Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адилдикти издөө бизди коргойт

Адилдикти издөө бизди коргойт

Адилдикти издөө бизди коргойт

«Баарынан мурда Кудайдын... адилеттигин [«адилдигин», «ЖД»] издегиле» (Матай 6:33).

1, 2. Бир жаш Күбө кандай чечим чыгарган жана эмне үчүн?

АЗИЯНЫН бир өлкөсүндө бир жаш Күбө-аял өкмөттүк мекемеде катчы болуп иштечү. Ал акниет жумушчу катары жумушуна эрте келип, тырышчаактык менен эмгектенер эле. Бирок жумушка убактылуу гана алынгандыктан, анын андан ары иштээр-иштебесине байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Бөлүмдүн башчысы ага, эгер анын ойношу болууга макул болсо, туруктуу жумуш менен камсыз кыларын, жадагалса кызматынан көтөрөрүн айткан. Күбө жумушунан айрыларына карабастан анын сунушун кескин түрдө четке каккан.

2 Бул биртууган акылсыз чечим чыгарганбы? Жок, ал Ыйсанын: «Баарынан мурда Кудайдын... адилеттигин [«адилдигин», «ЖД»] издегиле»,— деген сөздөрү боюнча жашаган (Матай 6:33). Ал үчүн адил принциптерге карманып жашоо адеп-ахлаксыздык менен жумуш ордун сактап калуудан алда канча маанилүү болгон (1 Корунттуктарга 6:18).

Адилдиктин маанилүүлүгү

3. Адилдик деген эмне?

3 «Адилдик» деген сөз адеп-ахлактык тазалыкты, чынчылдыкты билдирет. Грек жана эврей тилдеринде ал сөз өз ичине «адалдык», «тууралык» деген маанилерди камтыйт. Бул өзүнө өз чен-өлчөмү боюнча баа берип, адилсинүүнү билдирбейт (Лука 16:15). Биз өзүбүздүн эмес, Жахабанын нормалары боюнча адил болушубуз керек (Римдиктерге 1:17; 3:21).

4. Адил болуу Ыйсанын жолдоочусу үчүн эмне себептен маанилүү?

4 Адил болуу эмне үчүн маанилүү? Анткени Жахаба, адил Кудай, өзүнүн кызматчыларынын адилдик боюнча жашашын каалайт (Накыл сөздөр 2:20—22; Ышайа 45:21; Хабакук 1:13). Адил эместер аны менен жакын мамиледе боло алышпайт (Накыл сөздөр 15:8). Мына ошондуктан элчи Пабыл Тиметейди «жаштыктын кумарларынан качып», башка маанилүү сапаттар менен бирге адилеттикке, тактап айтканда, адилдикке умтулууга үндөгөн (2 Тиметейге 2:22). Ошол себептен да Пабыл рухий курал-жарактар жөнүндө сөз кылганда, бизди «адилдикти соот кылып кийүүгө» чакырган (Эфестиктерге 6:14).

5. Жеткилеңсиз адамдар адилдикти кандайча издей алышат?

5 Албетте, азыр эч бир адам толугу менен адил боло албайт. Адам атадан жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүктөн, бардык адамдар төрөлгөндөн тартып күнөөкөр, бейадил. Ошентсе да Ыйса адилдикти издешибиз керектигин айткан. Аны кандайча издей алабыз? Эгер Ыйсанын биз үчүн жеткилең өмүрүн курмандыкка бергенине ишенсек, Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирүүгө даяр (Матай 20:28; Жакан 3:16; Римдиктерге 5:8, 9, 12, 18). Ушунун негизинде Жахаба биздин сыйынуубузду кабыл алат. Бул бизди кандай гана жубатат! Бирок ан үчүн биз Жахабанын адил нормаларын таанып-билип, аларды сактоого бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек, ошондой эле алсыздыктарыбызды жеңүүгө жардам сурап тиленишибиз зарыл (Забур 1:6; Римдиктерге 7:19—25; Аян 7:9, 14).

Бузулган дүйнөдө адил жашоо

6. Эмне себептен Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына дүйнөдө көп нерселер коркунуч туудурган?

