Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын жолдоочулары Жахабанын даңкын чагылдырышат

Ыйсанын жолдоочулары Жахабанын даңкын чагылдырышат

Ыйсанын жолдоочулары Жахабанын даңкын чагылдырышат

«Силер көзүңөр менен көрүп, кулагыңар менен угуп турганыңар үчүн бактылуусуңар» (Матай 13:16).

1. Синай тоосунун этегине чогулган ысрайылдыктардын Мусага жакындоодон коркконуна байланыштуу кандай суроо туулат?

СИНАЙ тоосунун этегине чогулган ысрайылдыктарда Жахабага жакындоого орчундуу негиз болгон. Анткени Жахаба аларды Мисирден күчтүү колу менен алып чыгып, чөлдө тамак-аш жана суу менен камсыз кылып турган. Кийин алар Жахабанын жардамы менен амалыктыктардын аскерин жеңишкен (Чыгуу 14:26—31; 16:2—17:13). Синай тоосунун этегиндеги чөлгө жайланышкан эл күндүн күркүрөгөнүнөн, чагылгандын чартылдаганынан абдан корккон. Кийинчерээк Муса Синай тоосунан түшүп келатканда, эл анын жүзү Жахабанын даңкын чагылдырып турганын көргөн. Бирок таң калып, кубануунун ордуна, алар артка кетенчиктеп, Мусага «жакын баруудан коркушкан» (Чыгуу 19:10—19; 34:30). Эмне үчүн ысрайылдыктар аларга ушунчалык көп жакшылык кылган Жахабанын даңкынын чагылышын көрүүдөн коркушкан?

2. Эмне үчүн ысрайылдыктар Мусанын жүзүнөн чагылган Кудайдын даңкын көрүүдөн коркушу мүмкүн эле?

2 Ысрайылдыктар, негизинен, мурунураак болгон окуядан улам коркушса керек. Алар алтын музоо жасап, билип туруп Жахабанын тилин албай коюшканда, Жахаба аларды жазалаган (Чыгуу 32:4, 35). Мындан алар өздөрүнө сабак алып, өзгөрүлүүгө түрткү алышканбы? Жок, көпчүлүгү анткен эмес. Муса жашоосунун аяк ченинде алтын музоого байланышкан окуя менен бирге ысрайыл элинин тил албастык көрсөткөн башка учурларын да эскерип, аларга мындай деген: «Силер Кудай-Теңириңердин буйругуна каршы болдуңар, Ага ишенген жоксуңар, Анын үнүн укпай койдуңар. Мен силерди билген күндөн бери силер Теңирге баш ийбей келе жатасыңар» (Мыйзам 9:15—24).

3. Муса бетине качан жабуу жаап алчу жана аны качан алып салчу?

3 Ысрайылдыктардын коркконун көргөндө Муса эмне кылган? «Муса алар менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин, бетине жабуу жаап алган. Ал Теңир менен сүйлөшүү үчүн, Анын алдына [жыйын чатырына] барганда, бетиндеги жабуусун алып салчу, кайра чыкканда жаап алчу. Чыккандан кийин Теңир берген осуяттын баарын Ысрайыл уулдарына айтып берчү. Ысрайыл уулдары анын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүшчү. Теңир менен сүйлөшкөнү барганга чейин, ал кайрадан жүзүн жаап алчу» (Чыгуу 34:33—35). Муса кээде эмне себептен жүзүн жаап алчу? Мындан биз эмнеге үйрөнсөк болот? Бул суроолордун жообу бизге Жахаба менен кандай мамиледе экенибизди текшерип көрүүгө жардам берет.

Колдонулбай калган мүмкүнчүлүктөр

4. Мусанын бетин жаап жүргөнүн элчи Пабыл эмне деп түшүндүргөн?

