Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса кандай жашаса, ошондой жашагыла

Ыйса кандай жашаса, ошондой жашагыла

Ыйса кандай жашаса, ошондой жашагыла

«„Машайактын ичиндемин“ [„Кудай менен биримдиктемин“, «ЖД»] деген адам Машайак кандай жашаса, ошондой жашашы керек» (1 Жакан 2:6).

1, 2. Ыйсаны «кароо» деген эмнени билдирет?

«АЛДЫБЫЗДАГЫ жарыштын аягына чыдамдуулук менен чыгалы,— деп жазган элчи Пабыл.— Ишенимибиздин баштоочусу жана бүтүрүүчүсү болгон Ыйсаны карайлы» (Эврейлерге 12:1, 2). Чындык жолунда ишенимдүүлүгүбүздү сакташ үчүн, биз Ыйса Машайакты «карашыбыз» керек.

2 Жогорудагы аятта колдонулган «кароо» деген сөз түпнускада «алаксыбай көңүлдү бир нерсеге буруу», «көздү бир нерсеге багыттоо», «көз жиберүү, тиктөө» деген маанини берет. Бир эмгекте: «Стадиондо чуркап бараткан грек жөөкүлүгү жарыштан жана көздөгөн максатынан алаксып, көңүлүн элге бурар замат, анын ылдамдыгы басаңдайт. Ыйсанын жолдоочусу жөнүндө да ушуну айтууга болот»,— деп белгиленет. Алаксуулар рухий жактан ийгилик кылышыбызга тоскоол болот. Биз Ыйса Машайакты карашыбыз керек. Башчыбызды карап, андан эмнени издейбиз? «Башчы» деп которулган грек сөзү «бардык жактан жетекчиликти колго алуу менен үлгү көрсөткөн жетекчи, жолбашчы» дегенди билдирет. Ыйсаны «кароо» анын үлгүсү боюнча жашоону талап кылат.

3, 4. а) Ыйса Машайак кандай жашаса, ошондой жашоо үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Кайсы суроолорду талкуулап чыгабыз?

3 «„Машайактын ичиндемин“ [„Кудай менен биримдиктемин“, «ЖД»] деген адам Машайак кандай жашаса, ошондой жашашы керек» (1 Жакан 2:6). Ыйса Атасынын осуяттарын аткаргандай, биз да Ыйсанын осуяттарын аткарып, Кудай менен биримдикте болушубуз керек (Жакан 15:10).

4 Андыктан, Ыйса кандай жашаса, ошондой жашоо үчүн биз аны Башчыбыз катары көрүү менен иш-аракеттерине кылдат байкоо салып, анын изи менен басышыбыз керек. Буга байланыштуу төмөнкү маанилүү суроолорду карап чыгалы: Машайак бүгүн бизди кантип жетектейт? Ал кандай жашаса, ошондой жашоо бизге кандай таасир этиши керек? Ыйса Машайак калтырган үлгү боюнча жашоонун кандай пайдалары бар?

Машайак жолдоочуларын кантип жетектейт?

5. Асманга кетер алдында Ыйса Машайак шакирттерине кандай убада берген?

5 Тирилтилген Ыйса Машайак асманга кетер алдында шакирттерине жолугуп, аларга бир маанилүү ишти тапшырган. Ал: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла»,— деген. Ошондой эле бул тапшырманы аткарууда алар менен болорун убадалап: «Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом»,— деп айткан (Матай 28:19, 20). Кандайча Ыйса Машайак дүйнөнүн акыры жакындап калган азыркы убакта өзүнүн жолдоочулары менен болууда?

6, 7. Ыйса бизди ыйык рух аркылуу кандайча жетектейт?

6 Ыйса: «Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат»,— деген (Жакан 14:26). Ыйсанын ысмынын урматына жиберилген ыйык рух бүгүн бизди жетектеп, бекемдеп турат. Ал бизге рухий түшүнүгүбүздү тереңдетүүгө жана «Кудайдын улуу сырларын да» баамдоого жардам берет (1 Корунттуктарга 2:10). Андан тышкары, «рухтун жемишине» «сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү» сапаттары кирет (Галатиялыктарга 5:22, 23). Биз аларды ыйык рухтун жардамы менен өрчүтө алабыз.

