Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүрөгүң текеберденип кетпесин

Жүрөгүң текеберденип кетпесин

Жүрөгүң текеберденип кетпесин

«Кудай текеберлерге каршы турат» (Жакып 4:6).

1. Бир нерсе менен сыймыктануунун жаман жери жок экенин мисал менен бышыкта.

КАЙСЫ бир себептен улам сыймыктануу сезимин туйган учуруң болду беле? Мындай жагымдуу сезим көпчүлүгүбүзгө тааныш. Кандайдыр бир деңгээлде бир нерсе менен сыймыктануу жаман эмес. Мисалы, чындык жолунда жүргөн жубайлар кызынын мектептеги жакшы жүрүм-туруму, тырышчаактыгы тууралуу укканда сүйүнбөй коюшпайт. Элчи Пабыл менен шериктери негизделишине өздөрү салым кошкон жаңы жыйналыш менен сыймыктанышкан, анткени андагы биртуугандар куугунтуктарга ишенимдүүлүк менен туруштук беришкен (1 Тесалоникалыктарга 1:1, 6; 2:19, 20; 2 Тесалоникалыктарга 1:1, 4).

2. Бойкөтөрүүчүлүк эмнеси менен жаман?

2 Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай, сыймыктануу — бул кандайдыр бир иштин же абалдын аркасында пайда болуучу кубаныч. Бирок сыймыктануу сезими көп учурда бойкөтөрүүчүлүккө өтүп кетиши мүмкүн. Андайда адам жөндөмдүүлүктөрүнөн, сырткы келбетинен, байлыгынан же коомдо ээлеген абалынан улам менменсинип, өзүн башкалардан жогору сезет. Бул сапат көп учурда анын эч кимди теңине албай кекирейгенинен байкалат. Ыйсанын жолдоочулары катары биз бойкөтөрүүчүлүктөн качышыбыз керек. Эмне үчүн? Анткени бизге түпкү атабыз Адамдан өзүмчүлдүк тукум кууп өткөн (Башталыш 8:21). Ошондуктан жүрөгүбүз туура эмес ойлордон улам оңой эле бой көтөрүп кетиши мүмкүн. Мисалы, Ыйсанын жолдоочулары расасы, байлыгы, билими, таланты же ишке жөндөмдүүлүгү менен мактануудан жана өздөрүн башкалардан жогору коюудан сак болушу керек. Анткени мындай нерсе Жахабага жакпайт (Жеремия 9:23; Элчилер 10:34, 35; 1 Корунттуктарга 4:7; Галатиялыктарга 5:26; 6:3, 4).

3. Текебердик деген эмне жана Ыйса ал жөнүндө эмне деген?

3 Бойкөтөрүүчүлүктөн эмне үчүн качышыбыз керектигине дагы бир себеп бар. Эгер анын жүрөгүбүздө өрчүшүнө жол берсек, барып отуруп ал текебердикке өтүп кетиши ыктымал. Текебердик деген эмне? Текебер адам өзүн башкалардан жогору сезип, аларга менменсинүү менен мамиле кылат (Лука 18:9; Жакан 7:47—49). Ыйса «текебердикти» «адамдын жүрөгүнөн» чыгып, «аны арам кылган» жаман сапаттардын катарына кошкон (Марк 7:20—23). Ыйсанын жолдоочулары жүрөктө текебердиктин өрчүшүнө жол бербөө канчалык маанилүү экенин түшүнүшөт.

4. Ыйык Китептеги текебер адамдар жөнүндөгү мисалдарды карап чыгуу бизге кандай жардам берет?

4 Текебер адамдар жөнүндөгү айрым ыйык китептик билдирүүлөр сага текебердикке алдырбоого жардам берет. Сенде андай сапат жокпу, убакыттын өтүшү менен өрчүп кетпейби? Муну ошол билдирүүлөрдү карап чыгуу менен биле аласың. Бул сага жүрөгүңдүн текеберденип кетишине алып келе турган ойлорду жана сезимдерди четке кагууга жардам берет. Натыйжада Кудай: «Сенин ичиңден сенин атагың менен мактангандарды жок кылам, ошондон кийин Менин ыйык тоомдо өзүңдү жогору көтөрбөйсүң»,— деген эскертүүсүнө ылайык иш кылганда, сен зыян тартпайсың (Сепания 3:11).

