Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сен кимге баш иесиң: Кудайгабы же адамдаргабы?

Сен кимге баш иесиң: Кудайгабы же адамдаргабы?

Сен кимге баш иесиң: Кудайгабы же адамдаргабы?

«Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек» (Элчилер 5:29, «ҮН», 2001).

1. а) Бул макаланын негизги аяты кайсы? б) Элчилер эмне үчүн камакка алынган?

КАМАККА алынгандардын жер жуткандай жок болуп кетиши, сыягы, жогорку соттун мүчөлөрүн катуу каарданткан! Камактагылар Ыйсанын элчилери болчу. Жогорку сот бир нече жума мурун алардын жолбашчысын өлүм жазасына тарткан. Эми анын эң жакын жолдоочуларына киришкени турган. Бирок күзөтчүлөр элчилерди алып келгени барганда, эшиктер бек болгонуна карабастан, түрмөнүн ичинде алар жок болуп чыккан. Көп өтпөй элчилердин Иерусалимдеги ийбадатканада элге Ыйса Машайак жөнүндө тайманбастык менен кабар айтып жатканы маалым болгон. Ойлоп көрсөңөр, алар жакында эле камакка алынганына карабастан кайрадан баягы ишке киришкен! Күзөтчүлөр түз эле ийбадатканага барышкан да, элчилерди кармап, соттун алдына алып келишкен (Элчилер 5:17—27).

2. Периште элчилерге эмне кылууну буйруган?

2 Элчилерди түрмөдөн периште бошоткон. Эмне максат менен? Куугунтуктоолордон коргош үчүнбү? Жок. Периште аларды Иерусалимдин тургундарына Ыйса Машайак тууралуу жакшы кабарды айтуу үчүн бошоткон. Элчилерге ал: «Элге өмүр жөнүндөгү ушул сөздөрдүн баарын айткыла»,— деп буйруган (Элчилер 5:19, 20). Мына ошондуктан, күзөтчүлөр ийбадатканага келгенде, элчилер ошол буйрукту тил алчаактык менен аткарып жатышкан.

3, 4. а) Кабар айтууну токтотууга буйрук берилгенде, Петир менен Жакан эмне деп жооп беришкен? б) Башка элчилер эмне деп жооп берген?

3 Ошол тайманбас кабарчылардын экөө, элчи Петир менен элчи Жакан, соттун алдына мындан мурун да келген болчу. Башкы сот Жусуп Кайапа ошол тууралуу айтып: «Биз силерге бул ысым [Ыйса] жөнүндө окутпагыла деп, катуу тыюу салбадык беле? Силер болсо өзүңөрдүн окутууңарды бүт Иерусалимге жайылтып жибердиңер»,— деп каарданган (Элчилер 5:28). Петир менен Жаканды кайрадан сотто көрүп жатканына Кайапа таң калбаса деле керек. Анткени, кабар айтууну токтотуу жөнүндө биринчи жолу буйрук берилгенде, ал экөө: «Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, Кудайды укпай, силерди угуу Кудай алдында туурабы? Биз көргөнүбүз менен укканыбызды айтпай коё албайбыз»,— деп жооп беришкен болчу. Байыркы пайгамбар Жеремия сыяктуу эле, Петир менен Жакан кабар айтуу тапшырмасын аткарбай коё алышкан эмес (Элчилер 4:18—20; Жеремия 20:9).

4 Бул сапар Петир менен Жакан эле эмес, элчилердин баары, алардын ичинде жаңы тандалып алынган Матий да соттун алдында өздөрүнүн көзкарашын ачык жарыялоого мүмкүнчүлүк алышкан (Элчилер 1:21—26). Кабар айтууну токтотууга буйрук берилгенде, алар да эржүрөктүк менен: «Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек»,— деп жооп беришкен (Элчилер 5:29, «ҮН», 2001).

Кимге баш ийүү керек: Кудайгабы же адамгабы?

5, 6. Элчилер соттун буйругуна эмне себептен баш ийген эмес?