7 Ыйык Жазманы изилдеп, андан билгендерибизди иш жүзүндө колдонууга аракеттенсек, Жахабанын руху бизге акылмандыкка, эстүүлүккө, түшүнүккө, билимге, акыйкаттыкка жана акылга ээ болууга жардам берет (Накыл сөздөр 2:1—11). Ыйык рух азгырыктар менен сыноолорго туруштук берүүгө да көмөк кылат (1 Корунттуктарга 10:13; 2 Корунттуктарга 4:7; Филипиликтерге 4:13). Ыйсанын жолдоочулары катары биз «денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылып... ыйыктыкка умтулууга» чакырылабыз (2 Корунттуктарга 7:1). Ыйык рухтун жардамысыз биз Кудайдын ыйыктыкка, башкача айтканда, тазалыкка байланышкан талабына жооп бере алабызбы? Ыйса бизди жетектөөдө колдонгон нерселердин бири — ыйык рух. Жахаба Кудай Уулуна аны колдонууга укук берген (Матай 28:18).

8, 9. Кандайча Машайак жыйналышты «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу жетектөөдө?

8 Ыйса бүгүн жыйналышты жетектөө үчүн дагы эмнени колдонорун карап көрөлү. Өзүнүн катышуусу жана дүйнөнүн акыры жөнүндө айткандан кийин ал мындай деген: «Кулдардын тамагын өз убагында берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким? Кожоюну кайтып келгенде, иштеп жаткан кул бактылуу. Силерге чындыкты айтып коёюн, кожоюн өзүнүн бүт мал-мүлкүн ал кулга ишенип тапшырат» (Матай 24:3, 45—47).

9 Бул жерде «кожоюн» — Ыйса Машайак. «Кул» Ыйсанын жердеги майланган жолдоочуларынын тобун билдирет. Кул тобуна Ыйсанын жердеги иштеринин ийгиликтүү аткарылышына кам көрүү жана рухий тамакты өз маалында берип туруу ишенип тапшырылган. «Ишенимдүү жана акылдуу кулдун» ичине кирген тажрыйбалуу көзөмөлчүлөрдүн чакан тобу Жетектөөчү Кеңешти түзүп, кул тобунун өкүлү катары кызмат кылат. Алар Падышалык жөнүндө бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин жетектеп, рухий тамактын өз убагында берилишине кам көрүшөт. Ошентип, Машайак жыйналышты рух менен майланган «ишенимдүү жана акылдуу кул» жана анын Жетектөөчү Кеңеши аркылуу жетектөөдө.

10. Аксакалдарга карата кандай көзкарашта болушубуз керек жана эмне үчүн?

10 Машайактын жетекчилиги «адам түрүндөгү белектер» — жыйналыш аксакалдары, көзөмөлчүлөр — аркылуу да жүзөгө ашырылууда. Аксакалдар «Машайактын Денесин түзүүдө ыйыктарды кызмат кылууга жөндөмдүү кылуу үчүн» дайындалган (Эфестиктерге 4:8, «ЖД», Эфестиктерге 4:12, 13). Алар тууралуу Эврейлерге 13:7де: «Кудай Сөзүн айткан насаатчыларыңарды унутпагыла. Алардын өмүрүнүн акырын карап, алардын ишеним жолун жолдогула»,— деп айтылат. Аксакалдар жыйналышта жетекчиликти колго алышат. Алар Ыйса Машайактан үлгү алышкандыктан, алардын ишеними биз үчүн үлгү болуп саналат (1 Корунттуктарга 11:1). Биз аксакалдарды — «адам түрүндөгү белектерди» — баалай турганыбызды аларга тил алуу жана баш ийүү менен көрсөтө алабыз (Эврейлерге 13:17).

11. Машайак өзүнүн жолдоочуларын бүгүн кандайча жетектейт жана ал жашагандай жашаш үчүн эмне кылуу зарыл?

