Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көргөнүңөр боюнча эмес, ишеним менен жашагыла!

Көргөнүңөр боюнча эмес, ишеним менен жашагыла!

Көргөнүңөр боюнча эмес, ишеним менен жашагыла!

«Биз көргөнүбүз боюнча эмес, ишенимибиз менен жашап жатабыз» (2 Корунттуктарга 5:7).

1. Элчи Пабылдын көргөнү боюнча эмес, ишеним менен жашаганын эмне көрсөтүп турат?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 55-жылы. Ыйсанын жолдоочуларын куугунтуктаган Шабыл аттуу адамдын чындыкты тааныганына 20 жылдай болуп калган. Убакыт өткөн сайын анын Кудайга болгон ишеними алсырамак турсун, кайра бекемделген. Асмандагы жашоону өз көзү менен көрбөсө да, анын ишеними күчтүү болгон. Ошондуктан Ыйсанын асманда жашоого үмүтү бар майланган жолдоочуларына жазган катында элчи Пабыл: «Биз көргөнүбүз боюнча эмес, ишенимибиз менен жашап жатабыз»,— деп айткан (2 Корунттуктарга 5:7).

2, 3. а) Ишеним менен жашап жатканыбызды кантип көрсөтө алабыз? б) Көргөнүбүз боюнча жашоо деген эмнени билдирет?

2 Ишеним менен жашоо деген Кудайдын жашообузга жетекчилик берүүгө жөндөмдүү экенине толук ишенүүнү билдирет. Биз Жахабанын бизге эмне пайда алып келерин эң жакшы билерине кымындай да шектенбешибиз керек (Забур 118:66). Чечим чыгарууда жана ага ылайык иш кылууда биз «көрүнбөгөн нерселерди» да эске алабыз (Эврейлерге 11:1). Алардын ичине Кудай убадалаган «жаңы асман менен жаңы жер» кирет (2 Петир 3:13). Ал эми көргөнүбүз боюнча жашоо деген ой-сезимдерибизге гана жетектелип жашоону билдирет. Бирок андай жашоо өткөрүү коркунучтуу, анткени натыйжада Кудайдын эркин толугу менен четке кагып коюшубуз мүмкүн (Забур 80:13; Насаатчы 11:9).

3 Биз асманда жашоого чакырылган «кичине оторго» киребизби же жерде жашоого үмүттөнгөн «башка койлордун» катарындабызбы, ар бирибиз көргөнүбүз боюнча эмес, ишеним менен жашоого умтулушубуз керек (Лука 12:32, «ЖД»; Жакан 10:16). Келгиле анда, Кудайдан шыктандырылган бул кеңешке ылайык иш кылуу кандайча бизди «күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгына» азгырылуудан, дүнүйөкорлуктун торуна түшүүдөн жана дүйнөнүн акыры келерин эстен чыгарып коюудан сактаарын карап чыгалы. Ошондой эле биз көргөнүбүз боюнча жашоо канчалык коркунучтуу экенине да токтолобуз (Эврейлерге 11:25).

«Күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгын» четке кагалы

4. Муса эмнени тандаган жана эмне үчүн?

4 Амрам уулу Мусанын кандай шарттарда жашай алмактыгын элестетсеңер! Байыркы Мисирде падышанын үй-бүлөсүндө чоңойгон Муса келечекте бийлик менен байлыкка тунуп, өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири болмок. Ал минтип ой жүгүртө алмак: «Мен Мисирдин атагы алыска кеткен акылмандыгына сугарылып, терең билим алдым. Сөзүм өтүмдүү, ишке жөндөмдүүмүн. Эгер падышанын үйүндө калсам, өз абалымды эзүүдө жүргөн эврей боордошторумдун пайдасына колдоно алам» (Элчилер 7:22). Бирок Муса «Кудайдын эли менен кошо азап чегүүнү артык көргөн». Эмне үчүн? Мисир жери сунуш кылгандын баарын четке кагууга ага эмне түрткү берген? Ыйык Китеп: «[Муса] падышанын каарынан коркпостон, ишеним менен Мисир жеринен кетип калган. Анткени ал көрүнбөгөн Кудайды көрүп тургансып, бекем эле»,— деп жооп берет (Эврейлерге 11:24—27). Адилдигин сактаганы үчүн Жахабадан сыйлык аларына бекем ишенүү Мусага күнөө менен анын убактылуу жыргалына каршы турууга жардам берген.

