Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кышкы майрамдар — Көптөр эмнеге көңүл бурушат?

Кышкы майрамдар — Көптөр эмнеге көңүл бурушат?

Кышкы майрамдар — Көптөр эмнеге көңүл бурушат?

МИЛЛИОНДОГОН адамдар бул майрамдарда үй-бүлөсү жана достору менен чогуу болуп, ортодогу мамилелерин бекемдөөгө умтулушат. Дагы башкалары Ыйсанын төрөлүүсү жана адамзатты куткаруудагы ролу тууралуу ой жүгүртүүгө убакыт бөлүшөт. Белгилей кетчү нерсе, көптөгөн өлкөлөрдөн айырмаланып, Орусияда Рождество дайыма эле ээн-эркин майрамдалган эмес. Орус православие динин туткандар аны кылымдар бою ачык белгилешкени менен, XX кылымдын басымдуу бөлүгүндө ага жол берилбей келген. Буга эмне себеп болгон?

1917-жылы Улуу Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Совет бийлиги атеисттик саясатка өткөн. Рождество майрамын жана анын диний каада-салттарын жоюуга күч-аракеттер жумшала баштаган. Мамлекет аны да, Жаңы жылды да белгилөөгө каршы үгүт жүргүзүп, атүгүл ал майрамдардын символдорун: Рождестводо коюлуучу балатыны жана Аяз атаны жийиркеничтүү нерседей кылып көрсөткөн.

Анткен менен 1935-жылы Орусияда бул майрамдарга болгон көзкараш өзгөрүлгөн. Совет өкмөтү Жаңы жылды белгилөөгө жана ал майрамда Аяз ата менен балатынын болушуна жол берген, бирок бир топ өзгөрүүлөр киргизилген. Мисалы, мындан ары Аяз ата белектерди Рождестводо эмес, Жаңы жылда алып келмек. Андан сырткары, Рождестводо коюлуучу балаты Жаңы жылда коюлмак. Ушундай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Жаңы жыл Рождествонун ордун толугу менен «ээлеп алган».

Бул майрамдардын диний каадалары официалдуу түрдө жоюлуп, алар диний эмес майрамдарга айланган. Эми Жаңы жылдагы балаты динге байланышы бар жасалгалар менен эмес, Советтер Союзундагы өнүгүүнү көрсөткөн оюнчуктар менен кооздоло баштаган. Бул тууралуу Орусияда басылып чыгуучу «Вокруг света» аттуу журналда мындай делген: «Совет доорунда балатыга тагылган оюнчуктар боюнча коммунисттик коомдун курулуш тарыхын билүүгө болор эле. Ага коён, көмөч сыяктуу оюнчуктар менен кошо орок, балка, трактор өңдүү оюнчуктар илине баштаган. Кийинчерээк алардын ордуна оюнчук шахтёрлор, космонавттар, мунайзат мунаралары, ракета жана айда жүрмө аппараттар пайда болгон».

Ал эми Рождествонун өзү эмне болгон? Совет өкмөтү аны майрам деп эсептемек турсун, кадимки жумуш күнүнө айландырып койгон. Рождествону майрамдоону же анын диний каадаларын аткарууну каалагандар муну жашыруун түрдө гана кыла алышчу. Болбосо, өкмөттүн каарына калып, жагымсыз натыйжаларга кабылышмак. Мына ошентип, XX кылымда Орусияда кышкы майрамдар диний эмес майрамдарга айлантылган.

Жакын арада болгон өзгөрүү

1991-жылы Советтер Союзу кулап, элдер көбүрөөк эркиндикке жетти. Өкмөт жактап келген атеисттик саясат да жоюлду. Жаңы пайда болгон көзкарандысыз өлкөлөрдүн көбүндө чиркөө мамлекеттен бөлүнгөндүктөн, динчил адамдар өздөрүнүн динин тутуу жагынан эркиндикке ээ болушту. Бул Рождествону кайрадан майрамдай баштоого жол ачты. Бирок көптөрдүн ал майрамды белгилөөгө байланышкан кубанычы узакка созулган жок. Эмне үчүн?

