Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга канчалык бекем таянасың?

Кудайга канчалык бекем таянасың?

Кудайга канчалык бекем таянасың?

«Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын... издегиле» (Матай 6:33).

1, 2. Бир жаш Күбө жумушуна байланыштуу кандай чечим чыгарган жана эмне үчүн?

БИР жаш Күбө жыйналышына көбүрөөк салым кошууну каалап жүргөн. Бирок жумушунан улам жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катыша алчу эмес. Максатын ишке ашыруу үчүн ал эмне кылган? Жашоосун жөнөкөйлөтүп, жумушунан бошонгон да, убакыттын өтүшү менен кызматына тоскоол болбой турган жумушка орношкон. Азыр алган айлыгы мурдагыга караганда кыйла аз болсо да, ал үй-бүлөсүн багууга да, жыйналыштын иштерине көбүрөөк катышууга да жетишип жатат.

2 Ал биртуугандын эмне үчүн андай чечим чыгарганы сага түшүнүктүүбү? Анын ордунда болсоң, сен да ошентет белең? Көптөгөн Күбөлөр ошондой иш-аракеттерди жасаганы үчүн мактоого татыйт. Муну менен алар Ыйсанын: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет»,— деген убадасына бекем ишенерин көрсөтүп жатышат (Матай 6:33). Алар дүйнөдө ээлеген абалына эмес, Жахабага таянышат (Накыл сөздөр 3:23, 26).

3. Бүгүн Кудайдын Падышачылыгын биринчи орунга коюу акылга сыярлык экенине айрымдар эмне үчүн шектениши мүмкүн?

3 Азыр оор убакта жашап жатканыбызды ойлоп, айрымдар ал Күбөнүн акылдуу чечим чыгарганына шектениши мүмкүн. Бүгүнкү күндө кээ бирөөлөр жакырчылыктын жеткен чегинде жашап жатса, башкалары майкөл, сүткөл шарттарда өмүр сүрүүдө. Кедей өлкөлөрдө жашаган адамдардын көбү ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бир аз болсо да өздөрүнүн турмушун оңдоого аракеттенип жатышат. Ал эми байыраак өлкөлөрдө экономиканын солгундашы, жумушсуздуктун күч алышы жана жумушчуларга барган сайын көп талаптардын коюлуп жатышы көптөрдү өздөрүнүн жашоо деңгээлин сактоо менен алпурушууга мажбур кылууда. Жашоого каражат табуу кыйындап бараткандыктан, кээ бирөөлөрдө: «Азыр баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын издөө акылга сыярлыкпы?» — деген суроо туулушу ыктымал. Суроого жооп алуу үчүн, адегенде Ыйсанын ал чакырык менен кимдерге кайрылганын карап көрөлү.

«Түйшүк тартпагыла»

4, 5. Кудайдын кызматчыларынын күнүмдүк тиричиликти ойлоп түйшүк тарта бериши эстүүлүккө жатпаарын Ыйса кантип көрсөткөн?

4 Баарынан мурда Падышалыкты издөө чакырыгы менен Ыйса Галилеяга ар кайсы жерлерден келген топ элге кайрылган (Матай 4:25). Алардын арасында бай адамдар болсо да, саналуу эле болгон. Демек, басымдуу көпчүлүгү жакыр жашаган. Ошого карабастан Ыйса аларды материалдык байлык топтоого эмес, алда канча баалуу нерсе — рухий кенч — жыйноого үндөгөн (Матай 6:19—21, 24). Ал мындай деген: «„Эмне ичип, эмне жейбиз?“ — деп, жаныңар үчүн; „Эмне киебиз?“ — деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи!» (Матай 6:25).

