Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын жолдору дайыма туура

Жахабанын жолдору дайыма туура

Жахабанын жолдору дайыма туура

«Теңирдин жолдору туура, ал жолдор менен адил адамдар жүрүшөт» (Ошуя 14:10).

1, 2. Жахаба ысрайылдыктарга кандай жолду көрсөткөн, бирок алар эмне кылышкан?

МУСА пайгамбардын күндөрүндө Жахаба ысрайылдыктарга туура багыт көрсөтүп, өзүнүн адил жолдорун үйрөткөн. Бирок б.з.ч. VIII кылымдын башында абал абдан начарлап кеткен: Кудай аларды мыйзамсыздыктары үчүн айыптуу деп тапкан. Муну Ошуя китебинин ондон он төрткө чейинки бөлүмдөрүнөн көрүүгө болот.

2 Ысрайылдын жүрөгү экижүздүү болуп калган. Он уруудан турган ал падышалыктын эли «жамандыкты эккендиктен», «мыйзамсыздыкты оруп алып» жаткан (Ошуя 10:1, 13). «Ысрайылды Мен жаш чагынан сүйдүм,— деген Жахаба,— Мен уулумду Мисирден чакырып алдым» (Ошуя 11:1). Кудай ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан бошотконуна карабастан, алар ага алдамчылык жана амалкөйлүк менен жооп кайтарышкан (Ошуя 11:12). Ошондуктан Жахаба Ысрайылга: «Өз Кудайыңа кайрыл, ырайымдуулукту, акыйкаттыкты сакта жана ар дайым Кудайыңа таян»,— деп кеңеш берген (Ошуя 12:6).

3. Козголоңчул Самарияны эмне күтүп турган жана ысрайылдыктар Кудайдын ырайымына канткенде ээ боло алышмак?

3 Козголоңчул Самарияны жана анын падышасын каргаша күтүп турган (Ошуя 13:11; 14:1). Бирок Ошуянын пайгамбарлыгынын акыркы бөлүмүнүн 2-аятында: «Ысрайыл, өзүңдүн Кудай-Теңириңе кайрылып кел»,— деген чакырык айтылат. Эгер ысрайылдыктар өкүнүп, кечирим издесе, Кудай аларга ырайым кылмак. Бирок адегенде алар «Теңирдин жолдору туура» экенин таанып, ошол жолдор менен жүрүшү керек эле (Ошуя 14:2—7, 10).

4. Ошуянын пайгамбарлыгындагы кайсы принциптерди карап чыгабыз?

4 Ошуянын пайгамбарлыгынын бул бөлүгүндө бизге Кудай менен жүрүүгө жардам бере турган көп принциптер камтылат. Бул макалада төмөнкүлөрдү карап чыгабыз: 1) Жахаба бизден чын жүрөктөн сыйынышыбызды талап кылат; 2) Кудай өзүнүн элине берилгендик менен сүйүү көрсөтөт; 3) биз ар дайым Жахабага таянышыбыз керек; 4) Жахабанын жолдору дайыма туура; 5) күнөөкөрлөрдүн Жахабага кайрылып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Жахаба бизден чын жүрөктөн сыйынышыбызды талап кылат

5. Кудай кандай кызмат кылышыбызды талап кылат?

5 Жахаба ыйык кызматыбызды чын жүрөктөн аткарышыбызды талап кылат. Тилекке каршы, Ысрайыл жемишсиз «жүзүм сабагындай» болуп калган. Ысрайылдыктар жалган сыйынууга арналган «курмандык чалынуучу жайларын... көбөйтүшкөн». Алар чындыктан четтеп, жасалма кудайларды, сыягы, таза эмес сыйынууда колдонуу үчүн мамы түрүндөгү айкелдерди жасашкан. Жахаба ошол курмандык чалынуучу жайларды талкалап, жасалма кудайларды кыйратарын айткан (Ошуя 10:1, 2).

6. Кудай менен жүрүүнү кааласак, кандай сапаттан алыс болушубуз керек?

