Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сен Кудайдын даңкын чагылдырасыңбы?

Сен Кудайдын даңкын чагылдырасыңбы?

Сен Кудайдын даңкын чагылдырасыңбы?

«Биз... Теңирдин даңкын чагылдырып турабыз» (2 Корунттуктарга 3:18).

1. Муса эмнени көргөн жана андан кийин эмне болгон?

МУСА пайгамбар эч бир адам көрбөгөн укмуштай көрүнүшкө күбө болгон. Синай тоосунун башында ага Жахабанын даңкын көрүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Албетте, Муса Жахабанын өзүн көргөн эмес. Кудайдын көрүнүшү ушунчалык көз уялтарлык болгондуктан, аны көргөн адам тирүү калбайт. Ошондуктан Жахаба өзү өтүп кеткенге чейин Мусаны «колу» менен калкалап турган жана сыягы, бул үчүн периштесин колдонгон. Анан Муса Жахабанын даңкынын чагылышын көрө алган. Ошондой эле Жахаба Муса менен периштеси аркылуу сүйлөшкөн. Андан кийин эмне болгону тууралуу Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «Муса Кудай менен сүйлөшкөндүктөн, тоодон түшүп келе жатканда, жүзүнөн нур чачырап турган» (Чыгуу 33:18—34:7, 29).

2. Ыйсанын жолдоочулары чагылдырган даңк жөнүндө элчи Пабыл эмне деп жазган?

2 Ошол тоодо Муса менен жүргөнүңдү элестетип көрсөң. Кудуреттүү Кудайдын көз уялткан жарыгын көрүп, сөздөрүн уксаң, делебең кандай гана козголмок! Синай тоосунун этегине Мыйзам келишиминин арачысы болгон Муса менен түшүп келүү кандай сыймык болмок! Бирок Ыйсанын чыныгы жолдоочулары кээ бир жактардан Кудайдын даңкын Муса чагылдыргандан да көбүрөөк чагылдырарын билчү белең? Бул таң калыштуу ой элчи Пабылдын каттарынын биринде камтылат. Ал Ыйсанын майланган жолдоочулары «Теңирдин даңкын чагылдырып турарын» жазган (2 Корунттуктарга 3:7, 8, 18). Ыйсанын жерде жашоого үмүтү бар жолдоочулары да Кудайдын даңкын кандайдыр бир мааниде чагылдырышат.

Ыйсанын жолдоочулары Кудайдын даңкын кантип чагылдырышат?

3. Кандайча биз Жахабаны Мусадан жакшыраак таанып-билдик?

3 Кудайдын даңкын кантип чагылдырышыбыз мүмкүн? Биз Жахабаны Мусадай болуп көргөн да, уккан да эмеспиз. Бирок биз Жахабаны Мусадан жакшыраак таанып-билдик. Ыйса Муса өлгөндөн 1500 жылдай өткөндөн кийин жерге Мессия катары келген. Демек, Муса Мыйзамда айтылгандардын адамзатты күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан куткаруу үчүн өлө турган Ыйсага байланыштуу кандайча аткарыларын билген эмес (Римдиктерге 5:20, 21; Галатиялыктарга 3:19). Андан тышкары, Муса Жахабанын Мессиялык Падышалыкка жана жердеги болочок Бейишке байланышкан улуу ой-ниетин чектелүү деңгээлде гана түшүнгөн. Биз болсо Жахабанын даңкын кадимки көзүбүз менен эмес, ишенимдин көзү менен көрүп жатабыз жана биздин ишенимибиз ыйык китептик окууларга негизделет. Ошону менен бирге, Жахабанын үнүн периште аркылуу эмес, Ыйык Китеп, айрыкча, Ыйсанын окуулары менен кызматы эң сонун сүрөттөлгөн Инжилдер аркылуу угуудабыз.

4. а) Ыйсанын майланган жолдоочулары Кудайдын даңкын кантип чагылдырышат? б) Жерде жашоого үмүттөнгөндөр Кудайдын даңкын кантип чагылдыра алышат?

