Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сергек болгула»: Кудайдын соттой турган убагы келди!

«Сергек болгула»: Кудайдын соттой турган убагы келди!

«Сергек болгула»: Кудайдын соттой турган убагы келди!

Бул изилдөө макаласындагы маалыматтар 2004—2005-жылдары дүйнө жүзү боюнча өткөрүлгөн облустук жыйындарда жарык көргөн «Сергек болгула!» китепчесине негизделди.

«Сергек болгула, анткени Теңириңердин [«Эгеңердин», «ЖД»] кайсы убакта келерин билбейсиңер» (МАТАЙ 24:42).

1, 2. Ыйса өзүнүн келишин эмнеге салыштырган?

АЙЛАНА-ТЕГЕРЕКТЕ ууру жүргөнүн, үйлөрдүн талап-тонолуп жатканын билсеңер эмне кылат элеңер? Жакындарыңарды, баалуу буюмдарыңарды коргош үчүн, албетте, сак турмаксыңар. Анткени ууру качан келерин билдирип, кат жөнөтпөйт да. Тескерисинче, байкатпай күтүлбөгөн жерден келет.

2 Ыйса уурунун иш-аракетин бир канча жолу мисал катары колдонгон (Лука 10:30; Жакан 10:10). Ал акыркы күндөрдө, башкача айтканда, Кудай бул дүйнөнү соттоордун алдында боло турган окуялар жөнүндө айтып: «Ошондуктан сергек болгула, анткени Теңириңердин [«Эгеңердин», «ЖД»] кайсы убакта келерин билбейсиңер. Ууру түндүн кайсы убагында келерин үй ээси билсе, сак болуп, ууруга үйүнүн түбүн каздыртмак эместигин билесиңер»,— деп эскерткен (Матай 24:42, 43). Ошентип, Ыйса өзүнүн келишин уурунун күтүлбөгөн жерден келерине салыштырган.

3, 4. а) Ыйсанын келери тууралуу эскертүүгө кулак кагууга эмне кирет? б) Кандай суроолор туулууда?

3 Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалы ылайыктуу болгон, анткени анын келе турган күнү белгисиз болмок. Мурунураак ошол эле пайгамбарлыкта Ыйса: «Ал күн жана саат жөнүндө Атамдан башка эч ким билбейт, асмандагы периштелер да билбейт»,— деген (Матай 24:36). Ошондуктан угуучуларын: «Даяр болгула»,— деп үндөгөн (Матай 24:44). Ыйса Жахабанын өкүмүн ишке ашыруу үчүн качан келбесин, анын эскертүүсүнө кулак каккандар өздөрүн тийиштүү түрдө алып жүрүү менен дайым даяр турушмак.

4 Буга байланыштуу төмөнкүдөй маанилүү суроолор туулат: Ыйсанын эскертүүсү бул дүйнөдөгү адамдарга карата эле айтылганбы же анын чыныгы жолдоочулары да «сергек болушу» керекпи? «Сергек болуу» эмне үчүн азыр өтө маанилүү жана ал эмнени билдирет?

Эскертүү кимдерге карата айтылган?

5. «Сергек болгула»,— деген эскертүүнүн Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына карата айтылганын кайдан билебиз?

5 Алдыдагы алаамат жөнүндөгү эскертүүгө кулак какпаган адамдар үчүн Ыйсанын келиши, албетте, уурунун келиши сыяктуу болот (2 Петир 3:3—7). Ал эми Ыйсанын чыныгы жолдоочулары үчүнчү? Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Теңирдин [«Жахабанын», «ЖД»] күнү түн жамынган уурудай болуп келерин силер жакшы билесиңер»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктарга 5:2). Биз «Жахабанын күнү... келерине» эч шектенбейбиз. Бирок бул сергек болуунун зарылдыгын жокко чыгарабы? Ыйса: «Адам уулу силер күтпөгөн убакта келет» — деп, өз шакирттерине айтканын байкасаңар (Матай 24:44). Мурунураак Ыйса аларды Падышалыкты издөөнү уланта берүүгө чакырып жатып: «Даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон убакта келет»,— деп эскерткен (Лука 12:31, 40). «Сергек болгула»,— деген эскертүүнү Ыйса өзүнүн жолдоочуларына айтканы айкын эмеспи?

