Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыр чечкиндүү иш-аракет кылуунун убагы

Азыр чечкиндүү иш-аракет кылуунун убагы

Азыр чечкиндүү иш-аракет кылуунун убагы

«Качанкыга чейин эки бутуңардан аксайсыңар?» (1 Падышалар 18:21).

1. Биздин мезгил эмнеси менен өзгөчө?

ЖАХАБАНЫН жалгыз чыныгы Кудай экенине ишенесиңби? Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарга ылайык, биздин мезгил Шайтандын каардуу дүйнөсүнүн акыркы күндөрү экенине шектенбейсиңби? (2 Тиметейге 3:1). Ошондой болсо, өзгөчө азыр чечкиндүү иш-аракет кылуу зарыл экенине кошуларың шексиз. Адамзат тарыхында буга чейин ушунчалык көп адамдардын өмүрү кылдын учунда турган эмес.

2. Ахап падышанын тушундагы он уруудан турган Ысрайыл падышалыгында кандай абал өкүм сүргөн?

2 Б.з.ч. X кылымда ысрайыл элине өтө олуттуу чечим чыгарууга туура келген. Маселенин жөнү алардын кимге кызмат кыларында болчу. Ахап падыша бутпарас аялы Изебелдин таасири менен он уруудан турган Ысрайыл падышалыгында Баалга табынуучулуктун өркүндөшүнө шарт түзгөн. Баал түшүмдүүлүктүн кудайы деп эсептелип, табынуучулары анын жамгыр жаадырарына, мол түшүм берерине ишенишчү. Көптөрү алыстан Баалдын сөлөкөтүн өпкөн сыяктуу ишарат кылып же ага жүзтөмөндөп жыгылып таазим этишчү. Баал дыйканчылыкка жана мал чарбасына бата бериши үчүн, ага табынгандар ийбадаткана сойкулары менен бузукулук кылышчу. Ошондой эле өздөрүн сайгылап, денесинен кан агызышар эле (1 Падышалар 18:28).

3. Баалга табынуучулук Кудайдын элине кандай таасир тийгизген?

3 Ысрайылдыктардан 7000дей адам адеп-ахлаксыздык, зордук-зомбулук менен коштолгон андай арам сыйынууга катышкан эмес (1 Падышалар 19:18). Алар Жахаба Кудай менен түзүлгөн келишимди бекем сактап, берилгендик көрсөтүшкөн жана бул үчүн куугунтукка алынышкан. Мисалы, Изебел ханыша Жахабанын көп пайгамбарларын өлтүрткөн (1 Падышалар 18:4, 13). Ошол оор абалга байланыштуу ысрайылдыктардын көбү Жахабага да, Баалга да жагууга аракеттенип келишкен. Бирок чыныгы Кудайдан баш тартып, жалган кудайга табынуу чындыктан чегинүүчүлүккө жаткан. Жахаба ысрайылдыктарга эгер алар аны сүйсө жана осуяттарын аткарышса бата берерин убадалаган. А эгер толук берилгендик көрсөтүшпөсө, аларды жок кыларын эскерткен (Мыйзам 5:6—10; 28:15, 63).

4. Ыйса жана анын элчилери эмнени алдын ала айтышкан жана ошол пайгамбарлык кандайча аткарылууда?

4 Бүгүн христиан дүйнөсүндө ошо сыяктуу жагдай өкүм сүрүүдө. Чиркөө мүчөлөрү өздөрүн христиан деп атаганы менен, алардын майрамдары, жүрүм-туруму, диний ишенимдери Ыйык Китептеги окууларга карама-каршы келет. Изебелге окшоп, христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери башкаларды Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктоого тукурушат. Ошондой эле алар согуштарды дайыма колдоп келгендиктен, миллиондогон чиркөө мүчөлөрүнүн өлүмүнө жооптуу. Дүйнөлүк өкмөттөргө ошондойчо колдоо көрсөтүү менен жалган дин, Ыйык Китепте айтылгандай, рухий бузуктукка барууда (Аян 18:2, 3). Андан сырткары, христиан дүйнөсү түзмө-түз бузуктукка да, жадагалса диний кызматчылардын адеп-ахлаксыз иштерине да көзжумду мамиле кылып келүүдө. Ыйса жана анын элчилери чындыктан чегинүүчүлүктүн ушинтип аябагандай кеңири кулач жаярын алдын ала айтышкан (Матай 13:36—43; Элчилер 20:29, 30; 2 Петир 2:1, 2). Христиан дүйнөсүндөгү диндерди туткан миллиарддан ашык адамды эмне күтүп турат? Аларга жана жалган диндин айынан адашып жүргөн башка адамдарга карата Жахабанын чыныгы кызматчылары кандай жоопкерчиликке ээ? Бул суроолорго так-даана жоопту «Ысрайыл жеринен Баалдын жок кылынышын» шарттаган мааниси зор окуяларды карап чыгуу менен алабыз (2 Падышалар 10:28).