4 Кудайдын даңкын чагылдырууда Ыйсанын жолдоочуларынын жүздөрүнөн нур чачырап турбаса да, Жахабанын кереметтүү сапаттары жана ой-ниеттери жөнүндө башкаларга айтып берип жатканда алардын жүзү, чынында эле, жаркырап турат. Ышайа пайгамбар биздин күндөрдө Кудайдын кызматчылары Анын «даңкын бардык элдерге жарыя кыларын» алдын ала айткан (Ышайа 66:19). Ошондой эле 2 Корунттуктарга 4:1, 2-аяттарда мындай деп айтылат: «Бул кызмат бизге Теңирдин ырайымы менен берилгендиктен... жашыруун жана ыпылас иштерди кылуудан качабыз, кууланбайбыз, Кудай Сөзүн бурмалабайбыз. Тескерисинче, чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында өзүбүздү ар бир адамдын абийирине коёбуз». Пабыл бул жерде «Жаңы Келишимдин кызматчылары» болгон Ыйсанын майланган жолдоочулары жөнүндө айткан (2 Корунттуктарга 3:6). Алардын кызматы көп сандаган адамдардын жерде түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ болушуна өбөлгө түзүп келет. Эки топ тең өздөрүнүн кызматында Жахабанын даңкын окутуулары менен эле эмес, иш-аракеттери менен да чагылдырышууда. Эң Жогорку Кудайдын даңкын чагылдыруу биз үчүн бир чети милдет болсо, бир чети сыймык!

5. Рухий жактан гүлдөп жатканыбыз эмнени далилдеп турат?

5 Бүгүн Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү даңктуу жакшы кабар, Ыйса алдын ала айткандай, бүт жер жүзүндө жарыяланууда (Матай 24:14). Бардык улуттардан, уруулардан, элдерден жана тилдерден көптөгөн адамдар жакшы кабарды жан-дилден кабыл алып, Кудайдын эркин аткаруу үчүн, жашоолорун өзгөртүп келишет (Римдиктерге 12:2; Аян 7:9). Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына окшоп, алар көргөн-уккандарын айтпай коё алышпайт (Элчилер 4:20). Бүгүнкү күндө Кудайдын даңкын алты миллиондон ашык адам чагылдырып жатат жана мындай нерсе адамзат тарыхында эч качан болгон эмес. Алардын арасында сен да барсыңбы? Кудайдын элинин рухий жактан гүлдөп жатышы анын Жахабанын батасына жана коргоосуна ээ экенин далилдеп турат. Бизге кандай кубаттуу күчтөр каршы турганын эске алганда, Жахабанын руху биз менен экени шексиз. Келгиле, буга кээ бир далилдерди карап чыгалы.

Кудайдын элин эч ким токтото албайт

6. Жахаба тарапта болуу үчүн эмне себептен ишеним жана эржүрөктүк талап кылынат?

6 Сен бир мыкаачы кылмышкердин сотуна күбө катары чакырылдың дейли. Кылмышкердин күчтүү уюшкан тобу бар экени жана өзүнүн бети ачылбашы үчүн сага колдон келишинче тоскоолдук кылары турган иш деп коёлу. Андай кишиге каршы күбөгө өтүү үчүн эржүрөктүк талап кылынат, ошондой эле бийликтегилердин сенин коопсуздугуңа кам көрөрүнө бекем ишенгидей болушуң керек. Биздин жагдайыбыз да ушундай. Жахаба жана анын ой-ниеттери жөнүндө күбөлөндүрүү берүү менен биз Шайтан Ибилиске каршы көрсөтүү берип, анын киши өлтүргүч жана бүт дүйнөнү азгырган жалганчы экенин ашкерелеп жатабыз (Жакан 8:44; Аян 12:9). Жахаба тарапта болуп, Ибилиске каршы туруу үчүн бизден ишеним жана эржүрөктүк талап кылынат.

7. Шайтандын таасири канчалык күчтүү жана ал эмне кылууга аракеттенет?

