Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Биринчи Жылнаама китебиндеги урунттуу ойлор

ЖҮЙҮТТӨР Бабыл туткунунан өз мекенине кайтып келгенден бери 77 жылдай өттү. Башкаруучу Зоробабылдын жетеги астында курулган ийбадатканага 55 жыл болду. Жүйүттөрдүн кайтып келгенинин негизги себеби чыныгы сыйынууну калыбына келтирүү болчу. Бирок эл Жахабага сыйынууда ынталуулугун жоготуп койгондуктан, бекемдөөгө абдан муктаж эле. Биринчи Жылнаама китеби так ошондой бекемдөөнүн булагы болгон.

Санжырадан сырткары, Биринчи Жылнаама китебинде 40 жылдын ичинде, тактап айтканда, Шабул падышанын өлүмүнөн тартып Дөөт падышанын өлүмүнө чейин болуп өткөн окуялар тууралуу айтылат. Бул китепти б.з.ч. 460-жылы ыйык кызмат кылуучу Эзра жазган деп эсептелет. Биринчи Жылнаама китебиндеги билдирүүлөр биз үчүн абдан кызыктуу, себеби аларда ийбадатканадагы сыйынуу, ошондой эле Мессиянын санжырасы тууралуу көптөгөн маалыматтар камтылат. Бул китептеги билдирүүлөр рухтун жетеги менен жазылган Кудай Сөзүнүн бөлүгү катары ишенимибизди бекемдеп, Ыйык Китепти тереңирээк түшүнүүгө жардам берет (Эврейлерге 4:12).

МААНИЛҮҮ САНЖЫРА

(1 Жылнаама 1:1—9:44).

Эзра кылдаттык менен түзгөн санжыра, бери дегенде, үч себептен маанилүү. Ал ыйык кызматты атайын дайындалган гана адам аткарарын көрсөтүүгө, уруулардын мурасын аныктоого жана Машайактын санжырасынын сакталышына өбөлгө түзөт. Санжырада жүйүттөрдүн тээ биринчи адамга чейинки ата-бабаларынын аттары айтылат. Адам атадан Нухка чейин он муун, андан кийин Ыбрайымга чейин он муун өткөн. Санжырада Ысмайылдын тукумдары, Ыбрайымдын күңү Кетурадан төрөлгөн тукумдары жана Эйсаптын тукумдары аталган соң, Ысрайылдын 12 уулунан таралган тукумдары тууралуу айтылат (1 Жылнаама 2:1).

Жүйүттүн тукумдары тууралуу кеңири маалымат берилет, анткени Дөөт падыша ошол уруудан келет. Ыбрайымдан Дөөткө чейин 14 муун жана ысрайыл эли Бабылга туткунга алынып кеткенге чейин дагы 14 муун өтөт (1 Жылнаама 1:27, 34; 2:1—15; 3:1—17; Матай 1:17). Андан ары Эзра Иордандын чыгыш тарабындагы уруулардын жана Леби уруусунун санжырасын баяндайт (1 Жылнаама 5:1—24; 6:1). Ошондой эле Иордан дарыясынын батыш тарабында жашаган айрым уруулар жана Бенжеминдин тукумдары тууралуу кеңири маалымат берилет (1 Жылнаама 8:1). Булардан сырткары, Бабыл туткунунан Иерусалимге биринчилерден болуп кайтып келгендердин ысымдары айтылып өтөт (1 Жылнаама 9:1—16).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1 Жылнаама 1:18 — Шелахтын атасы Кайнан болгонбу же Арпакшатпы? (Лука 3:35, 36). Шелахтын атасы Арпакшат болгон (Башталыш 10:24; 11:12). Лука 3:36да, кыязы, «каздим» деген сөз «Кайнан» деп туура эмес жазылып калган көрүнөт. Эгер ошондой болсо, анда түпнускада бул жерде «каздимдик Арпакшаттын уулу» деп жазылса керек. Же, мүмкүн, Арпакшат менен Кайнан бир эле адамды билдирген. Белгилей кетчү нерсе, айрым колжазмаларда бул аятта «Кайнандын уулу» деген сөздөр жок.

