Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшы кабар «ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдарга жарыяланууда

Жакшы кабар «ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдарга жарыяланууда

Жакшы кабар «ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдарга жарыяланууда

«Ар кандай тилдерде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып... „Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук“,— дешет» (Захария 8:23).

1. Ар улуттагы адамдарга ар кайсы тилде кабар айтылып башташына Жахаба кайсы жагдайды ылайыктуу деп тапкан?

БИЗДИН замандын 33-жылындагы Элүүнчү күн майрамында түзүлгөн жагдай кабар айтууга эң эле ылайыктуу болгон: андан бир нече жума мурун Иерусалимге Пасах майрамын майрамдоого кең Рим империясынын, бери дегенде, 15 аймагынан жана башка жерлерден көп сандаган жүйүттөр жана прозелиттер келген. Эми алардын ичинен миңдегендер жөнөкөй эле адамдардын ыйык рухка толуп, жакшы кабарды Рим империясында колдонулган көптөгөн тилдерде жарыялап жатышканын көрүшкөн. Бирок бул байыркы Бабылдагыдай башаламандыкка алып келген эмес: айтылган кабар баарына түшүнүктүү болгон (Элчилер 2:1—12). Бул окуя Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышынын негизделишин жана бүгүнкү күнгө дейре дүйнө жүзү боюнча көп тилдерде жүргүзүлүп жаткан окутуу ишинин башталышын шарттаган.

2. Ыйсанын шакирттери б.з. 33-жылы ар кайсы улуттагы угуучуларын кантип «айран-таң калтырышкан»?

2 Сыягы, Ыйсанын шакирттери ошол убакта кеңири тараган жана жалпы эл колдонгон грек тилинде сүйлөй алышкан. Алар ийбадатканада колдонулган байыркы эврей тилинде да сүйлөшкөн. Бирок б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында алар ар кайсы улуттагы угуучуларын алардын тилинде сүйлөп «айран-таң калтырышкан». Натыйжасы кандай болгон? Угуучулар маанилүү чындыктарды өз эне тилинде уккандыктан бул алардын жүрөгүн козгогон. Ошол күндүн аяк ченинде шакирттердин чакан тобуна 3000ден ашык адам кошулган (Элчилер 2:37—42).

3, 4. Шакирттер Иерусалимден, Жүйүт жана Галилея аймактарынан башка жактарга көчүп барышканда, кабар айтуу иши кандай кулач жайган?

3 Ошол маанилүү окуядан көп өтпөй Иерусалимде куугунтуктоолор башталган. Натыйжада «чачырап кеткендер... эл аралап, Кудайдын сөзүн таратып жүрүшкөн» (Элчилер 8:1—4). Мисалы, Элчилер китебинин 8-бөлүмүндө Филип — болжолу, грекче сүйлөгөн жакшы кабарчы — жөнүндө сөз жүрөт. Ал самариялыктарга кабар айткан. Филип Машайак жөнүндөгү кабарды жакшы кабыл алган эфиопиялык бир кызматкерге да күбөлөндүрүү берген (Элчилер 6:1—5; 8:5—13, 26—40; 21:8, 9).

4 Ыйсанын жолдоочулары Иерусалим шаарынан, ошондой эле Жүйүт жана Галилея аймактарынан чыгып, отурукташууга жай издеп жүргөндө маданий жана тилдик кыйынчылыктарга кабылышкан. Алардын айрымдары, сыягы, жүйүттөргө гана кабар айтышкан. Бирок шакирт Лука: «Кипрликтер менен киренеялыктар Антийохеяга келип, эллиндерге [гректерге] да Теңир Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратышты»,— деп жазган (Элчилер 11:19—21).

Беткарамалыгы жок Кудайдын кабары бардык адамдарга арналган

5. Жахабанын беткарама эмес экенин жакшы кабардын таратылышынан кандайча көрүүгө болот?

5 Окуялардын ошондой өрчүгөнү Кудайдын эркине ылайык келген, анткени анда беткарамалык жок. Жахаба элчи Петирдин башка элдер жөнүндөгү көзкарашын оңдогон соң, Петир: «Кудайда бет карамалык жок экенине, ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагарына чыны менен ынанып турам»,— деп ыраазычылык менен айткан (Элчилер 10:34, 35; Забур 144:9). Ал эми мурда Ыйсанын жолдоочуларын куугунтуктап жүргөн элчи Пабыл Кудайдын «бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалаарын» айтуу менен Анын калыс экенин бышыктаган (1 Тиметейге 2:4). Жаратканда беткарамалык жок экенин Падышалыкка болгон үмүткө ар башка тилде сүйлөгөн бардык улуттагы, расадагы, жыныстагы адамдар ээ боло алары көрсөтүп турат.

