Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Армагедон бактылуу жашоонун башталышы

Армагедон бактылуу жашоонун башталышы

Армагедон бактылуу жашоонун башталышы

«АРМАГЕДОН» деген сөз байыркы эврей тилиндеги «Хар-Магедон» («Мегидо тоосу») деген сөз айкашынан келип чыккан. Ал сөз Ыйык Китепте кездешет. Аян 16:16-аятта: «Ал рухтар падышаларды эврейче Армагедон деп аталган жерге чогултушту»,— деп айтылат. Армагедонго падышалар кандай максат менен чогултулууда? Аян 16:14тө көрсөтүлгөндөй, «бүт дүйнөнүн падышалары... бардыгын кармап туруучу Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушка» чогултулууда. Бул сөздөргө байланыштуу бүйүрдү кызыткан дагы башка суроолор туулат. Мисалы, «падышалар» каерде согушушат? Алар кайсы себептен жана ким менен согуш жүргүзөт? Көп адамдар ойлогондой, ал падышалар массалык кыргын салуучу куралдарды колдонобу? Армагедондон аман өткөндөр болобу? Жоопту Ыйык Китептен табабыз.

«Мегидо тоосу» деген сөздөр Армагедон согушу Жакынкы Чыгыштын кайсы бир жеринде болорун билдиреби? Жок. Биринчиден, жер жүзүндө андай тоо жок. Азыр байыркы Мегидонун ордунда айлана-тегеректеги түздүктөн 20 метрдей көтөрүлүп турган адыр гана бар. Экинчиден, Мегидонун тегерегиндеги аймак «жер үстүндөгү падышалардын жана алардын... аскерлеринин» баары үчүн тардык кылмак (Аян 19:19). Анткен менен Жакынкы Чыгыштын тарыхында болуп өткөн эң айыгышкан жана мааниси зор салгылаштардын айрымдары Мегидодо жүргүзүлгөн. Ошондуктан «Армагедон» деген аталыш талашсыз түрдө бир гана жеңүүчүсү боло турган мааниси зор согушту символдоштурат. (5-беттеги «Мегидо — ылайыктуу символ» деген кутучаны карагыла.)

Армагедон элдердин ортосундагы согушту билдирбейт, анткени, Аян 16:14тө көрсөтүлгөндөй, «бүт дүйнөнүн падышалары» «бардыгын кармап туруучу Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушта» бирдиктүү күчтү түзүшөт. Жеремия Кудайдын рухунун жетеги менен жазган пайгамбарлыгында «Теңир өлтүргөн адамдар жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин» ташталарын айткан (Жеремия 25:33). Демек, Армагедон Жакынкы Чыгыштын кайсы бир жеринде жүрө турган кадимки согуш эмес. Ал — Жахабанын бүт жер жүзүндө боло турган согушу.

Бирок Аян 16:16да Армагедондун «жер» деп аталганына көңүл бурсаңар. Ыйык Китепте «жер» деген сөз кандайдыр бир абал же жагдай деген маанини да туюнтушу мүмкүн. Бул аятта бүт дүйнө Жахабага каршы бириге турган жагдай жөнүндө айтылууда (Аян 12:6, 14). Армагедондо жердеги элдердин баары биригип, «падышалардын Падышасы жана эгелердин Эгеси» болгон Ыйса Машайактын аскердик буйругун аткарган «асман кошуундарына» каршы чыгышат (Аян 19:14, 16, «ЖД»).

Ал эми Армагедондо жер массалык кыргын салуучу куралдардан улам кыйрайт же асман телосу менен кагылышат деген сыяктуу ырастоолор жөнүндө эмне айтууга болот? Мээримдүү Кудай адамзаттын жана анын үйү болгон жердин ушундайча жок болушуна жол береби? Жок. Ал жерди «бекер эмес, жашоо үчүн жаратканын» айткан (Ышайа 45:18; Забур 95:10). Армагедондо Жахаба жер шарын тыптыйпыл кылып өрттөп салбайт. Тескерисинче, ал «жерди кыйраткандарды жок кылат» (Аян 11:18).