1 Жылнаама 2:15 — Дөөт Жышайдын жетинчи уулу болгонбу? Жок. Жышайдын сегиз уулу болгон; Дөөт алардын эң кичүүсү болчу (1 Шемуел 16:10, 11; 17:12). Сыягы, Жышайдын бир уулу бала көрө элегинде каза болгон. Санжырага ал эч кандай таасир этпей тургандыктан, Эзра анын ысмын тизмеге киргизген эмес.

1 Жылнаама 3:17 — Эмне себептен Лука 3:27де Жаханандын уулу Шалтиел Неринин уулу деп аталган? Шалтиелдин атасы Жаханан болгон. Бирок Нери өзүнүн кызын Шалтиелге аялдыкка берген. Лука Жусупту Эйлинин баласы деп атаганы менен, чынында, Эйли анын кайнатасы, аялы Мариямдын атасы, болчу. Ошо сыяктуу эле, Лука Неринин күйөө баласын анын уулу деп атаган (Лука 3:23).

1 Жылнаама 3:17—19 — Шалтиел, Педая жана Зоробабылдын кандай туугандык байланышы бар эле? Зоробабыл Шалтиелдин биртууганы Педаянын баласы болгон. Бирок Ыйык Китептин айрым жерлеринде Зоробабыл Шалтиелдин баласы деп аталат (Матай 1:12, СК; Лука 3:27). Кыязы, Педаянын көзү өткөндөн кийин, Зоробабылды Шалтиел багып алса керек. Же балким, Шалтиел бала көрбөй өткөндөн кийин, Педая левираттык никенин шартын аткарган, ал эми Зоробабыл ал никеден төрөлгөн тун уул болгон (Мыйзам 25:5—10).

1 Жылнаама 5:1, 2 — Тунгучтук укугуна ээ болуу Жусуп үчүн эмнени билдирген? Бул Жусуптун эки эсе көп мурас аларын билдирген (Мыйзам 21:17). Демек, ал эки уруунун — Эпрайымдын жана Менашенин — атасы болуп калмак. Ал эми Ысрайылдын башка уулдары бир эле уруунун атасы болушкан.

Биз алчу сабактар:

1 Жылнаама 1:1—9:44. Тарыхта жашап кеткен адамдардын санжырасы чыныгы сыйынууга байланыштуу иш-аракеттердин баары уламышка эмес, фактыларга негизделгенин көрсөтүп турат.

1 Жылнаама 4:9, 10. Жабес, Кудайдан корккон адамдар отурукташа алгыдай болушу үчүн, жеринин кеңейиши тууралуу жалындуу тиленгенде, Жахаба аны уккан. Биз да шакирт даярдоо ишине тырышчаактык менен катышып, Кудайдын кызматчыларынын мындан ары да көбөйүшү тууралуу чын жүрөктөн суранышыбыз керек.

1 Жылнаама 5:10, 18—22. Шабул падышанын күндөрүндө Иордандын чыгыш тарабында жашаган уруулар агрылыктарды, саны жагынан алардан эки эсе аз болушса да, жеңип алышкан. Себеби ал эржүрөк адамдар Жахабага таянып, андан жардам издешкен. Келгиле, биз да рухий жыргалчылыгыбыз үчүн коркунуч туудурган каршылаштарыбыз менен жүргүзгөн күрөштө Жахабага толук таяналы (Эфестиктерге 6:10—17).

1 Жылнаама 9:26, 27. Күзөтчү лебилерге абдан жооптуу милдет артылган. Аларга ийбадаткананын ыйык жайынын ачкычы берилген. Алар дарбазаларды ачуу милдетин күн сайын ишенимдүүлүк менен аткарышкан. Ал эми бизге аймагыбыздагы адамдарга Жахабага сыйынууга жардам берүү жоопкерчилиги тапшырылган. Күзөтчү лебилерге окшоп, биз да ишенимдүү болууга тийиш эмеспизби?

