Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелер, балдарыңарга кандай келечек каалайсыңар?

Ата-энелер, балдарыңарга кандай келечек каалайсыңар?

Ата-энелер, балдарыңарга кандай келечек каалайсыңар?

«Жигиттер жана кыздар... Теңирдин ысымын макташсын» (Забур 148:12, 13).

1. Ата-энелер эмнеге тынчсызданат?

БАЛДАРЫНЫН келечегине тынчсызданбаган ата-эне барбы? Ымыркай төрөлгөндөн тартып, атүгүл ага чейин эле ата-эне ал жөнүндө ойлоно баштайт. Дени сак болобу? Жакшы чоңоёт болду бекен? Бала чоңойгон сайын, башка да тынчсыздануулар пайда болот. Кандай болбосун, ата-эне балдарынын жыргалчылыгын тилейт (1 Шемуел 1:11, 27, 28; Забур 126:3—5).

2. Эмне үчүн көптөгөн ата-энелер балдарынын чоңойгондо жакшы жашашын каалайт?

2 Анткен менен, бүгүнкү күндө ата-энелер үчүн балдарына ойдогудай кам көрүү оңойго турбайт. Көптөрү баштарынан оор учурларды: согушту, саясий төңкөрүштөрдү, экономикалык кыйынчылыктарды, денелик же эмоциялык жабыркоолорду жана башка нерселерди кечиришкен. Ошондуктан балдарынын андай жагдайларга дуушар болушун каалабасы айтпаса да түшүнүктүү. Бай өлкөлөрдө жашаган ата-энелерге досторунун же туугандарынын уул-кыздары жогорку кызматтарга көтөрүлүп, ийгиликтүү жашоо өткөрүп жаткандай сезилиши мүмкүн. Андыктан өздөрүнүн балдары чоңойгондо эч нерседен кем болбой жакшы жашашы үчүн, алар колдон келгендин баарын жасоого умтулушат (Насаатчы 3:13).

Жакшы жашоону тандоо

3. Ыйсанын жолдоочулары эмнени тандашат?

3 Ыйсанын жолдоочулары өздөрүнүн жашоосун Жахабага арнап, эң туура жолду тандашат. Алар Ыйсанын: «Ким Менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин»,— деген сөздөрүн жүрөктөрүндө сакташат (Лука 9:23; 14:27). Ооба, Ыйсанын жолдоочусу деген атка татыктуу жашоо жанаябастыкты талап кылат. Бирок бул кыйналып же жакыр жашоону билдирбейт. Тескерисинче, мындай жашоо бизге бакыт менен кубаныч тартуулайт, анткени биз башкалардын камын ойлойбуз. Чын эле, Ыйса айткандай, «алууга караганда берүү көбүрөөк бакыт алып келет» (Элчилер 20:35, «БМК»).

4. Ыйса шакирттерин эмне кылууга үндөгөн?

4 Ыйсанын убагында жашаган адамдардын абалы абдан оор эле. Себеби күнүмдүк нанын таап жегенден тышкары, аларга Римдин каардуу бийлигине жана ошол учурдагы диний фанатиктердин эзүүсүнө чыдоого туура келген (Матай 23:2—4). Буга карабастан, Ыйса жөнүндө уккан көп адамдар өз кызыкчылыктарынан кечип, ал тургай, кесибин таштап, анын жолун жолдошкон (Матай 4:18—22; 9:9; Колосалыктарга 4:14). Бул алардын өз келечегине балта чапканын билдиреби? Ыйсанын: «Менин ысымым үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, аялын же балдарын, же өз жерин таштаган адам жүз эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт»,— деген сөздөрүнө көңүл бурсаңар (Матай 19:29). Ыйса шакирттерин асмандагы Атасы алардын муктаждыктарын билерине ишендирген. Ошон үчүн аларды: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет»,— деп үндөгөн (Матай 6:31—33).

5. Айрым ата-энелер Ыйсанын Кудай өз кызматчыларына кам көрөт деген ынандыруусуна кандай карашат?