6. Эмне үчүн «сергек болушубуз» керек?

6 Эмне үчүн «сергек болуп», «даяр турушубуз» керек? Ыйса: «Талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат. Жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат»,— деп түшүндүргөн (Матай 24:40, 41). Кудайдан алыстаган азыркы дүйнө кыйратылганда, даяр тургандар «алынат», башкача айтканда, куткарылат. Ал эми жашоосун өзү билгендей өткөргөндөр «калтырылат», башкача айтканда, кыйратылат. Алардын арасына мурун чындыкты билген, бирок сергек бойдон калбагандар да кириши мүмкүн.

7. Дүйнөнүн акыры качан келерин билбегенибиз эмне кылууга мүмкүндүк берет?

7 Азыркы эски түзүлүштүн акыры качан келерин так билбегенибиз Кудайга чын ыкластан кызмат кылып жатканыбызды далилдөөгө мүмкүндүк берет. Кандайча? Айрымдарга дүйнөнүн акыры дагы көп убакыттан кийин келчүдөй сезилет. Тилекке каршы, Ыйсанын кээ бир жолдоочулары да ошондой ойго алдырып, Жахабага баштагыдай ынталуу кызмат кылбай калышкан. Бирок Жахабага арналганда биз толугу менен ага кызмат кылууга убада бергенбиз. Жахабаны билгендер жүрөктү көрө алган Кудайды сот күнүнө аз калган убакта ынталуу кызмат кылуу менен таасирлентүү мүмкүн эмес экенин түшүнүшөт (1 Шемуел 16:7).

8. Жахабага болгон сүйүү сергек болууга кандайча түрткү берет?

8 Биз Жахабаны чындап сүйөбүз, ошондуктан анын эркин аткаруудан чоң канааттануу алабыз (Забур 39:9; Матай 26:39). Ошондой эле Кудайга түбөлүк кызмат кылууну каалайбыз. Түбөлүктүү келечекти өзүбүз ойлогондон көбүрөөк күтүү керек болгондуктан эле анын баасы кемип калбайт. Баарынан маанилүүсү, Жахабанын күнүндө анын эрки кандайча аткарыларын көрүүгө дилгир болгондуктан биз сергек бойдон калуудабыз. Кудайдын жактыруусуна ээ болууну чын жүрөктөн каалагандыктан биз анын Сөзүндөгү кеңештерди жашообузда колдонуп, Падышалыгын биринчи орунга коёбуз (Матай 6:33; 1 Жакан 5:3). Келгиле, сергек болушубуз чыгарган чечимдерибизге жана күндөлүк жашообузга кандай таасир этиши керектигин карап көрөлү.

Жашооңор эмнеге багытталган?

9. Эмне үчүн адамдар бүгүнкү күндөрдүн маанисин түшүнүшү керек?

9 Бүгүн көп адамдар олуттуу көйгөйлөр менен төбө чачты тик тургузган окуялар боло жүргөн нерсеге айланып калганын байкашууда жана өздөрү деле өткөргөн жашоосуна ыраазы болбошу мүмкүн. Бирок алар дүйнөлүк жагдайдын маанисин түшүнүшөбү? «Дүйнөнүн акырында» жашап жатышканын баамдашабы? (Матай 24:3). Өзүмчүлдүктүн, зордук-зомбулуктун, ыймансыздыктын ээ-жаа бербей жайылып баратканын «акыркы убакта» жашап жатканыбыздын белгиси катары көрүшөбү? (2 Тиметейге 3:1—5). Алар мунун баары чоң мааниге ээ экенин түшүнүп, өздөрүнүн жашоосу эмнеге багытталганын карап чыкканы өтө зарыл.

10. Сергек турганыбызга кантип ынана алабыз?