6 Жахабанын кызматчылары экижүздүү болбошу керек. Бирок ысрайылдыктар тууралуу эмне айтууга болот? «Алардын жүрөгү бөлүнүп», тактап айтканда, экижүздүү болуп калган! Жахабага арналган эл катары алар мурун аны менен келишим түзүшсө да, ал аларды экижүздүүлүгү үчүн айыптуу деп тапкан. Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Биз өзүбүздү Кудайга арнагандыктан, эч качан экижүздүү болбошубуз керек. Накыл сөздөр 3:32де: «Бузулган адам Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми адил адамдар менен Анын байланышы бар»,— деген эскертүү берилет. Кудай менен жүрүү үчүн, «чын жүрөктөн, ак ниеттен жана анткор эмес ишеним» менен сүйүү көрсөтүшүбүз абзел (1 Тиметейге 1:5, «Мукаддас»).

Кудай өз элине берилгендик менен сүйүү көрсөтөт

7, 8. а) Кудай бизге берилгендик менен сүйүү көрсөтүшү үчүн, эмне кылуу зарыл? б) Олуттуу күнөө кетирсек эмне кылышыбыз керек?

7 Жахабага сыйынууда экижүздүүлүктөн качып, адилдикке умтулсак, ал бизге мээримдүү боорукердик (берилгендик менен сүйүү) көрсөтөт. Туура жолдон адашкан ысрайылдыктарга мындай деп айтылган: «Адилеттикти сепкиле, ырайымдуулукту оруп аласыңар. Дың жериңерди айдагыла, ошондо Ал келип, үстүңөргө адилдикти жамгырдай төгөт, анткени Теңирди издей турган убакыт келди» (Ошуя 10:12).

8 Ысрайылдыктар өкүнүп, Жахабаны издей баштаса кандай сонун болмок! Ошондо Кудай алардын «үстүнө адилдикти жамгырдай төкмөк». Эгерде олуттуу күнөө кылып алсак, келгиле, Жахабаны издейли. Ан үчүн андан тиленүү менен кечирим сурап, жыйналыш аксакалдарынан рухий жардам сурашыбыз зарыл (Жакып 5:13—16). Ошондой эле Кудайдын ыйык рухунун жетекчилигин издешибиз керек, анткени «өзүнүн күнөөкөр табиятына сепкен адам күнөөкөр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан түбөлүк өмүрдү алат» (Галатиялыктарга 6:8). Эгер рухка сепсек, анда Кудай бизди мындан ары да берилгендик менен сүйө берет.

9, 10. Ошуя 11:1—4-аяттардагы сөздөрдүн Ысрайылга кандай тиешеси бар?

9 Биз Жахабанын өз элине дайыма сүйүү менен мамиле кыларына бекем ишенсек болот. Буга Ошуя 11:1—4-аяттардан далил табабыз. Ал жерде мындай деп айтылат: «Ысрайылды Мен жаш чагынан сүйдүм, Мен уулумду Мисирден чакырып алдым... Алар Баалга арнап курмандык чалып, буркандарга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышты. Мен Өзүм Эпрайымга [Ысрайылга] басканды үйрөткөм, аны Өз колума салып көтөрүп жүргөм, алар болсо өздөрүн айыктырып турган Мен экенимди билишкен жок. Мен аларды адамдык байланыш менен, сүйүү байланышы менен алып жүрдүм, Мен алар үчүн алардын ооздугун алып салган кишидей болдум, эңкейип, аларга тамак берип турдум».

10 Бул жерде Ысрайыл кичинекей балага салыштырылат. Жахаба ысрайылдыктарды колуна алып көтөрүп, сүйүүсү менен басууга үйрөткөн. Ошондой эле аларды «сүйүү байланышы» менен алып жүргөн. Кандай гана жүрөк козгогон сүрөттөө! Балаңарга алгачкы кадамдарын шилтөөгө жардам берип жатканыңарды элестетип көрсөңөр. Ага колуңарды сунуп, тайтайлап чакырасыңар. А балким, жыгылып кетпесин үчүн, аны жетелеп бастырасыңар. Жахаба да бизге ушундай назик сезим жана сүйүү менен мамиле кылат. Ал бизди «сүйүү байланышы менен алып жүргөнүнө» абдан кубанычта.

11. Кандайча Кудай «ооздукту алып салган кишидей болгон»?