5 Бүгүнкү күндө да жагдай ошондой. Жахаба биздин муктаждыктарыбызды билет жана Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга койгондор, айрыкча, толук убакыттуу кызмат кылгандар анын кам көрөрүнө ишенишет (Малахия 3:6, 16; 1 Петир 5:7). Бирок айрым ата-энелер эки анжы ойдо болушат. Бир чети алар балдарынын Жахабага кызмат кылууда ийгиликтерге жетишин, балким, убакыттын өтүшү менен толук убакыттуу кызматты башташын кааласа, бир чети дүйнөдөгү экономикалык абал оор болуп, жумушсуздук күчөп тургандыктан, жакшы жумушка орношуу үчүн же жок эле дегенде, таянар бир нерсеси болушу үчүн, алардын адегенде жакшы билим алганы маанилүү деп эсептешет. Мындай ата-энелер балдарына жогорку билим сөзсүз керек деп ойлошот.

Келечекке даярдык көрүү

6. Бул макалада «жогорку билим» деген сөз айкашы кандай билимге карата колдонулат?

6 Билим берүү системасы ар кайсы өлкөдө ар башка. Мисалы, Кошмо Штаттардагы мектептерде балдар орто билим алуу үчүн 12 жыл окуйт. Андан кийин төрт же андан көп жыл университетте же коллежде окуп, медицина, укук таануу, инженерия жана башка тармактар боюнча бакалавр даражасын алууну же аспирантурага тапшырууну чечиши мүмкүн. Бул макалада «жогорку билим» деген сөз айкашы ошондой университеттик билимге карата колдонулат. Ошол эле учурда кыска мөөнөттүн ичинде кесиптик-техникалык окуу жайларынан билим алып, кол өнөрчүлүк же тейлөө тармагында эмгектенүүгө укук берген сертификатка же дипломго ээ болууга мүмкүнчүлүк бар.

7. Орто мектептерде окуучуларга кандай ой таңууланат?

7 Бүгүн орто мектептерде мугалимдер окуучуларды жогорку окуу жайларына даярдоого умтулушат. Ушул максатта мектептердин көбүндө окуучуларды жумушка орношууга даярдай турган курстарга эмес, университеттик экзамендерден жогорку балл менен өтүүгө жардам бере турган негизги сабактарга басым жасалат. Бүгүн окуучуларга мугалимдери да, классташтары да эң мыкты университеттерге тапшырыш керек деген ойду таңуулашат. Алардын ою боюнча, андай окуу жайларынан жогорку даражаларга ээ болуп чыгуу менен айлыгы жакшы жумуштарга орношууга мүмкүнчүлүк ачылат.

8. Ыйсаны жолдогон ата-энелерге кандай чечимдерди чыгарууга туура келет?

8 Мындай жагдайда Ыйсанын жолун жолдогон ата-эне эмне кылышы керек? Албетте, алар балдарынын мектепте жакшы окуп, кийин өз алдынча оокат кылып кеткидей бир кесипти үйрөнүшүн каалайт (Накыл сөздөр 22:29). Бирок алар балдарынын атаандаштык рухун өрчүтүп, байлыкка жана ийгиликке умтулушуна жол берип коюшу керекпи? Сүйлөгөн сөздөрү жана үлгүсү менен алар балдарын кандай максаттарга умтулууга үндөшөт? Айрым ата-энелер балдарын жогорку окуу жайында окутуу үчүн жан үрөп иштеп, акча топтошот. Башкалары болсо ал үчүн карыз алууга да даяр болушат. Бирок жогорку билим алууга байланыштуу маселе акча менен эле чечилбейт. Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайында окуунун кандай терс жактары бар? (Лука 14:28—33).

Жогорку окуу жайында окуунун терс жактары

9. Жогорку окуу жайында билим алуунун чыгымдары жөнүндө эмне айтууга болот?

9 Жогорку билим алуу маселеси көтөрүлгөндө, көп учурда чыгымдар эле эске алынат. Кээ бир өлкөлөрдө студенттер мамлекеттин эсебинен окушат же жакшы окуган студенттер окууга акы төлөшпөйт. Бирок көп жерлерде жогорку билим алуу кымбатка турат жана барган сайын кымбаттоодо. «Нью-Йорк таймс» гезитине чыккан бир макалада: «Мурун жогорку билим жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачуучу нерсе деп эсептелчү. Азыр болсо ал байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымды айгинелеп турат»,— деп белгиленет. Башкача айтканда, сапаттуу жогорку билим бай жана таасирдүү адамдардын гана үлүшүнө айланып баратат. Алар балдарын окутуп, аларды да дүйнөнүн бай жана таасирдүү инсандарынан кылууга умтулушат. Ыйсаны жолдогон ата-энелер балдарын ушундай максатты көздөөгө үндөшү керекпи? (Филипиликтерге 3:7, 8; Жакып 4:4).