Кудайдын ээнбаш элине көрсөткөн сүйүүсү

5. Жахаба ээнбаш элине сүйүүсүн, камкордугун кантип көрсөткөн?

5 Жахаба Кудай ага ишенимсиздик көрсөткөндөрдү жазалоодон ырахат албайт. Мээримдүү Ата катары ал ыймансыз адамдардын өкүнүп, Өзүнө кайрылып келишин каалайт (Жезекиел 18:32; 2 Петир 3:9). Мисалы, Ахап менен Изебелдин күндөрүндө Жахаба өзүнүн элине Баалга сыйынуунун кесепеттери жөнүндө эскертүү үчүн көптөгөн пайгамбарларын жөнөтүп турган. Алардын бири Илияс болгон. Алдын ала айтылган катуу кургакчылыктан кийин Илияс Ахап падышаны ысрайылдыктар менен Баалдын пайгамбарларын Кармел тоосуна чогултууга үндөгөн (1 Падышалар 18:1, 19).

6, 7. а) Ысрайылдын чындыктан чегинүүсүнүн негизги себебин Илияс кантип ашкере кылган? б) Баалдын пайгамбарлары эмне кылышкан? в) Илияс эмне кылган?

6 Жолугушуу, сыягы, Изебелге жагууну каалагандар бузган курмандык чалынуучу жайдын жанында өткөн (1 Падышалар 18:30). Тилекке каршы, чогулган ысрайылдыктар көпкө күттүргөн жамгырды Жахаба жаадырабы же Баалбы деп эки анжы болушкан. Баалдын пайгамбарлары 450гө жеткен, ал эми Жахабанын пайгамбарларынан бир эле Илияс болгон. Ал элге кайрылып: «Качанкыга чейин эки бутуңардан аксайсыңар?» — деп, суроону кабыргасынан койгон. Анан айткан сөздөрүн чечмелеп: «Эгер Теңирди Кудай десеңер, анда Аны ээрчигиле. Эгерде Баалды Кудай десеңер, анда аны ээрчигиле»,— деген. Олку-солку болгон ысрайылдыктарга чечкиндүү түрдө Жахабанын тарабын ээлөөгө түрткү берүү үчүн, Илияс пайгамбар чыныгы Кудай ким экенин сынап көрүүнү сунуш кылган. Курмандыкка эки букачар чалуу керек болгон: бирин — Жахабага, экинчисин — Баалга. Кимиси чыныгы Кудай болсо, ошол өз курмандыгын от менен жалмап кетмек. Баалдын пайгамбарлары курмандыкты даярдап, өздөрүнүн кудайын: «Баал, бизди ук!» — деп бир нече саат бою чакырышкан. Илияс аларды шылдыңдап күлө баштаганда, алар өздөрүн кан аккыча сайгылап, катуу кыйкырышкан. Бирок эч кандай жооп болгон эмес (1 Падышалар 18:21, 26—29).

7 Анан Илияска кезек келген. Адегенде ал Жахабанын курмандык чалынуучу жайын оңдоп, үстүнө букачардын этин койгон. Андан соң курмандыктын үстүнө төрт чака суу куюуну буйруган. Муну үч жолу кайталашканда, курмандык чалынуучу жайдын айланасындагы аң сууга толуп кеткен. Андан соң Илияс: «Ыбрайымдын, Ыскактын, Ысрайылдын Кудай-Теңири! Ушул күнү Ысрайылдагы жалгыз Кудай Сен экениңди, мен Сенин кулуң экенимди, баарын Сенин сөзүң боюнча кылганымды билишсин. Уга көр мени, Теңир, уга көр мени! Ушул эл, Теңир, Сенин Кудай экениңди билсин, Сен алардын жүрөгүн Өзүңө бурасың»,— деп тиленген (1 Падышалар 18:30—37).