Армагедон качан келет?

«Армагедон качан келет?» деген суроо кылымдар бою адамдарды ойлондуруп, көп сандаган божомолдоолорду туудуруп келген. Зор мааниге ээ бул согуштун качан болорун билүүгө Аян китебин Ыйык Жазманын башка бөлүктөрү менен чогуу изилдөө жардам берет. Аян 16:15те Армагедон Ыйсанын ууру сыяктуу келиши менен окшоштурулат. Бул көрсөтмөлүү мисалды Ыйса да өзүнүн азыркы дүйнөгө чыгарылган өкүмдү ишке ашыруу үчүн келерин сүрөттөөдө колдонгон (Матай 24:43, 44; 1 Тесалоникалыктарга 5:2).

Ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарылышы көрсөтүп тургандай, биз 1914-жылдан тартып ушул түзүлүштүн акыркы күндөрүндө жашап жатабыз *. Акыркы күндөр аяктаганда, Ыйса «чоң алаамат» деп атаган мезгил башталат. Ал мезгилдин канча убакытка созулары Ыйык Китепте айтылбайт, бирок ошондогу кырсык-каргашалар адам баласынын башына түшкөн жамандыктардын баарынан ашып түшөт. Армагедон ошол чоң алааматтын туу чокусу болот (Матай 24:21, 29).

Армагедон «бардыгын кармап туруучу Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуш» болгондуктан, адамдар аны болтурбай коё алышпайт. Жахаба ал согуштун башталар убактысын белгилеп койгон. Ал убакыт «кечикпейт» (Хабакук 2:3, «ЖД»).

Адилеттиктин Кудайы адилет согуш жүргүзөт

Эмне үчүн Кудай дүйнөлүк масштабда согуш жүргүзөт? Армагедон анын негизги сапаттарынын бири — адилеттүүлүгү — менен тыгыз байланыштырылат. Ыйык Китепте: «Жахаба адилеттикти сүйөт»,— деп айтылат (Забур 36:28, «ЖД»). Ал адамзат тарыхындагы адилетсиздиктин баарын көрүп келүүдө. Албетте, андай иштер анын адилеттүү каарын туудурат. Ошондуктан ал азыркы бузулган дүйнөнү бүтүндөй жок кылуу максатында адилеттүү согуш жүргүзүүгө өз Уулун дайындаган.

Иргеп жок кылуунун натыйжасында жүрөгү таза адамдарды, алар жердин кайсы бурчунда жашабасын, куткарып, чындап адилеттүү согуш жүргүзүүгө бир гана Жахаба жөндөмдүү (Матай 24:40, 41; Аян 7:9, 10, 13, 14). Ошондой эле бүт жер жүзүн өзүнө баш ийдирүүгө Кудай гана укуктуу, анткени жерди ал жараткан (Аян 4:11).

Жахаба душмандарына каршы кандай күчтөрдү колдонот? Муну биз билбейбиз. Бизге белгилүү болгон нерсе бул: ыймансыздарды түп-тамыры менен жок кылууга анын кудурети жетет (Аюб 38:22, 23; Сепания 1:15—18). Бирок Кудайдын жердеги кызматчылары ал согушка катышпайт. Аян китебинин 19-бөлүмүндөгү көрүнүштөн айкын болгондой, ага Ыйса Машайак менен асман кошуундары гана катышат. Ал эми Жахабанын жердеги кызматчыларынын эч кимиси катышпайт (2 Жылнаама 20:15, 17).

Акылмандыктын Кудайы жетиштүү түрдө эскертет

Аман кала тургандар жөнүндө эмне айтууга болот? Чынында, адамдардын Армагедондо набыт болушу зарыл эмес. Элчи Петир Жахаба жөнүндө: «Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт»,— деп айткан (2 Петир 3:9). Ал эми элчи Пабыл: «Ал бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт»,— деген (1 Тиметейге 2:4).