5 Элчилер соттун чечимине баш ийген, мыйзамды сыйлаган жарандардан болушкан. Бирок эч бир адам, кандай гана зор бийликке ээ болбосун, башка бирөөгө Кудайдын осуяттарын бузууга буйрук бере албайт; антүүгө анын укугу да жок. Жахаба — «жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай» (Забур 82:19). Ал «бүт жер жүзүнүн Соту» эле эмес, Эң Жогорку Мыйзам Чыгаруучу жана Түбөлүктүктүн Падышасы да болуп саналат. Кудайдын осуяттарынын кайсы бирин жокко чыгарууга аракеттенген соттордун бардык чечимдери анын көз алдында жараксыз (Башталыш 18:25; Ышайа 33:22).

6 Муну айрым таанымал юристтер да тастыктаган. Мисалы, XVIII кылымда жашаган англиялык белгилүү укук таануучу Уильям Блэкстон Ыйык Китепте ачылып берилген мыйзамга адам баласынын эч бир мыйзамы карама-каршы келбеши керектигин жазган. Демек, Синедрион элчилерге кабар айтууну токтотууга буйрук берүү менен чектен чыгып кеткен. Ал буйрукка баш ийүү элчилердин оюна да келген эмес.

7. Кабар айтуу иши эмне үчүн ыйык кызмат кылуучулардын кыжырын келтирген?

7 Элчилердин кабар айтууну токтотпоого чечкиндүү болгону ыйык кызмат кылуучулардын кыжырын келтирген. Кээ бирлери, алардын ичинде Кайапа да тирилүүгө ишенбеген садукейлерден болгон (Элчилер 4:1, 2; 5:17). Элчилер болсо Ыйсанын тирилгенин жарыялап жүрүшкөн. Андан тышкары, ыйык кызмат кылуучулардын айрымдары жан-алы калбай римдик бийликтерге жагынууга аракеттенчү. Пилат Ыйсаны соттоп жатып, башкы ыйык кызмат кылуучуларга Ыйсаны өздөрүнүн падышасы катары кабыл алууга мүмкүнчүлүк бергенде, алар аша чаап: «Рим падышасынан башка падышабыз жок»,— деп кыйкырышкан (Жакан 19:15) *. Элчилер Ыйсанын тирилгенин эле эмес, анын ысмынан башка «асман астында... адамдарды куткара ала турган башка ысым жок» экенин да жар салып жүрүшкөн (Элчилер 2:36; 4:12). Ыйык кызмат кылуучулар, эгерде эл тирилген Ыйсаны Жолбашчы катары көрө баштаса, анда римдиктер келип, алардын «жерин да, элин да» басып алып, өздөрүн бийликтен ажыратышы мүмкүн деп чочулашкан (Жакан 11:48).

8. Гамалиел Синедрионго кандай даанышман кеңеш берген?

8 Ыйсанын элчилери үчүн келечекте жакшылыктын жышааны жоктой көрүнгөн. Синедриондун мүчөлөрү алардын көзүн тазалоого чечкиндүү турган (Элчилер 5:33). Бирок күтүлбөгөн жерден жагдай өзгөргөн. Мыйзамды мыкты билген Гамалиел ордунан туруп, соттун башка мүчөлөрүн ашыкпай иш кылууга чакырган. Акылмандык менен ал: «Эгерде бул адамдык иш-аракет болсо, анда ал бузулат. Эгерде Кудайдан болсо, анда силер аны токтото албайсыңар»,— деген. Анан төмөнкүдөй маанилүү ой айткан: «Кудайга каршы чыгуучулардан болуп калуудан сак болгула» (Элчилер 5:34, 38, 39).

9. Элчилер аткарган иштин Кудайдан экенин эмне далилдеген?

9 Таң калыштуусу, сот Гамалиелдин кеңешин туура тапкан. Синедриондун мүчөлөрү «элчилерди чакыртып сабатышкан да, Ыйсанын ысмы жөнүндө жарыялоого тыюу салышкан. Анан аларды бошотуп жиберишкен». Бирок элчилер алардан коркпостон, периштенин көрсөтмөсүн аткарууга чечкиндүү болушкан. Андыктан бошотулгандан кийин «алар күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө адамдарды окутуп, Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууну токтотушкан» эмес (Элчилер 5:40, 42). Жахаба алардын аракетине батасын берген. Натыйжада эмне болгон? «Кудайдын сөзү кеңири жайылып, Иерусалимде шакирттердин саны абдан көбөйгөн». Жадагалса «ыйык кызмат кылуучулардын ичинен да көптөрү Ыйсага ишенип калышкан» (Элчилер 6:7). Башкы ыйык кызмат кылуучулар үчүн бул кандай сокку болгон! Элчилер аткарган иштин чын эле Кудайдан экени барган сайын айкын боло берген!