7 Албетте, Жахаба — Баарынан Жогорку Кудай. Анын күчү Шайтандыкынан чексиз жогору. Жахабага берилгендик менен кызмат кылсак, анын бизди коргоого кудуреттүү гана эмес, ынтызар экенине да толук ишенсек болот (2 Жылнаама 16:9). Ошентсе да Шайтан — Кудайдан алыстаган адамзат дүйнөсүнүн жана жин-перилердин башкаруучусу (Матай 12:24, 26; Жакан 14:30). Жердин айланасына куулуп түшүрүлгөнүнө «катуу каарданып» жүргөн Шайтан Жахабанын кызматчыларына аябай каршылык көрсөтүп, жакшы кабар тараткандардын баарынын оозун жабуу аракетинде бийлиги астындагы дүйнөнү колдонот (Аян 12:7—9, 12, 17). Кантип? Анын, бери дегенде эле, үч ыкмасы бар.

8, 9. Шайтан адамдарга эмнелерди сүйүүгө түрткү берет жана эмне үчүн досторду кылдаттык менен тандашыбыз керек?

8 Биринчиден, Шайтан бизди көр оокат менен алаксытууга аракеттенет. Ушул акыркы күндөрдө адамдар өздөрүн, акчаны, ырахатты сүйүшөт. Кудайды болсо сүйүшпөйт (2 Тиметейге 3:1—4). Адамдардын көбү түйшүккө берилип кеткендиктен, биз айтып жаткан жакшы кабарга көңүл бурушпайт. Алар Ыйык Китептеги чындыкты билүүгө кызыкпайт (Матай 24:37—39). Адамдардын мындай маанайы бизге терс таасир тийгизип, рухий жактан уктап калышыбыз мүмкүн. Эгерде материалдык нерселерди жана жашоонун ырахатын сүйүп кетсек, Кудайга болгон сүйүүбүз сууп калат (Матай 24:12).

9 Андыктан Ыйсанын жолдоочулары дос тандоодо кылдат болушат. «Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деп жазган Сулайман (Накыл сөздөр 13:20). Келгиле, ошондуктан Кудайдын даңкын чагылдырган адамдар менен достошолу. Бул чыныгы кубаныч тартуулайт. Рухий биртуугандарыбыз менен жыйналыш жолугушууларында жана башка учурларда чогулганда, биз алардын сүйүүсүн, ишенимин, кубанычын жана акылмандыгын көрүп бекемделебиз. Мындай пайдалуу пикирлешүүнүн аркасында кызматыбызды улантууга ого бетер чечкиндүү болобуз.

10. Шайтан Кудайдын даңкын чагылдыргандарга каршы кандай шылдыңдоолорду колдонот?

10 Экинчиден, Шайтан Кудайдын даңкын чагылдыруубузга тоскоолдук кылуу үчүн шылдыңдоолорду колдонот. Буга таң калбашыбыз керек. Ыйса Машайак жерде кызмат кылып жүргөндө аны шылдыңдашкан, мазакташкан, кордошкон, атүгүл бетине түкүрүшкөн (Марк 5:40; Лука 16:14; 18:32). Анын алгачкы жолдоочулары да шылдыңга алынган (Элчилер 2:13; 17:32). Жахабанын азыркы кызматчыларына да ошондой мамиле жасалат. Элчи Петирдин сөздөрүнө ылайык, кээ бирөөлөр аларды жалган пайгамбарлардай көрүшөт. Петир мындай деп алдын ала айткан: «Акыркы күндөрү өздөрүнүн дене кумарлары боюнча иш кылган шылдыңчылдар келерин билип койгула. Алар: „Анын келем деген убадасы кана?...Башында кандай болсо, азыр деле баары ошол бойдон“,— деп айтышат» (2 Петир 3:3, 4). Кудайдын элин турмуштан артта калган деп шылдыңдагандар бар. Адамдардын көбү Ыйык Китептин адеп-ахлак нормаларын эскирип калган деп эсептейт. Биз таратып жаткан кабар — көптөр үчүн акылсыздык (1 Корунттуктарга 1:18, 19). Биз Ыйсанын жолдоочулары болгонубуз үчүн мектептен, жумуштан, кээде үйдөн да шылдыңга алынышыбыз мүмкүн. Буга карабастан биз, Ыйсага окшоп, Кудайдын Сөзү чындык экенин билгендиктен, кабар айтуу менен Кудайдын даңкын чагылдыра беребиз (Жакан 17:17).