11 Демек, бүгүн Ыйса Машайак өзүнүн жолдоочуларын ыйык рух, «ишенимдүү жана акылдуу кул», ошондой эле жыйналыш аксакалдары аркылуу жетектейт. Машайак кандай жашаса, ошондой жашаш үчүн, анын бизди кантип жетектээрин түшүнүп, анын жетекчилигине баш ийишибиз зарыл. Ошондой эле анын жолу менен жүрүшүбүз керек. «Силер ушуга чакырылгансыңар,— деп жазган элчи Петир.— Себеби Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен» (1 Петир 2:21). Ыйсанын жеткилең үлгүсү менен жашоо бизге кандай таасир этиши керек?

Башчылык кылууда эстүүлүк көрсөткүлө

12. Жыйналыштагы аксакалдар өзгөчө кайсы жагынан Ыйсадан үлгү алышы керек?

12 Атасынан эбегейсиз зор бийлик алганына карабастан Ыйса аны эстүүлүк менен колдонгон. Жыйналыштагылардын баары, айрыкча, аксакалдар башкаларга өздөрүнүн эстүүлүгү менен таанымал болушу керек (Филипиликтерге 4:5, «ЖД»; 1 Тиметейге 3:2, 3). Аксакалдар жыйналышта кандайдыр бир деңгээлде бийликке ээ болгондуктан, аны колдонууда Ыйсадан үлгү алышканы маанилүү.

13, 14. Башкаларды Кудайга кызмат кылууга үндөөдө аксакалдар Ыйсаны кантип туурай алышат?

13 Ыйса шакирттеринин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин билгендиктен, алардан колдон келбей турган нерсени талап кылган эмес (Жакан 16:12). Ал жолдоочуларын Кудайдын эркин аткарууга өздөрүнүн «болгон күчүн жумшоого» үндөөдө аларды эч качан мажбурлаган эмес (Лука 13:24, «ЖД»). Ыйса өзү демилге көрсөтүп, шакирттеринин жүрөктөрүн козгогон. Ошо сыяктуу эле, Ыйсаны жолдогон аксакалдар башкаларды Кудайга кызмат кылууга үндөөдө аларды уяткарууга, айыптоого же коркутууга умтулушпайт. Тескерисинче, аларды Жахабага сүйүү менен кызмат кылууга, Кудай менен Ыйсага, ошондой эле жакындарына сүйүү өрчүтүүгө чакырышат (Матай 22:37—39).

14 Ыйса бийлигин кыянат колдонбогондуктан, адамдардын жашоосун көзөмөлдөөгө, ченемсиз нормаларды берүүгө же сансыз көп эрежелерди чыгарууга аракеттенген эмес. Ал адамдардын жүрөгүн Мусанын мыйзамындагы принциптер аркылуу козгогон (Матай 5:27, 28). Ыйса Машайакты туурап, аксакалдар эрежелерди ойлоп чыгаруудан же башкаларга жеке көзкараштарын таңуулоодон качышат. Кийим-кечек, сырткы көрүнүш же эс алуу маселелерине келгенде, аксакалдар адамдын жүрөгүн ыйык китептик принциптер аркылуу козгоого аракет кылышат. Ал принциптердин айрымдары төмөнкү аяттарда берилет: Михей 6:8; 1 Корунттуктарга 10:31—33; 1 Тиметейге 2:9, 10.

Боорукер, кечиримдүү болгула

15. Ыйса шакирттеринин кемчиликтерине кандай мамиле кылган?