4 Элчи Пабыл Мусанын бетин жаап жүргөнү ысрайылдыктардын акылы менен жүрөгүнүн абалына байланыштуу болгонун түшүндүргөн. «Мусанын жүзүнөн... нур чачырап тургандыктан, Ысрайыл уулдары анын жүзүн карай алышкан эмес... Ысрайыл уулдарынын акылы караңгыланып калган»,— деп жазган ал (2 Корунттуктарга 3:7, 14). Кандай кейиштүү жагдай! Ысрайылдыктар тандалган эли болгондуктан, Жахаба алардын Өзүнө жакындашын каалаган (Чыгуу 19:4—6). Бирок алар Кудайдын даңкынын чагылышын көрүүнү каалашкан эмес. Жүрөктөрү менен акылдарын Жахабага буруп, ага сүйүү жана берилгендик көрсөтүүнүн ордуна, алар андан баш тартып кетишкен.

5, 6. а) Мусанын убагындагы ысрайылдыктар менен б.з. I кылымындагы жүйүттөрдүн ортосунда кандай окшоштук болгон? б) Ыйсаны уккандар менен укпагандардын ортосунда кандай айырма болгон?

5 Ошондой жагдай б.з. I кылымында да болгон. Пабыл Ыйсанын жолун жолдоп баштаган убакта Мыйзам келишими Улуу Муса болгон Ыйса Машайактын арачылыгы аркасында жаңы келишим менен алмашылып калган болчу. Ыйса сөзү менен да, иши менен да Жахабанын даңкын жеткилең түрдө чагылдырган. Пабыл тирилтилген Ыйса жөнүндө: «Уул Теңирдин даңкын чагылдырып турат, Ал — [Кудайдын] табиятынын толук көчүрмөсү»,— деп жазган (Эврейлерге 1:3). Жүйүттөр кандай зор мүмкүнчүлүккө ээ болгон! Алар түбөлүк өмүр жөнүндө Кудайдын Уулунун өзүнөн уга алышмак! Тилекке каршы, алардын көбү Ыйсаны укпай койгон. Алар тууралуу сөз кылып, Ыйса Жахабанын Ышайа аркылуу айткан төмөнкү пайгамбарлыгын келтирген: «Бул элдин көкүрөгү сокур болуп калган, кулагын жаап, көзүн жуумп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, түшүнүшпөйт жана айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт» (Матай 13:15; Ышайа 6:9, 10).

6 Ошол жүйүттөр менен Ыйсанын шакирттеринин ортосунда чоң айырмачылык болгон. Өзүнүн окуучулары жөнүндө Ыйса: «Силер көзүңөр менен көрүп, кулагыңар менен угуп турганыңар үчүн бактылуусуңар»,— деген (Матай 13:16). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Жахабаны таанып-билүүгө жана ага кызмат кылууга ынтызар. Алар анын эркин Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй аткаруудан кубаныч алышат. Натыйжада Ыйсанын майланган жолдоочулары өздөрүнүн жаңы келишимге байланыштуу кызматында Жахабанын даңкын башка койлор менен бирге чагылдырышууда (2 Корунттуктарга 3:6, 18).

Жакшы кабар кандай мааниде «жабык»?

7. Жакшы кабарды адамдардын көбүнүн четке кагып жатканы эмне үчүн таң калыштуу эмес?

7 Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, Ыйсанын күндөрүндө да, Мусанын убагында да ысрайылдыктардын көбү аларга берилген өзгөчө мүмкүнчүлүктү четке кагып коюшкан. Биздин убакта да ошондой. Адамдардын басымдуу көпчүлүгү биз айтып жаткан жакшы кабарды четке кагууда. Бул бизди таң калтырбайт. «Биз жарыялаган Жакшы Кабар жабык болсо, ал өлүмгө бара жаткандар үчүн жабык... Бул дүйнөнүн төрөсү ишенбегендердин акылын караңгылатып койгон»,— деп жазган Пабыл (2 Корунттуктарга 4:3, 4). Шайтан жакшы кабарды жашырууга аракет жасагандан тышкары, көп адамдар өздөрүнүн жүзүн өздөрү жаап жатышат, анткени көрүүнү каалашпайт.