11. Шайтан Ыйсанын жолдоочуларын токтотуу аракетинде куугунтукту кантип колдонот?

11 Үчүнчүдөн, Ибилис бизди токтотуу аракетинде каршылыкты же куугунтукту колдонот. Ыйса өзүнүн жолдоочуларына: «Силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар»,— деп айткан (Матай 24:9). Чын эле, Жахабанын Күбөлөрү катары биз дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде катуу куугунтукка дуушар болуп келебиз. Жахабанын өзүнүн кызматчылары менен Шайтан Ибилиске кызмат кылгандардын ортосунда жек көрүү, кастык пайда болорун тээ илгери эле алдын ала айтканы бизге белгилүү (Башталыш 3:15). Ошондой эле сыноого кабылганда берилгендигибизди сактоо менен биз Жахабанын эгедерлиги адилет экенин бышыктай аларыбызды билебиз. Бул бизге эң оор жагдайларда да күчтүү бойдон калууга жардам берет. Кудайдын даңкын чагылдырууга чечкиндүү болсок, бизди эч кандай куугунтук токтото албайт.

12. Шайтандын каршылыгына карабай ишенимдүү бойдон калганда эмне үчүн кубанышыбыз керек?

12 Сен дүйнөнүн азгырыктарына каршы туруп, шылдыңга же каршылыкка карабай ишенимдүү бойдон калуудасыңбы? Анда кубанууга себеп бар. Ыйса анын жолун жолдой тургандарга мындай деген: «Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан» (Матай 5:11, 12). Сыноолордо туруктуулук көрсөтүп жатканың сенде Жахабанын кубаттуу ыйык руху бар экенин жана Жахабанын сага Өзүнүн даңкын чагылдырууга күч берип жатканын далилдеп турат (2 Корунттуктарга 12:9).

Жахабанын жардамы менен туруктуубуз

13. Кызматыбызды туруктуулук менен улантып жатканыбыздын негизги себеби эмнеде?

13 Кызматыбызда туруктуулук көрсөтүп жатканыбыздын негизги себеби — биз Жахабаны сүйөбүз жана анын даңкын чагылдырууну каалайбыз. Адамдар өздөрү сүйгөн, урматтаган инсандарды тууроого умтулушат. Бирок үлгү көрсөтүү жагынан Жахаба Кудайга эч ким тең келе албайт. Ал өзүнүн улуу сүйүүсүнөн улам Уулун жерге чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн жана тил алчаак адамзатты куткаруу үчүн жиберген (Жакан 3:16; 18:37). Кудайга окшоп, биз бардык адамдардын өкүнүп, куткарылышын каалайбыз, мына ошондуктан аларга кабар айтып жатабыз (2 Петир 3:9). Мындай каалоо жана Кудайды тууроого болгон чечкиндүүлүгүбүз бизге кызматыбыз менен Анын даңкын чагылдыра берүүгө түрткү берет.

14. Кызматыбызда туруктуу болууга Жахаба бизди кантип бекемдейт?

14 Биз кызматыбызды туруктуулук менен улантууга күчтү Жахабадан алабыз. Ал бизди өзүнүн руху, уюму жана Ыйык Китеп аркылуу колдоп, бекемдеп турат. Жахаба анын даңкын чагылдырууну каалагандарга туруктуулук берет. Тиленүүлөрүбүзгө жооп кайтарып, сыноолорду жеңүүгө акылмандык берет (Римдиктерге 15:6; Жакып 1:5). Андан тышкары, Жахаба көтөрө алгыс сыноолорго дуушар болушубузга жол бербейт. Жахабага таянсак, анын даңкын чагылдыра беришибиз үчүн, ал бизге «чыгуу жолун» көрсөтөт (1 Корунттуктарга 10:13).

15. Туруктуулук көрсөтүүгө бизге эмне жардам берет?