6 Ыйсанын шакирттерине «бүт дүйнө жүзүндө» күбөлөндүрүү тапшырмасын аткаруу оңойго турган эмес (Элчилер 1:8). Аларга дайындалган аймактын баары Шайтандын, «амалкөйдүн бийлиги астында» жаткан (1 Жакан 5:19). Дүйнө Шайтандын каардуу рухуна толгондуктан, анын зыяндуу таасири Ыйсанын жолдоочуларына тийбей койгон эмес (Эфестиктерге 2:2). Дүйнөдө аларга көп нерселер коркунуч туудурган. Ошондуктан алар баарынан мурда Кудайдын адилдигин издөө менен гана бекем болуп, өздөрүнүн актыгын сактай алышмак. Көбү акырына чейин ишенимдүү болгон, бирок айрымдары «чындыктын жолунан» четтеп кеткен (Накыл сөздөр 12:28; 2 Тиметейге 4:10).

7. Эмне үчүн Кудайдын кызматчылары дүйнөнүн бузуку таасирине каршы турушу керек?

7 Бүгүн Кудайдын кызматчылары коопсузураак дүйнөдө жашайбы? Жок. Азыркы убакта дүйнө I кылымдагыдан да бузулган. Анын үстүнө, Шайтан жерге куулуп түшүрүлгөндөн бери Ыйсанын майланган жолдоочуларына — «аялдын башка балдарына... Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө ээ балдарына» — каршы аёосуз согуш жүргүзүп жатат (Аян 12:12, 17). Шайтан аларды колдогондорго да чабуул коюуда. Бирок Ыйсанын жолдоочулары дүйнөдөн жашынып кала алышпайт. Алар бул дүйнөдөн болбосо да, анда жашоого мажбур (Жакан 17:15, 16). Ошондой эле алар кабар айтып, жүрөгү таза адамдарды табууга жана аларды Ыйсанын шакирттеринен болууга үйрөтүүгө милдеттүү (Матай 24:14; 28:19, 20). Демек, дүйнөнүн бузуку таасиринен толугу менен качуу мүмкүн эмес болгон соң, Кудайдын кызматчылары андай таасирге каршы турушу керек. Келгиле, дүйнөнүн бизге кайсы төрт жол менен терс таасир тийгизерин карап чыгалы.

Адеп-ахлаксыздыктын тузагы

8. Эмне үчүн ысрайылдыктар мааптыктардын кудайларына табынып кеткен?

8 Кырк жылдык чөл кезүүнүн аягында көп сандаган ысрайылдыктар адилдиктин жолунан четтеп кетишкен. Алар Жахабанын көптөгөн укмуш иштерин көрүп, эми Убадаланган жерге киргени турушкан. Бирок ошол маанилүү учурда алар мааптыктардын кудайларына кызмат кылып кетишкен. Эмнеге? Алар «дене кумарына» алдырып коюшкан (1 Жакан 2:16). Ыйык Китепте: «Ысрайыл эли Маап кыздары менен ойноштук кылып бузула баштаган»,— деп айтылат (Сандар 25:1).

9, 10. Дененин туура эмес каалоолорунун таасири күчтүү экенин эсибизде сактаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

9 Ошол окуядан айкын көрүнүп тургандай, этият болбосок, дененин туура эмес каалоолорунан улам бузулуп кетишибиз мүмкүн. Адеп-ахлаксыздык азыркы дүйнөдө кеңири жайылып, кадимки көрүнүшкө айланып бараткандыктан, жогорудагы окуя бизге сабак болушу керек (1 Корунттуктарга 10:6, 8). Алсак, АКШдагы бир журналда: «Никеге турбаган эркек менен аялдын чогуу жашашы 1970-жылдарга чейин Американын бардык штаттарында мыйзамсыздык деп эсептелчү. Ал эми азыр андай нерсе көнүмүш болуп калды. Биринчи жолу үйлөнгөн түгөйлөрдүн жарымынан көбү никеге турганга чейин чогуу жашашат»,— деп айтылат. Ушу сыяктуу адеп-ахлаксыз жүрүм-турум бир эле өлкөдө эмес, бүт дүйнө жүзүндө байкалат. Тилекке каршы, айрым биртуугандар ошондой таасирге алдырып, жыйналыштагы жакшы атын булгап алышкан (1 Корунттуктарга 5:11).

