Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Армагедон тиричиликтин бүтүшүбү?

Армагедон тиричиликтин бүтүшүбү?

Армагедон тиричиликтин бүтүшүбү?

АРМАГЕДОН! Бул сөздү укканда эмнени элестетесиңер? Массалык кыйроонубу? Же ааламдын өрттөнүүсүнбү? Ыйык Китептен алынган «Армагедон» деген сөз көп өлкөлөрдө күндөлүк жашоодо колдонулган сөздөрдүн бирине айланып калган. Аны көбүнчө адамзаттын келечегин күңүрт кылып сүрөттөө үчүн колдонушат. Ал эми көңүл ачуу индустриясы адамдардын ой-түшүнүгүн жакындап келаткан «Армагедондун» коркунучтуу көрүнүштөрү менен сугарып келет. Ал сөз өзүнчө эле купуя сырга айланып, туура эмес түшүнүктөрдү жаратып келүүдө. Ага карата көп сандаган түшүндүрмөлөр берилгени менен, алардын көбү Ыйык Китепте айтылгандарга дал келбейт.

Ыйык Китепте Армагедон «дүйнөнүн акыры» менен байланыштырылгандыктан, ал сөздүн чыныгы маанисин айкын түшүнүү абдан маанилүү экенине кошулат болушуңар керек? (Матай 24:3). Ошондой эле чындыктын булагы болгон Кудай Сөзүнө кайрылып, Армагедон деген эмне экенин, анын силер жана үй-бүлөңөр үчүн эмнени билдирерин изилдеп көрүү акылдуулукка жатпайбы?

Андай изилдөөнүн аркасында Армагедон тиричиликтин бүтүшүн эмес, адилеттүү жаңы дүйнөдө өмүр сүрүүнү каалагандар үчүн бактылуу жашоонун башталышын билдирерин көрүүгө болот. Эмки макалада Армагедон деген сөздүн чыныгы маанисин карап чыгуу менен силер Ыйык Жазмадагы маанилүү чындык тууралуу айкын түшүнүк ала аласыңар.

[3-беттеги кутуча]

СИЛЕРДИН ОЮҢАРЧА, АРМАГЕДОН ДЕГЕН ЭМНЕ?

• Ядролук кыйроо

• Экологиялык алаамат

• Асман телосунун Жер менен кагылышы

• Кудайдын ыймансыздарды жок кылышы