15 Кызматыбызда туруктуу болгонубуз бизде Кудайдын руху бар экенин айгинелеп турат. Маселен, кимдир бирөө сенден үймө-үй кыдырып, акы албай нан таратышыңды суранды деп коёлу. Бул үчүн өз каражатыңды жана бош убактыңды сарпташың керек. Көп өтпөй наныңды баары эле ала бербесин көрөсүң; айрымдар каршылык да көрсөтүшөт. Бул ишти айдан айга, жылдан жылга уланта алат белең? Шектүү. Бирок сен жакшы кабарды жарыялоодон бош убактыңды, өз каражатыңды аябай, мүмкүн, бир нече жыл, атүгүл ондогон жылдар бою кызмат кылып келатасың. Эмне себептен? Бул сенин Жахабаны сүйгөндүгүңөн жана анын сага туруктуу болууга жардам берип, аракеттериңе руху аркылуу батасын берип жатканынан улам эмеспи? Албетте, ошондой.

Эсте каларлык иш

16. Кызматыбызда туруктуу болгонубуз өзүбүз жана угуучуларыбыз үчүн эмнени билдирет?

16 Жаңы келишимге байланышкан кызмат — баа жеткис белек (2 Корунттуктарга 4:7). Жер жүзү боюнча «башка койлор» аткарып жаткан кабар айтуу иши да баалуу кенч болуп саналат. Кызматыңда мындан ары да туруктуу болсоң, Пабыл Тиметейге жазгандай, «өзүңдү да, угуучуларыңды да куткара» аласың (1 Тиметейге 4:16). Бул эмнени билдирерин ойлоп көрсөң. Сен айтып жаткан жакшы кабар адамдарга түбөлүк өмүр алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле сен рухий жактан өсүүгө жардам берип жаткан адамдарың менен бекем достук өрчүтө аласың. Алар менен Бейиште түбөлүк жашоо кандай кубаныч алып келерин элестетсең! Албетте, алар сенин жардамыңды, аракетиңди эч качан унутпайт. Бул кандай гана жагымдуу!

17. Эмне үчүн азыркы мезгил адамзат тарыхындагы өзгөчө мезгил?

17 Сен адамзат тарыхындагы өзгөчө мезгилде жашап жатасың. Жакшы кабар айтуу иши Кудайдан алыстаган дүйнөдө эч качан кайталанбайт. Нух азыркыдай бузулган дүйнөдө жашаган жана анын кыйратылганын өз көзү менен көргөн. Өзүн, үй-бүлөсүн куткаруу үчүн кеме куруп, Кудайдын эркин ишенимдүү аткарганы ага кандай кубаныч алып келген! (Эврейлерге 11:7). Андай кубанычка сен да ээ боло аласың. Жаңы дүйнөдө артка кылчая карап, ушул акыркы күндөрдө Падышалыктын кызыкчылыктарын алга жылдырууга колдон келишинче аракеттенгениңди эстегенде, кандай сезимде болоруңду ойлоп көрсөң.

18. Жахаба өзүнүн кызматчыларын эмнеге ынандырат?

18 Келгиле анда, мындан ары да Кудайдын даңкын чагылдыра берели. Бул түбөлүккө эсибизде калат. Аткарган ишибизди Жахаба да унутпайт. Буга бизди Ыйык Китеп төмөнкүдөй сөздөр менен ынандырууда: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт. Толук үмүткө ээ болуш үчүн, ар бириңердин аягына чейин ушундай аракет кылышыңарды каалайбыз. Жалкоолонбогула, убадаланганды ишеними жана чыдамдуулугу менен мурастагандардан үлгү алгыла» (Эврейлерге 6:10—12).

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Ыйсанын жолдоочулары Кудайдын даңкын кантип чагылдырышат?

• Кудайдын элин токтотуу аракетинде Шайтан кандай ыкмаларды колдонот?

• Кудайдын рухуна ээ экенибизге кандай далилдер бар?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Мусанын жүзү Кудайдын даңкын чагылдырган.

[10-беттеги сүрөт]

Кудайдын даңкын кызматыбызда чагылдырабыз.