10 Өзүбүз тууралуу эмне айтууга болот? Күн сайын жумушубузга, денсоолугубузга, үй-бүлөбүзгө жана сыйынуубузга байланыштуу чечимдерди чыгарууга туура келет. Алар тууралуу Ыйык Китепте эмне айтылганын билебиз жана ал билимибизди жашообузда колдонууга аракеттенебиз. Андыктан өзүбүзгө: «Турмуш түйшүктөрүнөн улам туура жолдон четтеп бараткан жокмунбу? Чечим чыгарууда дүйнөнүн философияларына, ой жүгүртүүлөрүнө жетектелбеймби?» — деген суроолорду берип көрсөк болот (Лука 21:34—36; Колосалыктарга 2:8). Биз өз акылыбызга эмес, Жахабага бүт жүрөгүбүз менен таянарыбызды мындан ары да көрсөтө беришибиз керек (Накыл сөздөр 3:5). Ошондо Кудайдын жаңы дүйнөсүндө «түбөлүк өмүргө ээ болобуз» (1 Тиметейге 6:12, 19).

11—13. а) Нухтун убагында болгон нерселерден эмнеге үйрөнсөк болот? б) Лоттун убагында болгон окуядан кандай сабак алсак болот?

11 Ыйык Китепте сергек болууга жардам берчү көптөгөн мисалдар камтылат. Мисалы, Нухтун убагында эмне болгонун карап көрөлү. Кудай Топон суу тууралуу адамдарга алдын ала эскертүү берилишине кам көргөн. Бирок эскертүүгө Нух менен анын үй-бүлөсүнөн башка эч ким кулак каккан эмес (2 Петир 2:5). Бул тууралуу Ыйса мындай деген: «Адам Уулу келген убакта Нухтун убагындагыдай болот. Топон сууга чейин, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин ойлонушкан эмес. Адам Уулу келгенде да ошондой болот» (Матай 24:37—39). Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Эгер турмуш түйшүктөрүнүн, мейли, алар күндөлүк муктаждыктарыбызга байланыштуу болсун, биринчи орунга коюшубуз керек болгон рухий иштерди четке сүрүп чыгышына жол берип жатсак, анда кандай жашоо өткөрүп жатканыбыз тууралуу олуттуу ойлонуп көргөнүбүз зарыл (Римдиктерге 14:17).

12 Лоттун күндөрүн да эстеп көрөлү. Лот үй-бүлөсү менен жашаган Содом шаары материалдык жактан гүлдөгөнү менен, анын тургундары адеп-ахлактык жактан абдан бузулган адамдар болчу. Жахаба ал шаарды талкалоо үчүн периштелерин жиберген. Периштелер Лотко жана анын үй-бүлөсүнө Содомдон чыгып, артка кылчайбай качууну буйруган. Периштелердин айтканын угуп, алар шаардан чыгып кетишкен. Бирок Лоттун аялы Содомдогу үйүн кыя албаган көрүнөт. Ал тил албастык менен артын кылчайып караган да, өмүрүнөн айрылган (Башталыш 19:15—26). Ыйса бизге: «Лоттун аялын эсиңерге түшүргүлө»,— деп эскерткен. Биз ошол эскертүүгө ылайык иш кылып жатабызбы? (Лука 17:32).

13 Кудайдын эскертүүлөрүнө кулак каккандар аман калышкан. Буга Нух үй-бүлөсү менен жана Лот кыздары менен мисал боло алат (2 Петир 2:9). Бул мисалдар эскертүү катары кызмат кылгандан сырткары, аларда адилдикти сүйгөндөрдүн бардыгы үчүн куткарылуу кабары камтылган. Ал бизди бекемдеп, Кудайдын «адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асман менен жаңы жер» жөнүндөгү убадасы сөзсүз аткарыларына ынандырат (2 Петир 3:13).

«Анын соттой турган убагы келди»!

14, 15. а) Сот убагы өзүнө эмнелерди камтыйт? б) «Кудайдан коркууга, Аны даңктоого» эмнелер кирет?