Кудайга каршы чыккандар ийгиликке жетпейт

10. Кайапага өзүнүн кызмат абалы эмнеден улам туруктуу болуп көрүнүшү мүмкүн эле, бирок анын адамдарга таянганы эмне себептен куру бекер болгон?

10 Биринчи кылымда башкы ыйык кызмат кылуучуларды Рим бийлиги дайындаган. Мисалы, мал-мүлктүү Жусуп Кайапаны андай кызматка Валерий Грат койгон. Ошол жоопкерчиликтүү кызматта Кайапа өзүнө чейинки башкы ыйык кызмат кылуучулардын көбүнөн узагыраак калган. Сыягы, ал бул жетишкендигин Кудайдын колдоосунун эмес, өзүнүн дипломатиялык шык-жөндөмүнүн жана Пилат менен болгон достугунун жемиши деп эсептеген. Кандай болбосун, анын адамдарга таянганы куру бекер болуп чыккан. Элчилер Синедриондун алдына келгенден үч эле жыл өткөндөн кийин, Кайапа Рим бийлигинин жактыруусунан ажырап, башкы ыйык кызмат кылуучулуктан бошотулган.

11. Понтий Пилат менен жүйүттөрдүн түзүлүшү эмне болгон жана мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот?

11 Кайапаны кызматтан алуу жөнүндөгү буйрукту Пилаттын жетекчиси, Сириядагы өкүмдар Луций Вителлий чыгарган. Ошондуктан Кайапага кызмат абалын сактап калууга анын жакын досу Пилат да жардам бере алган эмес. Андан бир эле жыл өткөндөн кийин Пилат өзү да кызматынан бошотулуп, олуттуу айыптоолорго жооп берүү үчүн Римге чакырылган. Ал эми Рим падышасына таянган жүйүт башчылары римдиктердин келип, алардын «жерин да, элин да басып алганын» көрүшкөн. Б.з. 70-жылы римдик аскерлер Иерусалим шаарын, анын ичинде ийбадаткананы жана Синедриондун залын тыптыйпыл кылышкан. Забурчунун: «Төрөлөргө, адам баласына таянбагыла, алар жардам бере алышпайт»,— деген сөздөрү кандай гана калетсиз! (Жакан 11:48; Забур 145:3).

12. Кудайга баш ийүү акылмандыкка жатарын Ыйсанын үлгүсүнөн кандайча көрүүгө болот?

12 Кудай тирилтилген Ыйса Машайакты рухий улуу ийбадаткананын Башкы ыйык кызмат кылуучусу кылып дайындаган. Ыйсаны ал кызматтан эч бир адам бошото албайт. Ал — «туруктуу Ыйык кызмат кылуучу» (Эврейлерге 2:9; 7:17, 24; 9:11). Кудай Ыйсаны өлгөндөрдүн жана тирүүлөрдүн Соту кылып да дайындаган (1 Петир 4:5). Ошондуктан Жусуп Кайапанын же Понтий Пилаттын келечекте тирилер-тирилбесин Ыйса гана чечет (Матай 23:33; Элчилер 24:15).

Падышалыктын азыркы убактагы эржүрөк жарчылары

13. Биздин мезгилде кайсы иш адамдардан жана кайсы иш Кудайдан болуп чыкты?

