Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайсы билим бактылуу жашоо өткөрүүгө өбөлгө түзөт?

Кайсы билим бактылуу жашоо өткөрүүгө өбөлгө түзөт?

Кайсы билим бактылуу жашоо өткөрүүгө өбөлгө түзөт?

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫН көптүгүнөн өзүңдү албууттанып аккан сууга чөгүп бараткандай сезген учурларың болду беле? Алар менен күрөшүүдө туура эмес чечим чыгарып алсаң, канчалык кайгырарыңды элестетсең! Адам дайыма туура чечим чыгаруу жана кыйынчылыктардын баарын ийгиликтүү чечүү жөндөмү менен төрөлбөйт. Ал үчүн билим алышы зарыл. Жашоодогу көйгөйлөр менен күрөшүүгө жардам берерлик билимди кайдан табууга болот?

Кары-жаш дебей, көптөр жогорку билим алуу маанилүү деген ойдо. Ал турсун, айрым адистер «жогорку окуу жайынын дипломусуз [жакшы] жумуш таппайсың» дегенге бекем ишенишет. Бирок адамдын материалдык нерселер менен канааттандырууга мүмкүн болбогон муктаждыктары да бар. Мисалы, жогорку билим сага жакшы ата же эне, өмүрлүк жар, же дос болууга жардам береби? Арийне, билим алууга чоң маани берген адамдар терс сапаттарды өрчүтүп алышы, үй-бүлөлүк жашоосунда бактысыз болушу же атүгүл өзүн өзү өлтүрүүгө барышы мүмкүн.

Айрымдар жетекчилик издеп динге кайрылышат, бирок жашоолорундагы кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам ала алышпагандыктан ындыны өчөт да калат. Муну Мексикада жашаган Эмилиянын * айткан сөздөрүнөн көрүүгө болот. Ал: «15 жыл мурун жолдошум экөөбүз мындан ары бирге жашай албайбыз го деп ойлогом. Качан болбосун талашып-тартыша берчүбүз. Анын арак ичкенин токтото албай жүрдүм. Жолдошумду издеп келүү үчүн кичинекей балдарымды үйгө жалгыз калтырып кетүүгө туура келчү. Эмоциялык жактан алым такыр калбай калган. Жардам издеп бир нече жолу чиркөөгө бардым. Ал жерде Ыйык Китептен анда-санда үзүндүлөр окулса да, менин жагдайыма тиешелүү бир да кеңеш уккан жокмун; эч ким жаныма басып келип, эмне кылуу керектигимди айтып жардам берген жок. Чиркөөдө отуруп айрым тиленүүлөрдү кайталап коюудан эч кандай канааттануу алган жокмун»,— деген. Дагы башкалары дин жетекчилеринин туура эмес жүрүм-турумун көрүп көңүл кайттылыкка учурашат. Натыйжада көптөр дин бактылуу жашоо өткөрүүгө өбөлгө түзүүчү билимдин булагы боло албайт деген жыйынтыкка келишет.

Мына ушундай себептерден улам силерде да «Кайсы билим бактылуу жашоо өткөрүүгө жардам берет?» деген суроо пайда болушу мүмкүн. Чыныгы дин бул маанилүү суроого жооп табууга жардам береби? Кийинки макалада ушул суроо талкууланмакчы.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.