Ыйса айткан белгини баамдап жатасыңарбы?
Ыйса айткан белгини баамдап жатасыңарбы?
ЭЧ КИМДИН катуу ооруга же кырсыкка кабылгысы келбейт. Акылдуу адам андай нерселерден алыс болуу үчүн, коркунучтан кабар берген белгилерди байкап, аларга жараша чара көрөт. Ыйса Машайак биз көңүл бурушубуз керек болгон өзгөчө белги жөнүндө айтып кеткен. Ал белги бүткүл дүйнөгө жана бүт адамзатка, анын ичинде силерге жана үй-бүлөңөргө да таасирин тийгизмек.
Ыйса жамандыкты жок кылып, жер бетин бейишке айланта турган Кудайдын Падышалыгы тууралуу айткан. Анын шакирттери ал Падышалыктын качан келерин билүүнү каалашып: «Бул качан болот жана сенин катышууң менен түзүлүштүн аякташынын белгиси эмне болот?» — деп сурашкан (Матай 24:3, «ЖД»).
Ыйса тирилгенинен бир нече кылым өткөндөн кийин гана Мессиялык Падыша катары адамзатты башкаруу үчүн асмандагы такка отурарын билген. Такка отурганы адамдарга көрүнбөй тургандыктан, ал шакирттерине өзүнүн «катышуусу» башталганын жана «түзүлүштүн аяктап калганын» билүүгө жардам бере турган белгини айткан. Бул курама белги бир нече бөлүктөн туруп, Ыйсанын катышып жатканын айкындаган жышаан же көрсөткүч болуп бермек.
Матай, Марк жана Лука Ыйсанын өз жолдоочуларына эмне деп жооп бергенин Инжилдерге кылдаттык менен жазып кетишкен (Матай 24, 25-бөлүмдөр; Марк 13-бөлүм; Лука 21-бөлүм). Ыйык Китептин бөлөк жазуучулары да белгини түзгөн дагы башка нерселерди айтып өтүшкөн (2 Тиметейге 3:1—5; 2 Петир 3:3, 4; Аян 6:1—8; 11:18). Бул макалада ошол маалыматтардын баарын карап чыгуу мүмкүн эмес болсо да, Ыйса айтып өткөн белгинин беш негизги бөлүгүнө токтолуп, алардын ар бирибиз үчүн кандай мааниге ээ экенин көрөбүз. (6-беттеги кутучаны карагыла.)
«Жаңы доордун башталышын белгилеген өзгөрүү»
«Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөт» (Матай 24:7). Бир басылмада 1914-жылга чейин адамдар «эркиндик, өсүп-өнүгүү жана жыргалчылык өкүм сүргөн алтын кылымдын келерине ишенишкени» тууралуу айтылат («Der Spiegel»). Анан жагдай түп орду менен өзгөргөн. «1914-жылдын август айында башталып, 1918-жылдын ноябрында токтогон согуш өзгөчө окуя болду. Ал эски доорду жаңысынан бөлүп салган тарыхый жарака болуп калды»,— деп билдирилет «ГЕО» журналында. Ал кыргынга беш континенттен 60 миллиондон ашуун жоокер катышкан. Күн сайын орто эсеп менен 6 000 жоокер каза таба турган. Ошондон бери ар кандай саясий көзкарашты жактаган жана ар кайсы убакта жашаган тарыхчылар «1914—1918-жылдардын жаңы доордун башталышын белгилегенине» кошулушат.
Биринчи дүйнөлүк согуш адамзат коомундагы качып кутулгус өзгөрүүлөргө себеп болуп, азыркы түзүлүштүн акыркы күндөрүн баштап берди. Өткөн кылымдын калган жылдары аягы үзүлбөгөн согуштар, куралдуу кагылышуулар жана террорчулук менен мүнөздөлдү. Биз жашап жаткан кылымдын башында да жагдай жакшы жагына оңолгон жок. Тескерисинче, белгинин согуштан башка өзгөчөлүктөрү да айдан ачык көрүнүүдө.