10 Андан тышкары, адеп-ахлаксыздык бардык жерде үгүттөлүүдө. Фильмдерде жана телепрограммаларда үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнашта болуунун эч жаман жери жок сыяктуу көрсөтүлөт. Гомосексуалдык мамилелер боло жүргөн нерсе деп эсептелет. Көптөгөн оюн-зоок программаларда секс барган сайын ачык даңазаланууда. Интернет порнографияга жык толгон. Мисалы, бир гезиттин кабарчысы билдиргендей, анын жети жашар уулу мектептен келип, досунун бир Интернет-сайт таап алганын жана андан жылаңач аялдардын секс менен алектенип жатканын көргөнүн атасына кызыгуу менен айтып берген. Албетте, баласынын сөздөрү анын төбө чачын тик тургузган, бирок андай сайттарга кирип, ата-энелерине айтпай жүргөн балдар канча? Ошондой эле балдары ойноп жүргөн видеооюндардын мазмунун канчалаган ата-энелер билбейт! Кеңири тараган көптөгөн оюндарда адеп-ахлаксыз ыпылас иштер, зордук-зомбулук жана жин-перилер менен болгон байланыш чагылдырылат.

11. Үй-бүлөнү дүйнөнүн адеп-ахлаксыздыгынан кантип коргоого болот?

11 Андай бузуку «көңүл ачуулардын» таасирине үй-бүлө канткенде каршы тура алат? Ан үчүн адеп-ахлаксыз нерселерден алыс болуп, баарынан мурда Кудайдын адилдигин издөө керек (2 Корунттуктарга 6:14; Эфестиктерге 5:3). Балдарынын көңүл ачуусуна көз салып, аларды Жахабаны жана анын адил мыйзамдарын сүйүүгө үйрөткөн ата-энелер уул-кыздарына порнографияны, порнографиялык видеооюндарды, адеп-ахлаксыз фильмдерди жана башка ыпылас нерселерди четке кагууга жардам беришет * (Мыйзам 6:4—9).

Чөйрөнүн коркунучтуу таасири

12. Биринчи кылымда кандай көйгөй өкүм сүргөн?

12 Пабыл Кичи Азиянын Листра шаарына барганда бир адамды керемет жолу менен айыктырган. «Пабылдын эмне кылганын көргөн адамдар лукониялыктардын тилинде: „Кудайлар бизге асмандан адам бейнесинде түшүп келишти“,— деп кыйкырып жатышты. Анан Барнабаны Зевс деп, ал эми Пабылды Эрмес деп аташты, анткени, негизинен, Пабыл сөз сүйлөп жаткан эле»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Элчилер 14:11, 12). Кийин ошол эле адамдар Пабыл менен Барнабаны өлтүрүүнү каалаган (Элчилер 14:19). Алардын көпчүлүктү ээрчип, сокур сезимге жетектелгени айкын. Сыягы, ошол жердегилердин кээ бирлери Ыйсанын жолун жолдоп баштагандан кийин деле мурдагы ырым-жырымдарына кармана беришкен. Ошондуктан Колосадагы ишенимдештерине жазган катында Пабыл «периштелерге табынуудан» сак болуу жөнүндө эскерткен (Колосалыктарга 2:18).

13. Ыйсанын жолдоочусу кандай каада-салттардан качышы керек жана антүүгө күчтү кайдан алат?

