Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ошуянын пайгамбарлыгы Кудай менен жүрүүгө жардам берет

Ошуянын пайгамбарлыгы Кудай менен жүрүүгө жардам берет

Ошуянын пайгамбарлыгы Кудай менен жүрүүгө жардам берет

«Алар... Теңирдин артынан жөнөшөт» (Ошуя 11:10).

1. Ошуя китебинде каймана маанидеги кандай драма камтылат?

СИЛЕРГЕ каармандары да, мазмуну да кызыгуу туудурган драмалар жагабы? Ыйык Жазманын Ошуя китебинде каймана маанидеги драма камтылат *. Анда Кудайдын пайгамбары Ошуянын үй-бүлөсүндөгү жагдай баяндалып, ал Жахабанын жана байыркы Ысрайылдын ортосунда Мусанын мыйзам келишиминин негизинде кыйылган каймана нике менен байланыштырылат.

2. Ошуя жөнүндө бизге эмне белгилүү?

2 Бул драмадагы окуялардын өрчүшүнө эмне негиз түзгөнүн Ошуя китебинин 1-бөлүмүнөн окуйбуз. Ошуя, сыягы, он уруудан турган Ысрайыл падышалыгында (эң көп сандуу уруунун атынан Эпрайым деп да аталган падышалыкта) жашаган. Ал Ысрайылдын акыркы жети падышасынын жана Жүйүт падышалары Узия, Жотам, Ахаз, Хискиялардын тушунда пайгамбарлык кылган (Ошуя 1:1). Демек, Ошуя, бери дегенде эле, 59 жыл пайгамбар болуп кызмат кылган. Ошуя китеби б.з.ч. 745-жылдын тегерегинде жазылып бүтсө да, андагы принциптер бүгүнкү күндө да жогору бааланат. Ал китепте: «Алар... Теңирдин артынан жөнөшөт»,— деп алдын ала айтылгандай, азыр миллиондогон адамдар Кудай менен жүрүүдө (Ошуя 11:10).

Кыскача мазмуну

3, 4. Ошуя китебинин бирден бешке чейинки бөлүмдөрүндө эмне жөнүндө баяндалганын кыскача айтып бергиле.

3 Ошуя китебинин бирден бешке чейинки бөлүмдөрүнүн мазмунун кыскача карап чыгып, биз Кудай менен жүрүүдө ишеним көрсөтүүгө жана анын эркине ылайык жашоого ого бетер чечкиндүү болобуз. Ысрайыл падышалыгынын тургундары рухий жактан ойноштук кылуу менен күнөөгө батышкан, бирок эгерде өкүнүшсө, Кудай аларга ырайым кылмак. Бул Ошуянын өз аялы Гомерге жасаган мамилеси аркылуу көрсөтүлгөн. Гомер Ошуяга уул төрөп бергенден кийин, сыягы, ойношторунан дагы эки бала төрөгөн. Ошентсе да, Жахаба өкүнгөн ысрайылдыктарга ырайым көрсөтүүгө даяр болгондой, Ошуя аялын кайра кабыл алган (Ошуя 1:1—3:5).

4 Жахаба Ысрайыл менен соттошкон, анткени өлкөдө акыйкаттык да, боорукердик да, Кудайды таанып-билүү да болгон эмес. Ал буркандарга табынып кеткен Ысрайылды да, ишенимсиз Жүйүт падышалыгын да жазалаган. Бирок Кудайдын эли оор учурда Жахабаны издеген (Ошуя 4:1—5:15).

Драманын башталышы

5, 6. а) Он уруудан турган Ысрайыл падышалыгында бузуктук канчалык кеңири жайылган? б) Байыркы Ысрайылга берилген эскертүү эмнеге биз үчүн да чоң мааниге ээ?

5 Кудай Ошуяга мындай деп буйрук берген: «Бар, өзүңө бузулган аялды жана бузуктуктун балдарын ал. Анткени бул жер Теңирден баш тартып, аябай бузуктук кылып жатат» (Ошуя 1:2). Ысрайылда бузуктук канчалык кеңири тараган? Ыйык Китептен биз: «Бузуктук руху аларды [он уруудан турган падышалыктын элин] адаштырды, алар бузуктук кылып, өз Кудайынан баш тартышты... Кыздарыңар бузуктук кылып жатышат, келиндериңер ойноштук кылып жатышат... Силер өзүңөр бузулган аялдар менен кошулуп жатасыңар, бузуктук кылгандар менен бирге курмандык чалып жатасыңар»,— дегенди окуйбуз (Ошуя 4:12—14).

