Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кышкы майрамдар — Көптөр күткөндөй өтөбү?

Кышкы майрамдар — Көптөр күткөндөй өтөбү?

Кышкы майрамдар — Көптөр күткөндөй өтөбү?

«Петр I бардык чиркөөлөрдө 1-январда Жаңы жылга байланыштуу диний каадалардын өткөрүлүшүн буйруган. Андан тышкары, ал эшиктердин кашектерин жайы-кышы жашыл болуп турган арчанын бутактары менен кооздоону жана Москванын бардык тургундарына „өзүлөрүнүн кубанычын шаңдуу куттуктоолор менен билдирүүнү“ буйрук кылган» (Peter the Great—His Life and World).

ЖЫЛДЫН ушул мезгилинде белгиленчү майрамдардын кандай өтүшүн каалайсыз? Көп өлкөлөрдө адамдар бул маалда Рождествону — Ыйсанын төрөлгөн күнүн, ал эми анын артынан Жаңы жылды майрамдашат. Ошондуктан майрамдоо убагы көпкө созулат. Ата-энелер иштебегендиктен жана балдар окуусунан эс алгандыктан, майрам күндөрү үй-бүлө менен чогуу убакыт өткөрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Айрымдар жылдын бул мезгилинде Ыйсанын туулган күнүн белгилөө менен ага көбүрөөк урмат көрсөтүүгө көңүл бурушат. Балким, сиз да ошондой адамдардын катарына киреттирсиз.

Бул майрамдарды ким кандай өткөрбөсүн, аларды дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөөлөр, зайыптар жана балдар өзгөчө чыдамсыздык менен күтүшөт. Быйыл алар кандай өтөт? Үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулайбы жана Кудайга жаккыдай өткөрүлөбү? Эгер үй-бүлөңөр менен чогула турган болсоңор, анда баары сиз күткөндөй болобу же тескерисинче бүтөбү?

Динчил адамдардын көбү Рождество менен Жаңы жыл белгиленип жатканда Ыйсанын такыр көңүлгө алынбай каларын байкашууда. Бүгүнкү күндө ал майрамдар белек алуу, адепсиз жүрүм-турумдар менен коштолгон кечелерди уюштуруу же үй-бүлө менен чогулуу үчүн гана белгиленип калган. Кээде андай учурларда чогулгандардын арасынан кимдир бирөө же бир нечеси көп ичип алгандыктан, чыр-чатак чыгып, акыры үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка алып келиши мүмкүн. Балким, мындай жагдайга сиз да күбө болгондурсуз же атүгүл өз башыңыздан өткөргөндүрсүз.

Орусиянын падышасы Петр I жогорудагы сөздөрдү айткандан бери эч нерсе өзгөрбөгөндөй сыяктанат. Бул майрамдар диний нерселер жөнүндө ой жүгүртүүнүн жана үй-бүлө менен жагымдуу пикир алышуунун убагы болушу керек деп эсептеген адамдардын көбү алардын кандайча өткөрүлүп жатканын көрүп тынчсызданууда. Айрымдар Рождество Ыйсага даңк алып келгидей өткөрүлүшү керектигин айтышат, атүгүл кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракеттенишет. Бирок андай аракеттер натыйжалуу болобу? Анын аркасында Ыйсага чыныгы урмат көрсөтүлөбү? Сөз кылынып жаткан майрамдарга карата болгон көзкарашыбызды өзгөртүүгө себептер барбы?

Бул суроолорго канааттандырарлык жооп алуу үчүн, орусиялыктардын эмнеден улам ушул майрамдарды жактырышарын карап көрөлү.