5 Ыйсанын сөздөрү аны угуп тургандардын көбүнө акылга сыйгыс болуп көрүнүшү мүмкүн эле. Анткени алар, жан үрөп иштебесе, үй-бүлөлөрүнүн кем-карчы бүтөлбөй турганын билишкен. Ошентсе да Ыйса алардын көңүлүн канаттууларга бурган. Канаттуу-куштар күнүнкү тапканы боюнча жашаса да, Жахаба аларга кам көрөт. Ошондой эле Ыйса атак-даңктуу Сулаймандын кийимдеринен да кооз болгон талаа гүлдөрүнө Жахабанын кандай кам көрөрүн айтып өткөн. Эгер Жараткан канаттууларга жана гүлдөргө кам көрсө, анда бизге ого бетер көбүрөөк кам көрбөйбү?! (Матай 6:26—30). Ыйса айткандай, биздин өмүрүбүз (жаныбыз) менен денебиз жашоого керектүү тамактан жана денебизди жабуу үчүн сатып алган кийимден алда канча маанилүү. Эгерде бүт күч-аракетибизди азыктанууга жана кийинүүгө гана жумшап, Жахабага кызмат кылууда алгылыктуу эч нерсе жасабасак, анда жашообуздун маңызы жоголот (Насаатчы 12:13).

Теңсалмактуу көзкараш

6. а) Ыйсанын жолдоочулары эмне кылууга милдеттүү? б) Алар толугу менен кимге таянышат?

6 Албетте, Ыйса угуучуларын «алма быш, оозума түш» деп, иштебей Кудайдан жардам күтүп отура берүүгө чакырган эмес. Атүгүл канаттуулар да өздөрүнө жана балапандарына азык издеши керек. Анын сыңарындай, Ыйсанын жолдоочулары нан табуу үчүн эмгектенүүгө жана үй-бүлөлөрүнө кам көрүүгө тийиш болгон. Ыйсанын жолун жолдогон кулдар жана кызматчылар өздөрүнүн кожоюнуна баш ийип, тырышчаактык менен иштөөгө чакырылган (2 Тесалоникалыктарга 3:10—12; 1 Тиметейге 5:8; 1 Петир 2:18). Элчи Пабыл өзүн камсыз кылуу үчүн көп учурда чатыр жасап эмгектенген (Элчилер 18:1—4; 1 Тесалоникалыктарга 2:9). Бирок алар дүйнөлүк жумушуна эмес, Жахабага таянышкан. Мунун натыйжасында башкаларда жок жандүйнө бейкуттугуна ээ болушкан. Забурчу: «Теңирге таянган адам Сион тоосу сыяктуу ордунан жылбайт, түбөлүк турат»,— деп айткан (Забур 124:1).

7. Жахабага бекем таянбаган адамдын көзкарашы кандай болушу мүмкүн?

7 Жахабага бекем таянбагандар башкача көзкарашта болушу мүмкүн. Адамдардын көбү байлыкты коопсуздуктун негизги булагы катары көрөт. Ошондуктан ата-энелер балдарын жаштык кезин жогорку билим алууга арноого үндөшөт жана андай билим аларга айлыгы көп жумуштарга орношууга жардам берет деп ойлошот. Тилекке каршы, Ыйсаны жолдогон айрым ата-энелер балдарынын алдына ошондой максаттарды коюу кайгылуу натыйжаларга алып келерине өздөрүнүн ачуу тажрыйбасынан ынанышкан: балдары рухийлигин жоготуп, материалисттик максаттарды көздөп кетишкен.

8. Кудайдын кызматчылары кандай теңсалмактуу көзкарашка ээ?

8 Кудайдын акылдуу кызматчылары Ыйсанын кеңешине ылайык жашоо, I кылымдагыдай эле, бүгүнкү күндө да жөндүү экенин түшүнүшөт жана теңсалмактуу көзкараш сактоого умтулушат. Алар Ыйык Жазмада көрсөтүлгөн милдеттерин аткаруу үчүн өздөрүнүн жумушуна көп саат коротууга мажбур болушу мүмкүн. Бирок акча табууга байланышкан муктаждыктын айынан алар алда канча маанилүү болгон рухий иштерди баркка албай калышпайт (Насаатчы 7:12).

Дагы кантип түйшүк тартпашыбыз керек?

9. Ыйса Жахабага толук таянгандарды эмнеге ынандырат?

