жана анын жолдору жөнүндө билип, анын эркин аткарууга умтулушат. Кудайдын мыйзамы, каймана мааниде айтканда, «жүрөктөрүнө» жазылгандыктан, Ыйсанын майланган жолдоочулары Кудайга жазадан корккондуктан эле же милдеттүү болгондуктан эле тил алышпайт. Алардын тил алчаактыгы андан маанилүүрөөк жана кыйла күчтүүрөөк себепке негизделет. Башка койлор да ошондой тил алчаактык көрсөтүп жатышат, анткени Кудайдын мыйзамы алардын жүрөктөрүндө жазылган.

Сүйүүгө негизделген мыйзамдар

9. Ыйса Жахабанын мыйзамдарынын маңызы сүйүү экенин кантип көрсөткөн?

9 Жахабанын бардык мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүнүн маңызын бир эле сөз менен корутундулоого болот. Ал — сүйүү. Бул сапат дайыма таза сыйынуунун негизи болуп келген жана боло берет. «Мыйзамдагы эң маанилүү осуят кайсы?» деп сурашканда, Ыйса: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй»,— деп жооп берген. Экинчиси ушуга эле окшош: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй». Анан ал: «Бүт мыйзам жана пайгамбарчылыктар ушул эки осуятка негизделген»,— деген (Матай 22:35—40). Муну менен Ыйса өз ичине Он осуятты камтыган Мыйзам эле эмес, бүт Эврей Жазмалары сүйүүгө негизделерин көрсөткөн.

10. Машайактын мыйзамынын негизи сүйүү экенин кайдан билебиз?

10 Кудайды жана жакындарын сүйүү Ыйсанын жолдоочуларынын жүрөгүндөгү мыйзамдын негизи болуп саналабы? Албетте! Машайактын мыйзамы Кудайды чын жүрөктөн сүйүү менен тыгыз байланышта жана өзүнүн ичине мындай жаңы осуятты камтыйт: Ыйсанын жолдоочулары бири-бирин жанаябастык менен сүйүшү керек. Алар сүйүү көрсөтүүдө достору үчүн өз өмүрүн даярдуулук менен берген Ыйсаны туурашы абзел. Ал өзүнүн шакирттерин Кудайды жана бири-бирин сүйүүгө үйрөткөн. Бул жагынан Ыйса аларга эң сонун үлгү көрсөткөн. Ошондуктан Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын башкалардан айырмалап туруучу негизги сапаты — бири-бирине көрсөткөн жанаябастык сүйүүсү (Жакан 13:34, 35; 15:12, 13). Ыйса аларга атүгүл душмандарын да сүйүүнү буйруган (Матай 5:44).

11. Ыйса Кудайга жана адамзатка болгон сүйүүсүн кантип көрсөткөн?

11 Ыйса сүйүү көрсөтүү жагынан жеткилең үлгү калтырган. Асманда күчтүү рухий жаратуу болсо да, ал Атасынын эркин аткаруу үчүн жерге келүүгө даяр болгон. Башкалар түбөлүк жашай алышы үчүн, өз өмүрүн бергенден тышкары, Ыйса кандай жашоо өткөрүү керектигин да үйрөткөн. Ал момун, боорукер, аккөңүл болгон жана кыйналган, эзилген адамдарды жубатып соороткон. Ошондой эле «түбөлүк өмүр берүүчү сөздөрдү» жарыялап, башкаларга Жахабаны таанып-билүүгө талыкпастан жардам берген (Жакан 6:68).

12. Эмне себептен Кудайды сүйүү адамдарды сүйүү менен тыгыз байланышта деп айтууга болот?

12 Кудайды сүйүү адамдарды сүйүү менен тыгыз байланышта. Элчи Жакан мындай деген: «Сүйүү Кудайдан... Ким: „Мен Кудайды сүйөм“,— десе, бирок бир тууганын жек көрсө, ал — жалганчы. Анткени өзү көрүп турган бир тууганын сүйбөсө, көрүнбөгөн Кудайды кантип сүймөк эле?» (1 Жакан 4:7, 20). Жахаба — сүйүүнүн булагы, атүгүл сүйүүнүн өзү. Ал бүт нерсени сүйүү менен жасайт. Анын бейнеси боюнча жаратылгандыктан биз да башкаларды сүйүүгө жөндөмдүүбүз (Башталыш 1:27). Жакындарыбызга сүйүү көрсөтүү менен биз Кудайды сүйөрүбүздү далилдейбиз.

