Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай менен жүрүп, жакшылыкты оруп алгыла

Кудай менен жүрүп, жакшылыкты оруп алгыла

Кудай менен жүрүп, жакшылыкты оруп алгыла

«Алар шамал себишкендиктен, бороон оруп алышат» (Ошуя 8:7).

1. Канткенде Жахаба менен жүрө алабыз?

ТАЖРЫЙБАЛУУ жол көрсөтүүчү коштоп жүрсө, коркунучтуу аймак аркылуу өтүү кыйла коопсуз болот. Жалгыз жол жүргөнгө караганда ошондой жол көрсөтүүчү менен жүрүү акылдуулукка жатат. Кандайдыр бир мааниде бул мисал биздин жагдайга ылайык келет. Жахаба бизге, мындайча айтканда, азыркы бузулган дүйнөнүн эбегейсиз чоң «чөлүндө» жол көрсөтүп жүрүүнү сунуш кылууда. Өз кадамыбызга өзүбүз багыт берүүгө аракеттенгенден көрө, аны менен жүргөнүбүз акылдуулукка жатат. Канткенде Кудай менен жүрө алабыз? Өзүнүн Сөзүндө берген жетекчилигине баш ийүү менен.

2. Бул макалада эмне талкууланат?

2 Мурунку макалада Ошуя китебинин бирден бешке чейинки бөлүмдөрүндө камтылган каймана маанидеги драма талкууланган. Айкын болгондой, ал драмада бизге Кудай менен жүрүүгө жардам берерлик сабактар камтылат. Келгиле эми, алтыдан тогузга чейинки бөлүмдөрдөгү айрым урунттуу ойлорго токтолуп өтөлү. Адегенде ошол төрт бөлүмдү кыскача карап чыкканыбыз пайдалуу.

Кыскача мазмуну

3. Ошуя китебинин алтыдан тогузга чейинки бөлүмдөрүнүн мазмунун кыскача айтып бергиле.

3 Жахаба Ошуяны, негизинен, он уруудан турган түндүк Ысрайыл падышалыгына пайгамбарчылык кылууга жөнөткөн. Сан жагынан басымдуулук кылган уруунун атынан улам Эпрайым деген ат менен да белгилүү болгон ал эл Кудайдан баш тартып кеткен. Ошуя китебинин алтыдан тогузга чейинки бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөндөй, эл Жахаба менен түзүлгөн келишимдин шарттарын сактабай, жамандык кылып, ишенимсиздик көрсөткөн (Ошуя 6:7). Жахабага кайрылып келгендин ордуна, алар башка элдердин күчүнө таянышкан. Жамандыкты себишкендиктен, алар жамандыкты оруп алышмак. Башкача айтканда, аларды жаза күтүп турган. Бирок Ошуянын пайгамбарлыгында жагымдуу да кабар бар. Пайгамбар элди Жахабага кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк бар экенине жана чын жүрөктөн өкүнгөндөргө ырайым көрсөтүлөрүнө ынандырат.

4. Ошуянын пайгамбарлыгынан кандай пайдалуу сабактарды карап чыгабыз?

4 Ошуянын пайгамбарлыгынын ушул төрт бөлүмүнөн биз өзүбүзгө Кудай менен жүрүүгө жардам берерлик дагы башка жетекчиликти көрө алабыз. Келгиле, төрт пайдалуу сабакты карап чыгалы: 1) чындап өкүнүү сөз жүзүндө эле эмес, иштер менен да көрсөтүлөт; 2) жалаң курмандыктар менен Кудайга жагуу мүмкүн эмес; 3) кызматчыларынын баш тартып кетиши Жахабанын жүрөгүн оорутат; 4) жакшылыкты оруп алуу үчүн, жакшылыкты себишибиз керек.

Чындап өкүнүү кандайча көрсөтүлөт?

5. Ошуя 6:1—3-аяттарда айтылгандардын маанисин түшүндүргүлө.