9 Ыйса Тоодогу насаатында угуучуларын мындай деп үндөгөн: «„Эмне жейбиз, эмне ичебиз?“ же: „Эмне киебиз?“ — деп түйшүк тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат [«мунун баарына башка элдер өтө берилип умтулушат», «ЖД»]. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет» (Матай 6:31, 32). Кандай бекемдээрлик сөздөр! Эгер Жахабага толук таянсак, ал бизге ар дайым кам көрөт. Бирок Ыйсанын сөздөрүндө эскертүү да камтылат: эгерде материалдык нерселерге «өтө берилип умтулсак», анда биздин ой жүгүртүүбүздүн «башка элдердин» — Кудайдын чыныгы кызматчылары болбогон адамдардын — ой жүгүртүүсүнөн айырмасы жок.

10. Бай жигит кеңеш сурап кайрылганда, Ыйса анын баарынан мурда эмнени сүйөрүн кантип айгинелеген?

10 Бир жолу аябай бай жигит Ыйсадан түбөлүк өмүр алуу үчүн эмне кылыш керектигин сураган. Ыйса ага ошо кезде дагы деле күчүндө болгон Мусанын мыйзамынын талаптарын аткаруу зарыл экенин айткан. Жигит буга: «Мунун баарын мен жаш күнүмдөн бери сактап келем. Мага дагы эмне жетишпейт?» — деген. Ыйсанын берген жообу көптөргө акылга сыйбаган нерседей көрүнүшү мүмкүн эле. Ал: «Эгерде жеткилең болууну кааласаң, бар да, мал-мүлкүңдүн баарын сатып, жардыларга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот. Анан келип, Менин артымдан ээрчи»,— деп айткан (Матай 19:16—21). Бай жигит капаланып кетип калган, анткени байлыгынан ажыроо жөнүндөгү ой үч уктаса түшүнө кирген эмес. Ал Жахабага караганда мал-мүлкүн көбүрөөк сүйгөн.

11, 12. а) Ыйса байлык жөнүндө кандай ойлондурарлык сөздөрдү айткан? б) Кайсы учурда мал-мүлк Жахабага кызмат кылууга тоскоол болушу мүмкүн?

11 Ошол окуяга байланыштуу Ыйса: «Бай адамдын Асман Падышачылыгына кириши кыйын... Бай адамдын Асман Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өтүүсү оңоюраак»,— деп айткан (Матай 19:23, 24). Ыйса бай адамдардын эч кимиси Падышалыкты мурастабай турганын айтканбы? Жок, анткени андан ары: «Кудай бардыгын кыла алат»,— деген (Матай 19:25, 26). Кудайдын жардамы менен ошо убакта көптөгөн бай адамдар Ыйсанын майланган жолдоочуларынын катарына кошулушкан (1 Тиметейге 6:17). Демек, Ыйсанын жогорудагы таң каларлык сөздөрү эскертүү катарында айтылган.

12 Эгер адам, бай жигитке окшоп, өзүнүн мал-мүлкүнө байланып калса, бул анын Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылышына тоскоол болушу мүмкүн. Бул байларга да, «баюуну каалагандарга» да тиешелүү (1 Тиметейге 6:9, 10). Материалдык нерселерге өтө таянган адам рухий муктаждыгын анчалык сезбей калышы ыктымал (Матай 5:3, «ЖД»). Натыйжада ал Жахабанын жардамына муктаж экенин баамдабай калат (Мыйзам 6:10—12). Ошондой эле андай адам жыйналыштагылардан өзгөчө мамиле күтө башташы мүмкүн (Жакып 2:1—4). Андан тышкары, убактысынын көбүн Жахабага кызмат кылууга эмес, байлыгынын үзүрүн көрүүгө жумшап калышы ыктымал.

Туура көзкараш өрчүт

13. Лаодикеялыктар кандай туура эмес көзкарашта болушкан?

13 Мал-мүлккө карата туура эмес көзкарашта болгондордун ичине I кылымда Лаодикеядагы жыйналыш да кирген. Ыйса ошол жыйналышка: «Сен: „Мен баймын, байып калдым, эч нерсеге муктаж эмесмин“,— деп айтып жатасың. Бирок сен өзүңдүн бактысыз, аянычтуу, жакыр, сокур жана жылаңач экендигиңди билбейсиң»,— деп айткан. Лаодикеялыктарды андай аянычтуу рухий абалга байлык алып келген эмес. Буга алардын Жахабага таянбастан, байлыкка таянганы себеп болгон. Натыйжада алар рухий жактан ысык да, муздак да эмес, жылуу болгондуктан, Ыйса аларды оозунан «бүркүп чыгарып салгысы» келген (Аян 3:14—17).