Сүйүү тил алууну билдирет

13. Кудайды сүйүү үчүн адегенде эмне кылышыбыз керек?

13 Кудайды көрбөсөк, аны кантип сүйө алабыз? Адегенде аны менен таанышуу зарыл. Чоочун бирөөгө чындап сүйүү көрсөтүү же ишенүү мүмкүн эмес. Ошондуктан Ыйык Китеп бизди Кудай менен таанышуу үчүн анын Сөзүн окууга, тиленүүгө жана аны билген, сүйгөн адамдар менен пикирлешүүгө үндөйт (Забур 1:1, 2; Филипиликтерге 4:6; Эврейлерге 10:25). Биз үчүн, айрыкча, төрт Инжил баа жеткис кенч болуп эсептелет, анткени аларда Ыйса Машайактын жашоосу жана кызматы аркылуу Жахабанын касиет-сапаттары ачылып берилген. Кудайды таанып-билип, бизге көрсөткөн сүйүүсү үчүн ыраазы болсок, ага тил алууну жана сапаттарын чагылдырууну мындан да көбүрөөк каалайбыз. Ооба, Кудайды сүйүү ага тил алууну билдирет.

14. Эмне үчүн Кудайдын мыйзамдары бизге жүк эмес деп айтууга болот?

14 Кимдир бирөөнү сүйсөк, биз анын эмнелерди жактырарын жана эмнелерди жактырбаарын билип, ошого жараша иш кылабыз. Биз сүйгөн адамыбыздын көңүлүн калтыргыбыз келбейт. «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу,— деп жазган элчи Жакан.— Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес» (1 Жакан 5:3). Кудайдын осуяттары бизге жүк эмес жана аткара албачудай көп эмес. Аларды аткарууга сүйүү түрткү берет. Бизге ар бир кадамыбызды багыттай турган көп сандаган эрежелерди жаттап алуунун кажети жок. Биз Кудайга болгон сүйүүгө жетектелебиз. Эгерде Кудайды сүйсөк, анын эркин кубаныч менен аткарабыз. Ошентип, Кудайдын жактыруусуна ээ болуу менен өзүбүзгө пайда алып келебиз, анткени анын көрсөтмөлөрү биз үчүн дайыма пайдалуу (Ышайа 48:17).

15. Жахабаны тууроого бизге эмне түрткү берет? Түшүндүргүлө.

15 Кудайды сүйүү бизге анын сапаттарын чагылдырууга түрткү берет. Эгер кайсы бир адамды сүйсөк, анын сапаттарына суктанып, ошол адамдай болууга умтулат эмеспизби. Мисалга Жахаба менен Ыйсанын ортосундагы мамилени алалы. Алар асманда, болжолу, миллиарддаган жылдар бою чогуу болушкан. Алардын ортосунда терең, аруу сүйүү болгон. Ыйса асмандагы Атасын ушунчалык жеткилеңдикте туурагандыктан, шакирттерине: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жакан 14:9). Жахаба жана анын Уулу жөнүндө билим алып, ыраазычылыгыбыз артканда, аларды тууроого түрткү алабыз. Жахабага болгон сүйүүнүн жана ыйык рухтун жардамы менен биз «эски табиятыбызды жаман иштери менен бирге чечип салып, жаңы табиятты кие» алабыз (Колосалыктарга 3:9, 10; Галатиялыктарга 5:22, 23).

Иш жүзүндөгү сүйүү

16. Кудайга жана жакындарыбызга болгон сүйүүбүз кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишибизден кандайча көрүнүп турат?

16 Ыйсанын жолдоочулары катары биз Кудайга жана жакындарыбызга болгон сүйүүбүздү Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышуу менен көрсөтөбүз. Ошентип, «бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалаган» Жахаба Кудайдын жактыруусуна ээ болобуз (1 Тиметейге 2:3, 4). Ошондой эле башкаларга жүрөктөрүндө Машайактын мыйзамына ээ болууга жардам берүүдөн кубаныч табабыз. Алардын өзгөрүп, Жахабанын сапаттарын чагылдырып жатканын көрүү кандай жагымдуу! (2 Корунттуктарга 3:18). Адамдарга Кудайды таанып-билүүгө жардам берүү, чынында эле, биз аларга бере алган эң баалуу белек болуп саналат. Анткени Жахабага жакындагандар аны менен түбөлүккө достошо алышат.

17. Байлыкка эмес, Кудайга жана жакындарыбызга карата сүйүү өрчүткөнүбүз эмне үчүн акылдуулукка жатат?