13 Бүгүн да Ыйсанын чыныгы жолдоочулары ыйык китептик принциптерге карама-каршы келген диний көзкараштардан, кеңири тараган үрп-адаттардан качышы керек. Мисалы, кээ бир өлкөлөрдө өлүмгө жана баланын төрөлүшүнө байланыштуу каада-салттар арбын. Алар адам өлгөндөн кийин анын жаны жашай берет деген жалган түшүнүккө негизделет (Насаатчы 9:5, 10). Айрым жерлерде жаш кыздардын жыныстык органын жабыркатуу салты бар *. Бул — мыкаачылыкка жаткан маңызсыз салт. Ата-энелер балдарына сүйүү менен кам көрүүгө тийиш (Мыйзам 6:6, 7; Эфестиктерге 6:4). Ыйсанын жолдоочуларына андай каада-салттардан оолак болууга жана чөйрөнүн таасирине каршы турууга эмне жардам берет? Жахабага толук таянуу (Забур 30:7). «Мен таянган Кудай менин баш калкалар жайым, менин чебим!» — деп чын жүрөктөн айткандарга адил Кудай күч-кубат берет жана кам көрөт (Забур 90:2; Накыл сөздөр 29:25).

Жахабаны унутпоо

14. Ысрайылдыктардын Убадаланган жерге кирерине аз калганда, Жахаба аларга кандай эскертүү берген?

14 Ысрайылдыктардын Убадаланган жерге кирерине аз калганда, Жахаба аларга Аны унутпоону эскерткен. Ыйык Китепте мындай делет: «Байкагын, бүгүн мен сага берип жаткан Анын осуяттарын, мыйзамдарын, көрсөтмөлөрүн аткарбай койбо, Кудай-Теңириңди унутуп калба. Жеп-ичип тойгонуңда жана заңгыраган үйлөрдү салып жашап жатканыңда, бодо малың менен майда малың, алтының менен күмүшүң көбөйгөндө, сенде бардыгы жетиштүү болгондо, байкагын, жүрөгүң текеберденип кетпесин, сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Кудай-Теңириңди унутуп калба» (Мыйзам 8:11—14).

15. Жахабаны унутуп койбогонубузга кантип ынана алабыз?

15 Ошо сыяктуу нерсе бүгүн да болуп калышы мүмкүнбү? Эгер жашообузда эмнелер биринчи орунда турушу керектигин жакшы билбесек, Жахабаны унутуп коюшубуз толук ыктымал. А эгерде баарынан мурда Кудайдын адилдигин издесек, чыныгы сыйынуу жашообузда эң маанилүү орунду ээлейт. Пабылдын кеңеши боюнча, биз «ылайыктуу убакыт сатып алып», кызматыбызды убакыттын тардыгын сезүү менен аткарабыз (Колосалыктарга 4:5, «ЖД»; 2 Тиметейге 4:2). Бирок, эгерде эс алуу же көңүл ачуу биз үчүн жыйналыш жолугушууларына катышуудан жана кабар айтуудан маанилүүрөөк болсо, Жахаба жашообузда экинчи орунда туруп калат да, аны унутуп коюшубуз мүмкүн. Пабыл акыркы күндөрдө «Кудайга караганда ыракатты сүйгөн» адамдардын көп болорун айткан (2 Тиметейге 3:4). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары ошондой маанай жугузуп албашы үчүн өздөрүн дайыма текшерип турушат (2 Корунттуктарга 13:5).

Көзкарандысыздык рухунан сак болуу

16. Обо эне жана Пабылдын күндөрүндөгү айрым биртуугандар кандай туура эмес рух чагылдырышкан?

16 Эйден багында Шайтан Обо эненин көзкарандысыздыкка болгон өзүмчүл каалоосун туудурган. Обо эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечкиси келген (Башталыш 3:1—6). I кылымда Корунт жыйналышындагы айрым биртуугандар ошондой көзкарандысыздык рухун чагылдырышкан. Алар өздөрүн Пабылдан акылдуу деп эсептегендиктен, Пабыл аларды какшык иретинде «мыкты элчилер» деп атаган (2 Корунттуктарга 11:3—5; 1 Тиметейге 6:3—5).

17. Көзкарандысыздык рухун өрчүтүүдөн кантип кача алабыз?