6, 7. Жакшы кабардын дүйнө жүзү боюнча ар кайсы тилдерде таратылары кайсы ыйык китептик пайгамбарлыктарда алдын ала айтылган?

6 Жакшы кабардын дүйнө жүзү боюнча таратылары кылымдар мурун алдын ала айтылган. Даниелдин пайгамбарлыгында жазылгандай, «бардык элдер, уруулар жана улуттар Ага [Ыйсага] кызмат кылышы үчүн, Ага бийлик, даңк жана падышачылык берилген» (Даниел 7:14). Ушул журналдын 151 тилде чыгып, дүйнө жүзүнө таратылып жатканы жана натыйжада силерге Жахабанын Падышалыгы жөнүндө окуп-билүүгө мүмкүнчүлүк берилип жатканы ошол пайгамбарлыктын аткарылышын көрсөтүп турат.

7 Ыйык Китепте ар кайсы тилде сүйлөгөн адамдар өмүр берүүчү кабарды уга турган убак жөнүндө алдын ала айтылган. Захария көп адамдардын кантип чыныгы сыйынууга кызыгарын сүрөттөп, мындай пайгамбарчылык айткан: «Ал күндөрдө мындай болот: ар кандай тилдерде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн [рух менен майланган Ыйсанын жолдоочуларынын калдыгынын, «Кудайдын Ысрайылынын» өкүлдөрүнүн] этегинен кармап, ага: „Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук“,— дешет» (Захария 8:23; Галатиялыктарга 6:16). Элчи Жакан болсо аян аркылуу эмнелерди көргөнүн айтып жатып: «Ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден эч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдар тактынын жана Козунун алдында... турушуптур»,— деген (Аян 7:9). Биз азыр бул пайгамбарлыктардын аткарылышын көрүп жатабыз!

Кабарды бардык адамдарга жеткирүү

8. Бүгүнкү күндө кабар айтуу ишибиздин кеңейишине эмне шарт түзүүдө?

8 Бүгүнкү күндө жер которгон адамдардын саны барган сайын өсүп жатат. Буга өлкөлөрдүн өз ара катнашынын улам тыгыз болуп баратышы чоң өбөлгө түзүүдө. Көп сандаган адамдар согуш жүрүп жаткан же экономикалык абал оор болгон жерлерден стабилдүүрөөк аймактарга көчүп барып, өздөрүнүн материалдык абалын жакшыртууга аракеттенишет. Көптөгөн өлкөлөрдө иммигранттар менен качкындардын агылып келиши чет тилдүү аймактардын түзүлүшүн шарттап келет. Мисалы, Финляндияда адамдар 120 тилде, Австралияда 200дөн ашык тилде сүйлөшөт. Ал эми Америка Кошмо Штаттарынын бир эле шаарында — Сан-Диегодо — 100дөн ашык тил колдонулат!

9. Аймагыбызда башка тилдерде сүйлөгөн адамдардын жашаганына кандай карашыбыз керек?

9 Кудайдын кызматчылары катары биз аймагыбызда башка тилдерде сүйлөгөн адамдардын жашашын кызматыбызга тоскоолдук катары көрөбүзбү? Албетте, жок! Тескерисинче, биз үчүн бул — кызматыбызга байланышкан аймактын кеңейиши, «орууга даяр болуп бышып калган» эгиндүү талаа (Жакан 4:35). Биз рухий муктаждыгын сезе билген адамдарга улутуна же тилине карабай кам көрүүгө умтулабыз (Матай 5:3). Натыйжада башка тилде сүйлөгөн адамдардын арасынан Ыйсанын жолун жолдой баштагандар жыл сайын көбөйүүдө (Аян 14:6). Мисалы, 2004-жылдын август айына чейин Германияда кабар айтуу иши 40 тилде жүргүзүлгөн. Ошол эле мезгилде жакшы кабар Австралияда дээрлик 30 тилде жарыяланган (он эле жыл мурун кабар 18 тилде айтылчу). Грецияда Жахабанын Күбөлөрү кабарды адамдарга 20дай тилде жеткиришкен. Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн 80 пайызы кеңири тараган эларалык англис тилинен башка тилдерде сүйлөшөт.

10. «Бардык элдерден» шакирт даярдоодо ар бир жарчы кандай роль ойнойт?

10 Ыйсанын «бардык элдерди... шакирт кылууга» байланыштуу буйругу шексиз түрдө аткарылууда! (Матай 28:19). Бул тапшырманы Жахабанын Күбөлөрү 235 өлкө, аймактарда дилгирлик менен аткарып, ыйык китептик адабияттарды 400дөн ашык тилде таратып жатышат. Жахабанын уюму кабар айтууга керектүү материалды ар кайсы тилде берип жатат, бирок ар бир жарчы Ыйык Китептеги кабарды бардык адамдарга алар жакшыраак түшүнгөн тилде жеткирүүгө умтулушу керек (Жакан 1:7). Мындай бирдиктүү аракеттер ар кайсы тилде сүйлөгөн миллиондогон адамдардын жакшы кабарды угушуна өбөлгө түзөт (Римдиктерге 10:14, 15). Демек, ар бирибиз бул ишке өз салымыбызды кошо алабыз!