17 Биз материалдык нерселер жогору бааланган, адамдар акчаны сүйгөн дүйнөдө жашап жатабыз. Бирок байлык түбөлүктүү эмес. Ал уурдалып же чирип жок болушу мүмкүн (Матай 6:19). Ыйык Китепте: «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деген эскертүү берилет (1 Жакан 2:16, 17). Ооба, Жахаба түбөлүк жашагандыктан, аны сүйгөн жана ага кызмат кылган адамдар да түбөлүк жашайт. Анда жакында жок боло турган утурумдук нерселерге ээ болууга умтулгандан көрө, Кудайга жана адамдарга карата сүйүү өрчүткөнүбүз акылдуулукка жатпайбы?

18. Бир миссионер кантип жанаябастык сүйүү көрсөткөн?

18 Сүйүү өрчүткөндөр Жахабага даңк алып келишүүдө. Мисалга Сенегалда миссионер болуп кызмат кылган Соняны алалы. Ал ишенимин бөлүшпөгөн күйөөсүнөн ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган Хейди деген аял менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөн. Күйөөсү өлгөндөн кийин, Хейди чөмүлтүлгөн. Бирок көп узабай денсоолугу начарлап, СПИД оорусу менен ооруканага жаткырылган. Соня мындай деп эскерет: «Оорукананын кызматкерлери колдон келишинче жардам беришти, бирок алардын саны аябай эле аз болчу. Ошондуктан жыйналыштан Хейдиге кам көрүүнү каалагандар чакырылды. Экинчи түнү мен ооруканада анын керебетинин жанында отуруп, ал өлгөнгө чейин жанында болдум. Дарыгердин мага мындай деп айтканы эсимде: „СПИД менен ооругандарды көп учурда туугандары да карабай коёт, бул бизге чоң кыйынчылык туудурат. Сиз тууганы болбосоңуз, башка өлкөдөн келсеңиз, жадагалса териңиздин да түсү башка болуп туруп, эмне үчүн тобокелге бардыңыз?“ Мен Хейдинин мага эне-атабыз бир болгондой жакын биртууган болгонун түшүндүрдүм. Хейди экөөбүз ынак болгондуктан, ага кам көрүү мен үчүн жагымдуу болду». Айта кетчү нерсе, Хейдиге кам көрүү Сонянын денсоолугуна терс таасир эткен жок.

19. Жүрөгүбүздө Кудайдын мыйзамына ээ болуп, эмне кылууга дайым даяр болушубуз керек?

19 Жахабанын кызматчыларынын арасында жанаябастык сүйүү көрсөткөндөр аз эмес. Бүгүн Кудайдын элинде жазма түрүндөгү кандайдыр бир мыйзамдар жыйнагы жок. Азыркы убакта Эврейлерге 8:10догу: «Ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм,— дейт Теңир,— Мен Өзүмдүн мыйзамдарымды алардын акылына салам, алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат»,— деген сөздөр аткарылып жатат. Келгиле, жүрөгүбүзгө Жахаба жазган сүйүү мыйзамын жогору баалап, сүйүү көрсөтүүгө дайым даяр бололу.

20. Машайактын мыйзамы эмне үчүн баалуу кенч болуп саналат?

20 Ошондой сүйүүсү бар бүткүл дүйнөлүк биртуугандык менен бирге Кудайга кызмат кылуу кандай кубанычтуу! Жүрөктөрүндө Машайактын мыйзамы жазылган адамдар азыркы мээрими жок дүйнөдө баалуу кенчке ээ. Алар Жахабанын гана эмес, рухий биртуугандарынын да күчтүү сүйүүсүн сезе алышат. «Бир туугандардын чогуу жашаганы кандай жакшы, кандай сонун!» Жахабанын Күбөлөрү ар кайсы өлкөлөрдө жашап, ар кайсы тилдерде сүйлөсө да жана маданияты ар башка болсо да, алардын ортосунда теңдешсиз биримдик өкүм сүрөт. Бул биримдик Жахабанын баталарын алып келет. «Теңир ал жерде [сүйүү аркылуу бириккен элдин арасында] бата жана түбөлүк өмүр берген»,— деп жазган забурчу (Забур 132:1—3).

Жооп бере аласыңарбы?

• Он осуят канчалык маанилүү болгон?

• Кайсы мыйзам жүрөктөргө жазылган?

• «Машайактын мыйзамында» сүйүү кандай роль ойнойт?

• Кудайга жана жакындарыбызга кантип сүйүү көрсөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги кошумча]

Соня облустук жыйында сенегалдык кыз менен (2004-жыл).