Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сен Кудай менен жүрөсүңбү?

Сен Кудай менен жүрөсүңбү?

Сен Кудай менен жүрөсүңбү?

«Кудайыңдын алдында акылмандык менен момун жүр» (Михей 6:8, «Мукаддас»).

1, 2. Жахабанын бизге карата туйган сезимдери баласына басканды үйрөткөн ата-эненин сезимдерине эмнеси менен окшош?

БАЛА там-туң басып, кучагын жайган ата-энесине карай алгачкы кадамдарын жасайт. Кимдир бирөө үчүн бул боло жүргөн нерседей эле көрүнүшү мүмкүн, бирок ата-эне үчүн бул келечекке үмүт байлаткан өзгөчө маанилүү учур. Ата-эне баласын жетелеп басар убакты чыдамсыздык менен күтөт. Алар баласына көп нерселерди үйрөтүп, аны дайыма колдоп-таяп жүрүүнү каалайт.

2 Жахаба Кудай да жердеги балдарына карата ошондой сезимдерди туят. Ал бир жолу Эпрайым (ысрайыл эли) жөнүндө: «Мен Өзүм Эпрайымга басканды үйрөткөм, аны Өз колума салып көтөрүп жүргөм... Мен аларды адамдык байланыш менен, сүйүү байланышы менен алып жүрдүм»,— деп айткан (Ошуя 11:3, 4). Бул жерде Жахаба өзүн баласына басканды чыдамкайлык менен үйрөтүп, жыгылып кетсе, көтөрүп ала койгон мээримдүү атага салыштырат. Жахаба, эң мыкты Ата, бизге «басканды» үйрөтүүнү абдан каалайт. Ошондой эле биз ийгиликтерди жасаган сайын, бизди коштоп жүргүсү келет. Ушул макала негизделген аятта көрсөтүлгөндөй, биз Кудай менен жүрө алабыз! (Михей 6:8, «Мукаддас»). Бирок Кудай менен жүрүү деген эмнени билдирет? Аны менен эмне үчүн жүрүшүбүз керек? Кантип Кудай менен жүрө алабыз? Бул кандай баталарды алып келет? Келгиле, ушул төрт суроону өз-өзүнчө карап чыгалы.

Кудай менен жүрүү деген эмнени билдирет?

3, 4. а) Адамдардын Кудай менен жүрүүсү тууралуу жазылган ыйык китептик үзүндүлөрдүн эмнеси белгилей кетерлик? б) Кудай менен жүрүү деген эмнени билдирет?

3 Албетте, денеси эт-булчуңдан жана кандан турган адам рухий денеге ээ Жахаба менен түзмө-түз жүрө албайт (Чыгуу 33:20; Жакан 4:24). Ошондуктан Ыйык Китепте адамдардын Кудай менен жүрүүсү жөнүндө сөз болгондо, бул каймана маанини туюнтат. Образдуу сүрөттөлгөн андай мамилеге улуттук, маданий чектер, атүгүл убакыт да тоскоол боло албайт. Чын эле, кимдир бирөөнүн башка бирөөнү коштоп баратканы кайсы өлкөдө же кайсы доордо жашаган адамдарга түшүнүксүз болмок эле? Тескерисинче, бул алардын жылуу, жакын мамиледе экенинен кабар берет, туурабы? Бул бизге Кудай менен жүрүү деген эмне экенин кандайдыр бир деңгээлде түшүнүүгө жардам берет. Келгиле анда, буга кененирээк токтолуп көрөлү.

4 Кудайга ишенимдүү кызмат кылган Энох менен Нухту эстесең. Алар эмне үчүн Кудай менен жүргөн адамдар катары сыпатталат? (Башталыш 5:24; 6:9). Ыйык Китепте «жүрүү» деген сөз көп учурда иш-аракеттин белгилүү бир тартибине карманууну билдирет. Энох менен Нух Жахаба Кудайга жаккан өмүр жолун тандашкан. Өздөрүн курчап турган дүйнөдөгү адамдардан айырмаланып, алар дайыма Жахабадан жетекчилик издеп, анын көрсөтмөлөрүнө баш ийишкен жана ага таянышкан. Бул алар үчүн чечимдерди Жахаба чыгарганын билдиреби? Жок. Жахаба адамдарга эрк боштондугун берген жана ал белекти акылдуулук менен колдонушубузду каалайт (Римдиктерге 12:1, «Мукаддас»). Бирок чечим чыгарууда биз өзүбүздүн акылыбызга эмес, Жахабанын чексиз жогору турган акылына момундук менен жетектелебиз (Накыл сөздөр 3:5, 6; Ышайа 55:8, 9). Мындайча айтканда, өмүр жолунда биз Жахаба менен чогуу жүрөбүз.

5. Ыйса эмне себептен адамдын өмүрүн бир чыканакка байланыштырган?

5 Ыйык Китепте жашоо түздөн-түз, ал эми кээде кыйыр түрдө жолго же сапарга салыштырылат. Мисалы, Ыйса: «Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды [«өмүрүңөрдү», «ЖД»] бир чыканак өстүрө аласыңар?» — деген (Матай 6:27). Бул аяттагы айрым сөздөр сага түшүнүксүз болуп көрүнүшү мүмкүн. Эмне себептен Ыйса убакыт менен өлчөнүүчү өмүрдү узундук ченеми болгон «бир чыканакка» байланыштырган? * Сыягы, ал өмүрдү сапарга салыштырган. Ошентип, түйшүк тартуу менен өмүр жолубузга бир да кадам кошо албай турганыбызды баса белгилеген. Бирок бул өмүр жолубузду узартууга бизде эч кандай мүмкүнчүлүк жок дегенди билдиреби? Албетте, андай эмес! Буга байланыштуу биз экинчи суроону, Кудай менен жүрүү эмне үчүн зарыл экенин, карап чыгабыз.

Эмне үчүн Кудай менен жүрүшүбүз керек?

6, 7. Жеткилеңсиз адамдар эмнеге муктаж жана ал муктаждыгыбызды канааттандыруу үчүн эмне себептен Жахабага кайрылышыбыз керек?

6 Жахаба Кудай менен эмне үчүн жүрүшүбүз керектигинин бир себеби Жеремия 10:23тө түшүндүрүлөт: «Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем». Биз, адамдар, өмүр жолубузга багыт берүүгө жөндөмдүү да, укуктуу да эмеспиз. Биз жетекчиликке муктажбыз. Кудайга көзкаранды болбой, өз жолу менен жүрүүнү каалагандар Адам менен Обонун катасын кайталап жатышат. Биринчи эркек менен аял эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чечкиси келген (Башталыш 3:1—6). Бирок биз, адамдар, андай укукка ээ эмеспиз.

7 Жашоодо жетекчиликке муктаж экениңди сезесиңби? Күн сайын бизге майда же чоң чечимдерди чыгарууга туура келет. Алардын айрымдары татаал келип, өзүбүздүн да, жакындарыбыздын да келечегине таасирин тийгизиши мүмкүн. Ойлоп көрсөң, бизден чексиз улуу жана акылдуу бирөө ошол чечимдерди чыгарууда бизге сүйүүсү менен жетекчилик берүүгө кубанычта! Тилекке каршы, бүгүн адамдардын көбү өз акылына таянууну жана өздөрүнүн бутуна өздөрү багыт берүүнү туура көрүшөт. Алар Накыл сөздөр 28:26дагы: «Өзүнө таянган адам акылсыз, акылмандык менен жүргөн адам аман-эсен болот»,— деген калети жок сөздөрдү капарга алышпайт. Жахаба анткор жүрөгүбүзгө таянуунун натыйжасында жамандыкка кабылышыбызды каалабайт (Жеремия 17:9). Тескерисинче, акылмандык менен жүрүшүбүздү, анын даанышман жетекчилиги менен насааттарына таянышыбызды каалайт. Ошентсек, өмүр жолубуз коопсуз, кубанычтуу жана маңыздуу болот.

8. Күнөө менен жеткилеңсиздик акыр-аягы адамдарды каякка алып барууда, бирок Жахаба бизге эмнени каалайт?

8 Кудай менен жүрүү дагы бир себептен улам зарыл. Ал себеп өмүр жолубуздун канчага созулушун каалаганыбызга байланыштуу. Ыйык Китепте бир ачуу чындык жазылган. Кандайдыр бир мааниде жеткилеңсиз адамдардын баары бир багытта баратышат. Карылыктын кыйынчылыктары тууралуу баяндалгандан кийин, Насаатчы 12:5те: «Адам өзүнүн түбөлүктүү үйүнө кеткени жатат, көчөдө кошокчу аялдар аны тегеректеп алууга даяр турушат»,— деп айтылат. Бул жерде эмне болгон «түбөлүктүү үй» жөнүндө айтылып жатат? Ал — күнөө менен жеткилеңсиздик тукум кууп өткөн ар бир адамга араанын ачып турган көр (Римдиктерге 6:23). Бирок Жахаба бизге бешиктен көргө чейин кыска, түйшүктүү жашоо өткөрүшүбүздү эмес, андан жакшы нерсени каалайт (Аюб 14:1). Кудай менен жүрсөк гана биз анын алгачкы ой-ниетине ылайык түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнө алабыз. Биздин каалаганыбыз ушул эмеспи? Анда мындан ары да асмандагы Атабыз менен жүрүшүбүз керек.

Кудай менен кантип жүрө алабыз?

9. Жахаба өзүнүн элинен эмне үчүн «жашынган», бирок Ышайа 30:20га ылайык, ал эмнеге ынандырган?

9 Биз «Кудай менен кантип жүрө алабыз?» деген үчүнчү суроого өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Ал суроого Ышайа 30:20, 21-аяттардан жооп табабыз: «Устаттарыңар [«Улуу Насаатчың», «ЖД»] жашынбай калат, устаттарыңды [«Улуу Насаатчыңды», «ЖД»] көрүп турасың. Эгерде оңго же солго бурулуп кетсеңер, кулагың артыңдан „Жол мына, ушул жол менен жүргүлө“ деген сөздү угат». Бул кубаттандырарлык үзүндү, өзгөчө, 20-аяттагы сөздөр Жахабанын элине муну эске салган: ысрайылдыктар Кудайга каршы чыгышканда, ал алардан жүзүн бурган, мындайча айтканда, «жашынган» (Ышайа 1:15; 59:2). Бирок эми Жахаба ишенимдүү элинин алдында «жашынбай» ачык турат. Муну насаатчынын же нускоочунун өз окуучуларынын алдында туруп, аларды бир нерсеге үйрөтүп жатканга салыштырууга болот.

10. Улуу Насаатчыбыздын сөздөрүн кандай мааниде артыбыздан угабыз?

10 Ал эми 21-аятта башка сүрөттөмө келтирилет. Анда Жахаба өзүнүн элинин артында аларды туура жолго багыттап баратканы көрсөтүлөт. Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын айтымында, ал сөздөр койчунун кээде койлордун артынан жүрүп, алардын башын туура багытка буруу үчүн кыйкырып турганына байланыштуу болушу мүмкүн. Бул сүрөттөмөнүн бизге кандай тиешеси бар? Биз жетекчилик издеп Кудайдын Сөзүнө кайрылганда, миңдеген жылдар мурун жазылган сөздөрдү окуйбуз. Мындайча айтканда, убакыт агымы боюнча алып караганда, алар артыбыздан келет. Ошентсе да алар бүгүн да күчүн жогото элек. Ыйык Китептеги кеңештер бизге күн сайын туура чечим чыгарууга жана келечекке план түзүүгө жардам берет (Забур 118:105). Ал кеңештерди тырышчаактык менен издеп таап, жашообузда колдонсок, Жахаба бизге жетекчилик берет жана биз аны менен жүрө алабыз.

11. Жеремия 6:16га ылайык, Жахаба өзүнүн элине кандай жагымдуу чакырык менен кайрылган, бирок алар кандай кабыл алышкан?

11 Кудайдын Сөзүнө бизди жетектөөгө чындап жол берип жатабызбы? Кээде ой токтотуп, өзүбүздү чынчылдык менен текшерип көргөнүбүз маанилүү. Антүүгө төмөнкү аят жардам берет: «Теңир мындай дейт: „Өзүңөрдүн бара жаткан жолуңарда токтогула, артыңарды карагыла, байыркы жолдор жөнүндө сураштыргыла, жакшы жол кайда экенин сурагыла, ошол жолго түшкүлө, ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар“» (Жеремия 6:16). Бул сөздөр жолдун айрылышынан токтоп калып, туура жолду сураган адамды эсибизге салышы мүмкүн. Рухий мааниде Жахабанын козголоңчул эли иш-аракеттерди кылууга, тактап айтканда, «байыркы жолдорду» издеп табууга тийиш болчу. Андай «жакшы жол» менен алардын ишенимдүү ата-бабалары жүргөн, бирок эл акылсыздык менен ал жолдон чыгып кеткен. Тилекке каршы, Ысрайыл Жахабанын сүйүүсү менен берген бул эскертүүсүнө тоңмоюндук менен мамиле кылган. Ошол эле аятта андан ары: «Бирок алар: „Барбайбыз“,— дешти»,— деп айтылат. Ал эми Кудайдын азыркы эли ал кеңешти башкача кабыл алат.

12, 13. а) Машайактын майланган жолдоочулары Жеремия 6:16дагы кеңешти кандай кабыл алышат? б) Өзүбүздүн кандай жолдо баратканыбызды кантип текшере алабыз?

12 Машайактын майланган жолдоочулары XIX кылымдын аягынан тартып Жеремия 6:16дагы кеңешти өздөрүнө карата колдонуп келатышат. Алар тобу менен чын жүрөктөн «байыркы жолдорго» кайрылышууда. Чындыктан четтеген христиан дүйнөсүнөн айырмаланып, алар Ыйса Машайак калтырган жана анын I кылымдагы ишенимдүү жолдоочулары жактаган «туура сөздүн үлгүсүнө» ишенимдүүлүк менен карманышат (2 Тиметейге 1:13). Майлангандар бири-бирине, ошондой эле «башка койлор» тобуна кирген шериктерине христиан дүйнөсү баш тартып кеткен пайдалуу, бактылуу өмүр жолунда жүрүүгө ушу күнгө дейре жардам берип келишет (Жакан 10:16).

13 Ишенимдүү кул тобу рухий «тамакты өз убагында» берип, миллиондогон адамдарга «байыркы жолдорду» табууга жана Кудай менен жүрүүгө көмөк көрсөтүп келет (Матай 24:45—47). Ошол миллиондогондордун арасына сен да киресиңби? Анда ишенимден тайып, туура эмес жолго түшүп кетпеш үчүн эмне кылышың керек? Мезгил-мезгили менен токтоп, жашоодо кайсы жол менен баратканыңды текшерип көргөнүң акылмандыкка жатат. Эгер Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуу, майлангандар уюштуруп жаткан насааттаарлык программаларга катышуу жагынан ишенимдүү болсоң, анда Кудай менен жүрүүгө машыгып жатасың. Ошондой эле берилген кеңештерди момундук менен кабыл алсаң, «байыркы жолдорго» кайрылып, Кудай менен жүргөн болосуң.

«Көрүнбөгөн Кудайды көрүп тургандай» жүр

14. Жахабанын бар экенине шектенбесек, бул чыгарган чечимдерибизде кандайча чагылдырылат?

14 Жахаба менен жүрүү үчүн, Анын бар экенине шектенбешибиз керек. Жахаба байыркы Ысрайылдагы ишенимдүү кызматчыларын алардан «жашынбай» калганына ынандырганын эстесең. Бүгүн да ал жердеги кызматчыларына өзүн Улуу Насаатчы катары ачып берүүдө. Сен үчүн Жахаба сага насаат берүү үчүн алдыңда тургандай реалдуубу? Кудай менен жүрүүнү кааласак, бизде дал ошондой ишеним болушу керек. Муса ошондой ишенимге ээ болгон, «анткени ал көрүнбөгөн Кудайды көрүп тургансып, бекем эле» (Эврейлерге 11:27). Эгер Жахаба биз үчүн реалдуу болсо, анда чечим чыгарууда анын сезимдерин эске алабыз. Мисалы, туура эмес иш кылуу жана аны жыйналыштагы аксакалдардан же үй-бүлөбүздөн жашырууга аракеттенүү оюбузга да келбейт. Тескерисинче, эч ким көрбөгөн учурларда да Кудай менен жүрүүгө умтулабыз. Байыркы убактагы Дөөт падышага окшоп, биз: «Мен өз үйүмдө жүрөгүмдүн тазалыгы менен жүрөм»,— деп чечкиндүү түрдө айта алабыз (Забур 100:2).

15. Рухий биртуугандарыбыз менен пикир алышуу кандайча Жахабанын биз үчүн ого бетер реалдуу болушуна жардам берет?

