Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — биздин койчубуз

Жахаба — биздин койчубуз

Жахаба — биздин койчубуз

«Теңир — менин Койчум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм» (Забур 22:1, «ҮН», 2001).

1—3. Дөөттүн Жахабаны койчуга салыштырганы эмне үчүн таң калыштуу эмес?

ЭГЕР сенден Жахабанын өз элине кантип кам көрөрүн сурашса, эмне деп жооп берет элең? Анын ишенимдүү кызматчыларына назиктик менен кам көрөрүн түшүндүрүү үчүн кандай мисал келтирет элең? Болжол менен 3 000 жыл мурун падыша жана забурчу Дөөт жаш чагында аткарган ишине байланыштуу салыштырууну колдонуп, Жахабанын камкор экенин эң сонун сөздөр менен сыпаттаган.

2 Бала кезинде Дөөт койчу болгондуктан, кой бакканды жакшы билген. Ал кароосуз калган койлор бат эле адашып, ууруларга же жырткычтарга жем болуп каларын билчү (1 Шемуел 17:34—36). Камкор кайтаруучусуз алар оттуу жайыт таба албашы мүмкүн. Улгайганда Дөөт жаш чагында койлорун жайып, жырткычтардан коргоп жүргөн учурларын жылуу сезимдер менен эстегени шексиз.

3 Ошондуктан Дөөттүн Жахабанын өз элине көрсөткөн камкордугун сүрөттөп жазууда койчунун ишин эстегени таң калыштуу эмес. Ал жазган 22-забур: «Теңир — менин Койчум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм»,— деп башталат. Келгиле, бул сөздөрдүн эмне үчүн орундуу экенин карап чыгалы. Ошондо 22-забурдун жардамы менен биз, койчу койлоруна кам көргөндөй, Жахаба өз кызматчыларына кантип кам көрөрүн түшүнөбүз (1 Петир 2:25).

Ылайыктуу салыштыруу

4, 5. Ыйык Китепте койлор кандай жандык катары сүрөттөлөт?

4 Ыйык Китептен Жахабанын көптөгөн наамдары бар экени көрүнүүдө, бирок «Койчу» деп аталганы анын канчалык камкор экенин көрсөтүп турат (Забур 79:2, «ҮН», 2001). Жахабанын Койчу деп аталганы эмне үчүн ылайыктуу экенин жакшыраак түшүнүү үчүн, эки нерсени билип алганыбыз дурус. Биринчиден, койлор табиятынан кандай болорун, экинчиден, жакшы койчунун милдеттерине эмнелер кирерин жана ал кандай сапаттарга ээ экенин карап чыгалы.

5 Ыйык Китепте койлордун кандай болору жөнүндө көп айтылат. Алар койчуга бат үйүр алган (2 Шемуел 12:3), жоош (Ышайа 53:7), коргоого муктаж (Михей 5:8) жандык катары сүрөттөлөт. Мурун көп жыл бою кой баккан бир жазуучу: «Кээ бирөөлөр ойлогондой койлор өздөрүнө өздөрү кам көрө албайт. Башка малга караганда аларга кылдат жана тынымсыз кам көрүү талап кылынат». Бул алсыз жандыктар камкор койчуга муктаж (Жезекиел 34:5).

6. Бир сөздүктө байыркы убактагы койчунун бир күндүк жашоосу кандайча сүрөттөлөт?

6 Байыркы убакта койчу, адатта, эртеден кечке эмне кылчу? Бир ыйык китептик сөздүктө мындай делет: «Ал таң заарда койлорун короодон чыгарып, өзү алдыда басып, аларды жайытка алып барчу да, ал жерде кечке чейин кайтарчу. Эгер койлордун бири адашып, жоголуп кетсе, койчу аны талыкпай издеп таап келчү... Күүгүм киргенде койлорун короого алып келип, баарынын түгөл экенине ынануу үчүн, короого кирип бараткан жеринен ар бирин таягы менен саначу... Койлорду жырткычтардан жана тинтип жүргөн уурулардан коргош үчүн, койчу короону түнү бою кайтарып чыкчу» *.

7. Эмне үчүн кээде койчу койлорго өзгөчө чыдамдуулук менен, аяр мамиле кылышы керек болгон?