Жылдар оошкон сайын, адамдар Рождество убагында көбүрөөк коммерциялык максатты көздөй башташты. Батыш өлкөлөрүндөгүдөй эле, Орусияда да бул майрам ишкана ээлери, дүң соодагерлер жана сатуучулар үчүн акча табуунун эң ылайыктуу учуру болуп калды. Ошондой эле дүкөндөрдүн айнек үкөктөрү Рождество жасалгаларына толтурулуп, батыш өлкөлөрүндөгүдөй, бул майрамда коюлуучу шаңдуу музыка менен ырлар жаңырып турат. Ал эми электричка жана башка коомдук унаалардан Рождествого арналган ар кандай оюнчуктар менен буюмдарга толгон баштыктарын көтөрүп, кыдырып жүргөн сатуучуларды кезиктирүүгө болот. Жылдын бул мезгили Орусияда ушундайча өтөт.

Көптөрдүн майрам учурунда пайда табууну көздөгөнүнө тынчсызданбагандарды анын башка жагы, мисалы, спирт ичимдиктеринин кыянат пайдаланышы жана анын кесепеттери кабатыр кылат. Москвадагы бир оорукананын тез жардам бөлүмүнүн кабылдамасында иштеген бир догдур мындай деген: «Догдурлар Жаңы жыл майрамында мушташуудан, бычакташуудан, атышуудан жараат алгандар көп болорун билишет, буга көбүнчө үй-бүлөдөгү чыр-чатак, мас болуп мушташуу жана жол кырсыктары себеп болот». Ал эми Орусия илимдер академиясында иштеген бир окумуштуу: «Бул майрамдарда ичкиликтин айынан өлгөндөрдүн саны тез өсөт. 2000-жылы алардын саны өзгөчө көп болду. Өзүн өзү өлтүргөндөр жана киши колдуу болуп өлгөндөр да кыйла көбөйдү»,— деп белгилеген.

Майрам учурундагы мындай терс көрүнүштөр Орусияда дагы бир себептен улам арбын болот. «Известия» гезитине чыккан «Орусиялыктар Рождествону эки жолу белгилешет» аттуу макалада төмөндөгүдөй билдирилген: «Орусияда дээрлик ар бир онунчу адам Рождествону эки жолу белгилейт. „РОМИР-Мониторинг“ борбору жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 8%ы Рождествону католик чиркөөсүнүн календары боюнча 25-декабрда, андан соң православие календары боюнча 7-январда майрамдашарын айтышкан... Кыязы, кээ бирөөлөр Рождествонун диний мааниси жөнүндө көп деле ойлонбой, майрамдап, көңүл ачууга себеп болоруна кубанат көрүнөт» *.

Майрам учурунда Ыйсага урмат көрсөтүлүүдөбү?

Сөз кылынып жаткан майрамдардын адепсиз жүрүм-турум менен коштолору айкын. Бул көптөрдү тынчсыздандырбай койбойт. Айрымдар ал учурда Кудай менен Ыйсага урмат көрсөтүлүшү керек деп эсептейт. Албетте, Кудайга жагууну каалоо мактоого татыктуу. А бирок Рождество жана Жаңы жыл майрамы Кудай менен Ыйсага жагабы? Бул суроого жооп алуу үчүн, алардын кайдан келип чыкканын карап көрөлү.

Совет бийлигинин учурунда Рождествого карата кандай көзкараш өкүм сүрбөсүн, «Чоң Совет энциклопедиясында» келтирилген тарыхый фактыларды эч ким жокко чыгара албайт. Анда: «Рождество майрамы христианчылыкка чейинки, өзгөчө, дыйканчылык кылган элдердин арасында таралган жана „өлүп, кайра тирилген“ кудайларга сыйынууга байланышкан үрп-адаттардан келип чыккан. Ал элдер табиятты жаңы жашоого ойготкон куткаруучу кудайдын төрөлгөн күнүн жыл сайын күндүн кышкы токтолушуна, 21—25-декабрга, туура келген убакта белгилешчү»,— деп жазылган.