5 Ошуянын пайгамбарлыгынан биз өкүнүүгө жана ырайымга байланыштуу көп нерселерге үйрөнөбүз. Ошуя 6:1—3-аяттардан мындай сөздөрдү окуйбуз: «Жүргүлө, Теңирге кайра баралы! Анткени бизди Ал тыткылады, бизди Өзү айыктырат; бизди Ал жаралады, биздин жараатыбызды Өзү таңат. Бизди эки күндөн кийин тирилтет, үчүнчү күнү бизди тургузат, ошондо биз Анын алдында жашайбыз. Ошондуктан таанып билели, Теңирди таанып билүүгө умтулалы. Анын келиши таңкы жарыктай, Ал бизге жамгыр сыяктуу келет, кеч жааган жамгыр сыяктуу жерди сугарат».

6—8. Ысрайылдыктардын өкүнүүсү эмне үчүн кабыл алынган эмес?

6 Бул аяттардагы сөздөрдү ким айткан? Кээ бирөөлөрдүн ою боюнча, аларды өкүнүмүш болуп, Кудайдын ырайымдуулугун кыянаттык менен пайдаланууга умтулган ишенимсиз ысрайылдыктар айткан. Бирок башкалар ал сөздөрдү Ошуя пайгамбар элди Жахабага кайрылып келүүгө чакыруу үчүн айткан деп ырасташат. Ал сөздөр кимге таандык болбосун, кептин төркүнү мында: он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын эли чындап өкүнүп, Жахабага кайрылып келгенби? Жок. Жахаба Ошуя аркылуу: «Эпрайым, сага эмне кылайын? Жүйүт, сага эмне кылайын? Силердин адилдигиңер [«мээримдүү боорукердигиңер», «ЖД»] таңкы булуттай, эрте жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй»,— дейт (Ошуя 6:4). Кудайдын эли рухий жактан кандай өкүнүчтүү абалда болгон! Мээримдүү боорукердик, башкача айтканда, берилгендик менен сүйүү күн чыгары менен тарап кетүүчү таңкы мунарыктай дээрлик жокко эсе болгон. Эл өкүнгөндөй көрүнгөнү менен, Жахаба ырайым кылууга эч кандай негиз жок экенин көргөн. Эмне себептен?

7 Анткени Ысрайыл чын жүрөктөн өкүнгөн эмес. Ошуя 7:14тө Жахаба өз элине нааразылыгын билдирет: «Алар өз төшөгүндө онтоп жатышканда, Мени чын жүрөктөн чакырышкан жок». Ал эми 16-аятта: «Алар кайрылышты, бирок Бардыгынан Жогору Турганга эмес»,— деп кошумчаланат. Башкача айтканда, ысрайылдыктар чыныгы сыйынууга кайрылып келүүнү жана Кудай менен болгон мамилесин калыбына келтирүү үчүн өзгөрүүлөрдү жасоону каалаган эмес. Чынында эле, алар Кудай менен жүрүүнү каалашкан эмес.

8 Ысрайылдыктардын өкүнүүсүн жокко чыгарган дагы бир жагдай болгон. Эл күнөө кылганын токтоткон эмес. Алар алдамчылыкка, киши өлтүрүүгө, уурулукка, бурканга сыйынуучулукка берилип, башка элдер менен шериктештиктерди түзүп, күнөөлөрү башынан ашып кеткен. Ошуя 7:4тө ысрайылдыктар, сыягы, ичтеринде туура эмес каалоолору алоолонуп жаткандыктан «мешке» салыштырылат. Өздөрүн рухий жактан ушунчалык кейиштүү абалга дуушар кылган ал эл ырайымга татыктуу болгонбу? Албетте, жок! Ошуя козголоңчул элге Жахаба «алардын мыйзамсыздыгын эстеп, аларды өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн жазага тартарын» айткан (Ошуя 9:9). Аларга эч кандай ырайым көрсөтүлбөйт!

9. Ошуянын сөздөрүнөн өкүнүүгө жана ырайымга байланыштуу эмнеге үйрөнсөк болот?

9 Ошуянын сөздөрүнөн өкүнүүгө жана ырайымга байланыштуу кандай сабак алсак болот? Ишенимсиз ысрайылдыктардын мисалынан көрүнүп тургандай, Жахабанын ырайымына ээ болуу үчүн чын жүрөктөн өкүнүшүбүз керек. Мындай өкүнүү кандайча көрсөтүлөт? Жахабаны көз жаш же сөздөр менен алдоо мүмкүн эмес. Чындап өкүнүү иштер менен көрсөтүлөт. Ырайым алуу үчүн, күнөөгө баткан адам туура эмес жолдон толугу менен баш тартып, жашоосун чыныгы сыйынууга, анын бийик нормаларына ылайык келтириши керек.