6 Ысрайылда бузуктук түзмө-түз мааниде да, рухий мааниде да кеңири кулач жайган. Ошондуктан Жахаба ысрайылдыктарды жазаламак (Ошуя 1:4; 4:9). Бул эскертүү биз үчүн да чоң мааниге ээ, анткени Жахаба адеп-ахлаксыз иштерге жана ыпылас сыйынууга катышып жаткандарды жазалайт. Кудай менен жүргөндөр анын таза сыйынууга карата берген нормалары боюнча жашашат жана «ойноштук кылуучу... Кудайдын Падышачылыгында мураска ээ болбой» турганын билишет (Эфестиктерге 5:5; Жакып 1:27).

7. Ошуя менен Гомердин ортосундагы нике эмнени символдоштурган?

7 Ошуя Гомерге үйлөнгөндө, Гомер, сыягы, кыз болгон жана «ага уул төрөп берген» мезгилде ишенимдүү аял болгон (Ошуя 1:3). Каймана маанидеги драмада сүрөттөлгөндөй, Кудай ысрайылдыктарды б.з.ч. 1513-жылы Мисир кулчулугунан бошоткондон көп өтпөй, алар менен келишим түзгөн. Муну никеге туруп жаткан жубайлардын келишимине салыштырууга болот. Келишим түзүүгө макулдугун берүү менен Ысрайыл «күйөөсүнө», Жахабага, ишенимдүү болууну убада кылган (Ышайа 54:5). Ооба, Ошуя менен Гомердин ортосундагы нике Ысрайыл менен Кудайдын ортосундагы каймана никени символдоштурган. Бирок абал кандай гана өзгөргөн!

8. Он уруудан турган Ысрайыл падышалыгы кантип пайда болгон жана андагы сыйынуу жөнүндө эмне айтууга болот?

8 «Гомердин дагы боюна бүтүп, кыз төрөгөн». Ал ошол кызды жана кийинки баласын, кыязы, ойноштуктан төрөгөн (Ошуя 1:6, 8). Гомер Ысрайылды символдоштургандыктан, силер: «Ысрайыл кантип ойноштук кылган?» — деп сурашыңар мүмкүн. Б.з.ч. 997-жылы Ысрайылдын он уруусу түштүктөгү Жүйүт жана Бенжемин урууларынан бөлүнүп кеткен. Эл Жахабага сыйынуу максатында Жүйүт жерине, Иерусалимдеги ийбадатканага барбашы үчүн, түндүк падышалыгында музоого сыйынуу каадасы киргизилген. Андан тышкары, жалган кудай Баалга табынуу адеп-ахлаксыздык менен коштолуп, Ысрайылда терең тамыр жайган.

9. Ошуя 1:6да алдын ала айтылгандай, Ысрайыл эмне болгон?

9 Гомер, сыягы, ойноштуктан экинчи баласын төрөгөндө, Кудай Ошуяга: «Ага Ло-Рухам [мааниси: «Ырайым кылынбаган»] деген ат кой. Анткени Мен мындан ары Ысрайыл тукумуна ырайым кылбайм, аны кечирбейм [«аларды алып кетем», МАК]»,— деген (Ошуя 1:6). Ашурлуктар б.з.ч. 740-жылы ысрайылдыктарды туткундап кеткенде, Жахаба «аларды алып кеткен». Ал эми эки уруудан турган Жүйүт падышалыгына Кудай ырайым кылып, куткарган. Бирок бул үчүн жаанын, кылычтын, согуштун, аттардын, атчан аскерлердин зарылдыгы болгон эмес (Ошуя 1:7). Б.з.ч. 732-жылы бир эле периште бир түндүн ичинде Жүйүттүн борбор шаары Иерусалимге коркунуч туудурган ашурлуктардын 185 000 аскерин кырып салган (2 Падышалар 19:35).

Жахабанын Ысрайыл менен соттошуусу

10. Гомердин адеп-ахлаксыз жүрүм-туруму эмнени символдоштурат?