10. Кандайча жогорку билим айрымдарга өмүрүн бул дүйнөгө арноого түрткү бериши мүмкүн?

10 Жогорку билим алуу бекер болгон күндө да, бүтүрүүчүлөргө кандайдыр бир милдеттенмелер артылышы мүмкүн. Алсак, «Уолл-стрит жорнэл» гезитинде билдирилгендей, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биринде «пирамида түрүндөгү окуу программасы иштелип чыккан. Ал программа боюнча эң мыкты деп табылган студенттер уламдан-улам жогорку тепкичке көтөрүлө берет». Акыры ал студенттер Англиядагы Оксфорд жана Кэмбриж университеттери же Кошмо Штаттардагы Жаңы Англиянын эң эски университеттери жана коллеждери сыяктуу дүйнөнүн тандалма окуу жайларынан окууга укук алат. Эмне себептен өкмөт андай узак мөөнөттүү программаларды түзөт? «Улуттук экономиканы көтөрүү максатында»,— деп айтылат гезитте. Бекер билим алганы менен, студенттерге өмүрлөрүн бул дүйнөгө арноого туура келиши мүмкүн. Дүйнө үчүн бул кадимки нерсе. Бирок Ыйсанын жолун жолдогон ата-энелер балдарына ошондой келечек каалайбы? (Жакан 15:19; 1 Жакан 2:15—17).

11. Студенттердин арасындагы ичкиликти кыянат колдонуу жана жыныстык адеп-ахлаксыздык жөнүндөгү билдирүүлөр эмнени көрсөтүп турат?

11 Эске ала турган дагы бир нерсе — бул чөйрө. Университет, коллеждердин жатаканаларындагы студенттердин жүрүм-туруму өтө эле начар: баңгизат, спирт ичимдиктерин кыянат колдонуу, адеп-ахлаксыздык, алдамчылык, жаңыларды кемсинтүү жана башка көп нерселер кеңири жайылган. Мисалга ичкилик ичүү жагын алып көрөлү. Ашкере ичип мас болуу тууралуу «Нью сайентист» журналында: «[Кошмо Штаттардагы студенттердин] 44 пайызга жакыны, жок эле дегенде, эки жумада бир жолу катуу мас болот»,— деп айтылат. Мындай көйгөй Австралияда, Улуу Британияда, Орусияда жана башка өлкөлөрдө жаштар арасында кеңири тараган. Жыныстык адеп-ахлаксыздыкка токтоло турган болсок, студенттер бирөөнү «чабуу» жөнүндө көп сүйлөшүшөт. «Ньюсуик» журналына ылайык, ал «кайра көрүшүүгө ниеттенбеген тааныштардын бир жолу өтө жакын мамиледе болуусун, өбүшүүдөн тартып жыныстык катнашка чейин баруусун билдирет». Изилдөөлөрдөн белгилүү болгондой, андайга студенттердин 60—80 пайызы барат. «Эгер сен эл катары жүргөн студент болгуң келсе,— дейт бир изилдөөчү,— анда сен да ошентишиң керек» (1 Корунттуктарга 5:11; 6:9, 10).

12. Студенттер кандай кыйынчылыктарга дуушар болушат?

12 Жаман чөйрөдөн тышкары, студенттерге сабактар менен экзамендер оордук келтирет. Албетте, алар экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу үчүн сабакты жакшы окушу керек. Айрымдарга окугандан сырткары жарым күн иштөөгө да туура келиши мүмкүн. Мунун баары көп убакытты, күчтү алат. Анда рухий иштер эмне болот? Кысым күчөгөндө, эмнелерге көңүл бурулбай калат? Падышалыктын кызыкчылыктары дагы эле биринчи орунда турабы же четке чыгып калабы? (Матай 6:33). Ыйык Китеп Ыйсанын жолдоочуларын: «Ошентип, кандай жашап жатканыңарга көңүл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле, анткени убакыт жаман»,— деп үндөйт (Эфестиктерге 5:15, 16). Кээ бирлердин өздөрүнүн убактысын жана күчүн керексиз нерселерге жумшап же окуган жеринде жаман жолго түшүп, ишенимден четтеп кеткени кандай өкүнүчтүү!