13 Биздин мезгилде, I кылымдагыдай эле, «Кудайга каршы чыгуучулардын» саны көп болду (Элчилер 5:39). Мисалы, Германиядагы Жахабанын Күбөлөрү Адольф Гитлерге «Хайль Гитлер!» деп айтуудан жана аны Жолбашчы катары көрүүдөн баш тартышканда, Гитлер аларды тукум курут кылууга убада берген (Матай 23:10). Ошо кезде анын канкор уюму ал тапшырманы ийгиликтүү ишке ашырчудай сезилген: нацисттер миңдеген Күбөлөрдү концлагерлерге жөнөтүшкөн, атүгүл айрымдарын өлүмгө өкүм кылышкан. Бирок Күбөлөрдүн Кудайга гана баш ийүүгө болгон чечкиндүүлүгүн солгундатууга жана аларды бүтүндөй тукум курут кылууга Гитлердин күчү жеткен эмес. Күбөлөр аткарган иш адамдан эмес, Кудайдан болчу. Ал эми Кудайдын ишин эч ким токтото албайт. Андан бери алтымыш жыл өтсө да, Гитлердин концлагерлеринде отуруп чыккан Күбөлөр дагы деле Жахабага «чын жүрөгү менен, жан-дили менен, бүт акылы менен» кызмат кылып жатышат. Гитлер болсо өзүнүн нацисттик партиясы менен эбак жексен болуп, тарыхтын барактарында карөзгөй аты гана калды (Матай 22:37).

14. а) Каршылаштар Кудайдын кызматчыларына жалаа жабууга кантип аракеттенишкен жана кандай натыйжага жетишкен? б) Андай аракеттер Кудайдын элине олуттуу зыян келтиреби? (Эврейлерге 13:5, 6).

14 Нацисттик куугунтуктоолордон кийин Жахабага жана анын элине каршы жүргүзүлгөн майнапсыз күрөшкө башкалар кошулду. Европанын бир катар өлкөлөрүндө диний жана саясий ишмерлер митаамдык менен Жахабанын Күбөлөрүн «коркунучтуу секта» деп каралаганга аракеттеништи (так эле ошондой айыптоо Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларына да коюлган) (Элчилер 28:22, «ЖД»). Бирок Адам укуктары боюнча Европа соту Жахабанын Күбөлөрүн секта эмес, диний уюм деп тааныды. Каршылаштар муну билсе да, Күбөлөргө жалаа жабуусун дагы деле улантып келишет. Алардын ушак-айыңдарынын кесепетинен кээ бир Күбөлөр жумушунан айрылса, айрым биртуугандардын балдары мектептен кысымга алынган. Көп жыл бою Күбөлөрдүн жыйналыш жолугушуулары өткөрүлүп келген имараттардын ээлери «ач кулактан тынч кулак» деп, алар менен түзгөн келишимдерин бузушкан. Айрым учурларда өкмөттүк уюмдар кээ бир ишенимдештерибизди алар Жахабанын Күбөсү болгону үчүн эле жарандык алуу укугунан ажыратышкан! Бирок Күбөлөр багынбай келет.

15, 16. Франциядагы Жахабанын Күбөлөрү алардын кызматына каршылык көрсөтүлгөндө эмне кылышкан жана эмне үчүн кабар айтууну токтотушпайт?

15 Маселен, Францияда адамдар жалпы жонунан сабырдуулугу, калыстыгы менен белгилүү. Бирок кээ бир каршылаштар Падышалыктын ишине бут тосууга багытталган мыйзамдардын кабыл алынышына чара көрүшкөн. Жахабанын Күбөлөрү буга кандай жооп кайтарышкан? Алар өздөрүнүн кабар айтуу кызматын мурдагыдан да күчөтүп, эң сонун натыйжаларга жетишишкен (Жакып 4:7). Алсак, алты эле айдын ичинде ал өлкөдө ыйык китептик изилдөөлөрдүн саны 33 пайызга өскөн! Франциядагы жүрөгү таза адамдардын жакшы кабарды кабыл алып жатканы Шайтанды кандай гана каардантат! (Аян 12:17). Ал жактагы ишенимдештерибиз Ышайа пайгамбардын: «Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт, сени менен сотто талашып-тартышкан ар бир тилди сен айыптайсың»,— деген сөздөрү өздөрүнүн жагдайына байланыштуу аткарылып жатканына шектенишпейт (Ышайа 54:17).

16 Куугунтуктоолор Жахабанын Күбөлөрүнө кубаныч тартуулабайт. Ошентсе да, Кудайдын берген буйругуна баш ийип, алар уккандарын айтпай коё алышпайт, тескерисинче, тынымсыз айта беришет. Алар үлгүлүү жарандардан болууга умтулушат. Бирок адамдын мыйзамы Кудайдыкына карама-каршы келгенде, алар Кудайга баш ийишет.