10 Гомер Ошуяны таштап, «бузулган аял» катары башка эркек менен жашап кеткен. Бул Ысрайыл падышалыгынын буркандарга табынган элдер менен саясий шериктештиктерди түзүп, алардан көзкаранды болуп калганын жакшы сүрөттөп турат. Ысрайыл материалдык жактан алган баталарын Жахаба эмес, ошол элдердин кудайлары берип жатат деп ишенген жана жалган сыйынууга катышып, Кудай менен болгон никелик келишимин булгаган. Андыктан Жахабанын рухий жактан бузулган бул эл менен соттошкону таң калыштуу эмес! (Ошуя 1:2; 2:2, 12, 13).

11. Жахаба Ысрайыл менен Жүйүттүн туткундалып кетишине жол бергенде, Мыйзам келишими эмне болгон?

11 Өз Күйөөсүн таштап кеткени үчүн Ысрайыл кандай жаза алган? Кудай аны бабылдыктардын «чөлүнө алып барып» салган: б.з.ч. 740-жылы ысрайылдыктарды ашурлуктар туткундап кеткен, ал эми ашурлуктарды кийин бабылдыктар басып алган (Ошуя 2:14). Жахаба 10 уруудан турган Ысрайыл падышалыгын ошентип кулаткан. Бирок ал башында 12 уруудан турган ысрайыл эли менен түзгөн никелик келишимин жоюп салган эмес. Ошондой эле Кудай б.з.ч. 607-жылы Иерусалимдин бабылдыктар тарабынан талкаланышына жана Жүйүт падышалыгындагы элдин туткундалып кетишине жол бергенде, 12 уруудан турган Ысрайыл менен каймана никелешүүсүнө негиз түзгөн Мусанын мыйзам келишимин жокко чыгарган эмес. Ал мамиле жүйүт жетекчилери Ыйса Машайакты четке кагып, б.з. 33-жылы өлтүрүп салышканда гана жоюлган (Колосалыктарга 2:14).

Жахаба Ысрайылды үндөйт

12, 13. Ошуя 2:6—8-аяттардын мааниси кандай жана ал сөздөрдүн Ысрайылга кандай тиешеси болгон?

12 Кудайдын «бузуктукту... четтетүүгө» үндөгөнүнө карабай, Ысрайыл ойношторун ээрчий берген (Ошуя 2:3, 5). «Ошон үчүн,— деген Жахаба,— Мен анын жолун тикендер менен тосом, аны тосмо менен курчайм, ошондо ал өз жолун таппай калат. Ойношторунун артынан чуркайт, бирок аларга жетпейт. Аларды издейт, бирок таппайт. Ошондо: „Мен биринчи күйөөмө кайра барайын, анткени мага ошол убакта азыркыга караганда жакшы болчу“,— деп айтат. Бирок ага нанды, шарапты жана зайтун майын Мен бергенимди, анын алтын менен күмүшүн Мен көбөйткөнүмдү ал билген жок. Алар ошол алтын менен күмүштөн Баал бурканын жасашты» (Ошуя 2:6—8).

13 Ысрайыл «ойношторунан» жардам издесе да, алардын эч бири көмөк көрсөтө алган эмес. Ал жардам ала албагыдай болушу үчүн, калың өскөн өсүмдүк менен тосулгандай абалда болгон. Ашурлуктардын үч жарым жылдык курчоосунан кийин Ысрайылдын борбору Самария б.з.ч. 740-жылы кыйратылган. Ошондон кийин он уруудан турган ал падышалык эч качан кайра калыбына келтирилген эмес. Ата-бабалары Жахабага кызмат кылып жүргөн мезгил кандай сонун болгонун туткунга алынган ысрайылдыктардын кээ бирлери эле түшүнгөн. Ал калдык Баалга табынуудан баш тартып, Жахаба менен жаңыдан келишим түзүүгө умтулган.

Драманын уландысы

14. Эмне үчүн Ошуя Гомер менен болгон мамилесин кайрадан жаңырткан?

14 Ошуянын үй-бүлөсүндөгү жагдай менен Ысрайылдын Жахаба менен болгон мамилесинин ортосундагы байланышты жакшыраак түшүнүү үчүн, төмөнкү сөздөрдү карап көрөлү: «Теңир мага мындай деди: „Дагы барып, күйөөсү сүйгөн, бирок өзү ойноштук кылган аялды сүй“» (Ошуя 3:1). Ошуя буйрукка баш ийип, Гомерди аны менен жашап жүргөн эркектен сатып алган. Анан Ошуя аялын: «Меникинде көп күн жаша. Бузуктук кылба, эч ким менен болбо»,— деп үндөгөн (Ошуя 3:2, 3). Гомер күйөөсүнүн айтканын кылган жана Ошуя аны менен никелик мамилесин кайрадан уланткан. Кудайдын Ысрайыл жана Жүйүт падышалыктары менен болгон мамилесине мунун кандай тиешеси бар?