13. Ыйсаны жолдогон ата-энелер кайсы суроолорду карап чыгууга тийиш?

13 Албетте, адеп-ахлаксыздык, жаман жүрүм-турум сыяктуу терс көрүнүштөр студенттик жатаканаларга эле мүнөздүү эмес. Дүйнөдөгү көптөгөн жаштар булардын баарын студент кезде сөзсүз болушу керек болгон кадимки нерсе катары көрүшөт. Ыйсаны жолдогон ата-энелер билип туруп балдарын ушундай чөйрөгө төрт же балким, андан да көп жылга коё бериши керекпи? (Накыл сөздөр 22:3; 2 Тиметейге 2:22). Жаштар ал жерден кандай гана билим албасын, бул үчүн тобокелге салуу акылдуулукка жатабы? Эң маанилүүсү, алар жогорку окуу жайлардан жашоодо биринчи орунда турушу керек болгон нерселер жөнүндө эмнелерди үйрөнүшөт? * (Филипиликтерге 1:10; 1 Тесалоникалыктарга 5:21). Ата-энелер бул суроолордун үстүнөн ойлонуп, балдарын башка шаарга же чет өлкөгө окууга жиберүүнүн канчалык кооптуу экенин тиленүү менен жакшылап таразалап чыгууга тийиш.

Жогорку билимден башка эмнени тандоого болот?

14, 15. а) Көпчүлүктүн көзкарашы кандай болбосун, ыйык китептик кайсы кеңеш азыркы убакка тиешелүү? б) Жаштар өздөрүнө кандай суроолорду берип көрсө болот?

14 Бүгүн жогорку билимсиз ийгиликке жетүү мүмкүн эмес деген түшүнүк кеңири жайылган. Бирок, көпчүлүктүн көзкарашы кандай болбосун, Ыйсанын жолдоочулары Ыйык Китептеги: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө»,— деген чакырыкка ылайык иш кылышат (Римдиктерге 12:2). Акыркы мезгилдин аягында жашап жаткан элине карата (кары-жаш дебей) Кудайдын эрки кандай? Пабыл Тиметейди: «Сен бардык нерседе кыраакы бол, кыйынчылыктарга чыда, Жакшы Кабар таратуучулук милдетиңди аткар, өз кызматыңды аягына чыгар»,— деп үндөгөн. Бул сөздөрдүн баарыбызга тиешелүү экени шексиз (2 Тиметейге 4:5).

15 Дүйнөнүн алдым-жуттум маанайынан оолак болуп, баарыбыз «кыраакы болуп», рухийлигибизди сакташыбыз зарыл. Эгер сен жаш болсоң, өзүңө: «„Кызматымды аягына чыгаруу“ үчүн, Кудай Сөзүн натыйжалуу окутууга бүт күчүмдү жумшап жатамбы? Кызматымды толук аткаруу үчүн алдыма кандай максаттарды коюп жатам? Толук убакыттуу кызматты баштоо жөнүндө ойлономбу?» — деген суроолорду берип көр. Жеке кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, өздөрүнүн ою боюнча, жаркын келечекке жол ача турган «чоң нерсеге» умтулуп жаткан жаштарды көргөндө, андай суроолорго жооп берүү өзгөчө татаал болот (Жеремия 45:5). Ошондуктан Ыйсаны жолдогон акылдуу ата-энелер балдарын кичинекейинен рухий чөйрөдө тарбиялап насаатташат (Накыл сөздөр 22:6; Насаатчы 12:1; 2 Тиметейге 3:14, 15).

16. Ыйсаны жолдогон ата-энелер балдарын кантип рухий чөйрөдө тарбиялай алышат?