7 Айрым учурларда койлорго, айрыкча, бооздоруна жана козуларга өзгөчө чыдамдуулук менен, аяр мамиле кылуу талап кылынчу (Башталыш 33:13). Ыйык китептик бир эмгекте: «Койлор көбүнчө алыс жакта, тоо тарапта тууп калат. Бооз кой өзгөчө алсыз боло тургандыктан, койчу анын жанынан чыкпайт. Ал эми туулган козуну короого көтөрүп келет. Козу өз алдынча басканга жараганга чейин, койчу аны бир нече күн колуна алып же чапанынын бүгүштөрүнө ороп көтөрүп жүрөт»,— деп айтылат (Ышайа 40:10, 11). Ооба, жакшы койчу күчтүү да, назик да сезимдерди көрсөтө билиши керек болгон.

8. Дөөт Жахабанын колдоосуна бекем ишенгенинин кайсы үч себебин көрсөтөт?

8 «Теңир — менин Койчум» деген сөздөр асмандагы Атабызды кандай сонун сыпаттап турат. 22-забурду карап чыгуу менен Кудайдын койчуга мүнөздүү күчтүү жана назик сезимдерди көрсөтүп, бизге кантип кам көрөрүн билебиз. Дөөт 1-аятта Кудайдын өз койлоруна бардык жактан кам көрүп, «эч нерсеге муктаж» кылбай турганын бекем ишеним менен билдирет. Кийинки аяттарда ал буга шектенбешине негиз берген үч себепти келтирет: Жахаба өз койлорун жетектейт, коргойт жана азыктандырат. Келгиле, ошол үч себептин ар бирин өз-өзүнчө карап чыгалы.

«Ал мени... чындык жолуна салат»

9. Дөөт кандай жагдайды сүрөттөгөн жана андай жайга койлор кантип бара алышат?

9 Биринчиден, Жахаба өз элин жетектейт. Дөөт: «Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат. Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат»,— деп жазат (Забур 22:2, 3). Койлордун оттуу жайытта тынч жайылып жүргөнүн айтуу менен Дөөт сергитүү жана канааттануу тартуулаган коопсуз жагдайды сүрөттөгөн. «Жайыт» деп которулган эврей сөзү «жагымдуу жай» деген маанини да туюнтат. Сыягы, койлор тынч, оттоого ылайыктуу жерди өздөрү таба алышпайт. Андай «жагымдуу жайга» аларды койчу алып барышы керек.

10. Кудай бизге ишенерин кантип көрсөтөт?

10 Бүгүнкү күндө Жахаба бизди кантип жетектейт? Биринчиден, өзүнүн үлгүсү менен. Анын Сөзүндө биз «Кудайды тууроого» чакырылабыз (Эфестиктерге 5:1). Бул сөздөрдүн контекстинде боорукердик, кечиримдүүлүк жана сүйүү жөнүндө айтылып өтөт (Эфестиктерге 4:32; 5:2). Албетте, мындай жагымдуу сапаттарды чагылдырууда Жахаба бизге эң сонун үлгү көрсөтөт. Өзүн тууроого чакыруу менен Кудай бизден колубуздан келбеген нерсени талап кылган жокпу? Жок. Рухтун жетеги менен айтылган ал кеңеш, чынында, Жахабанын бизге ишенерин көрсөтүп турат. Кандайча? Биз Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганбыз. Бул биздин адеп-ахлактык сапаттарга ээ жана рухийлигибизди өрчүтүүгө жөндөмдүү экенибизди билдирет (Башталыш 1:26). Ошондуктан Жахаба, жеткилеңсиз болсок да, Өзүнө мүнөздүү сапаттарды өрчүтө аларыбызды билет. Ойлоп көрсөңөр, мээримдүү Кудайыбыз аны туурай аларыбызга шектенбейт. Эгер андан үлгү алсак, ал бизди жетектейт, мындайча айтканда, жагымдуу жайга алып барат. Зордук-зомбулукка толгон азыркы дүйнөдө биз Кудайдын жактыруусуна ээ экенибизди билүүдөн келген тынчтыкты сезип, «коопсуз жашайбыз» (Забур 4:9; 28:11).

11. Койлорун жетектөөдө Жахаба эмнелерди эске алат жана бул анын бизге койгон талабынан кандайча көрүнүп турат?