Ачарчылык, эпидемиялар жана жертитирөөлөр
«Жер-жерлерде ачарчылык... болот» (Матай 24:7). Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Европа өлкөлөрү ачарчылыктан катуу жапа чеккен, ошондон бери ачарчылык улам бир жерде күч алууда. Тарыхчы Алан Булок 1933-жылы Орусияда жана Украинада «нанга жетпеген адамдардын сансыз көп [болгондугу]... Көчөлөрдө ачкадан өлгөндөрдүн денелери үймөк-үймөк болуп [жаткандыгы]» жөнүндө жазган. 1943-жылы журналист Т. Х. Вайт Кытайдагы Хэнъян провинциясын жабыркаткан ачарчылыкка күбө болгон. Ал: «Ачарчылык убакта адам эмнени болбосун жегенге даяр, организми болсо аны иштетип, майдалап, керектүү энергияга айлантат. Бирок жегенге болбой турган нерсени жеш үчүн ажалдан чындап коркуу керек»,— деп жазган. Акыркы он жылдыкта Африканын дээрлик бардык жеринде ачарчылык өкүм сүргөнү кейитпей койбойт. БУУнун курамына кирген Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун эсептөөсү боюнча, жер ар бир адамга жетерлик азык бергенине карабастан, бүткүл дүйнө жүзү боюнча 840 миллион адам чала тоюттан жабыркоодо.
«Жер-жерлерде... жугуштуу оорулар... болот» (Лука 21:11). «1918-жылы испанка оорусу орто эсеп менен 20 миллиондон 50 миллионго чейинки адамдын өмүрүн кыйган. Бул чумадан же биринчи дүйнөлүк согушта каза болгон адамдардын санынан көп»,— деп билдирилет бир гезитте («Süddeutsche Zeitung»). Андан бери безгек, чечек, кургак учук, полиомиелит жана холера сыяктуу ооруларга канчалагандар чалдыгууда. ЖИКСтин (СПИД) барган сайын күч алышы бүт адамзаттын үрөйүн учурууда. Медицина тармагындагы албан жетишкендиктерге карабастан, оорулар багынбай келүүдө. Дүйнөдөгү абалдын эмне себептен оордогондон оордоп баратканы көптөргө азыркыга чейин түшүнүксүз болуп келет, бирок бизге бул өзгөчө убакта жашап жатканыбызды түшүнүүгө жардам берет.
«Жер титирөөлөр» (Матай 24:7). Акыркы жүз жылдын ичинде жертитирөөлөрдөн жүз миңдеген адам мерт болгон. Бир билдирүүгө ылайык, 1914-жылдан бери жыл сайын имараттарды кыйратып, жерде жаракалардын пайда болушуна себеп болгон 18ге жакын жертитирөө болуп турат. Ал эми имараттарды жер менен жексен кылган катуу жертитирөөлөр болжол менен жылына бир жолу болот. Техниканын өнүккөнүнө карабай, өлгөн адамдардын саны төмөндөгөн жок, себеби көптөгөн тез өскөн шаарлар жертитирөөлөр бат-баттан болуп туруучу аймактарда курулууда.
Кубанычтуу кабар!
Акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды көрсөткөн курама белгини түзгөн окуя-шарттардын көбү кайгыртат. Бирок Ыйса кубанычтуу кабар жөнүндө да айткан.
«Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат» (Матай 24:14). Ыйса баштаган иш — Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу иши — акыркы күндөрдө өзүнүн туу чокусуна жетмек. Азыр дал ошондой болуп жатат. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги жакшы кабарды дүйнөнүн булуң-бурчуна жеткирип, жүрөгү таза адамдарды окуп-билгендерин жашоолорунда колдонууга үйрөтүп жатышат. Бүгүн алты миллиондон ашуун Күбө бул жакшы кабарды 235 өлкөдө 400дөн ашуун тилде жарыялашууда.
Ыйсанын азыркы дүйнөдөгү оор абалдын айынан жашоо токтоп калат деп айтпаганына көңүл бурсаңар. Ошондой эле ал дүйнө жүзү боюнча белгинин бир эле өзгөчөлүгүн эмес, аны түзгөн көптөгөн окуя-шарттарды көрүүгө мүмкүн болорун айткан.
Жер-жерлерде болуп жаткан окуялардын бардыгы дүйнөлүк мааниге ээ белгини түзөрүн баамдап жатасыңарбы? Алардын өзүңөргө жана үй-бүлөңөргө түзмө-түз тиешеси бар. «Анда эмне үчүн буга аз эле адамдар маани берип жатышат?» — деп таң калышыбыз мүмкүн.
Жеке кызыкчылыктар биринчи орунда турат
«Сүзүүгө болбойт!», «Ток урат!», «Ылдамдыкты басаңдат!» Булар биз байкап жүргөн, бирок көп учурда маани бербей келген белгилердин жана эскертүүлөрдүн айрымдары гана. Эмнеге бул эскертүүлөр көз жаздымда калат? Анткени биз көп учурда жеке кызыкчылыктарыбызды жогору койгубуз келет. Мисалы, машинени мыйзамда тыюу салынган ылдамдыктан катуураак айдагыбыз же чабак урууга болбой турган жерлерде сүзгүбүз келиши мүмкүн. Бирок эскертүүлөргө көңүл бурбоо акылсыздыкка жатат.