Ошон үчүн Жахаба Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын бардык жерде жүздөгөн тилдерде таратылышына акылмандык менен кам көрүп келет. Төгөрөктүн төрт бурчундагы адамдардын баарына куткарылууга мүмкүнчүлүк берилип жатат (Матай 24:14; Забур 36:34; Филипиликтерге 2:12). Жакшы кабарды кабыл алган адамдар Армагедондон аман өтүшөт жана бара-бара жеткилеңдикке жетип, жердеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт (Жезекиел 18:23, 32; Сепания 2:3; Римдиктерге 10:13). Сүйүүнүн Кудайынан ушуну күтүшүбүз керек эмеспи? (1 Жакан 4:8).

Сүйүүнүн Кудайынын согуш жүргүзгөнү орундуубу?

Көптөр: «Кантип эле сүйүүнүн Кудайы адамзаттын басымдуу көпчүлүгүн жок кылып салсын?» — деп сурашы мүмкүн. Эгерде үйдү зыянкеч курт-кумурскалар каптап кетсе, кожоюн үй-бүлөсүнүн денсоолугун жана жыргалчылыгын ойлоп, зыянкечтерди жок кылууга тийиштүү чара көрмөк эмеспи?

Анын сыңарындай, Жахаба адамдарды абдан сүйгөндүктөн Армагедон согушун жүргүзөт. Кудайдын ой-ниети боюнча, жер бейишке айланып, адамзат жеткилеңдикке, тынчтыкка жетет жана «аларды эч ким коркутпайт» (Михей 4:3, 4; Аян 21:4). Анда башкалардын тынчтыгына жана коопсуздугуна коркунуч туудургандар эмне болушу керек? Кудайга андай «зыянкечтерди» — оңолгус каардуу адамдарды — адил адамдардын жыргалчылыгы үчүн жок кылууга туура келет (2 Тесалоникалыктарга 1:8, 9; Аян 21:8).

Уруш-талаштар менен кан төгүүлөрдүн көбүнө жеткилеңсиз адамдардын башкаруусу, улутчулдук жана жеке кызыкчылыктарды көздөгөндүк себеп болот (Насаатчы 8:9). Адамдык өкмөттөр өздөрүнүн таасирин жайылтууга умтулуп, Кудайдын асманда орнотулган Падышалыгын такыр баркка албай келет. Алардын өздөрүнүн көзкарандысыздыгынан баш тартып, Кудай менен Машайакка баш ие турган түрү жок (Забур 2:1—9). Ошондуктан андай өкмөттөр жоюлушу керек. Ошондо Жахабанын Падышалыгы Машайактын жетекчилиги астында адилеттүү бийлик жүргүзө баштайт (Даниел 2:44). Демек, жер планетасын жана адамзатты башкарууга ким укуктуу экенине байланышкан маселе биротоло чечилиши үчүн, Армагедон согушу жүргүзүлүшү керек.

Жахабанын Армагедондо жасай турган иш-аракеттери адамзатка зор пайдаларды алып келет. Дүйнөдөгү абалдын начарлагандан начарлап баратканы адамзаттын муктаждыктарын Кудайдын жеткилең башкаруусу гана толук канааттандыра аларын бышыктап турат. Чыныгы тынчтыкты, жакшы жашоону анын Падышалыгы гана алып келет. Эгер Кудай эч кандай чара көрбөсө, дүйнөдө кандай абал өкүм сүрө бермек? Адамдык башкаруунун натыйжасында кылымдардан бери адамзатты азапка салып келаткан жек көрүүчүлүк, зордук-зомбулук, согуштар ого бетер күчөй бермек эмеспи? Ооба, Армагедон согушу бизге пайда гана алып келет! (Лука 18:7, 8; 2 Петир 3:13).

Бардык согуштарды токтото турган согуш

Армагедондо эч бир согуштун натыйжасында ишке ашпаган нерсе ишке ашат — бардык согуштар токтотулат. Согуш оту биротоло өчкөн күндү ким эңсебейт? Бирок, адамзат согуштарды токтотууга канчалык аракеттенбесин, бул орундалгыс үмүт бойдон калууда. Бул Жеремиянын: «Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем»,— деген сөздөрүнүн чындыгын баса белгилеп турат (Жеремия 10:23). Жахабанын кандай чара көрөрүнө карата Ыйык Китепте: «Ал жер жүзүндөгү согуштарды токтотту, жааларды талкалады, найзаларды сындырды, арабаларды өрттөп жиберди»,— деген убада берилет (Забур 45:9, 10).