5. Мусанын үлгүсү бизге кандай түрткү берет?

5 Бизге да жашообузда маанилүү чечимдерди чыгарууга туура келет. Мисалы, биз: «Ыйык китептик принциптерге толук дал келбеген белгилүү бир иштерден же адаттардан арылышым керек эмеспи? Материалдык жактан пайдалуу көрүнгөнү менен, рухий жактан өсүүгө тоскоол боло турган жумушка орношуунун зарылдыгы барбы?» — деген суроолордун үстүнөн ойлонушубуз мүмкүн. Мусанын үлгүсү бизди бул дүйнөнүн акылсыздыгын чагылдырган чечимдерди чыгарбоого түрткү берет. Биз «көрүнбөгөн Кудайдын» — алысты көрө билген Жахабанын — акылмандыгына таянышыбыз керек. Мусага окшоп, келгиле, биз да Жахаба менен болгон достугубузду бул дүйнө сунуш кылгандын баарынан артык көрүп, аны жогору баалайлы.

6, 7. а) Эйсап көргөнү боюнча жашаганын кантип көрсөткөн? б) Эйсаптын мисалынан кандай сабак алсак болот?

6 Мусадан айырмаланып, Ыскактын уулу Эйсап денелик каалоосун заматта канааттандыргысы келген (Башталыш 25:30—34). Ыйыктыкты баалабай, ал «тамак үчүн өзүнүн тунгучтугун сатып жиберген» (Эврейлерге 12:16). Эйсап чыгарган чечими Жахаба менен болгон мамилесине же укум-тукумуна кандай таасир тийгизерин ойлогон эмес. Ал жагдайга рухий көзкараш менен карабай, Кудайдын баалуу убадаларына көз жумуп койгон. Эйсап ишеним менен эмес, көргөнү боюнча жашаган.

7 Анын мисалы бизге эскертүү катары жазылып калган (1 Корунттуктарга 10:11). Чыгарган чечимибиз чоң болобу, кичине болобу, каалаганыбызды дароо ишке ашырууга үгүттөгөн Шайтандын дүйнөсүнүн азгырыктарына алдырбашыбыз керек. Биз өзүбүзгө мындай суроолорду берип көрсөк болот: «Чечим чыгарууда Эйсаптыкындай рух чагылдырбаймбы? Каалаган нерсемди орундатууга умтулуу менен рухий иштерди экинчи орунга жылдырып койбоймбу? Чечимдерим Кудай менен болгон достугума доо кетирип, келечекте сыйлык алышыма кедергисин тийгизбейби? Башкаларга кандай үлгү көрсөтөм?» Эгер чыгарган чечимдерибизден ыйык нерселерди баалаарыбыз көрүнсө, Жахаба бизге батасын берет (Накыл сөздөр 10:22).

Дүнүйөкорлуктан качалы

8. Ыйсанын Лаодикеядагы жолдоочуларына кандай эскертүү берилген жана бул бизди эмне үчүн кызыктырат?

8 Биринчи кылымдын аягында элчи Жаканга берилген көрүнүштө, даңкталган Ыйса Машайак Кичи Азиядагы Лаодикея шаарындагы жыйналышка кабар жиберген. Ал кабарда дүнүйөкорлук тууралуу эскертүү берилген болчу. Ыйсанын Лаодикеядагы жолдоочулары материалдык жактан бай жашаса да, рухий жактан жакыр болушкан. Дайыма ишеним менен жашагандын ордуна, алар байлыктын айынан рухий көздөрүнүн сокур болуп калышына жол берип коюшкан (Аян 3:14—18). Бүгүн да дүнүйөкорлуктун ошондой таасири бар. Ал ишенимибизди алсыратат жана өмүр үчүн «жарыштын аягына чыдамдуулук менен чыгууга» тоскоолдук кылат (Эврейлерге 12:1). Этият болбосок, «жашоонун ыракаты» рухий иштердин ордун ээлеп, акырында аларды жокко чыгарып коюшу мүмкүн (Лука 8:14).

9. Рухий тамак үчүн ыраазы болгонубуз бизди кандайча коргойт?