15 Ыйса шакирттеринин кемчилик-каталарына жасаган мамилеси менен бизге эң сонун үлгү калтырган. Анын жердеги жашоосунун акыркы түнүндө болгон эки окуяны алып көрөлү. Гетсеманиге келгенден кийин Ыйса өзү менен кошо «Петирди, Жакыпты, Жаканды ала кетип», аларды «сергек болууга» үндөгөн. Анан «четкерээк барып, жүзтөмөндөп жыгылып», тилене баштаган. Кайтып келгенде шакирттеринин «уктап жатканын көргөн». Ошондо Ыйса эмне кылган? Ал: «Рух сергек, дене алсыз»,— деп айткан (Марк 14:32—38). Петир, Жакып, Жакандарды жемелеп-жектеп кирбей, тескерисинче, аларга боору ооруган! Ошол эле түнү Петир Ыйсадан үч жолу баш тартып кеткен (Марк 14:66—72). Ыйса кийин ага кандай мамиле жасаган? Тирилгенден кийин ал «Шымонго [Петирге] көрүнгөн» (Лука 24:34). «Ал Кейфага, кийин он эки шакиртине көрүнгөн» (1 Корунттуктарга 15:5). Ыйса көңүлүндө таарыныч сактабастан, өкүнгөн элчини кечирип, бекемдеген. Кийин Петирге чоң жоопкерчиликтерди ишенип тапшырган (Элчилер 2:14; 8:14—17; 10:44, 45).

16. Ишенимдештерибиз көңүлүбүздү оорутса же жаман мамиле кылса, Ыйсаны кантип туурай алабыз?

16 Адамдык жеткилеңсиздигинен улам ишенимдештерибиз көңүлүбүздү оорутса же жаман мамиле кылса, биз да Ыйсага окшоп, боор оорууга жана кечиримдүү болууга умтулушубуз керек эмеспи? Петир ишенимдештерин: «Баарыңар бир ойдо болгула, кайрымдуу болгула, бир туугандарыңарды сүйгүлө, боорукер жана момун болгула. Жамандыкка жамандык менен, жаман сөзгө жаман сөз менен жооп кайтарбагыла. Тескерисинче, батаңарды бергиле»,— деп үндөгөн (1 Петир 3:8, 9). А эгерде кимдир бирөө бизге Ыйсадай мамиле кылбай, боор оорубаса же кечирбесечи? Андай учурларда да биз Ыйсаны тууроого жана башкаларга Ыйсадай мамиле кылууга аракеттене беришибиз керек (1 Жакан 3:16).

Падышалыкты биринчи орунга койгула

17. Кудайдын эркин аткаруу Ыйсанын жашоосунда башкы орунду ээлегенин эмне көрсөтүп турат?

17 Ыйса Машайак кандай жашаса, ошондой жашоого дагы бир жактан умтулушубуз керек. Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо Ыйсанын жашоосунда эң маанилүү орунду ээлеген. Самариянын Шекем шаарынын жанынан самариялык аялга кабар айткандан кийин Ыйса шакирттерине: «Менин тамагым — Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү»,— деген (Жакан 4:34). Атасынын эркин аткаруу Ыйсаны тамак сыяктуу күчтөндүрүп, сергитип турган. Ыйсага окшоп, Кудайдын эркин аткарууга жан-дилден умтулсак, жашообуз маңызсыз болуп, кубанычыбыз кемип калабы?

18. Балдарды толук убакыттуу кызматка умтулууга үндөө кандай баталарды алып келет?

18 Ата-энелер балдарын толук убакыттуу кызматка умтулууга үндөсө, өздөрү да, балдары да көптөгөн баталарды алышат. Бир ата эгиз балдарын кичинекей кезинен пионердик кызматты алдыларына максат кылып коюуга үндөп келген. Окууну бүткөндөн кийин алар пионер болушкан. Мунун кандай кубаныч алып келгенин эстеп, атасы мындай дейт: «Балдарыбыз үмүтүбүздү актады. Биз: „Балдар — Теңир берген мурас“,— деп ыраазычылык менен айта алабыз» (Забур 126:3). Ал эми толук убакытта кызмат кылуу балдарга эмнеси менен пайдалуу? Беш баланын энеси мындай дейт: «Пионердик кызматтын аркасында балдарымдын баары Жахаба менен ого бетер тыгыз мамиле өрчүтүп, өздүк изилдөөгө олуттуу карап калышты, ошондой эле убакытты акылдуулук менен пайдаланууга жана рухий иштерди жашоолорунда биринчи орунга коюуга үйрөнүштү. Ар бирине көп өзгөрүүлөрдү жасоого туура келгенине карабастан, ушул жолду тандап алганына бири да өкүнбөйт».