11 Жахаба бизди назиктик, чыдамдуулук менен жетектейт. Койчу койлорунун абалын эске алып, аларды «жүрүшүнө жараша» айдайт (Башталыш 33:14). Жахаба да өз койлорун «жүрүшүнө жараша» жетектейт. Ал биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү, жагдай-шартыбызды эске алат, башкача айтканда, жүрүшүбүзгө ылайыкташып, колубуздан келбеген нерсени талап кылбайт. Ал бизден бардык нерсени чын жүрөктөн кылышыбызды күтөт (Колосалыктарга 3:23). А эгер жашыңар өтүп, мурун кылып жүргөн нерселерди кылууга алыңар келбей калсачы? Же катуу оорунун айынан көп нерселерди жасай албай жатсаңарчы? Ушундай учурларда колубуздан келгенди чын жүрөктөн кылуу жетиштүү экенин билүү өзгөчө кубандырат. Бири-бирине опокшош адамдар болбойт. Чын жүрөктөн кызмат кылуу деген Кудайга кызмат кылууда болгон күч-кубатыңарды өзүңөрдүн алыңарга жараша колдонуу дегенди билдирет. Жүрүшүбүздүн ылдамдыгына таасир этиши мүмкүн болгон алсыз жактарыбызга карабастан, Жахаба биздин чын дилден кылган кызматыбызды жогору баалайт (Марк 12:29, 30).

12. Жахабанын өз койлорун алардын «жүрүшүнө жараша» жетектээрин Мусанын мыйзамындагы бир талап кандайча көрсөтүп турат?

12 Жахаба өз койлорун алардын «жүрүшүнө жараша» жетектээрин түшүнүү үчүн, Мусанын мыйзамында айып үчүн чалынуучу курмандыктар жөнүндө эмне айтылганын карап көрөлү. Жахаба ысрайылдыктардын ага ыраазычылык менен чын жүрөктөн эң мыкты курмандыктарды чалышын каалаган. Ошол эле учурда курмандыктар ар кандай түргө бөлүнгөндүктөн, ар ким алына жараша курмандык алып келген. Мыйзамда: «Эгерде кой алып келе албаса... эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин»,— деп айтылган. А эгер адамдын эки көгүчкөн алып келгенге да шарты жок болсочу? Анда ал бир аз өлчөмдө «буудай унун» алып келе алмак (Лебилер 5:7, 11). Мындан биз Кудай адамдан колунда жок нерсени талап кылбаарын көрүп турабыз. Кудай өзгөрбөгөндүктөн, ал эч качан бизден көптү талап кылбаарын, тескерисинче, колубуздан келген нерсени кабыл алууга даяр экенин билүүдөн жубатуу алсак болот (Малахия 3:6). Ушундай түшүнүктүү Койчунун жетеги менен жүрүү кандай сонун!

«Жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң»

13. Забур 22:4тө Дөөт Жахаба менен ынак мамиледе экенин кантип айгинелейт жана бул эмне үчүн негизсиз болгон эмес?

13 Дөөт Кудайдын колдоосуна бекем ишенүүгө негиз берген экинчи себепти келтирет: Жахаба өз койлорун коргойт. Биз: «Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат»,— дегенди окуйбуз (Забур 22:4). Бул жолкусунда Дөөт Жахабага кайрылууда «Сен» деген ат атоочту колдонуп, аны менен ынак мамиледе экенин айгинелеп жатат. Ошентип кайрылганы негизсиз болгон эмес, себеби Дөөт Кудайдын оор күндөрдө ага кандай жардам бергени жөнүндө айтып жатат. Дөөт көп жолу коркунучтуу «өрөөндөрдөн» өткөн — өмүрү коркунуч алдында болгон. Бирок ал коркуу сезимине алдырган эмес, анткени Кудайдын өз «бийлик таягы» жана «койчу таягы» менен жардам берүүгө даяр турганын сезген. Коргоочусунун бар экенин билүү, албетте, Дөөттү жубатып, Жахабага жакындаткан *.

14. Жахабанын коргооруна байланыштуу Ыйык Китепте кандай ынандыруу бар, бирок бул эмнени билдирбейт?