Элдер кыйратуучу куралдарды колдонуп, бири-бирин жана айлана-чөйрөнү талкалап салганга чейин, жердин Жаратуучусу Армагедондо чечкиндүү иш-аракеттерди жасайт! (Аян 11:18). Ошондуктан бул согуш Кудайдан корккон адамдар кылымдар бою күтүп келген нерсени ишке ашырат. Ал Жердин Ээси болгон Жахаба Кудайдын бүт жаратууларынын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө укуктуу экенин тастыктайт.

Демек, адилдикти сүйгөн адамдарга Армагедондон коркуунун кереги жок. Тескерисинче, ал бизге жакшылыкка үмүттөнүүгө негиз берет. Армагедон согушу жерди бардык жамандыктан, ыймансыздыктан тазалап, Кудайдын Мессиялык Падышалыгынын башкаруусу алдында жаңы адилеттүү түзүлүштүн орношуна жол ачат (Ышайа 11:4, 5). Армагедон тиричиликтин бүтүшүн эмес, жердеги бейиште түбөлүк өмүр сүрө турган адил адамдар үчүн бактылуу жашоонун башталышын билдирет (Забур 36:29).

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» аттуу китептин 11-бөлүмүн карагыла.

[5-беттеги кутуча⁄сүрөт]

МЕГИДО — ЫЛАЙЫКТУУ СИМВОЛ

Байыркы Мегидо шаарынын жайгашкан орду стратегиялык жактан абдан ыңгайлуу болгон. Анын этегинде Ысрайылдын түндүгүндөгү түшүмдүү Изрейел өрөөнүнүн батыш бөлүгү жаткан. Ошол аймак аркылуу өткөн эларалык соода жана аскердик жолдорду Мегидо көзөмөлдөп турган. Андыктан Мегидо чоң-чоң салгылаштардын жайына айланган. Профессор Грэм Дейвис өзүнүн бир китебинде мындай деп жазат: «Мегидо шаары... ар тараптан келген соодагерлерге жана келгиндерге ачык болчу; ошол эле учурда кубаттуу кезинде ал жолдор аркылуу өткөн-кеткендерди көзөмөлдөп, сооданын жана согуштун жүрүшүн багыттай алган. Ошондуктан шаарды ээлеп алуу максатында көп согуштар жүргөн жана каратып алгандар аны катуу коргошчу» («Cities of the Biblical World—Megiddo»).

Мегидонун тарыхы б.з.ч. экинчи миң жылдыкта, Египеттин башкаруучусу Тутмос III ошол жерде канаандык башкаруучуларды талкалаганда башталып, б.з. 1918-жылы Британиянын генералы Эдмунд Алленби түрк аскерлерин талкалаган убакка чейин созулган. Мегидодо Кудайдын жардамы менен башкаруучу Барак Канаан падышасы Жабинге катуу сокку урган (Башкаруучулар 4:12—24; 5:19, 20). Ал жерде башкаруучу Гидон мидиандыктардын мизин кайтарган (Башкаруучулар 7:1—22). Ахазай жана Жошия падышалар да Мегидодо өлтүрүлгөн (2 Падышалар 9:27; 23:29, 30).

Демек, Мегидодо көптөгөн маанилүү салгылаштар болгондуктан, Ыйык Китепте Армагедондун ошол аймак менен байланыштырылганы эң эле орундуу. Кудайдын өзүнүн бардык душмандарын толук жеңерине Мегидо ылайыктуу символ болуп саналат.

[7-беттеги сүрөт]

[Булак жөнүндө маалымат]

Pictorial Archive (Near Eastern History) Est.

[7-беттеги сүрөт]

Армагедон бактылуу жашоонун башталышын билдирет

Жер жүзү боюнча адамдарга эскертүү жана Армагедондон аман өтүүгө мүмкүнчүлүк берилүүдө.