Ал энциклопедиядагы төмөнкү маалымат сиз үчүн да кызыктуу болушу мүмкүн: «Биринчи кылымда христиан динин туткандар Рождествону майрамдачу эмес... IV кылымдын ортосунда алар Митрага сыйынууга окшоштуруп, күндүн кышкы токтолушуна байланышкан майрамды кабыл алып, кийинчерээк аны Рождество майрамы катары белгилей башташкан. Рождествону эң биринчилерден болуп Римдеги диний коомдор майрамдаган. X кылымда ал христиан дини менен кошо Орусияга келген жана ал жерден ата-бабалардын арбактарын урматтоого арналган байыркы славян кышкы майрамы менен бириктирилген».

Балким, сизде да: «Кудайдын Сөзүндө, Ыйык Китепте, Ыйса 25-декабрда төрөлгөн деп айтылбайбы?» — деген суроо пайда болоттур. Чынында, Ыйык Китепте Ыйсанын төрөлгөн күнүнүн так датасы көрсөтүлбөйт. Ошондой эле Ыйсанын ал күндү белгилөөгө карата кандайдыр бир көрсөтмө бергени тууралуу айтылбайт. Ошентсе да Ыйык Китеп Ыйса төрөлгөн убакты аныктоого жардам берет.

Матайдын Инжилинин 26, 27-бөлүмдөрүндө Ыйсанын 14-нисанда, жүйүттөр Пасах майрамын белгилеген күнү, өлтүрүлгөндүгү айтылат. Ал күн б.з. 33-жылы 31-мартка туш келген. Ал эми Луканын Инжилинен Ыйса чөмүлтүлүп, кызматын баштаганда отуздарда болгону тууралуу окуйбуз (Лука 3:21—23). Ыйса жерде үч жарым жыл кызмат кылган. Демек, өлгөндө отуз үч жарым жашта болгон. Ошондуктан б.з. 33-жылы 1-октябрга жакын ал 34кө толмок. Андан тышкары, Лука Ыйса төрөлгөн маалда койчулар түнкүсүн малын талаада кайтарганы жөнүндө жазган (Лука 2:8). Декабрда койчулар малы менен талаада түнөй алмак эмес, анткени ал убакта Бейт-Лехемде күн суук болуп, атүгүл анын тегерек-четине кар түшүп калышы мүмкүн эле. 1-октябрларда болсо алар талаага түнөй алышкан. Ошондуктан Ыйса ушул маалда төрөлгөн деп айтууга болот.

Ал эми Жаңы жыл майрамы тууралуу эмне дешке болот? Белгилеп кеткенибиздей, ал дагы Кудайга жакпаган иштер менен коштолот. Аны диний эмес майрамга айландырууга аракеттер жасалса да, баары бир деле анын келип чыгышы шектүү.

Ошентип, жогоруда айтылган фактылардан Рождествону Ыйсага даңк алып келгидей кылып өткөрүүгө чакырган ураандардын эч кандай мааниси жок экени көрүнүүдө. Эгер сизге бул майрамдардын коммерциялык максатта өткөрүлүп жатканы, Кудайга жакпаган иштерге жык толгону жана бутпарастардын үрп-адаттарынан келип чыкканы жакпаса, көңүлүңүздү чөгөрбөңүз. Анткени Кудайды жана Ыйсаны тийиштүү түрдө урматтоонун, ошол эле учурда үй-бүлөдөгү мамилени бекемдөөнүн туура жолу бар.

Кудайга жана Ыйсага урмат көрсөтүүнүн туура жолу

Ыйык Китепте Ыйса Машайактын «өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келгени» айтылат (Матай 20:28). Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн өз өмүрүн даярдуулук менен берген. Ошондуктан кээ бирөөлөр Рождество учурунда Ыйсага урмат көрсөтүүнү каалашат. Бирок Рождествонун да, Жаңы жылдын да Ыйсага эч кандай байланышы жок экенин, алар, чынында, жалган динден келип чыкканын билдик. Анын үстүнө, көптөрдү бул майрамдардын убагында пайда табуу жагы кызыктырат. Эң негизгиси, эки майрамда тең Кудайга жана Ыйсага жакпаган адепсиз иштер көп жасалат.