9 Өзүбүздү рухий жактан коргоо үчүн, бул дүйнөнү толук пайдаланууга, баюуга умтулбай, колубузда болгонго ыраазы болуп жашоо зарыл (1 Корунттуктарга 7:31, «Инжил»; 1 Тиметейге 6:6—8). Көргөнүбүз боюнча эмес, ишеним менен жашасак, биз учурдагы рухий бейиштен кубаныч табабыз. Даамдуу рухий тамак менен азыктанганда жүрөгүбүздүн кубанганынан ырдоого түрткү албайбызбы? (Ышайа 65:13, 14). Андан тышкары, бизге Кудайдын рухунун жемишин чагылдыргандар менен пикир алышуу да кубаныч тартуулайт (Галатиялыктарга 5:22, 23). Жахабанын камкордугунан канааттануу жана сергитүү алганыбыз кандай гана маанилүү!

10. Өзүбүзгө кандай суроолорду берип көргөнүбүз абзел?

10 Өзүбүзгө төмөнкүдөй суроолорду берип көргөнүбүз абзел: «Материалдык нерселер жашоомдо кайсы орунда турат? Каражатымды жыргал жашоо өткөрүү үчүн жумшаймбы же чыныгы сыйынууга салым кошуу үчүнбү? Мага эмне көбүрөөк канааттануу алып келет: Ыйык Китепти изилдөө жана жыйналыш жолугушууларында биртуугандар менен пикирлешүүбү же жыйналыштагы жоопкерчиликтеримден бош болуп өткөргөн демалыш күндөрбү? Демалыштарымдын көбүн эс алууга арнаймбы же кабар айтуу кызматына жана таза сыйынуу менен байланышкан башка иштерге жумшаймбы?» Ишеним менен жашоо Жахабанын убадаларына толук ишенип, дайыма Падышалыктын иши менен алек болууну билдирет (1 Корунттуктарга 15:58).

Дүйнөнүн акыры келерин эстен чыгарбайлы

11. Ишеним менен жашоо кандайча бизге дүйнөнүн акыры келерин эстен чыгарбоого жардам берет?

11 Ишеним менен жашоо бизге дүйнөнүн акыры али алыс же такыр келбейт деген адамдык көзкараштардан оолак болууга жардам берет. Кудай Сөзүндөгү пайгамбарлыктарга жеңил ойлуулук менен караган скептиктерден айырмаланып, биз дүйнөдөгү окуялар биздин күндөргө карата айтылган ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарылышынан кабар берип жатканын түшүнөбүз (2 Петир 3:3, 4). Мисалы, жалпы адамзаттын пейили жана жүрүм-туруму «акыркы убакта» жашап жатканыбызды далилдеп турган жокпу? (2 Тиметейге 3:1—5). Ишеним көздөрү менен биз дүйнөдө болуп жаткан окуялар тек гана тарыхтын кайталанышы эмес экенин көрүүдөбүз. Алар Машайактын «катышуусу менен түзүлүштүн аякташынын белгисин» («ЖД») түзүп турат (Матай 24:1—14).

12. Ыйсанын Лука 21:20, 21-аяттарда жазылган сөздөрү I кылымда кантип аткарылган?

12 Биздин замандын I кылымында болуп өткөн жана бүгүнкү күнгө окшоштугу бар бир окуяны карап көрөлү. Жерде жүргөндө Ыйса Машайак өзүнүн жолдоочуларына: «Иерусалимди аскерлер курчап алганын көрсөңөр, анда анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле. Ошондо Жүйүт аймагында жашагандар тоого качып кетишсин. Шаардагылар шаардан чыгып кетишсин»,— деп эскерткен (Лука 21:20, 21). Бул пайгамбарлыктын аткарылышына ылайык, Рим аскерлери Цестий Галлдын жетекчилиги астында б.з. 66-жылы Иерусалимди курчоого алган. Бирок алар кокусунан чегинип кетишкенде, Ыйсанын жолдоочулары үчүн бул «тоого качып кетүүгө» убакыт келгенин билдирген. Б.з. 70-жылы Рим аскерлери кайтып келип, Иерусалимге чабуул коюп, ийбадаткананы талкалап салышкан. Иосиф Флавий бир миллиондон ашык адам каза болуп, 97 000 адам туткунга алынганын билдирет. Ошентип, Кудайдын жүйүт түзүлүшүнө чыгарган өкүмү ишке ашкан. Бирок ишеним менен жүрүп, Ыйсанын эскертүүсүнө кулак каккандар алааматтан аман калышкан.

