Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыныгы момундукту өрчүтүүгө умтул

Чыныгы момундукту өрчүтүүгө умтул

Чыныгы момундукту өрчүтүүгө умтул

«Сен эзилген [«момун», «ЖД»] адамдарды куткарасың» (2 Шемуел 22:28).

1, 2. Дүйнө башкаруучуларынын көбүнүн ортосунда кандай жалпылык бар?

ЕГИПЕТТЕГИ пирамидалар мурун ал жерде кандай адамдар бийлик жүргүзгөнүнөн кабар берип турат. Алардан тышкары, тарыхтагы аттуу-баштуу инсандардын арасында Ассириядан Санхейрип, Грециядан Искендер Зулкарнайн, Римден Юлий Цезарь бар. Бул башкаруучулардын ортосунда бир жалпылык бар: алар чыныгы момун адамдар катары таанылган эмес (Матай 20:25, 26).

2 Ошол башкаруучулардын өз падышалыгында жардамга муктаж болгон карапайым адамдарды издөөгө умтулушканын элестете аласыңбы? Албетте, жок! Ал инсандардын кайгыга чөккөндөрдүн көңүлүн көтөрүү үчүн алардын жупуну үйлөрүн кыдырып жүргөнүн да элестете албайсың. Алардын карапайым элге карата болгон көзкарашы ааламдын Эгедери Жахаба Кудайдыкынан кандай гана айырмаланат!

Момундук көрсөтүүнүн эң зор үлгүсү

3. Эң Жогорку Башкаруучу жердеги кызматчыларына кандай мамиле кылат?

3 Жахаба акыл жеткис улук жана бийик даражалуу болсо да, «Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат» (2 Жылнаама 16:9). Анан ар кандай сыноолордон улам көңүлү чөккөн кызматчыларын көргөндө эмне кылат? «Моюн сунгандардын рухун тирилтиш үчүн, кайгыргандардын жүрөгүн тирилтиш үчүн», ал кандайдыр бир мааниде алар менен өзүнүн руху аркылуу «бирге жашайт» (Ышайа 57:15). Ошентип, «руху тирилген» кызматчылары ага кайрадан кубаныч менен кызмат кылууга күч алышат. Кудай кандай зор момундук көрсөтөт!

4, 5. а) Кудайдын башкаруусу жөнүндө забурчу кандай ойдо болгон? б) Кудайдын «кедейге» жардам кылуу үчүн «эңкейгени» эмнени билдирет?

4 Күнөөлүү адамдарга жардам берүү үчүн, ааламда Эгедер Теңирдей момундук көрсөткөн эч ким жок. Забурчу мындай деп жазган: «Теңир бардык элдерден жогору, Анын даңкы асмандан жогору. Биздин Кудай-Теңирибиздей ким бар? Жогоруда тактыда отурган Ал асман менен жерге көз салып туруш үчүн, бийиктен эңкейет. Кедейди топурактан көтөрүп, жакырды балчыктан чыгарат» (Забур 112:4—7).

5 Жахаба таза жана ыйык Кудай болгондуктан, ага «текебердик» мүнөздүү эмес (Марк 7:22, 23). «Эңкейүү» деген сөз төмөн абалды ээлеген бирөөнүн деңгээлине түшүү же аны менен мамилелешүү үчүн жогорку абалдан ылдыйлоо дегенди билдирет. Ошондуктан Ыйык Китептин кээ бир котормолорунда Забур 112:6-аят: «Кудай момундук көрсөтөт»,— деп берилет. Бул жеткилеңсиз кызматчыларынын муктаждыктарына мээримдүүлүк менен көңүл бурган момун Кудайыбыздын образын кандай сонун ачып берип турат! (2 Шемуел 22:36).

Ыйса эмне үчүн момун болгон?

6. Жахаба кантип зор момундук көрсөткөн?

6 Кудай адам баласын куткаруу үчүн сүйүктүү тун Уулунун жерде адам болуп төрөлүп, тарбияланышына жол берүү менен зор момундук жана сүйүү көрсөткөн (Жакан 3:16). Ыйса бизге асмандагы Атасы жөнүндөгү чындыктарды үйрөтүп, өзүнүн жеткилең өмүрүн «дүйнөнүн күнөөсүн» жууш үчүн берген (Жакан 1:29; 18:37). Атасынын сапаттарын, алардын ичинде момундугун эң мыкты чагылдырып, Ыйса Жахабанын бардык тапшырмаларын аткарууга даяр болгон. Ыйсага чейин мындай момундук менен сүйүүнүн зор үлгүсүн Кудайдын жаратууларынын арасынан эч ким көрсөткөн эмес эле. Ыйсанын момундугун баары эле баалай берген эмес, ал тургай, душмандары аны «кемсинтилген адам» катары көрүшкөн (Даниел 4:14). Анткен менен элчи Пабыл ишенимдештеринин Ыйсаны туурап, бири-бирине мамиле жасоодо момун болушу керектигин түшүнгөн (1 Корунттуктарга 11:1; Филипиликтерге 2:3, 4).

7, 8. а) Ыйса момундукка кантип үйрөнгөн? б) Ыйса болочок шакирттерин эмнеге чакырган?

7 Пабыл Ыйсанын сонун үлгүсүн баса белгилеп, мындай деп жазган: «Силердин ой жүгүртүүңөр Машайак Ыйсаныкындай болушу керек. Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок [«өзүн Кудайга тең көрүүнү оюна да алган эмес», «ЖД»]. Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп... Өзүн Өзү басынтты. Өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты» (Филипиликтерге 2:5—8).

8 Ыйса момундукка кантип үйрөнгөн? Бул сапатты ал асманда Кудайдын «чебер жардамчысы» катары бардык нерсени жаратууга катышып, Атасы менен миллиарддаган жылдар бою жакын мамиледе болуу менен өрчүткөн (Накыл сөздөр 8:30, МАК). Эйден багында Адам менен Обо тил албастык көрсөткөндөн кийин, Кудайдын тун Уулу Атасынын күнөөлүү адамдарга момундук менен мамиле кылганын көргөн. Ошондуктан жерде жүргөндө Ыйса Атасынын момундугун чагылдырган жана адамдарды: «Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар»,— деп чакырган (Матай 11:29; Жакан 14:9).

9. а) Ыйса балдардын кайсы мүнөзүн жактырчу? б) Ыйса кичинекей баланы мисал кылып, бизге кандай сабак калтырган?

9 Ыйса чындап момун болгондуктан, кичинекей балдар андан корккон эмес. Тескерисинче, ага тартылып турушчу. Ыйса аларга сүйүү көрсөтүп, көңүл бөлгөн (Марк 10:13—16). Ага балдардын өзгөчө кайсы мүнөзү жаккан? Ыйсанын айрым шакирттери дайым эле көрсөтө бербеген жагымдуу сапаттар балдарга мүнөздүү экени шексиз. Кичинекей балдардын чоңдорду өздөрүнөн жогору эсептээри баарына белгилүү. Муну алардын көп суроолорду бергенинен байкоого болот. Ооба, чоңдорго салыштырмалуу балдар үйрөнүүгө көбүрөөк даяр болушат жана чоңдорго окшоп менменсинүүгө жакын эмес. Бир жолу Ыйса бир кичинекей баланы жанына чакырып, өзүнүн жолдоочуларына: «Эгерде жаман жолуңардан кайтып, кичинекей балдардай болбосоңор, Асман Падышачылыгына кирбейсиңер»,— деп айткан. Анан сөзүн: «Ким өзүн басынтып, ушул бала сыяктуу болсо, ал Асман Падышачылыгында чоң болот»,— деп улаган (Матай 18:3, 4). Ыйса мындай эреже бекиткен: «Өзүн өзү көтөргөн адам басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт» (Лука 14:11; 18:14; Матай 23:12).

10. Кандай суроолорду карап чыгабыз?

10 Буга байланыштуу маанилүү суроолор туулат. Түбөлүк келечегибиз кандайдыр бир деңгээлде чыныгы момундук өрчүтүшүбүздөн көзкаранды. Бирок эмне үчүн айрым учурларда Ыйсанын жолдоочуларына момун болуу кыйынга турат? Эмне себептен бойкөтөрүүчүлүктөн арылып, сыноолорго момундук менен туруштук берүү биз үчүн оңой эмес? Чындап момун болууга эмне жардам берет? (Жакып 4:6, 10).

Момун болуу эмне үчүн оңой эмес?

11. Момун болуу үчүн көп күч-аракет талап кылынары эмне үчүн таң калыштуу эмес?

11 Момун болууга умтулууда сен жалгыз эмессиң. Бул журналдын 1920-жылы чыккан бир санында момун болууга байланыштуу ыйык китептик кеңеш каралып, мындай деп айтылган: «Момундукка Эгебиздин канчалык чоң маани берерин түшүнүү бизге, чыныгы шакирттердин баарына, бул сапатты өрчүтүүгө күнүгө аракет кылууга түрткү бериши керек». Андан ары журналда: «Ыйык китептик ушул кеңештердин бардыгына карабастан, пенделик алсыздыктан улам Эгенин эли үчүн жана ушул жол менен кетүүнү чечкендер үчүн башка сапаттарга караганда момундукту өрчүтүү бир топ кыйын жана кыйла күчтү талап кылат көрүнөт»,— деп ачык айтылган. Айкын болгондой, Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынан момун болууга көп күч жумшоо талап кылынарынын бир себеби төмөнкүдө: биздин күнөөкөр табиятыбыз качан болбосун атак-даңкка умтулат. Анткени биз өз каалоолоруна берилип кеткен күнөөкөр түгөйлөр Адам менен Обонун тукумдарыбыз (Римдиктерге 5:12).

12, 13. а) Дүйнө кандайча Ыйсанын жолдоочуларына момун болууга тоскоолдук кылат? б) Момундук өрчүтүү үчүн жүргүзгөн күрөшүбүздү ким ого бетер оордотот?

12 Момундук көрсөтүү эмне үчүн оңой эмес экенинин дагы бир себеби: биз адамдарды дайыма өздөрүн башкалардан жогору коюуга үндөгөн дүйнөдө жашап жатабыз. Дүйнөнүн көздөгөнү — «дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик» (1 Жакан 2:16). Мындай каалоолорго багынып бербестен, Ыйсанын жолдоочулары көздөрүн жөнөкөй сактап, көңүлдөрүн Кудайдын эркин аткарууга бурушу керек (Матай 6:22—24, 31—33; 1 Жакан 2:17).

13 Момундук өрчүтүүнүн оңойго турбашынын үчүнчү себеби: бул дүйнөнү текебердиктин атасы болгон Шайтан Ибилис башкарып жатат (2 Корунттуктарга 4:4; 1 Тиметейге 3:6). Шайтан өзүнүн арам ойлорун башкаларга таңуулайт. Мисалы, ал «дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды жана алардын атак-даңкын» сунуш кылып, Ыйсанын ага сыйынышын каалаган. Момундугунан жазбаган Ыйса анын сунушун чечкиндүүлүк менен четке каккан (Матай 4:8, 10). Шайтан бүгүн да Кудайдын кызматчыларын өздөрүнө атак издөөгө азгырат. Бирок момун болгондуктан алар Ыйсанын үлгүсүнө карманып, даңк менен урмат-сыйды бир гана Кудайга ыйгарышат (Марк 10:17, 18).

Чыныгы момундукту өрчүтүү жана иш жүзүндө көрсөтүү

14. «Жалган момундук» деген эмне?

14 Элчи Пабыл колосалыктарга жазган катында жасалма момундук менен адамдарды таасирлентүүгө аракеттенүүдөн сак болууну эскерткен. Ал муну «жалган момундук» деп атаган. Момун болумуш эткендер рухий адамдар эмес. Тескерисинче, алар — «текеберденип» жаткандар (Колосалыктарга 2:18, 23). Ыйса андай жалган момундук көрсөткөн фарисейлерди эки жүздүүлөнүп тиленишкени жана эл көрсүн деп, кабактарын бүркөп орозо кармашканы үчүн айыптаган. Ошондуктан тиленүүлөрүбүз Кудайга жагышы үчүн, момундук менен тиленишибиз керек (Матай 6:5, 6, 16).

15. а) Момун бойдон калуу үчүн эмне кылсак болот? б) Момундук көрсөткөндөрдүн айрымдары кимдер?

15 Ыйсанын жолдоочулары Жахаба Кудайдын жана Ыйса Машайактын эң сонун үлгүсүнө көңүл буруп, момун боло алышат. Ал үчүн Ыйык Китепти, «ишенимдүү жана акылдуу кул» берген адабияттарды үзгүлтүксүз изилдөө зарыл (Матай 24:45). Мындай изилдөө Ыйсаны жолдогон аксакалдар үчүн абдан маанилүү, анткени ошондо алар өздөрүн «биртуугандарынан жогору койбойт» (Мыйзам 17:19, 20; 1 Петир 5:1—3). Момундугу үчүн Кудайдан бата алышкан Рут, Анна, Элизабет жана башка көптөгөн адамдардын үлгүсүнүн үстүнөн ой жүгүрт (Рут 1:16, 17; 1 Шемуел 1:11, 20; Лука 1:41—43). Көрүнүктүү абалды ээлешкенине карабастан Жахабага кызмат кылууда момундугун сактаган Дөөт, Жашыя, Чөмүлдүрүүчү Жакан жана элчи Пабыл сыяктуу адамдардын мыкты үлгүлөрү тууралуу да ойлон (2 Жылнаама 34:1, 2, 19, 26—28; Забур 130:1; Жакан 1:26, 27; 3:26—30; Элчилер 21:20—26; 1 Корунттуктарга 15:9). Жыйналыштарыбыздагы көп сандаган момун ишенимдештерибизчи? Ушул үлгүлөрдүн үстүнөн ой жүгүртүү Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына «бири-бирине баш ийип, момун болууга» жардам берет (1 Петир 5:5).

16. Кандайча кызматыбыз бизге момун болууга жардам берет?

16 Момун болууга кабар айтуу кызматына үзгүлтүксүз катышуу да жардам берет. Момун болсок, үйдөн үйгө кабар айтканда же башка учурларда кезиккен бейтааныш адамдарга натыйжалуу күбөлөндүрүү бере алабыз. Өзгөчө, адамдар Падышалык жөнүндөгү кабарды башында кошкөңүл же оройлук менен кабыл алганда, момундук көрсөтүү жакшы натыйжаларга алып келет. Ишенимибизге байланыштуу суроолор берилгенде, Ыйсанын жолдоочусу «момундук жана кичи пейилдик менен жооп берет» (1 Петир 3:15, «ҮН», 2001). Кудайдын момун кызматчылары жаңы аймактарга көчүп барып, маданияты жана жашоо деңгээли ар кандай адамдарга жардам берип келишет. Жакшы кабарды адамдарга жеткире алгыдай болуш үчүн, ал кызматчыларга момундук менен жаңы тил үйрөнүүгө туура келиши мүмкүн. Алардын аракеттери кандай гана мактоого татырлык! (Матай 28:19, 20).

17. Кайсы милдеттерди аткарууда Ыйсанын жолдоочуларынан момундук талап кылынат?

17 Көптөр башкалардын кызыкчылыктарын өздөрүнүкүнөн жогору коюп, өз милдеттерин момундук менен ийгиликтүү аткарып келишет. Мисалы, Ыйсанын жолун жолдогон атадан өз иштерин туура пландаштырып, балдары менен Ыйык Китепти изилдөөгө даярданууга жана аны натыйжалуу өткөрүүгө убакыт табуу үчүн момундук талап кылынат. Момундук сапаты балдарга жеткилең эмес ата-энесин урматтоого жана алардын тилин алууга жардам берет (Эфестиктерге 6:1—4). Ошондой эле күйөөлөрү чындыкта болбогон аялдар «таза, Кудайдан корккон жашоосу» аркылуу күйөөлөрүн чындыкка алып келүүгө умтулууда момундукту талап кылган жагдайларга көп туш болушат (1 Петир 3:1, 2). Оорулуу жана кары ата-энебиздин муктаждыктарына сүйүү менен кам көрүүдө да момундук менен жанаябастык сүйүүнү чагылдырышыбыз керек (1 Тиметейге 5:4).