11 Жахаба ысрайылдыктарга жасаган мамилесинде «алар үчүн алардын ооздугун алып салган кишидей болгон, эңкейип, аларга тамак берип турган». Кудай малды ээн-эркин оттотуу үчүн ооздугун алып салган адамдай иш кылган. Ысрайыл эли Жахабага баш ийүүнүн ооздугун алып салганда гана душмандарынын эзүүчү ооздугун кийип калчу (Мыйзам 28:45, 48; Жеремия 28:14). Келгиле, башкы душманыбыз Шайтандын чеңгелине эч качан түшпөйлү да, анын эзүүчү ооздугун кийип азап тартпайлы. Тескерисинче, мээримдүү Кудайыбыз менен мындан ары да берилгендик менен жүрөлү.

Ар дайым Жахабага таянгыла

12. Ошуя 12:6га ылайык, мындан ары да Кудай менен жүрүү үчүн эмне кылышыбыз керек?

12 Мындан ары да Кудай менен жүрүү үчүн, ар дайым ага таянышыбыз керек. Ысрайыл элине: «Сен да өз Кудайыңа кайрыл, ырайымдуулукту, акыйкаттыкты сакта жана ар дайым Кудайыңа таян»,— деп айтылган (Ошуя 12:6). Эгер алар мээримдүү боорукердик көрсөтүп, адилеттүүлүк кылып, «ар дайым Кудайга таянышса», Жахабага өкүнүү менен кайрылышканын далилдей алышмак. Кудай менен жүргөнүбүзгө канча убакыт болбосун, мээримдүү боорукердик көрсөтүүгө, адилеттүү болууга жана ар дайым Кудайга таянууга чечкиндүү болушубуз зарыл (Забур 26:14).

13, 14. Пабыл Жахабага таянууга негиз берүүдө Ошуя 13:14тү кандайча колдонгон?

13 Ошуянын ысрайылдыктарга айткан пайгамбарлыгында Кудайга таянууга өзгөчө себеп бар экени көрсөтүлөт. «Мен аларды өлгөндөр жаткан жайдын бийлигинен кун төлөп куткарам,— деген Жахаба,— аларды өлүмдөн куткарам. Өлүм! Сенин уу тишиң кайда? Өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда?» (Ошуя 13:14). Жахаба ошол убакта ысрайылдыктарды түз маанидеги өлүмдөн куткарууну ниет кылган эмес, бирок ал акыр-аягы өлүмдү түбөлүккө жок кылат да, анын жеңишин жокко чыгарат.

14 Майланган ишенимдештерине жазган катында Пабыл Ошуянын пайгамбарлыгынан үзүндү келтирип, мындай деген: «Чирип калчу бул денебиз чирибес болгондо, өлүп калчу бул денебиз өлбөс болгондо, „Өлүм жеңилди, жок болду“ деген сөз аткарылат. „Өлүм! Сенин уу тишиң кайда? Өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда?“ Өлүмдүн уу тиши — күнөө, ал эми күнөөнүн күчү — мыйзам. Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу бизге жеңиш берген Кудайга ыраазыбыз!» (1 Корунттуктарга 15:54—57). Ыйсаны тирилтүү менен Жахаба Өзүнүн эстутумундагы адамдарды тирилтерине кепилдик берген (Жакан 5:28, 29). Жахабага таянууга бул кандай сонун негиз! Бирок Кудай менен жүрүүгө бизге тирилүүгө болгон үмүттөн тышкары дагы бир нерсе түрткү берет.

Жахабанын жолдору дайыма туура

15, 16. Самария жөнүндө кандай пайгамбарлык айтылган жана ал кантип аткарылган?

15 «Теңирдин жолдору туура» экенине бекем ишенүү бизге мындан ары да Кудай менен жүрүүгө жардам берет. Самариянын тургундары Кудайдын адил жолдору менен жүрүшкөн эмес. Ошондуктан алар күнөөлөрү үчүн жана Жахабага ишенишпегени үчүн жоопко тартылышы керек эле. Бул тууралуу мындай деп алдын ала айтылган: «Самария бүлгүнгө учурайт, анткени өз Кудайына каршы чыкты: алар кылычтан кулашат, алардын наристелери кылыч менен кыя чабылат, кош бойлуу аялдары жара чабылат» (Ошуя 14:1). Самарияны басып алган ашурлуктардын мындай үрөй учурган мыкаачылыктарга жөндөмдүү болушканын тарых тастыктап турат.