Алсак, Австрия, Франция, Италия жана Швейцариянын Альп тоолорунда лыжаны же чананы коопсуз жерлерде тебүүгө чакырган эскертүүлөргө көңүл бурбаган туристтер кээде көчкүнүн алдында калышат. Бир гезитте белгиленгендей, мындай эскертүүлөргө көңүл бурбаган туристтердин көбү «өмүрдү тобокелге салмайын, жашоонун кызыгы жок» деген принцип менен жашашат («Süddeutsche Zeitung»). Эскертүүлөргө көңүл бурбоо кайгылуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн.
Эмне себептен адамдар Ыйса айткан белгиге кошкөңүл карашат? Буга ачкөздүк, көңүлкоштук, жетекчиликтин жоктугу, күнүмдүк түйшүктөр же кадыр-барктан ажырап калуудан коркуу себеп болушу ыктымал. Жогоруда саналып өткөн нерселердин силерге Ыйсанын катышуусу башталганын көрсөткөн белгиге көңүл бурууга жолтоо кылышы мүмкүнбү? Белгини баамдап, тийиштүү чараларды көрүү акылдуулук эмеспи?
Жер бетиндеги бейиште жашоо
Ыйсанын катышуусу башталганын көрсөткөн белгиге маани берген адамдардын саны барган сайын өсүүдө. Үй-бүлөсү бар германиялык Кристиан: «Биз өтө оор убакта жашап жатабыз. Азыр „акыркы убак“ экени талашсыз»,— деп жазат. Ал жубайы экөө Мессиялык Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды башкаларга айтууга көп убакыт бөлүшөт. Ошол эле өлкөнүн тургуну Фрэнк да аялы экөө Ыйык Китептеги жакшы кабарды жарыялоо менен башкаларды кубаттандырып келет. «Көп адамдар дүйнөдөгү абалдан улам келечегин ойлоп тынчсызданышат. Биз аларды жер бетинде боло турган бейиш жөнүндөгү кабар менен жубатканга аракет кылабыз»,— дейт ал. Кристиан менен Фрэнк Ыйса айткан белгинин бир бөлүгүнүн аткарылышына, атап айтканда, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын таралышына өз салымдарын кошуп жатышат (Матай 24:14).
Дүйнөнүн акыры келгенде, Ыйса бул түзүлүштү жана аны жактырган адамдардын баарын жок кылат. Мессиялык Падышалык жер бетинде аткарылчу бардык иштерди жетектеп, алдын ала айтылгандай, жерди бейишке айлантат. Адамзат оору менен өлүмдөн арылат жана өлгөндөрдүн баары жер бетинде жашоого тирилтилет. Мындай сонун келечек кандай убакта жашап жатканыбызды көрсөткөн белгини баамдап жаткандарды күтүп турат. Ошол белги жөнүндө жана кыяматтан аман калуу үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу дагы көбүрөөк билүү акылдуулукка жатпайбы? Албетте, ар бир адам токтоосуз иш-аракет кылууга тийиш (Жакан 17:3).
[6-беттеги кутуча]
АКЫРКЫ КҮНДӨРДҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Болуп көрбөгөндөй согуштар (Матай 24:7; Аян 6:4).
Ачарчылык (Матай 24:7; Аян 6:5, 6, 8).
Эпидемиялар (Лука 21:11; Аян 6:8).
Тартипсиздиктин көбөйүшү (Матай 24:12).
Жертитирөөлөр (Матай 24:7).
Оор күндөр (2 Тиметейге 3:1).
Акчаны сүйүүчүлүк (2 Тиметейге 3:2).
Ата-энеге баш ийбестик (2 Тиметейге 3:2).
Табигый ынактыктын жоктугу (2 Тиметейге 3:3, «ЖД»).
Кудайга караганда ыракатты сүйүү (2 Тиметейге 3:4).
Өзүн өзү кармай албагандык (2 Тиметейге 3:3).
Жакшы нерсени жек көрүү (2 Тиметейге 3:3).
Келе жаткан коркунучту тоотпогондук (Матай 24:39).
Шылдыңдоочулардын акыркы күндөрдүн далилдерин четке кагышы (2 Петир 3:3, 4).
Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабардын дүйнө жүзүнө таратылышы (Матай 24:14).
Ыйса дүйнө жүзү боюнча байкала турган белгини түзгөн окуя-шарттарды санап өткөн
[7-беттеги сүрөт]
WWI soldiers: From the book The World War—A Pictorial History, 1919; poor family: AP Photo/Aijaz Rahi; polio victim: © WHO/P. Virot
Дүйнөлүк мааниге ээ белгини баамдап жатасыңарбы?