14 Биз сергек болуу менен эмнени күтө алабыз? Аян китебинде Кудайдын ой-ниети кандай тартипте ишке ашары көрсөтүлгөн. Даяр туруу үчүн, анда жазылгандарга ылайык иш кылуу маанилүү. Пайгамбарчылыкта 1914-жылы Ыйса асманда тактыга отурганда башталган «Эгенин күнүндө» болчу окуялар айкын сүрөттөлөт (Аян 1:10, «ЖД»). Аян китеби көңүлүбүздү «түбөлүктүү Жакшы Кабарды» таратып жаткан периштеге бурат. Ал периште катуу үн менен: «Кудайдан корккула, Аны даңктагыла, анткени Анын соттой турган убагы келди»,— деп жарыялоодо (Аян 14:6, 7). Сот убагы кыска мөөнөткө созулат; ал ошол пайгамбарчылыкта сүрөттөлгөн сот өкүмдөрүнүн жарыяланышын жана ишке ашышын камтыйт. Биз азыр ошол мезгилде жашап жатабыз.

15 Биз азыр, сот убагы аяктай электе, «Кудайдан коркууга, Аны даңктоого» чакырылабыз. Буга эмнелер кирет? Кудайдан коркуу сезими бизге жамандыктан оолак болууга түрткү бериши керек (Накыл сөздөр 8:13). Кудайды сыйласак, биз аны урматтоо менен угабыз. Убактыбыздын тардыгына карабай анын Сөзүн, Ыйык Китепти, күн сайын окууга убакыт табабыз. Жыйналыш жолугушууларын калтырбоого байланыштуу кеңешке олуттуу маани беребиз (Эврейлерге 10:24, 25). Кудайдын Мессиялык Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо мүмкүнчүлүгүн жогору баалайбыз жана аны ынталуулук менен аткарабыз. Биз ар убакта бүт жүрөгүбүз менен Кудайга таянабыз (Забур 61:9). Жахабанын Ааламдын Эгедери экенин түшүнгөндүктөн биз анын башкаруусуна даярдуулук менен баш ийүү аркылуу ага урмат-сый көрсөтөбүз. Силер Кудайдан чындап коркуп, аны ушундай жолдор менен даңктап жатасыңарбы?

16. Аян 14:8деги Улуу Бабылга чыгарылган сот өкүмү эчак эле аткарылган деп эмне үчүн айта алабыз?

16 Аян китебинин 14-бөлүмүндө сот убагында боло турган дагы башка окуялар сүрөттөлөт. Алгач жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабыл жөнүндө: «Анын артынан дагы бир периште келе жатты. Ал мындай деди: „Кулады! Улуу шаар Бабыл кулады“»,— деп айтылат (Аян 14:8). Ооба, Кудайдын көз алдында Улуу Бабыл эчак эле кулаган. 1919-жылы Жахабанын майланган кызматчылары миңдеген жылдар бою адамдарды жана элдерди өзүнө багындырып келген Бабылдын окутууларынан жана үрп-адаттарынан бошонушкан (Аян 17:1, 15). Ошондон тартып алар өздөрүн чыныгы сыйынууну колдоого арнап келишет. Ошол убактан бери Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар бүткүл дүйнөгө жарыяланып жатат (Матай 24:14).

17. Улуу Бабылдан чыгуу эмнени билдирет?

17 Кудайдын Улуу Бабылга чыгарган сот өкүмү ушуну менен эле аяктабайт. Жакында ал түп-тамыры менен жок кылынат (Аян 18:21). Андыктан Ыйык Китептеги: «Анын [Улуу Бабылдын] күнөөлөрүнө ортоктошуп... алааматтарга кабылып калбашың үчүн, андан чык»,— деген чакырык бардык адамдарга бекеринен айтылып жаткан жок (Аян 18:4, 5). Улуу Бабылдан канткенде чыга алабыз? Ан үчүн жалган дин менен болгон байланышыбызды үзүп коюу эле жетишсиз. Бабылдын таасирин кеңири тараган майрамдар менен каада-салттардан, адамдардын секске карата болгон жеңил ойлуу көзкарашынан, спиритизм менен байланышкан көңүл ачуулардан жана башка көп нерселерден байкоого болот. Сергек туруу үчүн, Улуу Бабыл менен эч кандай байланышыбыз жок экенин жүрүм-турумубуз жана жүрөктөгү каалоолорубуз менен далилдешибиз керек.