Жахабага жалаң курмандыктар менен жагуу мүмкүн эмес

10, 11. Ысрайылдыктардын мисалы менен көрсөтүлгөндөй, эмне үчүн Жахабага бир гана курмандыктар менен жагуу мүмкүн эмес?

10 Эми Жахаба менен жүрүүгө жардам бере турган экинчи сабакка — Жахабага жалаң курмандыктар менен жагуу мүмкүн эмес экенине — токтололу. Ошуя 6:6да: «Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка караганда Кудайды таанып билүүнү артык көрөм»,— деп айтылат. Байкасаңар, Жахаба ырайымдуулукту, башкача айтканда, мээримдүү боорукердикти (берилгендик менен сүйүү көрсөтүүнү) жактырат, а бул сапат — жүрөктүн сапаты. Ошондой эле ал башкалардын Аны таанып-билишин каалайт. Бирок мындай суроолор туулушу мүмкүн: эмне үчүн бул аятта Жахабанын «курмандыктарды» жана «бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты» каалабай турганы айтылууда? Курмандык чалуу Мусанын мыйзамында талап кылынчу эмес беле?

11 Курмандыктарды чалуу Мыйзам боюнча талап кылынчу, бирок көйгөйдүн тамыры Ошуянын замандаштарында болгон. Чамасы, кээ бир ысрайылдыктар андай курмандыктарды өздөрүн такыбаа кылып көрсөтүү үчүн чалышкан. Бирок ошол эле учурда күнөөгө батып жүрүшкөн. Алардын күнөөкөрлүгү жүрөктөрүндө берилгендик жана сүйүү жок экенин далилдеп турган. Ошондой эле алар Кудайды таанып-билүүнү четке кагышканын көрсөтүшкөн, анткени алган билимдерине ылайык жашашкан эмес. Ысрайылдыктардын жүрөгүнүн абалы жаман болгонун жана алардын туура эмес жашоо өткөрүшкөнүн эске алсак, анда курмандыктары канчалык баалуу болгон? Алар чалган курмандыктар Жахаба Кудайга жийиркеничтүү болгон.

12. Ошуя 6:6да бүгүнкү күндөгү адамдар үчүн кандай эскертүү камтылат?

12 Ошуянын сөздөрү бүгүнкү көптөгөн динчил адамдарга эскертүү болуп саналат. Алар диний каада-салттары боюнча Кудайга курмандыктарды чалышат. Бирок алардын дини күндөлүк жашоолоруна дээрлик таасир этпейт. Эгерде жүрөктөрү аларга Кудай жөнүндө так билим алууга жана аны иш жүзүндө колдонуп, күнөөдөн алыс болууга түрткү бербесе, анда андай адамдар Кудайга жаккан нерселерди кылып жатышкан болобу? Кудайга диний иштер менен эле жагууга болот деп ойлоо — чоң жаңылыштык. Жахаба анын Сөзү боюнча жашабай, ага жасакерленүү менен жагууга умтулган адамдарды жактырбайт (2 Тиметейге 3:5).

13. Биз кандай курмандыктарды алып келебиз, бирок алардын баалуулугуна байланыштуу эмнени эстен чыгарбоо керек?

13 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары катары биз Жахабага жалгыз курмандыктар менен жагуу мүмкүн эмес экенин эсибизден чыгарбайбыз. Биз Жахабага жаныбарлардан курмандык чалбасак да, «Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын ысымын даңктаган ооз курмандыгын Ыйса аркылуу тынымсыз алып келебиз» (Эврейлерге 13:15). Ошуянын убагындагы күнөөкөр ысрайылдыктардай болуп, Кудайга рухий курмандыктарды алып келүү менен күнөөбүздү жууй алабыз деп ойлобошубуз керек. Мисалы, жыныстык адеп-ахлаксыз ишке барган бир кыз күнөөсүн жашырууга аракеттенген. Кийинчерээк ал: «Мен күнөөмдү жууйм деген ойдо кабар айтуу кызматына көбүрөөк катышып жүрдүм»,— деп мойнуна алган. Туура жолдон адашкан ысрайылдыктар да ошентүүгө аракеттенишкен. Бирок мактоо курмандыгыбыз Жахабага жаккыдай болушу үчүн, жүрөгүбүздүн ниети туура, жүрүм-турумубуз таза болууга тийиш.