14 Бүгүн Жахаба өз койлорун кантип коргойт? Ыйык Китеп бизди Кудайдын каршылаштары (жин-перилер же адамдар) анын койлорун эч качан жер бетинен жексен кыла албай турганына ынандырат. Жахаба буга эч качан жол бербейт (Ышайа 54:17; 2 Петир 2:9). Бирок бул Койчубуздун бизди бардык жамандыктан коргой турганын билдирбейт. Биз башка адамдар дуушар болгон кыйынчылыктарга жана Ыйсанын бардык жолдоочулары туш болгон каршылыктарга учурайбыз (2 Тиметейге 3:12; Жакып 1:2). Кээде биз, каймана тил менен айтканда, «өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрөбүз». Мисалы, куугунтуктун айынан же денсоолуктун начарлашынан улам өмүрүбүзгө коркунуч туулушу мүмкүн. Же, балким, жакын адамыбыз өлүм алдында жатып калышы, ал турсун, андан айрылып калышыбыз мүмкүн. Ушундай оор учурларда Койчубуз биз менен болуп, бизди сактайт. Кантип?

15, 16. а) Кыйынчылыктарыбыз менен күрөшүүдө Жахаба бизге кандай жолдор менен жардам берет? б) Сыноо учурунда Жахабанын бизге кантип жардам берерин мисалдын жардамы менен айтып бергиле.

15 Жахаба биздин жагдайга керемет жолу менен кийлигишерин убада кылбайт *. Бирок биз бир нерседен шектенбесек болот: кандай гана кыйынчылыкка учурабайлы, Жахаба бизге аны жеңүүгө көмөк кылат. Ал «ар кандай сыноолор» менен күрөшүүгө акыл берет (Жакып 1:2—5). Койчу таягын жырткычтарды кубалаш үчүн эле эмес, койлорду туура багытка буруу үчүн да колдонот. Ыйык китептик кеңештерди колдонуп жагдайыбызды жеңилдетүү үчүн, Жахаба ишенимдештерибиз аркылуу биздин да «башыбызды бурушу» мүмкүн. Андан тышкары, Жахаба чыдамдуу болууга күч берет (Филипиликтерге 4:13). Ыйык руху аркылуу бизге «кудуреттүү күч» берет (2 Корунттуктарга 4:7). Кудайдын рухунун аркасында биз Шайтандан келген ар кандай сыноолорду көтөрө алабыз (1 Корунттуктарга 10:13). Жахаба бизге жардам берүүгө ар дайым даяр экенин билүү жубатарлык эмеспи?

16 Айкын болгондой, кандай гана коркунучтуу «өрөөндө» жүрбөйлү, биз жалгыз эмеспиз. Себеби Койчубуз дайыма жаныбызда. Кээде анын кантип жардам бергенин өзүбүз да алгач түшүнбөшүбүз мүмкүн. Буга байланыштуу Ыйсаны жолдогон бир аксакалды мисалга алалы. Анын мээсинде шишик бар экени аныкталган. «Чынын айтсам, адегенде мага Жахабанын каарына калдымбы, ал мени сүйбөйбү деген ойлор келди. Бирок Жахабадан алыстабоого чечкиндүү болуп, тиленүү аркылуу тынчсызданууларымды ага айта бердим. Жахаба мени көп жолу рухий биртуугандарым аркылуу сооротуп, жардам берди. Көптөр өздөрүнүн олуттуу оорусу менен күрөшүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшүп кетчү. Алардын тең салмактуулук менен айткан ойлору адаттан тыш нерсеге кабылбаганымды эске салып турчу. Иш жүзүндө көрсөткөн жардамы менен жакшылыктары болсо мени таасирлентип, Жахабанын жактыруусунан айрылбаганыма ынандырды. Албетте, оорум менен дагы деле күрөшө беришим керек жана аягы эмне менен бүтөрүн билбейм. Бирок мен Жахабанын мени менен экенине жана бул сыноодо мага мындан ары да жардам берерине бекем ишенем».

«Сен мага... дасторкон жайдың»

17. Забур 22:5те Дөөт Жахабаны кантип сүрөттөйт жана бул эмне үчүн койчу жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалга карама-каршы келбейт?

17 Дөөт Койчусунун колдоосуна эмне үчүн бекем ишенеринин үчүнчү себебин келтирет: Жахаба өз койлорун азыктандырат, болгондо да мол азыктандырат. Дөөт: «Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторкон жайдың, башымды зайтун майы менен майладың. Чөйчөгүм ашып-ташып төгүлүп турат»,— деп жазат (Забур 22:5). Бул аятта ал өзүнүн Койчусу болгон Жахабаны тамак-ашы менен ичимдигин аябаган берешен кожоюн катары сүрөттөйт. Камкор койчу менен берешен кожоюн жөнүндөгү эки көрсөтмөлүү мисал бири-бирине карама-каршы келбейт. Себеби жакшы койчу, койлору «эч нерсеге муктаж болбошу» үчүн, суусу кенен оттуу жайытты кайдан табыш керектигин билиши керек да (Забур 22:1, 2).