16 Үч биртуугандын улуусу көп жыл толук убакыттуу кызматчы болгон апасын эскерип, мындай дейт: «Апам кимдер менен достошуп жүргөнүбүзгө абдан кызыгып, көз салып турчу. Биз классташтарыбыз менен эмес, жыйналыштагы рухий жактан күчтүү балдар менен гана достошчубуз. Андан тышкары, апам үйгө толук убакыттуу кызматчыларды: миссионерлерди, кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү, бейтелдиктерди жана пионерлерди тез-тез чакырып турар эле. Алар менен сүйлөшүү жана жүздөрүндөгү кубанычты көрүү жүрөгүбүздө толук убакыттуу кызматка болгон каалоонун өрчүшүнө өбөлгө түздү». Ошол үч биртуугандын азыр толук убакыттуу кызмат кылып жүргөнүн көрүү кандай кубанычтуу! Алардын бири Бейтелде кызмат кылат, бири Кызматка окутуу мектебинде окуп келди, үчүнчүсү пионер болуп кызмат кылууда.

17. Ата-энелер балдарына кайсы сабактарга өзгөчө көңүл буруп, кайсы кесипке үйрөнүү керектигине байланыштуу кандай жетекчилик бере алат? (29-беттеги кутучаны карагыла.)

17 Балдардын рухий чөйрөдө өсүшүнө кам көрүүдөн тышкары, ата-энелер аларга мүмкүн болушунча эртерээк кайсы сабактарга өзгөчө көңүл буруп, кайсы кесипке үйрөнүү керектигине байланыштуу жардам бериши зарыл. Бейтелде кызмат кылып жаткан дагы бир жаш ишенимдешибиз: «Ата-энебиз баш кошконго чейин, андан кийин да пионер болуп кызмат кылышып, бүт үй-бүлөбүздүн пионердик рух өрчүтүшүнө умтулушкан. Кайсы сабактарды өзгөчө көңүл коюп окуу керектигин чечкенибизде же келечегибизге таасир эте турган чечимдерди чыгарганыбызда, алар дайыма бизди толук эмес жумуш күнү менен иштеп кызмат кылууга мүмкүнчүлүк бере турган нерселерди тандоого үндөчү»,— дейт. Жогорку окуу жайына тапшырууга жардам бере турган сабактарды тандагандын ордуна, рухий максаттарга жетүүгө өбөлгө түзө турган курстардан билим алуу жөнүндө ойлонуп көрүү зарыл *.

18. Жаштардын кандай кесиптер жөнүндө ойлонуп көргөнү дурус?

18 Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, көп өлкөлөрдө азыр жогорку окуу жайын бүтүргөндөр эмес, кол өнөрчүлүк жана тейлөө тармагында иштей турган адистер керек болууда. «Ю-Эс-Эй тудей» гезитинин билдирүүсүнө ылайык, «жакынкы он жылдыктарда жумушчулардын 70 пайызына жумушка орношуу үчүн жогорку окуу жайларында төрт-беш жыл окуунун зарылдыгы жок болуп калат. Ал эми кесиптик-техникалык окуу жайларын, коллеждерди бүтүргөндөргө суроо-талап өсөт». Мындай окуу жайлардан кыска мөөнөттүн ичинде мекемелерде иштөөгө, автоунаа, компьютер, суу түтүктөрүн оңдоого, чачтарачтыкка жана башка көптөгөн кесиптерге үйрөнүп чыгууга болот. Алар жакшы кесиптердин катарына киреби? Албетте! Балким, андай жумуштар айрымдарга жага бербеши мүмкүн, бирок алар каражат табууга жана Жахабанын ишин биринчи орунга коюуга шарт түзөт (2 Тесалоникалыктарга 3:8).

19. Бизге эмне кубаныч жана канааттануу тартуулайт?

19 «Жигиттер жана кыздар... Теңирдин ысымын макташсын, анткени жалгыз Анын ысымы жогору, Анын даңкы асман менен жерден жогору»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Забур 148:12, 13). Дүйнө сунуш кылган мансап менен байлыкка караганда, Жахабага толук убакыттуу кызмат кылуу бизге кубаныч жана канааттануу тартуулай турганы шексиз. Ыйык Китептеги: «Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт»,— деген сөздөрдү эсиңерден чыгарбагыла (Накыл сөздөр 10:22).

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Университеттик билимге караганда теократиялык билимди жогору баалагандардын өмүр баянын төмөнкү адабияттардан окууга болот: «Күзөт мунарасы», 1984-жыл, 1-октябрь, 8—11-бб., ор.; 1979-жыл, 15-апрель, 5—10-бб., англ.; «Ойгонгула!», 1978-жыл, 8-июнь, 15-б., англ.; 1974-жыл, 8-август, 3—7-бб., англ.