14. Ыйсанын эврей жолдоочулары эмне үчүн Пабылдын мактоосуна татышкан?

14 Ал эми Ыйсанын эврей жолдоочулары алгачкы куугунтук учурунда туура маанай сакташкан. Бул үчүн алар Пабылдын мактоосуна татыган. «Туткунга алынгандардын да кайгысына ортоктош болдуңар, мал-мүлкүңөрдү талап-тоноп кетишкенде, кайгырган жоксуңар. Анткени асманда андан жакшы, түбөлүктүү байлыгыңар бар экенин билчүсүңөр»,— деген Пабыл (Эврейлерге 10:34). Кудайдын бул кызматчылары мал-мүлкүнөн ажыраганына ызаланышкан эмес. Алар эң баалуу байлыгын — «андан жакшы, түбөлүктүү байлыгын» — жоготушпагандыктан, өздөрүнүн кубанычын сактай алышкан. Алар Ыйсанын мисалындагы баа жеткис бермет үчүн эчтекесин аябаган соодагерге окшоп, кандай гана курмандыктарга барууга туура келбесин, Падышалыкка болгон үмүтүн бекем сактоого чечкиндүү болушкан (Матай 13:45, 46). Кандай сонун маанай!

15. Либериядагы бир жаш Күбө кантип Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон?

15 Бүгүн көптөр ошондой жакшы маанай өрчүтүшүүдө. Мисалы, Либерияда бир Күбө-кызга университетте окуу мүмкүнчүлүгү сунуш кылынган. Ал өлкөдө мындай мүмкүнчүлүк коопсуз келечектин ачкычы катары каралат. Бирок ал пионер (толук убакыттуу кызматчы) эле жана убактылуу атайын пионер болуп кызмат кылууга жаңы эле чакыруу алган болчу. Ишенимдешибиз баарынан мурда Падышалыкты издеп, толук убакыттуу кызматын улантууну чечкен. Атайын пионер катары өзүнө дайындалган жерге барып, ал үч айдын ичинде 21 ыйык китептик изилдөө баштаган. Ушу сыяктуу миңдеген Күбөлөр, материалдык жыргалчылыктан кечип, баарынан мурда Падышалыкты издеп жатышат. Азыркы алдым-жуттум дүйнөдө аларга ошондой маанай сактоого эмне жардам берет? Алар жакшы сапаттарга ээ болууга умтулушат. Келгиле, алардын кээ бирлерине токтолуп өтөлү.

16, 17. а) Жахабага таянгандар эмне үчүн жөнөкөйлүк сапатын өрчүтүшү керек? б) Кудайдын убадаларына эмне үчүн бекем ишенишибиз керек?

16 Жөнөкөйлүк. Ыйык Китепте: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт. Өзүңдү акылман эсептебе»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 3:5—7). Кээде кайсы бир иш-аракет дүйнөнүн көзкарашы боюнча туура болуп көрүнүшү мүмкүн (Жеремия 17:9). Бирок Ыйсанын чыныгы жолдоочусу Жахабадан жетекчилик издейт (Забур 47:15). Ал «бардык жолдорунда» — жыйналыштын иштерине, билим алууга, жумушка, эс алууга жана башка нерселерге байланыштуу маселелерде — жөнөкөйлүк менен Жахабанын кеңештерине ылайык иш кылат (Забур 72:24).

17 Жахабанын убадаларына бекем ишенүү. «Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек»,— деп айткан Пабыл (Эврейлерге 11:6). Эгерде биз Жахабанын убадаларынын аткарыларына шектенсек, анда «бул дүйнөнүн жыргалчылыгын көрүп» жашоо жүйөлүүдөй көрүнүшү ыктымал (1 Корунттуктарга 7:31). А эгер ишенимибиз бекем болсо, анда баарынан мурда Падышалыкты издөөгө чечкиндүү болобуз. Кантип бекем ишеним өрчүтүүгө болот? Ан үчүн дайыма Жахабага жакындоого, чын жүрөктөн тиленүүгө жана үзгүлтүксүз өздүк изилдөө жүргүзүүгө аракеттенүү зарыл (Забур 1:1—3; Филипиликтерге 4:6, 7; Жакып 4:8). Дөөт падышага окшоп, биз: «Теңир, Сага гана таянам жана: „Менин Кудайым Сенсиң“,— дейм. Сенде... жакшы нерселер көп!» — деп тиленсек болот (Забур 30:15, 20).