16 Самария он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын борбор шаары болгон. Бирок Самария деген аталыш бул жерде ошол падышалыктын бүтүндөй аймагына тиешелүү болушу мүмкүн (1 Падышалар 21:1). Ашур падышасы Шалманесер V б.з.ч. 742-жылы Самария шаарын курчап алган. Б.з.ч. 740-жылы Самария каратып алынганда, анын көптөгөн көрүнүктүү адамдары Месопотамия менен Мадайга туткундалып кеткен. Самарияны ким басып алганы, Шалманесер Vби же андан кийинки падыша Саргон IIби, дагы эле белгисиз бойдон калууда (2 Падышалар 17:1—6, 22, 23; 18:9—12). Ошентсе да Саргондун жылнаамаларында 27 290 ысрайылдыктын Эфрат дарыясынын баш жагындагы жерлерге жана Мадайга көчүрүлгөнү тууралуу айтылат.

17. Кудайдын нормаларына кандай мамиле кылышыбыз керек?

17 Жахабанын адил жолдору менен жүрүшпөгөнү үчүн самариялыктардын башына каран түн түшкөн. Эгер биз да күнөө кылууну адатка айлантып, Кудайдын адил нормаларын тебелеп-тепсей турган болсок, мунун натыйжалары кесепеттүү болот. Андай жолго эч качан түшпөйлү! Тескерисинче, ар бирибиз элчи Петирдин төмөнкү кеңешине ылайык иш кылалы: «Силердин араңардан эч ким киши өлтүрүп, же уурулук кылып, же жаман иштерди кылып, же бирөөнүн ишине кийлигишип азап тартпасын. Эгерде машайакчы болгону үчүн азап тартып жатса, анда уялбасын. Тескерисинче, ушул наамы үчүн Кудайды даңктасын» (1 Петир 4:15, 16).

18. Кудайды кантип даңктай алабыз?

18 Биз өзүбүз билгендей иш кылбай, Кудайдын адил жолдору менен жүрсөк, Ага даңк алып келебиз. Кабыл өзүм билемдик кылгандыктан жана Жахаба ага күнөө кол салганы турганын эскерткенде укпай койгондуктан өз биртууганын өлтүргөн (Башталыш 4:1—8). Билам Маап падышасынан акы алганы менен, Ысрайылды каргай албай койгон (Сандар 24:10). Ошондой эле Кудай леби Коракты жана анын таламдаштарын Муса менен Арунга берилген бийликке каршы чыгышкандыгы үчүн өлүм менен жазалаган (Сандар 16:1—3, 31—33). «Кабылдын жолу менен жүрүүнү», «Биламга окшоп... адашууну» же «Корак сыяктуу каршы чыгып», өзүбүздү өлүмгө дуушар кылууну биз эч качан каалабайбыз (Жүйүт 11). Бирок кокус күнөө кылып алсак, Ошуянын пайгамбарлыгынан жубатуу ала алабыз.

Күнөөкөрлөр Жахабага кайрылып келе алат

19, 20. Өкүнгөн ысрайылдыктар кандай курмандык чала алышкан?

19 Олуттуу күнөөнүн айынан мүдүрүлгөндөр да Жахабага кайрылып келе алат. Ошуя 14:2, 3-аяттарда мындай өтүнүч айтылат: «Ысрайыл, өзүңдүн Кудай-Теңириңе кайрылып кел, анткени сен өзүңдүн мыйзамсыздыгыңдын айынан мүдүрүлүп жыгылдың. Өзүңөр менен кошо сөздөрдү алып, Теңирге кайрылып келгиле, Ага мындай дегиле: „Бардык мыйзамсыздыгыбызды кечир, бизге жакшылык кыл, ошондо биз Сага ооз курмандыгын чалабыз“».

20 Өкүнгөн ысрайылдыктар Кудайга «ооз курмандыгын» чала алышкан. Мындай курмандык чын жүрөктөн чыккан даңктоону билдирет. Пабыл Ыйсанын жолдоочуларын «Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын ысымын даңктаган ооз курмандыгын Ыйса аркылуу тынымсыз алып келүүгө» үндөгөндө Ошуянын ошол пайгамбарлыгына шилтеме кылган (Эврейлерге 13:15). Биз үчүн Кудай менен жүрүү жана ага ошондой курмандык алып келүү кандай зор сыймык!

21, 22. Өкүнгөн ысрайылдыктар кандайча калыбына келтирилмек?