ДӨӨТ ТАККА ОЛТУРАТ

(1 Жылнаама 10:1—29:30)

Биринчи Жылнаама китебинин бул бөлүгү Шабул падышанын жана анын үч уулунун Гилбоя тоосунда пелиштиликтер менен болгон салгылашта курман болгондугу тууралуу билдирүүдөн башталат. Жышайдын уулу Дөөт Жүйүт уруусуна падыша болуп дайындалат. Бардык уруулардын жоокерлери Хебронго келип, Дөөттү бүт ысрайыл элине падыша кылып шайлашат (1 Жылнаама 11:1—3). Андан көп өтпөй, ал Иерусалимди басып алат. Кийинчерээк ысрайылдыктар келишим сандыгын «мүйүз менен сурнайдын, жез табактын, арфанын, лиранын коштоосунда» салтанат менен Иерусалимге алып келишет (1 Жылнаама 15:28).

Дөөт чыныгы Кудайга үй курууга болгон каалоосун билдирет. Жахаба бул сыймыктуу ишти Сулайман аткарарын айтып, Дөөт менен падышалык келишимин түзөт. Дөөт душмандарына каршы согуш жүргүзгөндө, Жахаба аны дээрлик дайыма жеңишке жеткирип турган. Мыйзамсыз түрдө каттоо жүргүзүлгөндүн айынан 70 000 адам өлгөн. Дөөт периштеден Жахабага курмандык чалынуучу жай курууга жетекчилик алгандан кийин жебустук Арабенадан жер алат. Ал Жахабага «абдан чоң» үй куруу үчүн «көп нерсе даярдай» баштайт (1 Жылнаама 22:5). Дөөт лебилердин кызматын уюштурат. Бул китепте алардын кызматы тууралуу Ыйык Жазманын башка китептерине салыштырмалуу майда-чүйдөсүнө чейин жазылат. Падыша да, эл да ийбадаткананын курулушуна марттык менен тартуу кылат. Элди 40 жыл башкаргандан кийин Дөөт «өмүргө тоюп, байлыкка, даңкка ээ болуп көз жумат» (1 Жылнаама 29:28).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1 Жылнаама 11:11 — Эмне үчүн бул жерде өлгөндөрдүн саны 300 киши делсе, 2 Шемуел 23:8деги ушу эле окуя тууралуу билдирүүдө 800 киши деп берилген? Дөөттүн эржүрөк үч аскеринин башчысынын аты Жашобам (Жошеп-Башебет) болгон. Берки экөөнүкү Элазар жана Шама эле (2 Шемуел 23:8—11). Бул билдирүүлөрдө өлгөн адамдардын санынын эки бөлөк берилиши бир эле адамдын эки башка эрдиги тууралуу айтылгандыгы менен түшүндүрүлөт.

1 Жылнаама 11:20, 21 — Дөөттүн үч баатырына салыштырмалуу Абышай кандай орунду ээлеген? Абышай Дөөткө кызмат кылган үч баатырдын бири болгон эмес. Бирок 2 Шемуел 23:18, 19да («БМК») айтылгандай, ал «отуз жоокердин башчысы» болчу жана алардын баарынан көрүнүктүү эле. Абышай Жошеп-Башебеттикиндей зор ишти жасагандыктан, анын кадыр-баркы тиги күчтүү үчөөнө тең келчү.

1 Жылнаама 12:8 — Кандай мааниде гаттык аскерлердин жүздөрү «арстандын сүрүндөй» эле? Бул эржүрөк адамдар чөлдө Дөөт тарапта болушкан. Алардын чачтары узун эле. Барпайган чачтарынан улам алардын сүрү арстандыкындай коркунучтуу көрүнгөн.