8. Кандайча көптөр түркөйлүгүнөн сокур болуп калган жана биз мындан кантип кача алабыз?

8 Көптөрдүн каймана көзү түркөйлүктөн улам сокур. Ыйык Китепте элдердин «акылы караңгылангандыктан, түркөйлүктөрүнүн... айынан Кудайдын жашоосунан четтеп калышканы» айтылат (Эфестиктерге 4:18). Мыйзамды мыкты билген Пабыл Ыйсанын жолдоочусу болгонго чейин түркөйлүгүнөн улам ушунчалык сокур болгондуктан, Кудайдын жыйналышын куугунтуктап жүргөн (1 Корунттуктарга 15:9). Бирок Жахаба ага чындыкты ачкан. Пабыл: «Ыйса Машайакка ишенип түбөлүк өмүргө ээ боло тургандарга үлгү кылып көрсөтүү үчүн, Ал Өзүнүн чыдамдуулугун алгач мага көрсөтүп, мага ырайым кылды»,— деп айткан (1 Тиметейге 1:16). Пабылга окшоп, мурун Кудайдын чындыгына каршы болуп жүргөн көп адамдар азыр Ага кызмат кылып жатышат. Бул каршылык көрсөткөндөргө да кабар айта беришибиз керектигин көрсөтүп турат. Андан тышкары, Кудайдын Сөзүн үзгүлтүксүз изилдеп, түшүнүгүбүздү кеңейтсек, бул бизди түркөйлүк менен иш кылуудан жана Жахабанын жактыруусунан айрылып калуудан коргойт.

9, 10. а) Биринчи кылымдагы жүйүттөр үйрөнүүнү жана көзкараштарын өзгөртүүнү каалабаганын кантип көрсөтүшкөн? б) Андай адамдар бүгүн барбы? Түшүндүргүлө.

9 Көптөр үйрөнүүнү жана көзкараштарын өзгөртүүнү каалабагандыктан рухий нерселерди түшүнө алышпайт. Көптөгөн жүйүттөр Мусанын мыйзамына көгөрүп карманып келишкендиктен Ыйсаны жана анын окууларын четке кагышкан. Албетте, баары эле андай болгон эмес. Мисалы, Ыйса тирилгенден кийин, «ыйык кызмат кылуучулардын ичинен да көптөрү» ага ишенип калышкан (Элчилер 6:7). Анткен менен, жүйүттөрдүн көбү жөнүндө Пабыл: «Муса пайгамбардын китептерин окуп жатышкан алардын жүрөктөрүндө ушул күнгө чейин жабуу бар»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 3:15). Сыягы, Пабыл Ыйсанын жүйүт дин жетекчилерине: «Силер Ыйык Жазууну изилдеп жатасыңар, анткени ал аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар. Ыйык Жазуу болсо Мен жөнүндө күбөлөндүрөт»,— деп айтканын билген (Жакан 5:39). Ыйык Жазманы ушунчалык кылдат изилдеген соң, алар Ыйсанын Мессия экенин баамдоого тийиш эле. Бирок жүйүттөрдүн жеке ой-түшүнүктөрү болгон жана алардын ой жүгүртүүсүн кереметтерди көрсөткөн Кудайдын Уулу да өзгөртө алган эмес.

10 Бүгүнкү күндө христиан дүйнөсүнө кирген көп адамдар жөнүндө да ушуну айтууга болот. Биринчи кылымдагы жүйүттөргө окшоп, алар «Кудай үчүн тырышчаактык көрсөтүшөт, бирок алардын тырышчаактыгы туура эмес түшүнүккө» негизделет (Римдиктерге 10:2). Кээ бирөөлөр Ыйык Китепти изилдесе да, анда айтылгандарга ишенгиси келбейт. Алар Жахабанын өз элине Ыйсанын майланган жолдоочуларынын ишенимдүү жана акылдуу кул тобу аркылуу таалим-тарбия берип жатканына ишенишпейт (Матай 24:45). Биз болсо Жахабанын өзүнүн элин көп нерселерге үйрөтүп, чындыгын дайыма акырындык менен ачып берип келатканын түшүнөбүз (Накыл сөздөр 4:18). Жахабанын үйрөтүүсүн кабыл алгандыктан биз анын эркин жана ой-ниетин таанып-билүүдөбүз.