^ 17-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 1998-жыл, 8-октябрь, «Келечекке ишенимдүү кароого умтулуу» макаласы, 4—6-бб., ор.; 1989-жыл, 8-май, «Кандай кесипти тандаганым дурус?» макаласы, 12—14-бб., англ.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Ыйсанын жолдоочулары канткенде келечекке ишенимдүү карай алышат?

• Ыйсаны жолдогон ата-энелер балдарынын келечегине байланыштуу кандай татаал маселелерге туш болушат?

• Жогорку окуу жайына тапшыруудан мурун эмнелерди эске алуу керек?

• Ата-энелер балдарынын Жахабага кызмат кылууда ийгиликтерге жетүүсүнө кантип жардам бере алышат?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги кутуча]

Жогорку билим канчалык бааланат?

Университетке тапшыргандардын көбү ал жерден алган даражасы айлыгы көп жакшы жумушка орношууга жол ачат деп ишенишет. Өкмөттүк мекемелердин билдирүүсүнө караганда, андай даражага университетке тапшыргандардын орто эсеп менен 25 пайызы гана алты жыл окуп жетишет. Бул — эң эле төмөн көрсөткүч. Даража алган күндө да жакшы жумуш табыларына ким кепилдик бере алат? Акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы эмнени көрсөткөнүнө көңүл бурсаңар.

«Гарвард же Дьюк университеттеринде окусаң эле айлыгы көп жакшы жумуш менен камсыз болуп калбайсың. [...] Компаниялар жумушка талапкер жаштарды жакшы билбейт. Атагы таш жарган Жаңы Англия университтеринин диплому жумуш берүүчүлөрдү таасирлентиши мүмкүн. Бирок адамдын ишти алып кете алар-албасы баарынан маанилүү» («Ньюсуик», 1999-жыл, 1-ноябрь).

«Учурда жумушка орношуу үчүн мурункуга караганда көбүрөөк шык-жөндөм талап кылынганы менен, ал жумуштарга университеттик билим эмес, орто мектептин билими, мисалы, тогуз жылдык деңгээл менен математиканы, окуганды жана жазганды жакшы билүү жетиштүү. [...] Окуучуларга жакшы жумуш табуу үчүн университетке тапшыруунун зарылдыгы жок, мектепте берилген сабактарды жакшы өздөштүрүү талап» («American Educator», 2004-жыл, жаздагы саны).

«Жогорку окуу жайларынын көбү кадрларды даярдоодо дүйнөдөгү азыркы абалды такыр эсепке алышпайт. Бүгүнкү күндө кесиптик-техникалык окуу жайлардын „кадыр-баркы“ өсүүдө. Аларга тапшыргандардын саны 1996-жылдан 2000-жылга чейин 48 пайызга өскөн. [...] Ал эми акча менен убакытты соргон жогорку окуу жайларынын диплому мурункудай бааланбай калды» («Тайм», 2005-жыл, 24-январь).

«АКШнын Эмгек министрлигинин 2005-жылга берген прогноздору боюнча, жогорку окуу жайларын бүтүргөндөрдүн, жок эле дегенде, үчтөн бир бөлүгү өздөрүнүн адистиги боюнча жумушка орношо албайт» («Футурист», 2000-жыл, июль/август).

Ушулардын баарын эске алып, бүгүн жогорку билимдин баалуулугуна күмөн санаган окутуучулардын саны барган сайын өсүүдө. «Биз болочок адистерди туура эмес даярдап жатабыз»,— деген кейиштүү ой айтылат «Футурист» журналында. Ал эми Ыйык Китепте Кудай жөнүндө эмне айтыларына көңүл бурсаңар: «Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн, сени жүрүшүң керек болгон жол менен алып жүргөн Кудай-Теңириң менмин. Оо, сен Менин осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок, сенин чындыгың деңиз толкунундай болмок!» (Ышайа 48:17, 18).

[31-беттеги сүрөт]

Ыйсаны жолдогон акылдуу ата-энелер балдарын кичинекейинен рухий чөйрөдө тарбиялайт.

[32-беттеги сүрөт]

Алар өз кызыкчылыктарынан кечип, Ыйсанын жолун жолдошкон.