17 Бүгүнкү дүйнөдө «кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн» адамдар көп болгондуктан, алардын маанайы кээ бир биртуугандарга терс таасир тийгизген. Атүгүл айрым Күбөлөр чындыктын душмандары болуп калган (2 Тиметейге 3:4; Филипиликтерге 3:18). Биз чыныгы сыйынууга байланыштуу иштердин баарында Жахабанын жетекчилигин издеп, «ишенимдүү жана акылдуу кул» жана жыйналыш аксакалдары менен кызматташышыбыз керек. Бул адилдикти издөөгө жатат жана бизди көзкарандысыздык рухун өрчүтүүдөн сактайт (Матай 24:45—47; Забур 24:9, 10; Ышайа 30:21). Майлангандардын жыйналышы — «чындыктын тиреги жана негизи». Жахаба аны бизди коргоо үчүн, жетектөө үчүн түзгөн (1 Тиметейге 3:15). Анын маанилүү ролун түшүнө билсек, биз «эч бир нерсени... көйрөңдүк менен кылбайбыз» жана Жахабанын адил эркине момундук менен баш иебиз (Филипиликтерге 2:2—4; Накыл сөздөр 3:4—6).

Ыйсадан үлгү алуу

18. Ыйсадан кандай үлгү алсак болот?

18 Ыйык китептик пайгамбарлыкка ылайык, Ыйса «чындыкты сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көргөн» (Забур 44:8; Эврейлерге 1:9). Анын маанайы — бизге эң сонун үлгү! (1 Корунттуктарга 11:1). Ыйса чындыкты, Жахабанын адил нормаларын билип эле койбостон, аларды сүйгөн. Ошондуктан, Шайтан чөлдө азгырганда, Ыйса «чындыктын жолунан» чыгуудан чечкиндүү түрдө баш тарткан (Накыл сөздөр 8:20; Матай 4:3—11).

19, 20. Адилдикти издөө кандай жакшы натыйжаларга алып келет?

19 Албетте, дененин туура эмес каалоолору күчтүү болушу мүмкүн (Римдиктерге 7:19, 20). Бирок эгерде адилдикти жогору бааласак, бул бизге мыйзамсыздыкка каршы турууга жардам берет (Забур 118:165). Адилдикке болгон терең сүйүү бизди жаман иштерден коргойт (Накыл сөздөр 4:4—6). Эсибизде болсун: биз азгырыкка жеңдирген сайын, Шайтан утат. Ошондуктан ага каршы турганыбыз жана Жахабага утуш бергенибиз канчалык маанилүү! (Накыл сөздөр 27:11; Жакып 4:7, 8).

20 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары адилдикти издегендиктен, алар «Кудай даңкталышы жана макталышы үчүн, Ыйса Машайак аркылуу адилдиктин жемишине артыгы менен ээ» (Филипиликтерге 1:10, 11). Алар «чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийишет» (Эфестиктерге 4:24). Алар Жахабага таандык жана өздөрүнүн жыргалы үчүн эмес, Кудайга кызмат кылуу үчүн жашашат (Римдиктерге 14:8; 1 Петир 4:2). Мына ушул максат алардын ойлоруна жана иш-аракеттерине багыт берет. Алар асмандагы Атасынын жүрөгүн кандай гана кубантышууда! (Накыл сөздөр 23:24).

[Шилтемелер]

^ 11-абз. «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» китебинде ата-энелерге үй-бүлөнү адеп-ахлаксыз таасирлерден кантип коргоого болоруна байланыштуу баалуу кеңештер берилет (китеп Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган).

^ 13-абз. Кыздардын жыныстык органын жабыркатуу мурда кыздарды сүннөткө отургузуу деп аталчу.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Адилдикти издөө эмне үчүн маанилүү?

• Жеткилеңсиз адамдар адилдикти кандайча издей алышат?

• Ыйсанын жолдоочусу дүйнөгө мүнөздүү кайсы нерселерден качышы керек?

• Адилдикти издөө бизди кандайча коргойт?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Балдарды Жахабаны сүйүүгө үйрөтүү аларга адеп-ахлаксыздыкка каршы турууга жардам берет.

[30-беттеги сүрөт]

Убадаланган жерде байып кеткен соң кээ бир ысрайылдыктар Жахабаны унутуп коюшкан.

[31-беттеги сүрөт]

Ыйсага окшоп, Кудайдын кызматчылары адилсиздикти жек көрүшөт.

[32-беттеги сүрөт]

Дүйнөдө Ыйсанын жолдоочуларына көп нерселер коркунуч туудурган.