Кызматчыларынын баш тартып кетиши Жахабанын жүрөгүн оорутат

14. Ошуянын пайгамбарлыгында Кудайдын сезимдери жөнүндө эмне айтылат?

14 Ошуя китебинин алтыдан тогузга чейинки бөлүмдөрүнөн биз ала турган үчүнчү сабак төмөнкүдөй: кызматчыларынын баш тартып кетиши Жахабанын жүрөгүн оорутат. Кудайга күчтүү да, назик да сезимдер мүнөздүү. Кызматчылары күнөөлөрү үчүн өкүнгөндө, ал кубанат жана аларга боору ооруйт. А эгер өкүнүшпөсө, ал тийиштүү чараларды көрөт. Кудай биздин жыргалчылыгыбызга абдан кызыкдар. Ошондуктан анын жолунда ишенимдүү жүргөнүбүз аны кубантат. Забур 149:4тө: «Теңир Өз элине ыраазы»,— деп айтылат. Ал эми кызматчылары ишенимсиздик көрсөткөндө, Кудай кандай сезимде болот?

15. Ошуя 6:7ге ылайык, кээ бир ысрайылдыктар эмне кылган?

15 Ишенимсиз ысрайылдыктар жөнүндө Жахаба: «Адамга окшоп алар келишимди бузушту, ошол жерде Мага бейопалык кылышты»,— дейт (Ошуя 6:7). «Бейопалык кылуу» деп которулган байыркы эврей сөзү «чыккынчылык кылуу, ишенимсиздик көрсөтүү» дегенди да билдирет. Ушул эле эврей сөзү Малахия 2:10—16-аяттарда өздөрүнүн никелик жарына ишенимсиздик көрсөткөн ысрайылдыктардын жүзүкаралыгын сүрөттөөдө колдонулган. Ал сөздүн Ошуя 6:7деги колдонулушу тууралуу бир маалымдама эмгекте: «Никеге катышы бар бул сөз жекече мамилелерди туюнтат... Бул жерде ортодогу мамилелердин, сүйүүнүн тебеленип-тепселгени көрсөтүлүүдө»,— деп айтылат.

16, 17. а) Кудай менен түзгөн келишимине ысрайыл эли кандай мамиле кылган? б) Иш-аракеттерибизге байланыштуу эмнени унутпашыбыз керек?

16 Жахаба Ысрайыл менен келишимде болгондуктан, ал элди каймана мааниде аялы катары көргөн. Андыктан, ысрайылдыктар келишимдин шарттарын бузганда, бул бузуктук кылганга тете болгон. Кудай ишенимдүү күйөөдөй мамиле кылганына карабай, алар аны таштап кеткен!

17 Ал эми биз жөнүндө эмне айтууга болот? Кудайга биздин аны менен жүргөн-жүрбөгөнүбүз баары бир эмес. Ошондуктан «Кудай — сүйүү» экенин жана биздин иш-аракеттерибиз анын сезимдерине таасир этерин унутпашыбыз керек (1 Жакан 4:16). Эгер жаман жолго түшсөк, Жахабанын жүрөгүн оорутабыз жана сөзсүз түрдө анын жактыруусунан айрылабыз. Муну эсибизде бекем сактоо бизге азгырыктарга жеңилбөөгө жардам берет.

Канткенде жакшылыкты оруп алабыз?

18, 19. Ошуя 8:7де кандай принцип камтылат жана анын төгүндөлгүс экени ысрайылдыктарга байланыштуу кандайча ырасталган?

18 Эми Ошуянын пайгамбарлыгында камтылган төртүнчү сабакты — канткенде жакшылыкты оруп аларыбызды — карап чыгалы. Ысрайылдыктардын өздөрү, ошондой эле алардын ишенимсиздик көрсөткөнү канчалык акылсыз жана курулай экени жөнүндө Ошуя: «Алар шамал себишкендиктен, бороон оруп алышат»,— деп жазат (Ошуя 8:7). Бул жерде эсибизде сакташыбыз керек болгон бир принцип камтылат: азыр кылган иштерибиз кандай болсо, келечекте натыйжасы ошондой болот. Бул принциптин төгүндөлгүс экени ишенимсиз ысрайылдыктарга байланыштуу кандайча ырасталган?