13, 14. а) Жакында кандай окуялар болот? б) Эмне үчүн пайгамбарлыктардын аткарылышына байкоо салууда сергек болушубуз керек?

13 Биздин убакта да ушу сыяктуу нерсе болгону жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү Кудайдын сот өкүмүнүн ишке ашышына катышышат. Биринчи кылымда Рим аскерлери Рим тынчтыгын (Pax Romana) сактоого умтулгандай эле, бүгүн Бириккен Улуттар Уюму да өзүн тынчтыкты сактоочу катары көрсөтүүгө аракеттенип келет. Рим аскерлери ошол убактагы дүйнөдө салыштырмалуу коопсуздукту камсыз кылууга аракеттенишкени менен, кайра эле өздөрү Иерусалимди кыйратып салышкан. Анын сыңары, Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар көрсөтүп тургандай, жакында Бириккен Улуттар Уюмунун курамындагы аскердик күчтөр динди тынчтыкты бузуучу элемент катары көрүп, азыркы Иерусалимди (христиан дүйнөсүн) жана Улуу Бабылдын калган бөлүгүн кыйратат (Аян 17:12—17). Ооба, жалган диндин дүйнөлүк империясы жок болгону турат.

14 Жалган диндин кыйрашы менен улуу кайгы башталат. Улуу кайгынын аяк ченинде ушул каардуу дүйнөнүн калган бөлүктөрү кыйратылат (Матай 24:29, 30; Аян 16:14, 16). Ишеним менен жашоо бизге пайгамбарлыктардын аткарылышына байкоо салууда сергек болууга жардам берет. Биз чыныгы тынчтык менен коопсуздукту Кудай Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу адамдык мекемелер аркылуу алып келбесин билебиз. Анда «Теңирдин улуу күнү жакын» экенине бекем ишенерибизди жашообуз менен көрсөтүшүбүз керек эмеспи? (Сепания 1:14).

Көргөнүбүз боюнча жашоо канчалык коркунучтуу?

15. Ысрайылдыктар Кудайдын баталарын алышканына карабай кандай торго түшүшкөн?

15 Байыркы ысрайыл эли менен болгон окуялар көргөнү боюнча жашаган адамдын ишеними бара-бара алсырап, ар кандай коркунучтарга дуушар болорун көрсөтүп турат. Жахаба он жаза аркылуу Мисирдин жалган кудайларын кемсинтип, ысрайылдыктарды ал жерден алып чыккандан кийин керемет жолу менен Кызыл деңизден өткөргөн. Буга карабастан алар тил албастык менен алтын музоо жасап, ага табынышкан. Алар «көптөн бери тоодон түшпөй жаткан» Мусаны күтүүдөн чарчап, тажап кетишкен (Чыгуу 32:1—4). Чыдамсыздык аларга кадимки көзгө көрүнгөн бурканга сыйынууга түрткү берген. Алар көргөнү боюнча жашоо менен Жахабага акарат келтиргендиктен, натыйжада «үч миңге жакын адам» кырылган (Чыгуу 32:25—29). Бүгүн Ыйсанын жолдоочусунун чыгарган чечимдери анын Жахабага таянбаарын жана Анын өз убадаларын аткарууга кудуреттүү экенине шектенерин айгинелесе, кандай кейиштүү болмок!

16. Жагдайга рухий көзкараш менен карабагандык ысрайыл элине кандай зыян алып келген?

16 Жагдайга рухий көзкараш менен карабагандык ысрайыл элине башка жактардан да зыян алып келген. Көргөндөрү боюнча жашагандыктан алар душмандарынан калтырап коркушкан (Сандар 13:28, 32; Мыйзам 1:28). Ошондой эле Кудай дайындаган Мусанын бийлигине шек келтирип, өздөрүнүн жашоо шартына нааразы болушкан. Ишенимдин жоктугунан улам алар Убадаланган жерге караганда Мисирди, жиндер бийлеп алган өлкөнү, артык көрүшкөн (Сандар 14:1—4; Забур 105:24). Элинин мындай мамилеси, өздөрүнүн көзгө көрүнбөгөн Падышасын такыр сыйлабаганы Жахабага кандай гана оор тийген!