Душмандарыбыздан коркпойбуз

17. а) Душмандарыбыздан эмне үчүн коркпойбуз? б) Куугунтуктоочуларга карата маанайыбыз кандай болушу керек?

17 Душмандарыбыз өтө опурталдуу абалда турушат, анткени Кудайга каршы чыгып жатышат. Биз болсо алардан коркпостон, Ыйсанын көрсөтмөсүнө ылайык, өзүбүздү куугунтуктагандар үчүн тиленебиз (Матай 5:44). Биз Жахабадан, тарстык Шабылга окшоп билбестиктен каршы чыгып жаткандардын көзүн ачып, ырайымы менен аларды чындыкка алып келишин суранабыз (2 Корунттуктарга 4:4). Шабыл Ыйсанын жолун жолдоп, элчи Пабыл катары таанылганда бийликтегилерден көп кордук көргөн. Ошого карабастан ал өз ишенимдештерин «башкаруучулар менен бийликтегилерге баш ийүүгө, тил алууга жана бардык жакшы иштерди жасоого даяр болууга, эч кимге [атүгүл эң катаал куугунтуктоочуларына да] жаман сөз айтпоого, жаңжалчыл эмес, жоош болууга жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылууга» үндөгөн (Титке 3:1, 2). Францияда жана башка жерлерде Жахабанын Күбөлөрү бул кеңешке ылайык иш кылууга умтулушат.

18. а) Жахаба өз элин кантип куткара алат? б) Куугунтуктоонун аягы эмне менен бүтөт?

18 Кудай Жеремия пайгамбарга: «Сени куткаруу үчүн, Мен сени мененмин»,— деген (Жеремия 1:8). Бүгүнкү күндө Жахаба өз элин куугунтуктан кантип куткара алат? Ал Гамалиелге окшогон калыс сотту колдонушу мүмкүн. Же болбосо, паракор же кас маанайдагы чиновниктин ордуна күтүлбөгөн жерден ынсаптуураак адамдын дайындалышына кам көрүп коюшу ыктымал. Бирок айрым учурларда Жахаба куугунтуктун көпкө созулушуна жол бериши мүмкүн (2 Тиметейге 3:12). Андай учурда ал бизге чыдоого дайыма күч берет (1 Корунттуктарга 10:13). Кудай кандай гана куугунтукка жол бербесин, анын аягы эмне менен бүтөрү белгилүү: Кудайдын элине каршы чыккандар Анын өзүнө каршы чыгууда, демек, алар жеңишке жетпейт.

19. 2006-жылга кайсы аят тандалып алынды жана ал эмне үчүн ылайыктуу?

19 Ыйса шакирттерине алардын кыйынчылыктарга кабыларын алдын ала айткан (Жакан 16:33). Мына ошондуктан Элчилер 5:29дагы («ҮН», 2001): «Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек»,— деген сөздөргө ылайык иш кылуу азыр мурдагыдан да маанилүү. Ошол себептен бул сөздөр 2006-жылга Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык аяты катары тандалып алынды. Эмесе, кандай гана абалга туш болбойлу, Кудайга баш ийүүгө ушул жылы да, келечекте да чечкиндүү бололу!

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Ошо кезде башкы ыйык кызмат кылуучулар өздөрүнүн башкаруучусу катары тааныган «Рим падышасы» жек көрүндү император Тиберий болчу. Ал экижүздүү, киши өлтүргүч эле эмес, адеп-ахлаксыз адам катары да белгилүү болгон (Даниел 11:15, 21).

Жооп бере аласыңбы?

• Каршылыкка туруштук берүү жагынан элчилер бизге кандай сонун үлгү калтырган?

• Эмне үчүн биз адамдарга эмес, дайыма Кудайга баш ийишибиз керек?

• Каршылаштарыбыз чынында кимге каршы чыгууда?

• Куугунтуктоолордун аягы эмне менен бүтөт?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги кутуча]

2006-жылдын жылдык аяты: «Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек» (Элчилер 5:29, «ҮН», 2001).

[13-беттеги сүрөт]

«Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек».