Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эң мыкты билимден пайда алгыла!

Эң мыкты билимден пайда алгыла!

Эң мыкты билимден пайда алгыла!

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Жахаба Кудай бардыгын, алардын ичинде адам баласын да жаратканы айтылат (Башталыш 1:27; Аян 4:11). Улуу Насаатчы катары ал биринчи жубайларга, Адам менен Обого, билим берип, эң кооз Эйден багындагы жашоого даярдаган. Кудай аларды андан ары да көп нерселерге үйрөтүп, түбөлүк кам көрүүнү максат кылган (Башталыш 1:28, 29; 2:15—17; Ышайа 30:20, 21). Аларды кандай келечек күтүп турганын элестетсеңер!

Тилекке каршы, биринчи түгөйлөр бардыгынан кол жууп калышкан. Алардын тил албастыгынын кесепетинде тукумдары адеп-ахлактык жана денелик жактан кыйроого алып барган жолго түшүшкөн (Башталыш 3:17—19; Римдиктерге 5:12). Биринчи адам жаратылгандан бир нече кылым кийин жашаган муун тууралуу Ыйык Китепте: «Теңир жер бетиндеги адамдардын абдан бузулганын, алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык экенин көрдү»,— деп айтылат (Башталыш 6:5).

Жахаба адамдын жамандыкка жакын экендигин айткандан бери 4500 жылдай өттү, азыр адамзаттын абалы ого бетер начарлады. Көптөр каратып туруп калп айтышат, уурдашат, башкаларга кол көтөрүшөт. Көйгөйлөр күндөн күнгө көбөйүүдө, ал эми адамдардын бири-бирине болгон кызыгуусу суугандан сууп баратат. Адамдар ортосундагы, атүгүл үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелер да начарлап баратканына кошулбайсыңарбы? Бирок мындай жагдай үчүн Кудайды күнөөлөөгө болбойт, анткени биздин көйгөйлөрүбүзгө ал себепкер эмес. Жахаба дайым адамдардын жыргалчылыгын көздөйт жана бактылуу болуу үчүн жетекчилик издеп кайрылгандарга билим берүүгө даяр. Мындан 2000 жылдай мурун ал өз уулун, Ыйса Машайакты, жерге жиберүү менен бактылуу жашагысы келген адамдарды окутууну каалаарын көрсөткөн. Ыйса билим берүүнүн жеткилең үлгүсүн калтырып кеткен, анткени ал Улуу Насаатчыдан миллиарддаган жылдар бою билим алган.

Чыныгы дин — эң мыкты билимдин булагы

Ыйса Машайак чыныгы динди, башкача айтканда, сүйүү чагылдырылган жашоо жолун негиздеген. Ал жолдо жүргөндөр, Кудайдын ысмын даңктоо үчүн, ойлору менен иш-аракеттерин анын эркине шайкеш келтиришет (Матай 22:37—39; Эврейлерге 10:7). Ыйсанын кандай жашоо өткөрүүгө байланыштуу окууларын атасы Жахаба негиздеген. Жакан 8:29дан анын Кудайдан алган жардамы тууралуу төмөнкүнү окуйбуз: «Мени Жиберген Мени менен бирге, Атам Мени жалгыз калтырган жок. Анткени Мен ар дайым Ага жакканды кылам». Ооба, кызматынын башынан аягына чейин аны атасы колдоп, жетектеп турган. Ыйсанын алгачкы шакирттери, кандай кыйынчылыкка дуушар болушпасын, жетекчиликсиз калышчу эмес. Анткени Жахаба аларга өзүнүн Уулу аркылуу жол көрсөтүп турган. Ыйсанын окууларына жана үлгүсүнө кармануунун аркасында алар жакшы сапаттарды өстүрүшкөн. Анын азыркы күндөгү чыныгы жолдоочулары жөнүндө да так ушуну айтууга болот. (6-беттеги «Ыйсанын жана анын окууларынын таасири» деген кутучаны карагыла.)

Чыныгы динди айырмалаган өзгөчөлүктөрдүн бири: анын окуулары адамдын акылы менен жүрөгүнө таасир этип, ички дүйнөсүн өзгөртөт (Эфестиктерге 4:23, 24). Буга мисал катары Ыйсанын өмүрлүк жарга ишенимдүү болуу жөнүндө эмнеге окутканын карап көрөлү. Ал: «Байыркы мезгилде жашагандарга: „Ойноштук кылба“,— деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот»,— деген (Матай 5:27, 28). Бул сөздөр менен Ыйса шакирттерине жүрөктү таза сактоо керектигин жана туура эмес ойлор менен каалоолорду жок кылып турбаса, алар олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн экенин айткан. Чынында эле, жаман ойлор Кудайды жана башкаларды капаланта турган иштерге алып барарына кошулбайсыңарбы?