17. Шемуелдин убагында ысрайыл эли Жахабанын жетекчилигинен эмнеден улам баш тарткан?

17 Шемуел пайгамбардын убагында да ысрайыл эли көргөнү боюнча жашагандыктан торго түшкөн. Алар адамдардан падыша шайланышын каалай башташкан. Жахаба алардын Падышасы Өзү экенин көрсөтсө да, алар ишеним менен жашоого түрткү алышкан эмес (1 Шемуел 8:4—9). Ысрайыл эли тегеректеги элдердей болгусу келип, акылсыздык менен Жахабанын жеткилең жетекчилигинен баш тарткан жана мындан өздөрү эле зыян тарткан (1 Шемуел 8:19, 20).

18. Көргөнүбүз боюнча жашоонун коркунучтарына байланыштуу өзүбүзгө кандай сабак алсак болот?

18 Жахабанын кызматчылары катары биз Кудай менен болгон мамилебизди жогору баалайбыз. Биз мурун болгон окуялардан өзүбүзгө сабак алып, аларды жашообузда колдонууга дилгирбиз (Римдиктерге 15:4). Көргөндөрү боюнча жашаган ысрайылдыктар аларды Муса аркылуу Кудай жетектеп жатканын унутуп коюшкан. Этият болбосок, биз да бүгүн жыйналышты Жахаба Кудай менен Улуу Муса, Ыйса Машайак, жетектеп жатканын унутуп коюшубуз ыктымал (Аян 1:12—16). Биз Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүнө адамдык көзкараш менен кароодон сак болушубуз керек. Андай көзкараш нааразычылык рухун туудуруп, Жахабанын өкүлдөрүн, ошондой эле «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу берилип жаткан рухий тамакты баалабай калышыбызга алып келиши мүмкүн (Матай 24:45).

Ишеним боюнча жүрүүгө чечкиндүү бололу

19, 20. Силер эмне кылууга чечкиндүүсүңөр жана эмне үчүн?

19 «Биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөбүз»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Эфестиктерге 6:12). Биздин башкы душманыбыз — Шайтан Ибилис. Анын максаты — Жахабага болгон ишенимибизди кыйратуу. Ал биздин Кудайга кызмат кылууга чыгарган чечимибизди солгундатууга бардык ыкмаларды колдонот (1 Петир 5:8). Шайтандын дүйнөсүнүн азгырыктарына алдырбоого бизге эмне жардам берет? Көргөнүбүз боюнча эмес, ишеним менен жашоо! Жахабанын убадаларына бекем ишенүү «ишенимибиздин кыйроого учурашынан» сактайт (1 Тиметейге 1:19). Анда, келгиле, Жахабанын баталарын аларыбызга кымындай да шектенбей, мындан ары да ишеним менен жашоо үчүн бүт күчүбүздү жумшоого чечкиндүү бололу. Ошондой эле жакында боло турган алааматтардын баарынан аман калуу тууралуу тилене берели (Лука 21:36).

20 Көргөнүбүз боюнча эмес, ишеним менен жашаш үчүн, бизде эң сонун үлгү бар. Ыйык Китепте: «Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен»,— деп айтылат (1 Петир 2:21). Эмки макалада канткенде Ыйсага окшоп жашай аларыбызды талкуулайбыз.

Эсиңердеби?

• Көргөнүбүз боюнча эмес, ишеним менен жашоого байланыштуу Муса менен Эйсаптын мисалдарынан эмнелерге үйрөндүңөр?

• Дүнүйөкордуктан кантип кача алабыз?

• Ишеним менен жашоо кандайча бизге дүйнөнүн акыры али алыс деген көзкараштан качууга жардам берет?

• Көргөнүбүз боюнча жашоо эмне себептен коркунучтуу?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Муса ишеним менен жашаган.

[15-беттеги сүрөт]

Эс алуу силерди рухий иштерден көп алаксытпайбы?

[16-беттеги сүрөт]

Кудайдын Сөзүнө көңүл буруу бизди кандайча коргойт?