Жахабанын текеберлерге жасаган мамилеси

5, 6. Фараон текебердигин кантип көрсөткөн жана жыйынтыгы кандай болгон?

5 Жахабанын текебердикке кандай караарын анын фараон сыяктуу кубаттуу башкаруучуларга жасаган мамилесинен да көрүүгө болот. Фараондун жүрөгүнүн текебер болгонуна эч кандай шек жок. Ал өзүн сыйынууга татыктуу кудай катары эсептеп, кулдары болгон ысрайыл элине жийиркенүү менен мамиле кылчу. Муса менен Арун Жахабага арнап «майрам өткөрүү» үчүн ысрайылдыктарды чөлгө коё берүүнү суранышканда, фараондун эмне дегенине көңүл бурсаң. Ал текеберденип: «Мен Аны угуп, Ысрайылды коё бергидей, Теңир ким экен?» — деп жооп берген (Чыгуу 5:1, 2).

6 Фараон алты жаза алган соң, Жахаба Мусаны Мисирдин ал башкаруучусуна: «Сен Менин элимди коё бергиң келбей, дагы эле каршы болуп жатасың»,— деп айтууга жиберген (Чыгуу 9:17). Анан Муса жетинчи жаза — мөндүр — бүт Мисир жерин талкалай турганын жарыя кылган. Онунчу жазадан кийин ысрайылдыктар кулчулуктан бошотулуп, жолго чыгышканда, фараон кайрадан оюн өзгөртүп, тигилердин аркасынан жөнөгөн. Акырында фараон аскерлери менен Кызыл деңизге кирип тузакка түшкөн. Суу каптап киргенде, алар эмне деп ойлонду болду экен?! Фараондун текебердиги эмнеге алып келген? Анын тандамал аскерлери: «Ысрайылдыктардан качпасак болбойт, анткени Теңир алар үчүн мисирликтер менен күрөшүп жатат»,— дешкен (Чыгуу 14:25).

7. Бабылдын башкаруучулары өздөрүнүн текебердигин кантип көрсөтүшкөн?

7 Жахаба дагы башка текебер башкаруучуларды басынткан. Алардын бири Ашур падышасы Санхейрип болгон (Ышайа 36:1—4, 20; 37:36—38). Ашурду бабылдыктар басып алган. Кийин Бабылдын эки текебер падышасы да басынтылган. Белшатсар коноктору менен өткөргөн тойду эстесең. Алар Жахабанын ийбадатканасынан алынган идиштер менен шарап ичип, Бабылдын кудайларын даңктап жатышкан. Бир маалда адам колу пайда болуп, дубалга кандайдыр бир сөздөрдү жазган. Бул сырдуу жазууну түшүндүрүп берүүгө чакырылган Даниел пайгамбар Белшатсарга мындай деген: «Бардыгынан жогору турган Кудай атаң Небухаданасарга падышачылыкты... берген. Бирок анын жүрөгү текеберденип кеткенде... ал өзүнүн падышачылык тактысынан кулатылды, атак-даңкынан ажыратылды. Сен да, анын уулу Белшатсар, ушунун баарын билсең да, жүрөгүңдү жоошуткан жоксуң» (Даниел 5:3, 18, 20, 22). Ошол эле түнү Мадай менен Персия аскерлери Бабылды басып алган жана Белшатсар өлтүрүлгөн (Даниел 5:30, 31).

8. Текебер адамдарга Жахаба кандай мамиле жасаган?

8 Жахабанын элине жийиркенүү менен мамиле кылган дагы башка текебер адамдар болгон. Алардын кээ бирлери — пелиштилик алп Голийат, Персия төрөлөрүнүн башчысы Аман жана Жүйүт аймагын башкарган падыша Ирод Агрипа. Кудай бул үч адамды өздөрүнүн текебердиги үчүн шылдыңдуу өлүмгө дуушар кылган (1 Шемуел 17:42—51; Эстер 3:5, 6; 7:10; Элчилер 12:1—3, 21—23). Жахабанын аларга жасаган мамилеси: «Кыйроонун алдында текебердик келет, кулаардын алдында менменсингендик келет»,— деген сөздөрдүн калетсиздигин баса белгилеп турат (Накыл сөздөр 16:18). Ооба, Кудайдын «текеберлерге каршы турары» шексиз (Жакып 4:6).