15 Жахаба биздин жеткилеңсиз, алсыз экенибизди жана көзгө көрүнбөгөн нерселерге ишенүү кээде кыйынга турарын түшүнөт (Забур 102:14). Ал андай алсыздыгыбызды жеңүүгө чоң жардам берет. Маселен, жер жүзүндөгү бардык элдерден «Өзүнүн ысымы үчүн эл» чогултууда (Элчилер 15:14). Биз биримдикте чогуу кызмат кылуу менен бири-бирибизди кубаттайбыз. Жахабанын рухий биртууганыбызга белгилүү бир алсыздыкты жеңүүгө же оор сыноого туруштук берүүгө кантип жардам бергенин укканда, Кудайыбыз биз үчүн ого бетер реалдуу болот (1 Петир 5:9).

16. Ыйса жөнүндө көбүрөөк билүү бизге Кудай менен жүрүүгө кандай жардам берет?

16 Баарынан мурда Жахаба бизге Уулунун үлгүсүн берген. Ыйса: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт»,— деген (Жакан 14:6). Жахабанын биз үчүн дагы көбүрөөк реалдуу болушун кааласак, Ыйсанын жердеги жашоосу тууралуу окуп, изилдешибиз керек. Ыйса сүйлөгөн сөздөрү менен да, иштери менен да асмандагы Атасынын сапаттарын жана жолдорун жеткилең түрдө чагылдырган (Жакан 14:9). Чечим чыгарууга туура келгенде, биздин ордубузда Ыйсанын эмне кылмактыгын жакшылап ойлонгонубуз маанилүү. Чечимдерибизди тиленүү менен кылдат ойлонуштуруп чыгарсак, анда биз Ыйсанын изи менен жүрөбүз (1 Петир 2:21). Демек, Кудай менен жүрөбүз.

Кудай менен жүрүүдөн келчү баталар

17. Жахабанын жолунда жүрсөк, жаныбызга кандай «тынчтык» табабыз?

17 Жахаба Кудай менен жүрүү көптөгөн баталарды алып келет. Жахаба «жакшы жолду» издөө жөнүндө айтканда, элине эмнени убада кылганын эстесең. Ал: «Ошол жолго түшкүлө, ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар»,— деген (Жеремия 6:16). Ал эмне болгон «тынчтык»? Жахаба бул жерде майкөл-сүткөл, жыргал турмушту убадалаган эмес. Ал бизге эң бай адамда да болбой турган алда канча жакшы нерселерди: жандүйнө бейкуттугун, кубанычты, канааттанууну жана рухий жыргалды берет. Ошондой тынчтыктын аркасында биз жашоодогу эң мыкты жолду тандап алганыбызга шектенбейбиз. Андай ички бейкуттук азыркы оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө сейрек кездешүүчү бата болуп саналат!

18. Жахаба сага кандай батасын бергиси келет жана сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

18 Албетте, жашоонун өзү эле чоң бата. Кыска болгон күндө да өмүр — баа жеткис нерсе. Бирок жаш кезиңде күч-кубаттуу болуп, карыганда алдан тайып, сапарыңдын бат эле аяктап калышын Жахаба эч качан ниет кылган эмес. Ал сенин баталардын батасын алышыңды — Аны менен түбөлүк жүрүшүңдү — каалайт. Михей 4:5те: «Бардык элдер, ар бири өз кудайынын аты үчүн жашайт. Биз болсо кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашайбыз»,— деп айтылат. Сен ушул батага жеткиң келеби? Жахаба убадалаган «түбөлүк өмүргө» ээ болгуң келеби? (1 Тиметейге 6:19). Анда Жахаба менен күнүгө: бүгүн да, эртең да, түбөлүктөн түбөлүккө жүрүүгө чечкиндүү бол!

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Ыйык Китептин айрым котормолорунда бул аяттагы «чыканак» деген сөз убакыт өлчөмү менен алмаштырылган. Мисалы, «Биздин мезгилдин котормосунда» (ор.) «бир саат», дагы бир котормодо («A Translation in the Language of the People», англ.) «бир мүнөт» деп берилген. Бирок түпнускада колдонулган сөздүн «чыканакты», башкача айтканда, 45 сантиметрдей болгон узундукту билдирери күмөнсүз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудай менен жүрүү деген эмнени билдирет?

• Эмне үчүн Кудай менен жүрүүгө муктажсың?

• Кудай менен жүрүүгө эмне жардам берет?

• Кудай менен жүргөндөр кандай баталарды алышат?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Ыйык Китеп аркылуу артыбыздан Жахабанын: «Жол мына»,— деген сөздөрүн угабыз.