11. Эмне себептен өздөрү туура көргөн нерселерине гана ишенгендер үчүн чындык ачылып берилбейт?

11 Башкалар өздөрү туура көргөн нерселерге гана ишенгендиктен сокур болуп жатышат. Кээ бирөөлөрдүн Кудайдын элин жана Ыйсанын катышуусу жөнүндөгү кабарды шылдыңга алары алдын ала айтылган. Элчи Петир Кудайдын Нухтун убагындагы дүйнөгө топон суу каптатканын «билгилери келбеген» адамдар болгонун айткан (2 Петир 3:3—6). Анын сыңарындай, өздөрүн христиан эсептеген көп адамдар Жахабанын ырайымдуу, боорукер, кечиримдүү Кудай экенине кошулганы менен, анын жазасыз калтырбай турганын этибар алышпайт (Чыгуу 34:6, 7). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Ыйык Китептин окууларын туура, так түшүнүүгө умтулушат.

12. Кандайча салттар адамдарды сокур кылып коюшу мүмкүн?

12 Көптөгөн динчил адамдар салттардын айынан да сокур болушат. Ыйса өзүнүн убагындагы диний жетекчилерге: «Силер өз салттарыңар үчүн Кудайдын осуятын четке кагып койдуңар»,— деп айткан (Матай 15:6). Бабыл туткунунан кайтып келгенден кийин жүйүттөр таза сыйынууну ынталуулук менен калыбына келтиришкен, бирок ыйык кызмат кылуучулар бой көтөрүп, менменсинип кетишкен. Диний майрамдар Кудайга урмат-сый алып келбей, формалдуу түрдө эле өткөрүлүп калган (Малахия 1:6—8). Ыйса жерге келгенге чейин эле, мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Мусанын мыйзамын көп сандаган салттар менен аралаштырып салышкан. Ыйса аларды эки жүздүүлөр деп ашкерелеген, анткени алар Мыйзамдын негизиндеги адил принциптерди баркка албай калышкан эле (Матай 23:23, 24). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары адамдар ойлоп чыгарган диний каада-салттардын айынан таза сыйынуудан четтеп кетпеш үчүн этият болушу керек.

«Көрүнбөгөн Кудайды көрүү»

13. Муса Кудайдын даңкын кайсы эки жол менен көргөн?

13 Муса тоодо Жахабадан даңкын көрсөтүүсүн суранып, анын чагылышын көргөн. Жыйын чатырына киргенде, Муса бетин жапкан эмес. Ал Кудайдын эркин аткарууну каалаган, ишеними күчтүү адам болгон. Жахабанын даңкын көрүнүш аркылуу көрө алса да, ал буга чейин эле Кудайды кандайдыр бир деңгээлде ишеним көздөрү менен көргөн. Ыйык Китепте Мусанын «көрүнбөгөн Кудайды көрүп тургансып, бекем» болгону айтылат (Эврейлерге 11:27; Чыгуу 34:5—7). Муса Кудайдын даңкын жүзүнөн чачырап турган нурлар менен эле эмес, ысрайылдыктарга Жахабаны таанып-билүүгө жана ага кызмат кылууга жардам берүү менен да чагылдырган.

14. Ыйса Кудайдын даңкын кандайча көргөн жана ал эмнеден ырахат алган?