8. Кудай Илиястын тиленүүсүнө кантип жооп берген жана пайгамбар кандай иш-аракет кылган?

8 Чыныгы Кудай жооп бергенде, асмандан түшкөн от курмандыкты да, курмандык чалынуучу жайдын өзүн да, атүгүл аңга толтурулган сууну да жалмап кеткен! Бул ысрайылдыктарга кандай таасир калтырганын элестетсең. Ошол замат «эл жүзтөмөндөп жыгылып: „Жахаба Кудай экен, Жахаба Кудай экен!“ — деген». Илияс андан ары да чечкиндүү иш-аракет кылган. Ал ысрайылдыктарга: «Баалдын пайгамбарларын кармагыла, алардын бирөө да качып кутулбасын»,— деп буйрук берген. Ошондо Баалдын 450 пайгамбарынын баары Кармел тоосунун этегинде өлүм жазасына тартылган (1 Падышалар 18:38—40, «ҮН», 2001).

9. Чыныгы Кудайдын кызматчылары кантип кайрадан сыналган?

9 Ошол унутулгус күнү Жахаба үч жарым жылдан бери биринчи жолу жамгыр жаадырган! (Жакып 5:17, 18). Ысрайылдыктар үйлөрүнө кайтып баратып эмнелер тууралуу сүйлөшкөнүн элестетсең. Жахабанын чыныгы Кудай экенин далилдеген окуялар, албетте, аларды аябай таасирленткен. Бирок Баалдын табынуучулары багынган эмес. Изебел Жахабанын кызматчыларын андан ары да куугунтуктай берген (1 Падышалар 19:1, 2; 21:11—16). Ошондо Кудайдын элинин ишенимдүүлүгү кайрадан сыналган. Баалга сыйынгандарды соттой турган күн келгенде, Жахабанын кызматчылары ага толук берилгендик көрсөтүшкөнбү?

Азыр чечкиндүү иш-аракет кыл

10. а) Биздин мезгилде Ыйсанын майланган жолдоочулары кайсы ишти аткарууда? б) Аян 18:4тө жазылган буйрукка баш ийүү эмнени билдирет?

10 Биздин мезгилде Ыйсанын майланган жолдоочулары Илиястыкындай иш аткарып жатышат. Алар жекече маектешүү жана басылып чыккан адабияттар аркылуу христиан дүйнөсүндөгү адамдарга жана башкаларга жалган динде болуу канчалык коркунучтуу экенин эскертип келишүүдө. Натыйжада миллиондогондор чечкиндүү иш-аракеттерди жасап, жалган динден чыгууда. Алар чөмүлтүлүү аркылуу өздөрүнүн жашоосун Жахабага арнап, Ыйсанын шакирттеринин катарына кошулууда. Ооба, алар Кудайдын: «Менин элим, анын [жалган диндин] күнөөлөрүнө ортоктошуп, анын башына түшө турган алааматтарга кабылып калбашың үчүн, андан чык!» — деген чакырыгына кулак кагышууда (Аян 18:4).

11. Жахабанын жактыруусуна ээ болуу үчүн эмне кылуу зарыл?

11 Миллиондогон адамдар Жахабанын Күбөлөрү тараткан кабарды кызыгуу менен укса да, иш-аракет кылууга шашылышпайт. Кээ бирлери Эскерүү кечесине же облустук жыйындын айрым бөлүктөрүнө келип турушат. Биз алардын баарын Илиястын: «Качанкыга чейин эки ойдун ортосунда эки анжы болуп жүрө бересиңер?» — деген сөздөрүнүн үстүнөн жакшылап ойлонуп көрүүгө чакырабыз (1 Падышалар 18:21, «ҮН», 2001). Азыр аларга убакытты создуктурбастан чечкиндүү иш-аракет кылууга жана Жахабага арналган, чөмүлтүлгөн кызматчылардан болууга умтулуу зарыл. Мындан алардын түбөлүк келечеги көзкаранды! (2 Тесалоникалыктарга 1:6—9).

12. Кээ бир чөмүлтүлгөн биртуугандар өздөрүн кандай коркунучтуу абалга дуушар кылышкан жана алар эмне кылышы керек?