18. Жахабанын берешен кожоюн экенин эмне көрсөтүп турат?

18 Биздин Койчубуз да берешен кожоюнбу? Ооба, буга эч кандай күмөн жок! Бүгүн биз алып жаткан рухий азыктын сапаты, саны жана ар түрдүүлүгү тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Ишенимдүү жана акылдуу кул тобу аркылуу Жахаба бизге пайдалуу адабияттарды берип, жыйналыштарда жана жыйындарда мазмундуу программалар менен камсыз кылып келүүдө. Мунун баары биздин рухий муктаждыктарыбызды канааттандырат (Матай 24:45—47). Рухий тамактан эч өксүк жок экени шексиз. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» миллиондогон Ыйык Китептерди жана аны изилдөөгө арналган адабияттарды жарыкка чыгарууда. Андай адабияттар азыр 413 тилде басылып чыгат. Жахаба рухий тамактын түрүн: «сүтүнөн» (Ыйык Китептеги негизги окуулардан) тартып «күчтүү тамагына» (рухий терең билимдерге) чейин тартуулап жатат (Эврейлерге 5:11—14). Ошондуктан кыйынчылыктарды чечүүдө же чечим чыгарууда биз, адатта, өзүбүзгө керек маалыматты таба алабыз. Мындай рухий тамак болбосо, эмне кылат элек? Биздин Койчубуз, чынында эле, абдан берешен кожоюн! (Ышайа 25:6; 65:13).

«Мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом»

19, 20. а) Забур 22:6да Дөөт эмнеге ишеним арткан жана андай ишенимге биз канткенде ээ боло алабыз? б) Эмки макалада эмне каралат?

19 Камкор Койчусунун жолдору жөнүндө ой жүгүрткөндөн кийин, Дөөт: «Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн, ошондо мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом»,— деген жыйынтыкка келет (Забур 22:6). Дөөттүн жүрөгү ыраазычылыкка жана ишенимге толгон: өткөндү эстеп ыраазы болсо, келечекти ойлоп ишеними арткан. Бир кездерде койчу болгон ал падыша эгерде асмандагы Койчусуна анын үйүндө жашап жаткандай жакын болсо, Жахабанын сүйүүсү менен камкордугунан эч качан өксүбөй турганын билип өзүн коопсуз сезген.

20 Забур китебинин 22-бөлүмүндө жазылган жанга жагымдуу сөздөр үчүн кандай гана ыраазыбыз! Дөөт ал забурда Жахабанын өз койлорун кантип жетектээрин, коргоорун жана азыктандырарын кандай сонун баяндаган! Анын жүрөк эргиткен бул сөздөрү Ыйык Китепте биз да Жахабаны өзүбүздүн Койчубуз катары көрө алышыбыз үчүн сакталган. Ооба, Жахаба менен тыгыз мамиледе болсок, ал бизге мээримдүү Койчу катары түбөлүк кам көрөт. Ал эми биз анын койлору катары улуу Койчубуз Жахаба менен жүрүүгө милдеттүүбүз. Бул эмнени билдирери эмки макалада каралат.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Дөөт коркунучтардан куткарган Жахабаны даңктап, бир нече мактоо ырларын жазган. (Мисалы, Забур китебинин 17, 33, 55, 56, 58, 62-бөлүмдөрүнүн 1-аяттарын карагыла.)

^ 15-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2003-жыл, 1-октябрь, «Кудайдын кийлигишүүсүнө байланыштуу эмнеге үмүттөнсөк болот?» (ор.).

Эсиңердеби?

• Дөөттүн Жахабаны койчуга салыштырганы эмне себептен орундуу?

• Жахаба бизди кантип түшүнүү менен жетектейт?

• Жахаба кандай жолдор менен бизге кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет?

• Жахабанын берешен Кожоюн экенин эмне көрсөтүп турат?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Ысрайылдагы койчудай болуп, Жахаба өз койлорун жетектейт.