Чет тилдерде кабар айтуунун зарылдыгы

11, 12. а) Кандай кыйынчылыктарды жеңүү керек жана ыйык рух бизге кандай жардам берет? б) Адамдарга алардын эне тилинде кабар айтуу эмне үчүн маанилүү?

11 Бүгүн Падышалыктын көп жарчылары башка тил үйрөнгүсү келет, бирок мында Кудайдын рухунун кереметине таянууга болбойт (1 Корунттуктарга 13:8). Жаңы тил үйрөнүү оңой иш эмес; бул көп күч-аракетти талап кылат. Атүгүл башка тилде сүйлөй алгандарга да, Ыйык Китептеги кабарды ошол тилде сүйлөгөн, бирок тек-тамыры, маданияты башка болгон адамдарга жагымдуу кылып жеткирүү үчүн, өздөрүнүн ой жүгүртүүсүн жана ыкмасын өзгөртүүгө туура келиши мүмкүн. Андан тышкары, жаңы иммигранттар көп учурда тартынчаак, уялчаак келгендиктен, алардын ой жүгүртүүсүн түшүнүү үчүн, кыйла күч-аракет жумшоо талап кылынат.

12 Ошентсе да ыйык рух Жахабанын кызматчыларына башка тилде сүйлөгөн адамдарга жардам берүүдө азыр деле колдоо көрсөтөт (Лука 11:13). Ал рух бизге керемет жолу менен чет тилде сүйлөп кетишибизге өбөлгө түзбөсө да, башка тилдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө болгон каалообузду күчөтө алат (Забур 142:10). Ыйык Китептеги кабарды адамдарга алар жакшы билбеген тилде айтсак же окутсак, чындык алардын акылына жетиши мүмкүн. Бирок, жүрөктөрүнө жетиши үчүн, кабарды алардын эне тилинде — жүрөктүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерине, ниеттерине жана үмүттөрүнө таасир эте турган тилде — айтуу абзел (Лука 24:32).

13, 14. а) Кээ бирөөлөргө чет тилдүү аймакта кызмат кылууга эмне түрткү берет? б) Жанаябастык руху эмнелерден көрүнөт?

13 Көптөгөн жарчылардын чет тилдүү аймакта кызмат кыла башташына ал жердеги адамдардын Ыйык Китептеги чындыкты жакшы кабыл алуусу түрткү берген. Башкаларды болсо өздөрүнүн кызматынын кызыктуураак боло баштаганы шыктандырат. Жахабанын Күбөлөрүнүн түштүк Европадагы филиалы: «Чыгыш Европадан келгендердин көбү — чындыкка суусаган адамдар»,— деп билдирет. Мындай адамдарга чындыкты таанууга жардам берүү кандай жагымдуу! (Ышайа 55:1, 2).

14 Бирок бул иште жемиштүү болуу үчүн, чечкиндүүлүк жана жанаябастык талап кылынат (Забур 109:3). Мисалы, Жапониядагы көптөгөн ишенимдештерибиз чоң шаарлардагы жайлуу үйлөрүн калтырып, кытай иммигранттарына Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берүү үчүн алыскы аймактарга үй-бүлөсү менен көчүп барышкан. АКШнын батыш бөлүгүндөгү жарчылар, филиппин тилинде сүйлөгөн адамдар менен ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүп туруу үчүн, машине менен 1—2 саат жол жүрүшөт. Норвегияда бир жубайлар Афганистандан келген үй-бүлө менен изилдөө өткөрөт. Изилдөө учурунда Күбөлөр «Кудай бизден эмне талап кылат?» китепчесинин * англисче жана норвегче басылыштарын колдонушат. Афганистандык жубайлар абзацтарды перс тилинде — өздөрү сүйлөгөн дари тилине тектеш тилде — окушат. Талкуу болсо англис, норвег тилдеринде жүрөт. Мындай жанаябастыктын жана ийилчээктиктин жемиши чет өлкөлүктөр жакшы кабарды кабыл алганда айкын көрүнөт *.

15. Кантип баарыбыз башка тилдерде кабар айта алабыз?

15 Сен да башка тилдерде кабар айта аласыңбы? Анда силер жашаган аймакта адамдар кайсы чет тилдерде көбүрөөк сүйлөөрүн аныктап алуудан баштасаң кандай? Анан жаныңа ошол тилдерде бир нече баракча же китепче ала жүрсөң болот. 2004-жылы чыккан «Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар» аттуу басылмада (ор.) Падышалык жөнүндөгү кабар көп тилдерде жагымдуу маанайда, жөнөкөй тил менен берилгендиктен, кызматыбызда ал да жакшы курал болуп саналат.