15, 16. а) Кудайдын жазаланган эли канткенде анын ырайымына ээ боло алмак? б) Ошуя 2:18 кантип аткарылган?

15 Ысрайылдыктар менен жүйүттөр Бабылда туткунда жүргөндө, Кудай алардын «жүрөгүнө сүйлөө» үчүн пайгамбарларын колдонгон. Кудайдын ырайымына ээ болуу үчүн, анын эли өкүнүп, Гомер күйөөсүнө кайтып келгендей, өздөрүнүн Күйөөсүнө кайтып келүүгө тийиш эле. Ошондо Жахаба аял менен салыштырылган жана жазаланган элин Бабыл «чөлүнөн» алып чыгып, Жүйүт жерине жана Иерусалимге кайтарып келмек (Ошуя 2:14, 15). Ал бул убадасын б.з.ч. 537-жылы аткарган.

16 Кудай: «Ошол күнү алар үчүн талаа жырткычтары менен, асмандагы канаттуулар менен, жерде сойлоочу жаныбарлар менен келишим түзөм. Ал жерден жааны да, кылычты да, согушту да жок кылам, аларды коопсуз жашай турган кылам»,— деген убадасын да аткарган (Ошуя 2:18). Жүйүттөрдүн өз мекенине кайтып келген калдыгы жырткычтардан коркпой коопсуз жашаган. Бул пайгамбарлык б.з. 1919-жылы да аткарылган: рухий Ысрайылдын калдыгы жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылдан бошотулган. Азыр алар жерде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөн шериктери менен рухий бейиште коопсуз жашап жатышат. Анткени Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына жырткычтардыкындай сапаттар мүнөздүү эмес (Аян 14:8; Ышайа 11:6—9; Галатиялыктарга 6:16).

Жүрөгүбүзгө түйө турган сабактар

17—19. а) Кудайдын кайсы сапаттарын чагылдырышыбыз зарыл? б) Жахабанын ырайымдуулугу жана боорукердиги бизге кандай таасир этиши керек?

17 Кудай ырайымдуу жана боорукер; биз да ошондой болушубуз керек. Бул — Ошуя китебинин алгачкы бөлүмдөрүндө камтылган сабактардын бири (Ошуя 1:6, 7; 2:23). Кудайдын өкүнгөн ысрайылдыктарга ырайым кылууга даяр болгонунун себеби төмөнкү накыл сөзгө негизделет: «Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат» (Накыл сөздөр 28:13). Забурчунун: «Чын жүрөктөн өкүнүү — Кудай алдында курмандык. Сен өкүнүп, моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң»,— деген сөздөрү да өкүнгөн күнөөкөрлөрдү жубата алат (Забур 50:19).

18 Ошуянын пайгамбарлыгында биз сыйынган Кудайдын боорукерлиги жана ырайымы баса белгиленет. Анын адил жолдорунан четтеп кеткендер өкүнүү аркылуу ага кайрылып келе алышат. Жахаба аларды кабыл алат. Ал каймана мааниде никелик жары болгон ысрайыл элинин өкүнгөн мүчөлөрүнө ырайым кылган. Алар Жахабанын тилин албай, «Ысрайылдын Ыйыгына акарат келтиришсе» да, «Ал ырайымдуулук кылып», алардын пенде экенин эске алган (Забур 77:38—41). Боорукер Кудайыбыз Жахабанын ырайымдуулугу бизге мындан ары да аны менен жүрүүгө түрткү бериши керек.

19 Киши өлтүрүү, уурулук, бузуктук сыяктуу күнөөлөр Ысрайылда кеңири кулач жайганына карабастан, Жахаба алардын «жүрөгүнө сүйлөгөн» (Ошуя 2:14; 4:2). Кудайдын ырайымы жана боорукердиги жөнүндө ой жүгүртүү биздин жүрөгүбүздү козгоп, аны менен ого бетер ынак болушубузга таасир этиши керек. Андыктан ар бирибиз өзүбүздөн: «Жахабанын ырайымдуулугун жана боорукердигин башкалар менен мамилелешүүдө дагы канткенде жакшыраак чагылдыра алам? Эгер мени таарынткан рухий биртууганым кечирим сураса, Кудайга окшоп, кечирүүгө даярмынбы?» — деп сурап көрсөк болот (Забур 85:5).

