Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акча жана ыйман. Тарых калтырган сабак

Акча жана ыйман. Тарых калтырган сабак

Акча жана ыйман. Тарых калтырган сабак

БОЛЖОЛ МЕНЕН төрт жүзгө жакын адам 1630-жылдын 7-апрелинде төрт кемеге отуруп, Англиядан Американы көздөй сүзүп жөнөшкөн. Алардын арасында жогорку билимдүүлөр, көрүнүктүү бизнесмендер, атүгүл парламенттин мүчөлөрү да бар эле. Ошол кезде Англиянын экономикалык абалы начарлап, Европадагы Отуз жылдык согуштан (1618—1648) өлкө абдан жабыркап турган. Мына ушундан улам алар үйлөрүн, иштеген ишин жана туугандарын калтырып, жакшы жашоо издеп чыгышкан.

Бирок келечекке үмүт байлаган бул жамаат алыскы сапарга дүнүйө эңсеп эле чыккан эмес. Алар диний куугунтуктун айынан качып бараткан пуритандар эле *. Алардын максаты Ыйык Китептин осуяттарынан четтебеген ыймандуу коом түзүп, укум-тукуму менен материалдык жактан гүлдөп жашоо болгон. Саякатчылар Массачусетстеги Сейлемге келип токтоп, жээктен өздөрүнө чакан жер сурашкан. Жаңы мекенин алар Бостон деп аташкан.

Теңсалмакташтыруу аракети

Жаңы колониянын башкаруучусу Жон Уинтроп жалпы эле элдин эмес, ар бир адамдын жыргалчылыгын ойлогон. Уинтроп адамдардын акчасы да, ыйманы да болушун каалаган. Бирок андай максатка жетүү өтө кыйынга турган. Кыйынчылыктарды көрө билген Уинтроп ишенимдештерине ыймандуу коомдо байлык кандай ролду ойношу керектиги жөнүндө көп насаат айткан.

Пуритандык башка колониялардын лидерлери сыяктуу эле, Уинтроп баюуга умтулуунун эч жаман жери жок деп эсептеген. Ал байлыктын негизги максаты башкаларга жардам берүү экенин, ал эми бай адам көбүрөөк жакшылык кыла аларын айта турган. Тарыхчы Патриция О’Тул: «Пуритандардын оюнун баары байлыкта болгон. Байлык Кудайдын батасы, ошол эле учурда бойкөтөрүүчүлүккө жана дене кумарына азгыруучу нерсе деп эсептелчү»,— деген.

Ишенимдештерин жыргал турмуштун, байлыктын тузагынан сактоо максатында Уинтроп аларды эстүүлүк көрсөтүүгө, кармана билүүгө үндөгөн. Бирок көп өтпөй демилгелүү мекендештери анын ыймандуулук жана бири-бирин сүйүү жөнүндөгү насааттарын четке кага башташкан. Алар Уинтропту башкалардын жеке турмушуна кийлигишип жатат деп айыпташкан. Кээ бирөөлөрү чечим чыгара турган адамдардын тобун шайлоону талап кылышса, башкалары жеке кызыкчылыктарын көздөп, кошуна жайгашкан Коннектикут колониясына көчүп кетишкен.

Алар тууралуу О’Тул мындай деп жазат: «Мүмкүнчүлүк, демократия жана өсүп-гүлдөө массачусетстик пуритандардын жашоосундагы негизги кыймылдаткыч күчкө айланып, алар Уинтроп үндөгөн жамааттык жыргалчылыкка эмес, жеке максаттарына умтулушкан». Уинтроп болсо өтө жакырланып, 1649-жылы 61 жашында көз жумган. Ал негиздеген колония бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп, Уинтроптун кыялдары ишке ашпай кала берген.

Жакшы жашоону издөө улантылууда

Жакшы дүйнө жөнүндө кыялданган Жон Уинтроп сыяктуу адамдар бүгүн да аз эмес. Жыл сайын жүз миңдеген адамдар Африкадан, Түштүк-Чыгыш Азиядан, Чыгыш Европадан жана Латын Америкасынан башка өлкөлөрдү көздөй жакшы жашоону издеп жөнөшөт. Аларга мындай кадам жасоого көп акча табуунун «ачкычын» сунуш кылган жүздөгөн жаңы китептер, семинарлар жана Интернеттеги веб-сайттар түрткү берет. Көрүнүп тургандай, көптөгөн адамдар акчалуу, ошол эле учурда ыймандуу болууга дагы деле умтулуп келишет.

Бирок бул, чынында, жакшы натыйжаларга алып келбейт. Адатта, баюуну каалаган адамдар байлык үчүн өздөрүнүн принциптерин, жадагалса ишенимин садага чабууга даяр болушат. Ошондуктан төмөнкүдөй суроолор туулушу мүмкүн: адам бир эле учурда бай да, Кудайдын берилген кызматчысы да боло алабы? Жерде качандыр бир убакта материалдык жана рухий жактан гүлдөгөн ыймандуу коом болобу? Бул суроолорго кийинки макаладан Ыйык Китептин негизинде жооп ала аласыңар.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Пуритандар (латынча puritas — тазалык) деп XVI кылымда чиркөөлөрүн католиктердин таасиринен тазалоону каалаган Англия чиркөөсүнүн протестанттары аталып калган.

Boats: The Complete Encyclopedia of Illustration/J. G. Heck; Winthrop: Brown Brothers