Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Белгилерге көңүл буруу маанилүү!

Белгилерге көңүл буруу маанилүү!

Белгилерге көңүл буруу маанилүү!

«Башында уулубуз Андреастын жөн гана башы ооруп жатат го деп ойлогом. Бирок көп өтпөй, тамакка табити тартпай, денеси ысып чыкты. Баламдын баш оорусу күчөгөндүктөн, тынчсыздана баштадым. Жолдошум келгенде, Андреасты доктурга алып жөнөдүк. Ал оорунун белгилерин аныктаган соң, балабызды түз эле ооруканага жөнөттү. Көрсө, көйгөй баш оорудан да катуу экен. Андреас менингит болуп ооруп калыптыр. Бактыга жараша, көп өтпөй сакайып кетти» (Баланын апасы Гертруд, Германия).

КӨПТӨГӨН ата-энелер Гертруддукундай жагдайга туш болушат, башкача айтканда, алар баласынын ооруга чалдыкканын көрсөткөн белгилерди байкашат. Дарттын баары эле коркунучтуу боло бербесе да, ата-эне андай белгилерге маани бербей койсо, аягы өкүнүчтүү болуп бүтүшү мүмкүн. Оорунун белгилерин байкаган соң, тийиштүү иш-аракеттерди кылуу абдан маанилүү. Андай аракеттердин аркасында оор абалды бир топ жеңилдетүүгө болот.

Денсоолукка байланышпаган учурларда да тийиштүү чараларды көрүү зарыл. Мисалы, 2004-жылдын декабрь айында Инди океанынын жээгиндеги аймактарда болуп өткөн цунамини алалы. Австралиядагы жана Гавайидеги өкмөттүк уюмдар түндүк Суматрада чоң жертитирөө болуп өткөнүн жана анын кесепети коркунучтуу болушу мүмкүн экенин алдын ала билишкен. Бирок коркунуч алдында турган аймактарда элге эскертүү берчү же тийиштүү чараларды көрүүгө жардам көрсөтө турган уюмдар жок болуп калган. Натыйжада 220 000ден ашык адам өмүрүнөн ажыраган.

Зор мааниге ээ белгилер

Ыйса Машайак жерде жүргөндө шакирттерине белгилерге көңүл буруу жана тийиштүү чараларды көрүү зарыл экенин айткан. Ал жогоруда айтылып кеткендерден алда канча маанилүү болгон нерсе жөнүндө сөз кылган. Ыйык Китепте: «Фарисейлер менен садукейлер Ыйсанын жанына келишти да, Аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн суранышты. Ыйса болсо аларга [мындай деди]: „Кеч киргенде, силер: „Күн кызарып батып бара жатат, эртең күн ачык болот“,— дейсиңер. Эртең менен болсо: „Асман түнөрүп турат, күн бузулат окшойт“,— дейсиңер. Анткорлор! Асманды карап, аба ырайын аныктай аласыңар да, анан убакытка байланыштуу жышаандарды айырмалап биле албайсыңар“»,— деп айтылат (Матай 16:1—3).

Ыйса «убакытка байланыштуу жышаандарды» айтып жатып анын сөздөрүн угуп турган жүйүттөр өздөрүнүн кандай убакта жашап жатышканын аңдай билиши зарыл экендигин көрсөткөн. Жүйүт түзүлүшү кыйраганы турган, бул аларга таасирин тийгизбей коймок эмес. Өлөрүнө бир нече күн калганда, Ыйса шакирттерине башка бир белги — өзүнүн катышуусу башталганын көрсөткөн белги — жөнүндө айткан. Анын айткандары бүгүнкү күндө жашаган ар бир адам үчүн зор мааниге ээ.