14 Ыйса Кудайдын даңкын асманда сансыз жылдар бою, аалам жаратылганга чейин эле түз мааниде көрүп келген (Накыл сөздөр 8:22, 30). Ошончо мезгилдин ичинде Кудай менен Ыйсанын ортосунда сүйүү менен ынактык сезимдери абдан өрчүгөн. Жахаба бардык жаратууларынын тунгучу болгон Ыйсага эң назик сүйүү жана ынактык көрсөткөн. Ыйса да ага өмүр берген Кудайга карата ошондой сезимде болгон (Жакан 14:31; 17:24). Атасы менен Уулунун ортосунда жеткилең сүйүү болгон. Мусага окшоп, Ыйса Жахабанын даңкын өзүнүн окутуулары менен чагылдыруудан ырахат алган.

15. Ыйсанын жолдоочулары Кудайдын даңкын кандай мааниде көрүшөт?

15 Муса менен Ыйсага окшоп, бүгүнкү күндө Жахабанын жердеги Күбөлөрү Анын даңкын көрүүгө дилгир. Алар даңктуу жакшы кабарды четке кагышкан жок. Элчи Пабыл: «Теңирге [анын эркин аткаруу үчүн] кайрылышканда, ал жабуу алынат»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 3:16). Кудайдын эркин аткарууну каалагандыктан биз Ыйык Жазманы изилдейбиз. Биз Жахабанын Уулу жана дайындалган Падыша Ыйса Машайактын Кудайдын даңкын кандайча чагылдырганына суктанып, андан үлгү алабыз. Муса менен Ыйсага окшоп, биз башкаларды өзүбүз сыйынган даңктуу Кудай тууралуу окутуу сыймыгына ээбиз.

16. Чындыкты билүү эмне үчүн бата болуп саналат?

16 Ыйса: «Ата... Муну даанышмандар менен акылмандардан жашырып, наристелерге ачып бергениң үчүн Сени даңктайм!» — деп тиленген (Матай 11:25). Жахаба өзүнүн ой-ниеттерин жана сапаттарын жүрөгү таза, момун адамдарга ачып берет (1 Корунттуктарга 1:26—28). Ал бизди назик камкордугу менен коргоп, жашообузду өзүбүзгө пайда алып келгидей өткөрүүгө үйрөтүп жатат. Келгиле анда, Жахабага аны жакыныраак таанып-билишибиз үчүн караштырган көптөгөн чаралары үчүн ыраазы болуп, ага ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жакындай берели.

17. Жахабанын сапаттарын канткенде толугураак таанып-билебиз?

17 Пабыл Ыйсанын майланган жолдоочуларына: «Биз баарыбыз жабуусуз жүзүбүз менен Теңирдин даңкын чагылдырып турабыз. Биз Ага окшошкон сайын, бир даңктан бир даңкка өтүп, өзгөрүлүп жатабыз»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 3:18). Үмүтүбүз мейли асмандагы, мейли жердеги жашоого болсун, Жахабаны, анын Ыйык Китепте ачылып берилген касиет-сапаттарын канчалык көбүрөөк таанып-билсек, ага ошончолук көбүрөөк окшошо беребиз. Ыйса Машайактын жашоосу, кызматы жана окутуулары тууралуу ыраазычылык менен ой жүгүртсөк, биз Жахабанын сапаттарын ого бетер көбүрөөк, толугураак чагылдыра алабыз. Кудайыбыздын даңкын чагылдырууга умтулуп, ага даңк алып келип жатканыбызды билүү кандай гана кубаныч тартуулайт!

Эсиңердеби?

• Ысрайылдыктар Муса чагылдырган Кудайдын даңкын көрүүдөн эмне үчүн корккон?

• Кандай мааниде жакшы кабар I кылымда «жабык» болгон? Биздин убактачы?

• Кудайдын даңкын биз кантип чагылдырабыз?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Ысрайылдыктар Мусанын жүзүн карай алышкан эмес.

[17-беттеги сүрөт]

Жахабанын кызматчылары Анын даңкын чагылдыруудан ырахат алышат.