20. Кудай берген үмүткө эмне үчүн бекем ишенишибиз керектигине мисал келтиргиле.

20 Кудай чыныгы үмүт берет. Мисалы, ал: «Мен ага... Акор өрөөнүн үмүттүн босогосу кылып берем»,— деп убадалаган (Ошуя 2:15). Жахабанын аялга салыштырылган байыркы уюму «Акор өрөөнү» жайгашкан мекенине кайтып келерине бекем үмүттөнгөн. Ал убаданын б.з.ч. 537-жылы аткарылганы бизге Жахаба берген бекем үмүткө кубанууга жүйөлүү негиз болуп саналат.

21. Кудай менен жүрүүдө билим кандай роль ойнойт?

21 Мындан ары да Кудай менен жүрүү үчүн, ал жөнүндө үзгүлтүксүз билим алып, аны жашообузда колдонушубуз зарыл. Ысрайылдыктардын Жахаба жөнүндөгү билими аябай эле тайкы болгон (Ошуя 4:1, 6). Бирок айрымдары Кудайдын таалимин жогору баалап, анын осуяттары боюнча жашашкан жана зор баталарды алышкан. Алардын бири Ошуя болгон. Илиястын убагында да Баалдын алдында тизе бүкпөгөн 7 000 ишенимдүү кызматчы болгон (1 Падышалар 19:18; Римдиктерге 11:1—4). Кудайдын насааттарына болгон ыраазычылыгыбыз бизге мындан ары да Кудай менен жүрүүгө жардам берет (Забур 118:66; Ышайа 30:20, 21).

22. Чындыктан четтөөчүлүккө кандай кароо керек?

22 Жахаба өз элинин арасында жетекчилик кылган эркектерден чындыктан четтөөчүлүктү четке кагууну талап кылат. Бирок Ошуя 5:1де мындай делет: «Ыйык кызмат кылуучулар, муну уккула, Ысрайыл тукуму, кулак салгыла, падыша үйү, кулак төшөгүлө, себеби силердин үстүңөрдөн сот болот, анткени силер Миспада сыйыртмак, Табордо жайылган тор болдуңар». Чындыктан четтеген жолбашчылар ысрайылдыктар үчүн тор болгон, анткени аларды бурканга сыйынуучулукка азгырышкан. Табор тоосу жана Миспа деп аталган жер, сыягы, ошондой жалган сыйынуунун борборлору болгон.

23. Ошуя китебинин бирден бешке чейинки бөлүмдөрүн изилдөөдөн өзүңөргө кандай пайда алдыңар?

23 Демек, Ошуянын пайгамбарлыгы бизге Жахабанын ырайымдуу Кудай экенин, анын насааттарын колдонгондорго жана чындыктан четтөөчүлүктү четке каккандарга үмүт жана бата берерин көрсөттү. Андыктан келгиле, байыркы убактагы өкүнгөн ысрайылдыктарга окшоп, Жахабаны издеп, дайыма ага жагууга умтулалы (Ошуя 5:15). Ошондо жакшылыкты оруп алабыз да, Кудай менен ишенимдүү жүргөндөр ээ болгон зор кубанычка жана бейкуттукка бөлөнөбүз (Забур 99:2; Филипиликтерге 4:6, 7).

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Галатиялыктарга 4:21—26-аяттарда каймана маанидеги драма берилет. Ал жөнүндө англис тилиндеги «Жазманы түшүнүү» деген эмгектин 2-томунун 693, 694-беттеринен окуй аласыңар (Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ошуя менен Гомердин никеси эмнени символдоштурган?

• Жахаба Ысрайыл менен эмне үчүн соттошкон?

• Ошуя китебинин бирден бешке чейинки бөлүмдөрүндө камтылган сабактардын кайсынысы силерди өзгөчө таасирлентти?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Ошуянын аялы кимди символдоштурарын билесиңерби?

[11-беттеги сүрөт]

Самарияны б.з.ч. 740-жылы ашурлуктар басып алган.

[20-беттеги сүрөт]

Эл мекенине кубаныч менен кайтып келген.