«Келгинди сүйүү»

16. Чет тилде сүйлөгөн адамдарга жардам берүүгө жоопкерчиликтүү биртуугандар кантип кызыкдар боло алышат?

16 Башка тил үйрөнсөк да, үйрөнбөсөк да, жергебиздеги чет өлкөлүктөрдүн рухий билим алышына баарыбыз жардам бере алабыз. Жахаба өз элин «келгинди сүйүүгө» үндөгөн (Мыйзам 10:18, 19). Мисалы, Түндүк Америкадагы бир чоң шаарда беш жыйналыш бир Падышалык залын колдонот. Алар, башка жыйналыштардагыдай эле, жолугушуулардын убактысын жыл сайын алмаштырып турат. Бир жылы кытай тилиндеги жыйналышка жекшембинин кечки маалы туура келген. Бирок ал маал ресторан сыяктуу жайларда иштеген чет өлкөлүктөрдүн көбүнө ылайыксыз болгондуктан, алар жолугушууларга катыша албай калмак. Ошондуктан башка жыйналыштардын аксакалдары кичипейилдик көрсөтүп, кытай тилиндеги жолугушуулардын жекшемби күнү эртерээк өткөрүлүшүнө кам көрүшкөн.

17. Кимдир бирөө бөлөк тилде сүйлөгөн топко жардам берүү үчүн башка жакка көчүүнү чечсе, буга кандай карашыбыз керек?

17 Сүйүүгө жетектелген аксакалдар бөлөк тилде сүйлөгөн топторго жардам берүүнү каалаган жөндөмдүү биртуугандарды макташат. Андай тажрыйбалуу жарчылар көчүп кетсе, жергиликтүү жыйналыш үчүн бул жоготууну билдириши мүмкүн, бирок аксакалдар Листрадагы жана Икониядагы аксакалдардай көзкарашта болушат. Тиметей ал шаарлардагы жыйналыштар үчүн абдан керек болсо да, аксакалдары анын Пабыл менен саякаттап кызмат кылышына каршы болушкан эмес (Элчилер 16:1—4). Ошондой эле кабар айтуу ишинде демилгени колго алгандарды чет өлкөлүктөрдүн ой жүгүртүүсү, салттары же адаттары чочутпайт. Тескерисинче, алар маданий айырмачылыктарга даяр болуп, жакшы кабар үчүн чет өлкөлүктөр менен жакшы мамиле өрчүтүүнүн жолдорун издешет (1 Корунттуктарга 9:22, 23).

18. Баарыбызга кандай эшик кенен ачылууда?

18 Алдын ала айтылгандай, жакшы кабар «ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдарга таратылууда. Чет тилдүү аймактарда мындан ары да өсүш болоруна шектенбесек болот. Миңдеген жарчылар тапкычтык көрсөтүп, кызматтагы кенен ачылган «эшик» аркылуу кирип жатышат (1 Корунттуктарга 16:9). Бирок, кийинки макалада көрсөтүлө тургандай, андай аймактарды иштетүү үчүн дагы башка нерселер талап кылынат.

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

^ 14-абз. Башка мисалдарды 2004-жылдын 1-апрелиндеги «Күзөт мунарасына» чыккан «Кичинекей курмандыктар бизге чоң баталарды алып келди» деген макаладан (24—28-бб., ор.) окууга болот.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Бардык адамдарга беткарамалыксыз мамиле кылуу жагынан Жахабаны кантип туурай алабыз?

• Аймагыбыздагы биздин тилде сүйлөбөгөн адамдарга кандай көзкарашта болушубуз керек?

• Адамдарга алардын эне тилинде кабар айтуу эмне үчүн маанилүү?

• Арабыздагы чет өлкөлүктөргө кантип камкордук көрсөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги карта⁄сүрөт]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Рим

Асия

Крит

Ливия

Фригия

Памфилия

Иерусалим

Жүйүт аймагы

Мисир

Понт

Кападокия

Месопотамия

Мадай

Эйлам

Аравия

Парфия

Жер ортолук деңиз

Кара деңиз

Кызыл деңиз

Перс булуңу

[23-беттеги сүрөт]

Б.з. 33-жылы Рим империясынын 15 аймагынан жана башка жерлерден келген адамдар жакшы кабарды өздөрүнүн эне тилинде угушкан.

[24-беттеги сүрөт]

Көптөгөн чет өлкөлүктөр Ыйык Китептеги чындыкты жакшы кабыл алышууда.

[25-беттеги сүрөт]

Падышалык залынын сыртындагы жазуу (беш тилде берилген).