1 Жылнаама 13:5 — «Мисирдин Шихору» деген эмне? Эврей тилинде «Шихор» деген сөз «дарыя» дегенди билдиргендиктен, айрымдар бул сөз Нил дарыясына куйган кичине дарыяны билдирет деп ойлошкон. Сандар 34:5те сөз кылынган «Мисир суусу» да дал ошол «дарыяны» билдирет деп эсептелген. Бирок түпнускада Сандар 34:5те башка эврей сөзү турат, ал тагыраак которулганда «суу өрөөнү» дегенди билдирет. Ошондуктан «Мисирдин Шихору» деген «Мисир суусун», башкача айтканда, Убадаланган жердин түштүк-батыш чегарасы болгон өрөөндү билдирет (Сандар 34:2, 5; Башталыш 15:18).

1 Жылнаама 16:30 — Жахабанын «алдында титире» дегенди кандай түшүнсө болот? Бул жердеги «титире» деген сөз каймана мааниде колдонулат жана Жахабадан кастарлоо сезими менен коркууну, аны терең урматтоону билдирет.

1 Жылнаама 16:1, 37—40; 21:29, 30; 22:19 — Келишим сандыгы Иерусалимге алынып келгенден тартып, ийбадаткана курулуп бүткөнгө чейин, Ысрайылда сыйынууга байланыштуу кайсы чара күчүн жоготкон эмес? Дөөт Иерусалимге келишим сандыгын алып келип, өзү курган жыйын чатырына жайгаштырган. Ал убакта келишим сандыгынын жыйын чатырында турбаганына көп жыл болуп калган эле. Иерусалимге алып келингенден кийин болсо, ал дайыма жыйын чатырында турган. Жыйын чатыры Гибон дөңсөөсүндө жайгашып, ыйык кызмат кылуучу Садок менен анын биртуугандары ал жерде Мыйзамда айтылгандарга ылайык курмандыктарды чалып турушкан. Бул чара Иерусалимде ийбадаткана курулуп бүткөнгө чейин күчүндө болгон. Ийбадаткана курулуп бүткөндөн кийин, жыйын чатыры Гибон дөңсөөсүнөн Иерусалимге алынып келинип, келишим сандыгы ийбадаткананын ыйыктын ыйыгы деп аталган бөлмөсүнө коюлган (1 Падышалар 8:4, 6).

Биз алчу сабактар:

1 Жылнаама 13:11. Кылган иш-аракеттерибиз оңунан чыкпай калганда, ачууланып Жахабаны күнөөлөгөндүн ордуна, пайда болгон кыйынчылык тууралуу жакшылап ойлонуп, андай жагдайга эмне себептен кабылганыбызды түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек. Дөөттүн так ошенткени күмөнсүз. Ал кетирген катасынан сабак алып, кийинчерээк келишим сандыгын Иерусалимге тийиштүү жол менен ийгиликтүү көчүрүп барган *.

1 Жылнаама 14:10, 13—16; 22:17—19. Рухийлигибизге таасир эте турган кайсы бир ишти жасаардын алдында ар дайым Жахабага тиленүү менен кайрылып, андан жетекчилик издешибиз керек.

1 Жылнаама 16:23—29. Жахабага болгон сыйынуу жашообузда биринчи орунда турушу керек.

1 Жылнаама 18:3. Жахаба убадасын ар дайым аткарат. Дөөт аркылуу ал Ыбрайымдын тукумдарына «Мисир дарыясынан тартып, улуу Эфрат дарыясына чейинки» Канаан жеринин бардык аймактарын берери тууралуу убадасын аткарган (Башталыш 15:18; 1 Жылнаама 13:5).

1 Жылнаама 21:13—15. Жахаба периштесине токтотууну буйруган, себеби эли кыйналганда, ал кошо кыйналат. Чынында эле, «Ал өтө ырайымдуу» *.