Ошондуктан Ыйык Китепте төмөнкүдөй кеңеш берилет: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө» (Римдиктерге 12:2). «Билим алуу менен акыл-оюбузду жаңылантуу чын эле мүмкүнбү?» — деп сурайттырсыңар. Акыл-ойду жаңылантуу деген акылыбызды Кудайдын Сөзүндөгү принциптер менен көрсөтмөлөргө толтуруп, башкача ой-жүгүртө баштоону билдирет. Ал үчүн Кудайдын Ыйык Китеп аркылуу берип жаткан билимин кабыл алуу зарыл.

Өзгөрүлүүгө түрткү алгандар

«Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12). Ал бүгүн да адамдарга зор таасир берип, өзүнүн эскирип калбаганын тастыктап турат. Кудай Сөзү адамга жүрүм-турумун өзгөртүүгө, Кудай жактырган жолго түшүүгө жана жакшы жакка өзгөрүлүүгө түрткү берет. Ал китепте камтылган билимдин баалуулугу төмөнкү мисалдардан көрүнүп турат.

Мурунку макалада сөз кылынган Эмилия: «Үй-бүлөмдөгү жагдайды жакшыртууда жардамга муктаж элем. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда жакшылыктан үмүт үзбөөгө негиз бар экенин түшүнүп, көзкарашымды өзгөртө баштадым. Ачууга алдырбоого жана чыдамдуу болууга үйрөндүм. Убакыттын өтүшү менен Ыйык Китепти изилдөөгө жолдошум да кошулду. Ичкилигин таштоо оңойго турбаса да, акыр-аягы ал жаман адатын жеңди. Бул ортобуздагы мамилебиздин жакшырышына өбөлгө түздү. Азыр биз Кудай жолунда жүргөн бактылуу үй-бүлөбүз жана Ыйык Китепте камтылган эң сонун принциптерди балдарыбызга да үйрөтүп жатабыз»,— дейт (Мыйзам 6:7).

Чыныгы дин адамга адеп-ахлаксыз жүрүм-турумун калтырууга да жардам бере алат. Мануэл * муну өз тажрыйбасынан билет. 13 жашында ал үйүнөн качып кетип, марихуана чеге баштаган. Бара-бара героин колдонууга өткөн. Акча жана баш калкалаар жай үчүн өз денесин эркектерге да, аялдарга да саткан. Адамдарды тоноп күн көргөн учурлары да болгон. Ал дээрлик дайыма баңгизаттын таасири алдында жүрчү. Чоң муштум болгонунан улам далай жолу абакка түшкөн. Бир жолу төрт жылга кесилип, түрмөдөн курал-жарак саткан адамдардын тобуна кошулуп кеткен. Үйлөнгөндөн кийин да оңолбогондуктан ал жаман жүрүм-турумунун кесепеттерин тарта берген. Мануэл: «Акыры тоокканада жашап калдык. Жубайымдын кирпичтерден жасалган очокко тамак жасап жүргөнү али эсимде. Жагдайыбыз оңолбочудай көрүнгөндүктөн, өзүмдүн эле туугандарым аялымды мени таштап кетүүгө үндөшкөн»,— дейт.

Анын жашоосун эмне өзгөрткөн? Мануэл мындай дейт: «Таанышыбыз үйгө Ыйык Китеп жөнүндө айтып келип калды. Мен аны менен адамдарга кызыкдар Кудайдын жок экендигин далилдөө үчүн гана сүйлөшүүгө макул болдум. Буга өзүмдүн жашоомду далил катары көрчүмүн. Ал Күбөнүн чыдамдуулугу менен сылыктыгы мени таң калтырды, ошондуктан Падышалык залында өткөрүлүүчү жолугушууларга барууга макул болдум. Жыйналыштагылардын айрымдары менин кандай адам экенимди билишсе да, достук маанайда тосуп алышты. Алар мага өзүлөрүнүн тобундагы адамдай мамиле кылышты. Бул мен үчүн чоң жубатуу болду. Ал жерден ушунчалык күчтүү таасир алгандыктан, баңгиликти таштап, жумуш таап, чынчылдык менен жашоо өткөрүүнү чечтим. Ыйык Китепти төрт ай изилдеген соң, кабар айтууну каалагандарга коюлган талаптарга жооп бергендиктен бул ишке катыша баштадым. Дагы төрт айдан кийин Жахабанын Күбөсү катары сууга чөмүлтүлдүм».

Мануэл жана анын үй-бүлөсү чыныгы диндин аркасында алган билимдин жардамы менен эмнеге жетишти? Ал мындай дейт: «Ыйык китептик билим албасам, бир канча жыл мурун эле жарык дүйнө менен кош айтышып калмакмын. Жашоонун Ыйса үйрөткөн жолу үй-бүлөмдү өзүмө кайрып берди. Эки балам мен жаш кезимде көргөн жаман нерселерди көрүшпөйт. Аялым экөөбүздүн ортобуздагы эң сонун мамиле менен сыймыктанам жана Жахабага ушунчалык ыраазымын. Кээде мурунку тааныштарым азыр өткөргөн жашоомдун жакшы экенин айтып, куттуктап калышат».