Момундук көйгөйлөрдү чечет

18. Момундук келишпестиктерди жеңүүгө кандайча жардам берет?

18 Кудайдын жердеги бардык кызматчылары жеткилең эмес (Жакып 3:2). Айрым учурларда эки ишенимдеш бири-бири менен келише албай, түшүнбөстүктөр келип чыгышы ыктымал. Биринин экинчисине нааразы болууга жүйөлүү себеби болушу мүмкүн. Адатта, мындай жагдайды: «Көтөрүмдүү болгула... бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак силерди кечиргендей, силер да кечиргиле»,— деген кеңешти колдонуп чечсе болот (Колосалыктарга 3:13). Албетте, бул сөздөргө ылайык иш кылуу оңой эмес, бирок момундук бул кеңешти иш жүзүндө колдонууга жардам берет.

19. Бизди капа кылган адам менен сүйлөшүүдө эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

19 Кээде Ыйсанын жолдоочусу нааразы болууга олуттуу себеп бар деп эсептегендиктен, пайда болгон жагдайга көз жуумп коюу кыйынга турушу мүмкүн. Ошондой учурда момундук таарынткан адамга биринчи барып элдешүүгө жардам берет (Матай 18:15). Кээде келишпестиктердин чечилбей созулуп кетишине бир тараптын же эки тараптын тең бойкөтөрүүдөн улам өздөрүнүн катасын моюнга алууну каалабаганы себеп болот. Же болбосо, демилгени колго алып элдешүүгө барган тарап өзүнүкүн туура деп эсептеп, сын маанайда сүйлөшү мүмкүн. А эгер чындап момундук көрсөтсөк, бул көптөгөн келишпестиктерди чечүүгө жол ачат.

20, 21. Момун болууга бизге эмне чоң жардам берет?

20 Момундук өрчүтүүгө зарыл кадам — Кудайдан жардам жана рух сурап тиленүү. Бирок эсиңде болсун, «Кудай... момундарга ырайым кылат» жана ыйык рухун берет (Жакып 4:6). Ошондуктан эгер ишенимдешиң менен келише албай жүрсөң, Жахабага кайрылып, сен тараптан кеткен катаны чоң-кичине дебей момундук менен мойнуңа алууга жардам сура. Эгер көңүлүңдү ооруткан адам чын дилинен кечирим сураса, момундук менен кечир. Кечирүү оор болуп жатса, жүрөктөн кетпей жаткан текебердиктен арылуу үчүн, тиленүү аркылуу Жахабадан жардам изде.

21 Момундуктун көп пайдаларды алып келерин түшүнүү бизге ушул баа жеткис сапатты өрчүтүүгө түрткү бериши керек. Бул жагынан Жахаба Кудай жана Ыйса Машайак биз үчүн кандай сонун үлгү! Кудайдын: «Моюн сунуудан [«момундуктан», СК] кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет»,— деген сөздөрүн эч качан унутпа (Накыл сөздөр 22:4).

Ой жүгүртүү үчүн суроолор

• Момундук көрсөтүү жагынан кимдер эң мыкты үлгү?

• Эмне үчүн бизге момундук өрчүтүү оңой эмес?

• Момун болууга эмнелер жардам берет?

• Момун бойдон калуу эмне үчүн абдан маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Ыйса чындап момун болгон.

[18-беттеги сүрөт]

Дүйнө адамдарды өздөрүн башкалардан жогору коюуга үндөйт.

WHO photo by L. Almasi/K. Hemzǒ

[19-беттеги сүрөт]

Момундук бейтааныш адамдарга кабар айтууга жардам берет.

[20-беттеги сүрөт]

Келишпестиктерди чечүүгө момундук, сүйүү жардам берет.

[21-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары ар кандай жолдор менен момундук көрсөтүшөт.