12 Тилекке каршы, кээ бир чөмүлтүлгөн биртуугандар кызматын үзгүлтүккө учуратып, жигердүүлүгүн жоготуп алышкан (Эврейлерге 10:23—25; 13:15, 16). Айрымдар куугунтуктан корккондуктан, түйшүккө берилип кеткендиктен, байлыкка же ырахаттанууларга умтулгандыктан мурдагыдай ынталуу болбой калышкан. Ыйса ошондой себептерден улам кээ бир жолдоочулары мүдүрүлүшү, алсырашы же торго түшүшү мүмкүн экенин эскерткен (Матай 10:28—33; 13:20—22; Лука 12:22—31; 21:34—36). Алар «эки ойдун ортосунда эки анжы болбой», «тырышчаак болууга жана тобо кылууга» тийиш. Башкача айтканда, өздөрүнүн арналуусуна ылайык кызмат кылып, чечкиндүү иш-аракеттерди жасашы керек (Аян 3:15—19).

Жалган дин күтүлбөгөн жерден кыйрайт

13. Жейу падышалыкка майланганда Ысрайылда абал кандай болгон?

13 Эмне себептен адамдар азыр чечкиндүү иш-аракет кылышы керектигин Ысрайылда болгон дагы бир окуядан көрүүгө болот. Кармел тоосунда ким чыныгы Кудай экени айкын болгондон 18 жылдай өткөндөн кийин Илиястын ордуна Элиша пайгамбарлык кылган. Ошол убакта Жахабанын Баалга табынгандарды соттой турган күнү күтүлбөгөн жерден келген. Ал кезде Ысрайылды Ахап падышанын уулу Жорам башкарып турган жана анын энеси Изебел ханыша дагы деле тирүү болчу. Элиша эч кимге билгизбей кызматчысын Ысрайылдын аскер башчысы Жейуну жаңы падыша кылып майлоого жөнөткөн. Ошол кезде Жейу Иордан дарыясынын чыгыш бөлүгүндө, Гилаттын Рамотунда душмандар менен согушуп жаткан. Жорам падыша болсо Изрейелде, Мегидонун жанындагы өрөөндө, согуштан алган жараатынан дарыланып жаткан (2 Падышалар 8:29—9:4).

14, 15. Жейуга кандай тапшырма берилген жана ал аны кандай кабыл алган?

14 Жахаба Жейуга мындай буйрук берген: «Сен мырзаң Ахаптын тукумун кырып жок кыласың. Изебел колдуу болуп өлгөн Менин кулдарымдын — пайгамбарлардын каны үчүн, Теңирдин бардык кулдарынын каны үчүн Мен ошентип өч алам. Ошентип, Ахаптын бүт тукуму кырылат... Изебелди болсо Изрейел талаасында иттер жейт, аны эч ким көргө койбойт» (2 Падышалар 9:7—10).

15 Жейу чечкиндүү адам болгон. Ал дароо арабага отуруп, Изрейелди көздөй чаап жөнөгөн. Изрейелдеги сакчы Жейуну жүрүшүнөн таанып, бул жөнүндө Жорам падышага билдиргенде, ал арабасы менен өзүнүн аскер башчысын тосуп чыккан. Алар жолугушканда, Жорам: «Жейу, тынчтык менен келе жатасыңбы?» — деп сураган. Жейу: «Сенин энең Изебел бутка табынып, көп сыйкырчылык кылып жатса, кайдагы тынчтыкты айтасың?» — деп жооп берген. Анан жаасын алып, качып жөнөгөн Жорам падышаны көздөй тартып жибергенде, жебе Жорамдын жүрөгүн тешип өткөн (2 Падышалар 9:20—24).

16. а) Изебелдин кызматчылары кандай кырдаалга туш болушкан? б) Жахабанын Изебел жөнүндө айткан сөзү кантип аткарылган?

16 Жейу токтоосуз түрдө шаарга кирип барган. Боёнуп-жасанып алган Изебел терезеден ага кекете кайрылганда, Жейу буга көңүл бурбай: «Ким мени менен, ким?» — деп үн салган. Терезеден эки-үч кызматчы башбаккан. Ошондо алардын ишенимдүүлүгү сыналган. Жейу аларга: «Изебелди терезеден ыргытып жибергиле»,— деп буйруган. Алар Изебелди чечкиндүүлүк менен терезеден ыргытып жиберишкен. Аны Жейунун аттары тебелеп салган. Ысрайылдагы Баалга табынуучулуктун анабашы ошондой шылдыңдуу өлүмгө дуушар болгон. Алдын ала айтылгандай, көргө коюлганга чейин Изебелдин денесин иттер жеп кеткен (2 Падышалар 9:30—37).