19. Жаштардын келечекке кандай пландарды түзгөнү акылдуулукка жатат?

19 Жаштар, келечекке кандай пландарды түзүп жатасыңар? Дүйнөдөн мансап издейсиңерби же толук убакыттуу кызматты баштоого умтуласыңарбы? «Кандай жашап жатканыңарга көңүл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла,— деп насаат айткан Пабыл.— Убакытты пайдалана билгиле, анткени убакыт жаман». Анан мындай деп кошумчалаган: «Ошон үчүн акылсыз болбогула, тескерисинче, Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билгиле» (Эфестиктерге 5:15—17).

Берилгендик сактагыла

20, 21. Ыйса кандайча берилгендик көрсөткөн жана аны кантип туурай алабыз?

20 Ыйса кандай жашаса, ошондой жашаш үчүн, анын берилгендик сапатын чагылдырышыбыз керек. Ыйсанын берилгендиги жөнүндө Ыйык Китепте мындай делет: «Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок [«өзүн Кудайга тең көрүүнү оюна да алган эмес», «ЖД»]. Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты. Өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты». Ыйса Жахабанын эркине баш ийип, анын эгедерлигин берилгендик менен колдогон. Ал кыйноо мамысында өлгөнгө чейин тил алчаактыгын сактаган. Биздин «ой жүгүртүүбүз Машайак Ыйсаныкындай болушу керек». Кудайдын эркин аткаруу үчүн, ага берилгендик менен баш ийишибиз зарыл (Филипиликтерге 2:5—8).

21 Ыйса ишенимдүү элчилерине да берилгендик көрсөткөн. Алардын алсыздыгына, жеткилеңсиздигине карабастан Ыйса аларды «акырына чейин» сүйгөн (Жакан 13:1). Ошо сыяктуу эле, биз биртуугандарыбыздын жеткилеңсиздигинин айынан аларга сын көзкарашта болуудан качышыбыз керек.

Ыйсанын үлгүсү боюнча жашагыла

22, 23. Ыйсанын үлгүсү боюнча жашоо эмнеси менен пайдалуу?

22 Албетте, биз жеткилеңсиз болгондуктан жеткилең үлгү калтырган Ыйсанын изи менен так жүрө албайбыз. Ошентсе да анын изи менен басууга аракеттенсек болот. Ан үчүн Ыйсанын бизди кантип жетектээрин түшүнүп, анын жетекчилигине баш ийүүгө жана көрсөткөн үлгүсү боюнча жашоого тийишпиз.

23 Машайакты тууроо менен көп баталарды алабыз. Жашообуз маңыздуу болуп, кубанычыбыз артат, анткени биз өзүбүздүн эмес, Кудайдын эркин аткарууга умтулабыз (Жакан 5:30; 6:38). Абийирибиз да таза болот. Өмүр жолубуз менен башкаларга үлгү көрсөтөбүз. Ыйса чарчап-чаалыккандар менен түйшүк тарткандардын баарын ага келип, сергитүү алууга чакырган (Матай 11:28—30). Ыйсаны туурасак, биз менен пикирлешүүдөн башкалар сергитүү алышат. Келгиле анда, мындан ары да, Ыйса кандай жашаса, ошондой жашайлы.

Эсиңердеби?

• Ыйса бүгүн жолдоочуларын кантип жетектейт?

• Аксакалдар Кудай берген бийликти колдонууда Ыйсаны кантип туурай алышат?

• Биртуугандарыбыздын кемчиликтерин байкаганда Ыйсанын үлгүсү боюнча эмне кылышыбыз керек?

• Жаштар Падышалыктын кызыкчылыктарын кантип биринчи орунга коё алышат?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Аксакалдар бизге Ыйсанын жетекчилигине баш ийүүгө жардам беришет.

[20-беттеги сүрөт]

Жаштар, Кудайдын сансыз баталарын алуу үчүн келечекке кандай пландарды түзүп жатасыңар?