1 Жылнаама 22:5, 9; 29:3—5, 14—16. Дөөт Жахабанын ийбадатканасын курууга милдеттүү болбосо да, берешендик менен көптөгөн тартууларды берген. Эмне үчүн? Анткени ал өзүндөгү бардык нерсеге Жахабанын жакшылыкчылдыгынан улам жеткенин түшүнгөн. Ошо сыяктуу эле, ыраазычылык сезими бизге да март болууга түрткү бериши керек.

1 Жылнаама 24:7—18. Ыйык кызмат кылуучулардын Дөөт негиздеген 24 кезек менен кызмат өтөөсү Чөмүлдүрүүчү Жакандын атасы Захарияга Жахабанын периштеси көрүнүп, Жакандын төрөлөрү жөнүндө айтканга чейин сакталып келген. «Абия тобуна» кирген Захария ошол учурда ийбадатканада кызмат өтөп жаткан эле (Лука 1:5, 8, 9). Чыныгы сыйынуу ойдон чыгарылган инсандар менен эмес, тарыхый инсандар менен байланыштуу. Жахабага сыйынууда «ишенимдүү жана акылдуу кул» менен кызматташып, ишенимдүүлүк көрсөтсөк, көптөгөн баталарды алабыз (Матай 24:45).

Жахабага «жан дилиңден кызмат» кыл

Биринчи Жылнаама китебинде жалаң гана санжыралар камтылбайт. Анда Дөөттүн келишим сандыгын Иерусалимге алып келгендиги, анын улуу жеңиштери, ийбадаткананын курулушуна көргөн даярдыктары жана лебилерди кызматты аткаруу үчүн бөлүштүргөнү жөнүндө баяндалат. Эзранын Биринчи Жылнаама китебине жазып кеткендеринен ысрайылдыктардын зор пайда алганы шексиз. Алар Жахабанын ийбадатканасында кайрадан ынталуу кызмат кыла башташкан.

Жахабага кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга коюу жагынан Дөөт кандай сонун үлгү калтырган! Ал өзүнүн жеке кызыкчылыктарын эмес, Жахабанын эркин ишке ашырууда дилгир болгон. Биз, анын кеңешине ылайык, Жахабага «жан дилибизден» кызмат кылууга чакырылабыз (1 Жылнаама 28:9).

[Шилтемелер]

^ 32-абз. Дөөттүн келишим сандыгын Иерусалимге көчүрүүдө жасаган аракеттери жөнүндөгү билдирүүдөн дагы кандай сабак алсак болору тууралуу 2005-жылдын 1-июнундагы «Күзөт мунарасынын» 29—32-беттеринен окуй аласыңар.

^ 36-абз. Дөөттүн мыйзамсыз түрдө каттоо жүргүзгөнүнөн дагы кандай сабак алсак болору жөнүндө 2005-жылдын 1-июнундагы «Күзөт мунарасынын» 29—32-беттеринен окуй аласыңар.

[8-беттеги карта]

Адам

Шет

Энош

Кейнан

Маалалел

Жарет

Энох

Матушал

Лемек

Б.з.ч. 2970-жылы НУХ төрөлгөн

Б.з.ч. 4026-жыл

130 жыл

105

90

70

65

162

65

187

182

Адамдан Нухка чейинки муундар (1056 жыл)

Нух

Шем

Арпакшат

Шелах

Эйбер

Пелек

Рейу

Серук

Нахор

Терах

Б.з.ч. 2018-жылы ЫБРАЙЫМ төрөлгөн

Б.з.ч. 2970-жыл

502 жыл

100

35

30

34

30

32

30

29

130

ТОПОН СУУ Б.з.ч. 2370-ж.

Нухтан Ыбрайымга чейинки муундар (952 жыл)

Ыбрайым

Ыскак

Жакып

Жүйүт

Перес

Хесрон

Рам

Аминадап

Нахшон

Салмон

Бууз

Обейт

Жышай

Б.з.ч. 1107-жылы ДӨӨТ төрөлгөн

Б.з.ч. 2018-жыл

100 жыл

60

болж. 88

Ыбрайымдан Дөөткө чейин: 14 муун (911 жыл)