18. Аян 14:9, 10до айтылгандарга ылайык, сергек турган Ыйсанын жолдоочулары эмнеден качышы керек?

18 Аян 14:9, 10до сот убагына байланыштуу дагы бир нерсе айтылат. Бир периште: «Ким жырткычка жана анын айкелине табынса, анын белгисин чекесине же колуна койдурса, ал Кудайдын каарынын шарабын... ичет»,— дейт. Эмне үчүн? «Жырткыч жана анын айкели» Жахабанын эгедерлигин тааныгысы келбеген адамзат башкаруучуларын билдирет. Сергек турган Ыйсанын жолдоочулары чыныгы Кудай Жахабанын эгедерлигин тааныгысы келбеген адамдардын таасирине алдырбоого же «белги» койдурбоого, башкача айтканда, алардын көзкараштарын жактабаганга жана иш-аракеттерин туурабаганга бүт күчү менен аракеттенишет. Алар Кудайдын Падышалыгы асманда орнотулганын жана жакында адамдык өкмөттөрдүн баарын жок кылып, өзү түбөлүк турарын билишет (Даниел 2:44).

Кайсы убакта жашап жатканыңарды унутпагыла!

19, 20. а) Акыркы күндөр аяктаган сайын Шайтандын эмне кылууга аракеттенери шексиз? б) Биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

19 Акыркы күндөр аяктаган сайын, дүйнөнүн кысымы, азгырыктар күчөгөндөн күчөй берет. Азыркы эски түзүлүштө жашап, жеткилеңсиздигибиз менен күрөшүп жатканда, бизге начар денсоолугубуз, карылык, жакындарыбыздан айрылуу, жараланган сезимдер, адамдардын жакшы кабарга жасаган кошкөңүл мамилеси жана башка нерселер таасир бербей койбойт. Кыйынчылыкка дуушар болгонубузда, Шайтан учурдан пайдаланып, бизди багындырууга, кабар айтпай же Кудайдын нормалары менен жашабай калышыбызга абдан кызыкдар болорун эстен чыгарбайлы (Эфестиктерге 6:11—13). Азыр кайсы убакта жашап жатканыбызды унутчу убак эмес!

20 Кысымга көп дуушар болорубузду билгендиктен Ыйса бизге: «Сергек болгула, анткени Теңириңердин [«Эгеңердин», «ЖД»] кайсы убакта келерин билбейсиңер»,— деп кеңеш берген (Матай 24:42). Ошондуктан, келгиле, кандай мезгилде жашап жатканыбызды дайыма эсибизде сактайлы. Ошондой эле Шайтандын жүрүшүбүздү басаңдатып же таптакыр токтотуп коюшуна жол бербей, анын айла-амалдарына каршы туралы. Андан тышкары, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуулук, тырышчаактык менен айтууга ого бетер чечкиндүү бололу. Келгиле, Ыйсанын: «Сергек болгула»,— деген эскертүүсүнө кулак кагып, кайсы убакта жашап жатканыбызды унутпоого бүт күч-аракетибизди жумшайлы. Муну менен Жахабага даңк алып келип, анын түбөлүк баталарын ала тургандардын арасында болобуз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ыйсанын «сергек болууга» карата берген эскертүүсү анын чыныгы жолдоочуларына тиешелүү экенин кайдан билебиз?

• Ыйык Китептеги кайсы мисалдар бизге «сергек болууга» жардам берет?

• Кудайдын соттой турган убагы кайсы мезгилди билдирет жана ал аяктагыча биз эмне кылууга чакырылабыз?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Ыйса өзүнүн келерин уурунун келишине салыштырган.

[24-беттеги сүрөт]

Улуу Бабылдын кыйрашына аз калды.

[25-беттеги сүрөт]

Кабар айтууга тырышчаактык менен ынталуу катышууга чечкиндүү бололу.