Чыныгы динди туткандар адеп-ахлактык жактан таза жашоо өткөргөндөн сырткары, кадимки тазалыкка да чоң маани беришет. Муну Түштүк Африканын жакыр аймактарынын биринде жашаган Жон түшүнгөн. Ал: «Кызыбыз кээде бир нече жума бою жуунбай жүрө берчү жана буга эч кимибиз деле тынчсызданчу эмеспиз»,— дейт. Аялы алардын үйүнүн ичи-тышы бир укмуш болгонун айтат. Бирок ыйык китептик билим алуу менен алардын жашоосу өзгөрөт. Жон унаа уурдагандар менен болгон байланышын үзүп, үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бура баштайт. «Биз Ыйсанын жолдоочулары катары өзүбүздү жана кийимибизди таза алып жүрүшүбүз керектигин түшүндүк. Мага 1 Петир 1:16-аяттагы сөздөр жагат, ал жерде Жахаба Кудай ыйык болгондуктан, биз да ыйык болууга чакырылабыз. Азыр үйүбүз жупуну болсо да, таза, тыкан болушуна аракеттенебиз».

Эң мыкты билимге силер да ээ боло аласыңар

Жогоруда айтылып өткөндөй окуялар аз эмес. Ыйык Китепте камтылган билимдин аркасында миңдеген адамдардын жашоосу жакшы жакка өзгөрдү. Чынчыл, эмгекчил болушкандыктан, аларды жумуш жетекчилери аябай баалашат. Алар жакындарынын жыргалчылыгына кызыгуу көрсөтүү менен эң жакшы коңшу жана берилген достордон боло алышты. Андан сырткары, күнөөкөр табиятка мүнөздүү жаман каалоолорго алдырбоого чечкиндүү болгондуктан, өздөрүнүн денсоолугуна, акыл-эс жана эмоциялык муктаждыктарына жакшыраак кам көрө алышат. Алар акча каражаттарын жаман же пайдасыз нерселерге эмес, өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгына сарпташат (1 Корунттуктарга 6:9—11; Колосалыктарга 3:18—23). Ыйык Китепте жазылгандарды иш жүзүндө колдонуунун натыйжалары чыныгы диндин окууларына ылайык жашоо өткөрүү эң жакшы жол экендигин жана Жахаба гана мыкты билим бере аларын талашсыз түрдө көрсөтүп турат. Кудайдын мыйзамдарына ылайык жашаган адам тууралуу Ыйык Китепте: «Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет»,— деп айтылат (Забур 1:3).

Кудурети күчтүү Кудайдын бизге билим берүүнү абдан каалаарын билүү кубандырбай койбойт. Ал өзү жөнүндө: «Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн, сени жүрүшүң керек болгон жол менен алып жүргөн Кудай-Теңириң Менмин»,— дейт (Ышайа 48:17). Ооба, Жахаба ал жолду уулу Ыйса Машайактын үлгүсү жана окуулары аркылуу көрсөттү. Ыйса жерде жүргөндө анын окууларын кабыл алган адамдардын жашоосу жакшы жакка өзгөргөн. Бүгүн да көптөр ал окууларды иш жүзүндө колдонуунун аркасында жашоолорун өзгөртүшүүдө. Ал окуулар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн убакыт бөлүүгө эмне үчүн болбосун? Силердин аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрү бул баалуу билимден пайда алууга жардам берүүгө кубанычта болушат.

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[6-беттеги кутуча]

Ыйсанын жана анын окууларынын таасири

Салык жыйноочулардын башчысы Закай карапайым элден опузалап алган акчанын аркасы менен байыган. Бирок кийин Ыйсанын окууларын кабыл алып, жашоосун өзгөрткөн (Лука 19:1—10).

Тарстык Шабыл Ыйсанын жолдоочуларын куугунтуктаганын токтотуп, чыныгы динди кабыл алган. Кийин элчи Пабыл деп аталып калган (Элчилер 22:6—21; Филипиликтерге 3:4—9).

Ыйсанын Корунттагы айрым жолдоочулары мурун ойноштук кылуучу, бутка табынуучу, нике бузуучу, аял жандуу, бачабаз, ууру, дүнүйөкор, аракеч, ушакчы жана талап-тоноочу болушкан. Бирок чыныгы диндин окуулары менен таанышкандан кийин алар «Ыйса Машайактын ысымынын урматына... жуулушкан, ыйыкталышкан жана акталышкан» (1 Корунттуктарга 6:9—11).

[7-беттеги сүрөт]

Ыйык Китеп бактылуу жашоо өткөрүүгө жардам берет.