21 Баш ийбестиктин жолун таштап, Кудайга кайрылган ысрайылдыктар ага «ооз курмандыгын» чала башташкан. Ошондуктан алар, Кудай убада кылгандай, рухий жактан калыбына келтирилген. Ошуя 14:5—8-аяттарда Жахаба мындай дейт: «Алардын баш тартуучулугун дарылайм, аларды Өз каалоом менен сүйөм, анткени Менин каарым алардан бурулду. Мен Ысрайылга шүүдүрүм болом. Ал лилиядай болуп гүлдөйт, Лебанон сыяктуу тамыр жаят. Анын бутактары жайылат, ошондо анын сулуулугу зайтун дарагындай болот, андан Лебанондун жытындай жыпар жыт чыгат. Анын көлөкөсүндө отургандар кайтып келишет, эгин өстүрүшөт, өздөрү жүзүм сабактары сыяктуу гүл ачышат, анын жыты Лебанон шарабындай болот».

22 Өкүнгөн ысрайылдыктар рухий жактан айыгып, кайрадан Кудайдын сүйүүсүнө ээ болот. Жахаба алар үчүн сергитүүчү шүүдүрүмдөй болот, башкача айтканда, аларга батасын мол берет. Калыбына келген элдин «сулуулугу зайтун дарагындай болот» жана алар Кудайдын жолдору менен жүрүшөт. Биз Жахаба Кудай менен жүрүүнү чечкендиктен, бизден эмне талап кылынат?

Мындан ары да Жахабанын адил жолдору менен жүргүлө

23, 24. Ошуя китеби кандай бекемдээрлик пайгамбарлык менен аяктайт жана ал бизге кандай таасир этет?

23 Кудай менен мындан ары да жүрүүнү кааласак, «асмандан келген акылмандыкка» жетектелип, дайыма анын адил жолдоруна туура келген иштерди кылышыбыз керек (Жакып 3:17, 18). Ошуянын пайгамбарлыгындагы акыркы аятта мындай делет: «Акылдуу адам муну түшүнсүн, даанышман адам муну билсин. Анткени Теңирдин жолдору туура, ал жолдор менен адил адамдар жүрүшөт, ал эми мыйзамсыздар ал жолдордо мүдүрүлүшөт» (Ошуя 14:10).

24 Келгиле, дүйнөнүн акылмандыгына жана нормаларына жетектелбей, Кудайдын адил жолдору менен жүрүүгө чечкиндүү бололу (Мыйзам 32:4). Ошуя Кудай менен 59 же андан көбүрөөк жыл жүргөн. Ал Жахабанын кабарын ишенимдүүлүк менен тараткан, анткени аны акылдуу, даанышман адамдар түшүнүп, кабыл аларын билген. Бизчи? Жахаба күбөлөндүрүүгө мүмкүнчүлүк берип жаткандыктан, биз анын ырайымын акылдуулук менен кабыл ала тургандарды мындан ары да издей беребиз. Биз кабар айтуу ишинде «ишенимдүү жана акылдуу кул» менен тыгыз кызматташып жатканыбызга кандай кубанычтабыз! (Матай 24:45—47).

25. Ошуянын пайгамбарлыгы бизге эмне кылууга жардам берет?

25 Ошуянын пайгамбарлыгы бизге мындан ары да Кудай менен жүрүүгө жана ал убадалаган түбөлүк өмүрдү күтүүгө жардам берет (2 Петир 3:13; Жүйүт 20, 21). Кандай сонун үмүт! Эгерде биз «Теңирдин жолдору туура» экенине шектенбей турганыбызды сөзүбүз менен да, ишибиз менен да далилдей берсек, ал үмүтүбүз сөзсүз ишке ашат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудайга таза ниет менен кызмат кылсак, ал бизге кандай мамиле кылат?

• Эмне үчүн Жахабага ар дайым таянышыбыз керек?

• Жахабанын жолдору туура экенине эмне үчүн шектенбейсиңер?

• Канткенде мындан ары да Жахабанын адил жолдору менен жүрө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Ошуянын пайгамбарлыгы Жахабанын тирилүү жөнүндөгү убадасына бекем ишенүүгө негиз берет.

[20-беттеги сүрөт]

Жыйналыш аксакалдарынын жардамын кабыл ал.

[21-беттеги сүрөт]

Түбөлүк өмүрдү күтүп, мындан ары да Кудай менен жүргүлө.