9. Кандайча Тир падышалары чыккынчы болуп калышкан?

9 Мисирдин, Ашурдун жана Бабылдын текебер башкаруучуларынан айырмаланып, Тир падышасы убагында Кудайдын элине чоң жардам көрсөткөн. Ал Дөөт менен Сулаймандын тушунда падыша сарайын жана Кудайдын ийбадатканасын курууга колунан көөрү төгүлгөн усталарды, керектүү материалдарды жөнөткөн (2 Шемуел 5:11; 2 Жылнаама 2:11—16). Тилекке каршы, кийин Тир падышалары Жахабанын элине каршы чыгышкан. Буга эмне себеп болгон? (Забур 82:4—8; Жоел 3:4—6; Амос 1:9, 10).

«Жүрөгүң текеберденди»

10, 11. а) Тир падышаларын кимге салыштырса болот? б) Тирдин Ысрайылга жасаган мамилеси эмнеден улам өзгөргөн?

10 Жахаба Жезекиел пайгамбарды Тирдин падышаларын ашкерелөөгө шыктандырган. «Тир падышасына» жолдонгон кабарда Тир падышаларынын династиясына жана «чындык боюнча жашабай» калган алгачкы чыккынчы Шайтанга ылайык келген сөздөр камтылат (Жезекиел 28:12; Жакан 8:44). Шайтан бир кездерде Жахабанын асмандагы уулдарынан турган уюмунун берилген мүчөсү болчу. Жахаба Кудай Жезекиел аркылуу Шайтандын жана Тир падышаларынын династиясынын чындыктан четтеп кетишинин негизги себебин төмөнкүдөй сөздөр менен көрсөткөн:

11 «Сен Эйденде, Кудайдын багында, болчусуң. Сенин кийимдериң ар кандай асыл таштар менен... жасалгаланган эле... Сен калкалоо үчүн майланган керуп элең... Сенден мыйзамсыздык табылганга чейин, сен жаралган күнүңдөн бери өз жолуңда жеткилең элең. Сенин соодаң кеңири жайылгандыктан, ичиң жалгандыкка толду, сен күнөөгө баттың. Мен сени... кулаттым, калкалап турган керуп... Сулуулугуңдан жүрөгүң текеберденди. Менменсингендигиң акылмандыгыңдан ажыратты» (Жезекиел 28:13—17). Ооба, текебердик Тир падышаларын Жахабанын элине зомбулук көрсөтүүгө түрткөн. Тир соода борбору болгондуктан өтө бай өлкөгө айланып, кооз товарлары менен атагы чыккан (Ышайа 23:8, 9). Анын падышалары менменсинип, Кудайдын элин эзе баштаган.

12. Шайтанды чыккынчылыкка эмне түрткөн жана ал дагы деле эмне кылып келет?

12 Анын сыңарындай, кийин Шайтан деп аталып калган рухий жаратуу да бир кездерде Кудай кандай тапшырма бербесин, алардын баарын аткарууга зарыл акылмандыкка ээ болгон. Ыраазы болгондун ордуна, ал «текеберденип кетип», Кудайдын башкаруу жолун жек көрө баштаган (1 Тиметейге 3:6). Ал өзү жөнүндө ушунчалык жогору ойдо болгондуктан, Адам менен Обонун ага сыйынуусун эңсеген. Ошол бузуку кумар түйүлүп, акырында күнөө туулган (Жакып 1:14, 15). Шайтан Обону Кудай тыюу салган дарактын мөмөсүнөн жегенге азгырган. Анан Обо аркылуу Адамга да жедирген (Башталыш 3:1—6). Ошентип, биринчи түгөйлөр Кудайдын аларды башкарууга болгон укугун четке кагып, натыйжада Шайтандын сыйынуучулары болуп калышкан. Анын текебердигинин чеги жок. Ал асмандагы жана жердеги бардык аң-сезимдүү жаратууларды, жадагалса Ыйса Машайакты да Жахабадан баш тарттырып, өзүнө сыйындырууга аракет кылып келет (Матай 4:8—10; Аян 12:3, 4, 9).

13. Текебердик эмнеге себеп болууда?

13 Ошентип, текебердик Шайтандан экени айкын болууда. Азыркы дүйнөдөгү күнөөнүн, азап-тозоктун, ыймансыздыктын негизги себеби текебердикте. «Бул дүйнөнүн төрөсү» катары Шайтан адамдарга бойкөтөрүүчүлүк, текебердик сапаттарын өрчүтүүгө тынымсыз түрткү берип келет (2 Корунттуктарга 4:4). Ал убактысынын аз калганын билгендиктен, Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына каршы согуш жүргүзүп жатат. Анын максаты — аларды Кудайдан баш тарттыруу, өздөрүн сүйүүгө түрткү берүү, бой көтөртүү, менменсинтүү. Ыйык Китепте ушул «акыркы убакта» мындай терс сапаттардын боло жүргөн нерсеге айланары алдын ала айтылган (2 Тиметейге 3:1, 2; Аян 12:12, 17).

14. Жахаба аң-сезимдүү жаратууларына кайсы эреже боюнча мамиле кылат?

14 Ыйса Шайтанга мүнөздүү болгон текебердик кандай терс натыйжаларга алып келерин ачык көрсөткөн. Ал, бери дегенде, үч жолу, атүгүл өздөрүн адил эсептеген душмандарынын көзүнчө Жахабанын адамзатка кандай эреже боюнча мамиле кыларын айтып: «Өзүн өзү көтөргөн адам басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт»,— деген (Лука 14:11; 18:14; Матай 23:12).

Жүрөгүңдү текебердиктен сакта

15, 16. Эмне себептен Ажар текеберденип кеткен?

15 Жогоруда текебердикке байланыштуу мисалдарда атактуу адамдар жөнүндө сөз жүргөнүн байкаган чыгарсың. Бул жөнөкөй адамдар текеберденбейт дегенди билдиреби? Албетте, жок. Ыбрайымдын үй-бүлөсүндө болгон бир окуяны эстеп көрөлү. Анын мураскор боло турган уулу жок эле, ал эми жубайы Саара төрөй турган курактан өтүп калган болчу. Ыбрайымдыкындай жагдайда эркектин экинчи аял алып, андан балалуу болушу ал кезде кадимки көрүнүш болгон. Кудай мындай никелерге жол берип келген, анткени никеге карата эң башында берген нормасын чыныгы кызматчылары үчүн кайрадан бекитүүгө убакыт келе элек болчу (Матай 19:3—9).

16 Ыбрайым Сааранын үндөөсү менен анын мисирлик күңү Ажар аркылуу тукум улоого макул болгон. Ыбрайымдын экинчи аялы Ажардын боюна бүткөн. Ал ушундай сыймыкка ээ болгондугу үчүн терең ыраазы болушу керек эле. Бирок ал жүрөгүнүн текеберденип кетишине жол берип койгон. Ыйык Китепте: «Боюна бүткөнүн билип, ал мырзайымы Сараны жек көрө баштады»,— деп айтылат. Ошондон улам Ыбрайымдын үйүндө келишпестиктер пайда болуп, Сааранын кысымынан Ажар үйдөн качып кеткен. Бирок көйгөйдү чечүүнүн жолу бар эле. Кудайдын периштеси Ажарга: «Мырзайымыңа кайра бар да, ага баш ий»,— деп кеңеш берген (Башталыш 16:4, 9). Сыягы, Ажар периштенин кеңешин угуп, Саарага болгон көзкарашын өзгөртүп, кийин көп элдин чоңенеси болуп калган.

17, 18. Эмне үчүн баарыбыз текебердиктен сак болушубуз керек?

17 Ажар менен болгон окуя көрсөтүп тургандай, абалы жакшыра түшкөндө, адам текеберденип кетиши мүмкүн. Демек, Кудайга таза жүрөк менен кызмат кылып жүргөн Ыйсанын жолдоочусу да байлыкка же бийликке жеткенде текебер болуп кетиши ыктымал. Ошондой эле башкалар аны ийгиликтери, акылдуулугу же жөндөмдүүлүктөрү үчүн мактаганда, бул текебердикке алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Ыйсанын жолдоочусу жүрөгүндө андай сапаттын тамырлап кетишине жол бербеши керек. Ийгиликтерге жеткенде же көбүрөөк жоопкерчиликтерге ээ болгондо, ал өзгөчө сак болушу абзел.

18 Кудайдын бул сапатка болгон көзкарашы текебердиктен качуунун эң орчундуу себеби болуп саналат. Анын Сөзүндө: «Мыйзамсыздарды айырмалап турган текебер көз менен менменсинген жүрөк — күнөө»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 21:4). Кызыктуусу, Ыйык Китепте буга байланыштуу биринчи кезекте «бул дүйнөдө бай» жашаган Ыйсанын жолдоочуларына «өздөрү жөнүндө жогору ойлобоо» эскертилет (1 Тиметейге 6:17; Мыйзам 8:11—17). Ал эми Ыйсанын бай эмес жолдоочулары «көрө албастыктан» качышы керек жана бай болобу, кедей болобу, ар бир адам текеберденип кетиши мүмкүн экенин унутпашы зарыл (Марк 7:21—23; Жакып 4:5, «ЖД»).

19. Узия жакшы атын кантип булгаган?

19 Текебердик, башка жаман сапаттардай эле, Жахаба менен болгон жакшы мамилени бузат. Мисалга Узия падышаны алалы. Башында ал «Теңирге жаккан иштерди кылган... Кудайга кайрылып турган. Ал Кудайга кайрылып турган убакта, Кудай аны ийгиликке жеткирип турган» (2 Жылнаама 26:4, 5). Тилекке каршы, ал жакшы атын булгап алган, анткени «жүрөгү менменсинип кеткен». Ал өзү жөнүндө ушунчалык жогору ойдо болгондуктан ийбадатканага жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн кирген. Ыйык кызмат кылуучулар мындай менменсинүүчүлүккө барбоону эскертишкенде, Узия катуу ачууланган. Натыйжада Жахаба аны пес оорусуна чалдыктырган. Ошентип, ал өлөр-өлгөнчө Кудайдын ырайымына ээ болгон эмес (2 Жылнаама 26:16—21).

20. а) Хиския падыша кандайча жакшы атынан айрылып кала жаздаган? б) Кийинки макалада эмне каралат?

20 Бул окуяны Хиския менен болгон окуяга салыштырып көрөлү. Бир жолу падыша «жүрөгү текеберленип кеткендиктен» аз жерден жакшы атынан айрылып кала жаздаган. Бактыга жараша, «Хиския жүрөгү текеберденип кеткенин мойнуна алгандыктан» кайрадан Кудайдын ырайымына ээ болгон (2 Жылнаама 32:25, 26). Хискиянын текебердикти момундук менен жеңгенин байкасаң. Ооба, момундук — текебердикке карама-каршы сапат. Ошондуктан кийинки макалада чыныгы момундукту кантип өрчүтүп, кантип сактай аларыбыз каралат.

21. Ыйсанын момун жолдоочулары эмнеге үмүттөнө алышат?

21 Келгиле, текебердик кандай терс натыйжаларды алып келерин эч качан унутпайлы. «Кудай текеберлерге каршы тургандыктан», келгиле, бойкөтөрүүчүлүктү четке кагууга чечкиндүү бололу. Биз Ыйсанын момун жолдоочуларынан болууга умтулуп, текебер адамдарды жана текебердиктин натыйжаларын жер бетинен жок кыла турган Кудайдын улуу күнүнөн аман өтүүгө үмүттөнө алабыз. «Ошондо текебер адам кемсинтилет, менменсинген адам жер карайт, ошол күнү Теңир гана жогору турат» (Ышайа 2:17).

Ой жүгүртүү үчүн суроолор

• Текебер адамды кантип сүрөттөп берет элең?

• Текебердик кантип пайда болгон?

• Адамдын текеберденип кетишине эмне себеп болушу мүмкүн?

• Текебердиктен эмне үчүн сак болушубуз керек?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Фараон текебердигинин айынан басынтылган.

[14-беттеги сүрөт]

Абалынын жакшырганы Ажарга текеберденүүгө түрткү берген.

[15-беттеги сүрөт]

Хиския момундук көрсөтүп, кайрадан Кудайдын ырайымына ээ болгон.