19 Күнөө кылуу менен ысрайылдыктар жамандыкты сээп жүрүшкөн. Алар мунун терс натыйжаларынан кача алышмакпы? Жок, аларды жаза күтүп турган. Ошуя 8:13тө: «Ал алардын кылмыштарын эстейт, аларды өздөрүнүн күнөөсү үчүн жазалайт»,— деп айтылат. Ал эми Ошуя 9:17ден: «Кудайым аларды четке кагат, анткени алар Ага кулак салышкан жок, ошондуктан алар элдердин арасында тентип жүргөн эл болот»,— деген сөздөрдү окуйбуз. Жахаба ысрайылдыктарды күнөөлөрү үчүн жазалайт. Алар жамандыкты себишкендиктен, жамандыкты оруп алышат. Кудайдын аларга чыгарган сот өкүмү б.з.ч. 740-жылы ишке ашкан: ашурлуктар он уруудан турган Ысрайыл падышалыгын кулатып, анын тургундарын туткунга алып кетишкен.

20. Ысрайылдыктардын мисалынан эмнеге үйрөнсөк болот?

20 Ысрайылдыктардын мисалынан эмнени сепсек, ошону оруп аларыбыз айкын көрүнүп турат. Кудайдын Сөзүндө: «Алданбагыла: Кудай шылдың болбойт, анткени адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деген эскертүү берилет (Галатиялыктарга 6:7). Жамандыкты сепсек, жамандыкты оруп алабыз. Мисалы, адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн адам мунун кайгылуу натыйжаларынан кача албайт. Өкүнбөгөн күнөөкөр жүрүм-турумунун кесепетин өз мойну менен тартат.

21. Канткенде жакшылыкты оруп алабыз?

21 Анда жакшылыкты оруп алуу үчүн эмне кылуу зарыл? Бул суроого жооп берүү үчүн жөнөкөй мисал алып көрөлү. Эгерде дыйкан буудай жыйнап алгысы келсе, арпа эгеби? Албетте, жок! Ал эмне жыйнап алууну кааласа, ошону эгиши керек. Анын сыңарындай, жакшылыкты оруп алгыбыз келсе, жакшылыкты себишибиз абзел. Силер мындан ары да жакшылыкты оруп алгыңар келеби? Азыр маңыздуу жашоо өткөрүп, келечекте Кудайдын жаңы дүйнөсүндө түбөлүк өмүр сүрүүнү каалайсыңарбы? Анда Кудай менен жүрүп, анын адил нормалары боюнча жашап, мындан ары да жакшылыкты себе беришиңер керек.

22. Ошуя китебинин алтыдан тогузга чейинки бөлүмдөрүнөн эмнелерге үйрөндүк?

22 Ошуя китебинин алтыдан тогузга чейинки бөлүмдөрүнөн биз Кудай менен жүрүүгө жардам бере турган төрт нерсеге үйрөндүк: 1) чындап өкүнүү сөздөр менен эле эмес, иштер менен да көрсөтүлөт; 2) жалаң курмандыктар менен Кудайга жагуу мүмкүн эмес; 3) кызматчыларынын баш тартып кетиши Жахабанын жүрөгүн оорутат; 4) жакшылыкты оруп алуу үчүн, жакшылыкты себишибиз керек. Бул китептин калган беш бөлүмү бизге Кудай менен жүрүүгө кандай жардам берет?

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Чындап өкүнүү кандайча көрсөтүлөт?

• Эмне себептен жалаң курмандыктар менен асмандагы Атабызга жагуу мүмкүн эмес?

• Кызматчыларынын баш тартып кетиши Кудайга кандай таасир этет?

• Жакшылыкты оруп алгыбыз келсе, эмнени себишибиз керек?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Ысрайыл элинин берилгендиги жана сүйүүсү таңкы булуттардай жок болуп кеткен.

[15-беттеги сүрөт]

Ысрайылдыктардын туура эмес каалоолору меш сыяктуу алоолонгон.

[16-беттеги сүрөт]

Жахаба өз эли алып келген курмандыктарды эмне үчүн четке каккан?

[17-беттеги сүрөт]

Жакшылыкты оруп алуу үчүн, жакшылыкты себишибиз керек.