Анда Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн эмне кылуу керек? Жүрөгү таза адамдар Кудайга болгон сезимдерин билдирүүгө өбөлгө түзгөндөй болуп көрүнгөн, бирок Ыйык Китепке карама-каршы келген ырым-жырымдардан арылууга даяр. Алар Кудайды жана Ыйсаны урматтоонун туура жолун издешет. Ал эмне болгон жол жана биз эмне кылышыбыз керек?

Ыйса өзү: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу»,— деп айткан (Жакан 17:3). Ооба, жүрөгү таза адам Кудайга жана Ыйсага кантип урмат көрсөтсө болору жөнүндө так билим алууга аракеттенет. Анан ал билимин жылдын кайсы бир мезгилинде эле эмес, күн сайын өз жашоосунда колдонот. Чын жүрөктөн жасалган мындай аракеттер Кудайга жагат жана түбөлүк өмүргө алып барат.

Кудайды жана Ыйсаны Ыйык Китепке ылайык келген жолдор менен урматтагандардын арасында сиздин да үй-бүлөңүздүн болушун каалайсызбы? Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча миллиондогон үй-бүлөлөргө Ыйык Китептен өмүр берерлик билим алууга жардам берип келет. Биз сизди өзүңүз жашаган жердеги Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылууга же бул журналдын 2-бетиндеги даректердин бирине кат жазууга чакырабыз.

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Көп өлкөлөр Григорий календарына мурда эле өткөн болсо да, Орусия 1917-жылкы Улуу Октябрь төңкөрүшүнө чейин эски Юлий календарын колдонуп келген. 1917-жылы ал календарь Григорий календарынан 13 күнгө артта болчу. Төңкөрүштөн кийин Совет бийлиги, башка өлкөлөрдөй эле, Григорий календарын колдоно баштаган. Бирок Православие чиркөөсү өзүнүн майрамдары үчүн Юлий календарын колдоно берген, кийин ал «Эски стиль» деп аталып калган. Балким, сиз да Орусияда Рождествону 7-январда белгилешерин уккан чыгарсыз. Бул Юлий календары боюнча 25-декабрга туш келет. Ошондуктан орусиялыктардын көбү бул майрамдарды төмөнкү иретте белгилешет: 25-декабрда — батыш өлкөлөрүнүн Рождествосун, 1-январда — Жаңы жылды, 7-январда — православие Рождествосун, ал эми 14-январда эски календар боюнча белгиленчү Жаңы жылды майрамдашат.

[7-беттеги кутуча]

Жаңы жыл майрамынын келип чыгышы

Грузиядагы православие чиркөөсүндөгү диний жетекчинин сөзү:

«Жаңы жылды тосуу майрамы байыркы Римдеги бутпарас элдердин майрамдарынан келип чыккан. 1-январда жалган кудай Януска арналган майрам өткөрүлчү. Январь айы да ошол кудайдын ысмынан аталып калган. Янустун сөлөкөтүнүн эки бети болгон: бири алды жагында, экинчиси арт жагында. Бул анын өткөндү да, келечекти да карап турарын билдирген. Ошондуктан эгер ким 1-январды шан-шөөкөт, күлкү менен жана берекелүү дасторкон үстүндө өткөрсө, ал бүт жылды көңүлдүү жана ийгиликтүү өткөрөт деп эсептешкен. Бүгүн да көптөгөн замандаштарыбыз Жаңы жылга байланыштуу ушундай ырым-жырымга ишенишет... Бутпарас элдердин кээ бир майрамдарында бурканга түзмө-түз курмандык чалынчу. Ал эми айрымдарында ойноштук жана бузуктук сыяктуу жийиркеничтүү иштер жасалчу. Башка учурларда, мисалы, Януска арналган майрамда адамдар ашыра ичип-жеп, мас болуп алган соң ар кандай ыпылас иштерге барышчу. Өзүбүздүн Жаңы жылды тоскондогу учурубузду эстесек, биз да бутпарастардын бул майрамына катышып келгенибизди моюнга алууга аргасыз болобуз» (грузин тилиндеги гезиттен алынды).

[6-беттеги сүрөт]

Христиан дүйнөсү Митрага сыйынуунун үрп-адаттарын өз сыйынуусуна кошуп алган.

Museum Wiesbaden

Декабрда суук болгондуктан, койчулар малы менен талаада түнөй алмак эмес.