17. Кудайдын Изебелди соттогону келечекте кандай окуялардын болорунан кабар берет?

17 «Улуу Бабыл» деп аталган каймана маанидеги сойку ошондой коркунучтуу кыйроого учурайт. Сойку аял байыркы Бабыл шаарынан башат алган жалган диндерди символдоштурат. Жалган дин кыйратылгандан кийин, Жахаба Кудай Шайтандын дүйнөсүнүн башка бөлүктөрүн жок кылат. Ошондо адилеттүү жаңы дүйнөгө жол ачылат (Аян 17:3—6; 19:19—21; 21:1—4).

18. Изебел өлгөндөн кийин, Баалдын Ысрайылдагы кызматчылары эмне болгон?

18 Изебел өлгөндөн кийин, Жейу падыша убакытты текке кетирбей Ахаптын бүт укум-тукумун жана жакын санаалаштарын кырып-жойгон (2 Падышалар 10:11). Бирок өлкөдө Баалга табынган ысрайылдыктар дагы деле көп болчу. Аларды жок кылуу үчүн, Жейу чечкиндүү иш-аракеттери менен «Теңирге болгон кызганчаактыгын» көрсөтүүгө киришкен (2 Падышалар 10:16). Өзүн Баалга табынган адам кылып көрсөтүп, Жейу Самарияда Ахап курган Баалдын ийбадатканасында чоң майрам уюштурган. Майрамга Баалдын Ысрайылдагы бардык кызматчылары келген. Алар ийбадаткананын ичинде камоодо калганда, Жейунун кишилери бирин калтырбай өлтүрүп чыккан. Ыйык Китепте ал билдирүү: «Ошентип, Жейу Ысрайыл жеринен Баалды жок кылды»,— деген сөздөр менен жыйынтыкталат (2 Падышалар 10:18—28).

19. Жахабанын ишенимдүү кызматчыларын эмне күтүп турат?

19 Баалга табынуучулук Ысрайылда түп-тамыры менен жоюлган. Ошо сыяктуу эле, азыркы дүйнөдөгү жалган диндер күтүлбөгөн жерден, үрөй учурарлык жол менен кыйратылат. Ошол улуу сот күнүндө сен кайсы тарапта болосуң? Азыр чечкиндүү түрдө иш-аракет кыл, ошондо «улуу кайгыдан» аман өткөн «эбегейсиз көп адамдардын» арасында болууга мүмкүнчүлүк аласың. Жаңы дүйнөдө кубаныч менен артка кылчайып, «жер жүзүн өзүнүн бузуктугу менен бузган» сойку аялды соттогону үчүн Кудайды даңктайсың. Анын чыныгы кызматчылары менен бирдикте сен асмандан угулган: «Кудайды даңктагыла! Анткени бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир падышачылык бийликти колуна алды»,— деген толкундурарлык сөздөргө үн кошосуң (Аян 7:9, 10, 14; 19:1, 2, 6).

Ой жүгүртүү үчүн суроолор

• Байыркы Ысрайыл кантип баш-оту менен Баалга табынып кеткен?

• Ыйык Китепте чындыктан чегинүүчүлүк жөнүндө кандай пайгамбарлык айтылган жана ал кантип аткарылууда?

• Жейу Баалга табынуучулукту кантип түп-тамыры менен жойгон?

• Кудайдын сот күнүндө аман калуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт/карта]

Based on maps copyrighted by Pictorial Archive (Near Eastern History) Est. and Survey of Israel

Апейик

Кармел тоосу

Хелкат

Бейт-Шемеш

Жокнеям

Табор тоосу

Эйен-Дор

Опра

Аморе

Шунем

Мегидо

Эйин-Харот булагы

Бейт-Арбел

Гилаттын Рамоту

Изрейел

Гилбоя тоосу

Таанах

Бейт-Шейан

Гилаттын Жабеши?

Иблейем (Гат-Римон)

Дотан

Абел-Мекела

Тирса

Сохо

САМАРИЯ

Жер ортолук деңиз

Галилея деңизи

Иордан дарыясы

[20-беттеги сүрөт]

Чыныгы Кудайдын сыйынуучулары Падышалык жөнүндө кабар айтууга жана жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катышат.