18, 19. а) Аракет кылуунун аркасында кандайча Жахабага болгон ишеничибиз чыңдалат? б) Эмне себептен Ыйсанын жолдоочусу курмандыктарга барууга даяр болушу керек?

18 Жахабага дилгирлик менен кызмат кылуу. Пабыл Жахабанын убадаларына бекем ишенүүнү аракет кылуу менен байланыштырып: «Толук үмүткө ээ болуш үчүн, ар бириңердин аягына чейин ушундай аракет кылышыңарды каалайбыз»,— деп жазган (Эврейлерге 6:11). Жахабага кызмат кылуу менен алек болсок, ал бизге кам көрөт. Муну сезген сайын ага болгон ишеничибиз ого бетер артып, «бекем... туруктуу боло» беребиз (1 Корунттуктарга 15:58). Ошондой эле ишенимибиз курчуп, үмүтүбүз бекемделе берет (Эфестиктерге 3:16—19).

19 Курмандыктарга барууга даяр болуу. Пабыл Ыйсанын жолун жолдоо үчүн мансаптан баш тарткан. Анын туура чечим чыгарганы талашсыз. Ошого карабастан айрым учурларда анын жашоосу материалдык жактан оор болгон (1 Корунттуктарга 4:11—13). Жахаба азыркы убакта жыргал жашоону убадалабайт жана кээде анын кызматчылары оор кыйынчылыктарга дуушар болот. Бирок жашообузду жөнөкөйлөтүүгө жана курмандыктарга барууга даяр болсок, Жахабага кызмат кылууга чечкиндүү экенибизди далилдейбиз (1 Тиметейге 6:6—8).

20. Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга койгондор эмне үчүн чыдамдуу болушу керек?

20 Чыдамдуулук. Шакирт Жакып ишенимдештерин: «Бир туугандар, Теңирдин келишин чыдамдуулук менен күткүлө»,— деп үндөгөн (Жакып 5:7). Агымы шар азыркы дүйнөдө чыдамдуу болуу оңой эмес. Биз бардык нерсенин тезирээк ишке ашышын каалайбыз. Бирок Пабыл бизди «убадаланганды ишеними жана чыдамдуулугу менен мурастагандардан» үлгү алууга чакырат (Эврейлерге 6:12). Андыктан Жахабаны күтө билели. Жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүнү күткөнүбүзгө эч убакта өкүнбөйбүз!

21. а) Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу менен эмнени көрсөтөбүз? б) Эмки макалада эмне талкууланат?

21 Айкын болгондой, Ыйсанын баарынан мурда Падышалыкты издөө жөнүндөгү кеңеши абдан жөндүү. Ага ылайык иш кылуу менен биз Жахабага чындап таянарыбызды көрсөтөбүз жана эң коопсуз жолду тандаган болобуз. Ыйса бизге «баарынан мурда Кудайдын... адилеттигин издөөгө» да кеңеш берген. Эмки макаладан ал чакырыкка кулак салуу бүгүнкү күндө эмне себептен маанилүү экенин көрөбүз.

Түшүндүрө аласыңбы?

• Ыйса бизди материалдык нерселерге карата кандай теңсалмактуу көзкарашка ээ болууга үндөгөн?

• Ыйсанын төө жана ийненин көзү жөнүндөгү мисалынан кандай сабак алсак болот?

• Бизге баарынан мурда Кудайдын Падышалыгын издөөгө кайсы сапаттар жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Ыйсанын угуучуларынын көбү жакыр болгон.

[26-беттеги сүрөт]

Бай жигит Кудайга караганда мал-мүлкүн көбүрөөк сүйгөн.

Ыйсанын мисалындагы соодагер баа жеткис бермет үчүн эч нерсесин аяган эмес.

[27-беттеги сүрөт]

Жахабага кызмат кылуу менен алек болсок, ал бизге кам көрөт.