Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Асмандагы менен жердегинин бардыгын бириктирүү

Асмандагы менен жердегинин бардыгын бириктирүү

Асмандагы менен жердегинин бардыгын бириктирүү

«Кудай... Өзүнүн жакшы тилеги боюнча... асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирет» (Эфестиктерге 1:9, 10).

1. Жахабанын асман менен жерге карата кандай «жакшы тилеги» бар?

БҮТ ааламдын тынчтыгы! «Тынчтыктын булагы болгон Кудайдын» улуу ой-ниети мына ушунда (Эврейлерге 13:20). Элчи Пабыл жазгандай, Жахаба «Өзүнүн жакшы тилеги боюнча... асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирет» (Эфестиктерге 1:9, 10). Бул аяттагы «бириктирүү» деп которулган этиш кандай маанини туюнтат? Ыйык Китепти изилдеген окумуштуу Ж. Б. Лайтфут мындай дейт: «Бул сөз ааламдагы толук шайкештикти билдирет. Андай ааламда бири-бирине карама-каршы, жиктелген бөлүктөр болбойт, тескерисинче, баары Машайактын башчылыгы астында бекем биригет. Күнөө, өлүм, кайгы-капа, каргаша, азап-тозок биротоло жоюлат».

«Асмандагылар»

2. Чогултулушу керек болгон «асмандагылар» кимдер?

2 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары кандай кереметтүү үмүткө ээ экенин айтып, элчи Петир: «Биз Анын убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз»,— деп жазган (2 Петир 3:13). Бул жерде сөз кылынган «жаңы асман» жаңы бийликти — Мессиялык Падышалыкты — билдирет. Пабыл эфестиктерге жазган катында айтып өткөн «асмандагылар» «Машайактын башчылыгы астында» чогултулушу керек. Алар — Ыйса менен асманда бийлик жүргүзүүгө тандалып алынган чектелүү сандагы адамдар (1 Петир 1:3, 4). Бул 144 000 майланган кызматчы, асман Падышалыгында Ыйса менен мурасташ болуш үчүн, «жер үстүнөн... адамдардын арасынан сатылып алынган» (Аян 5:9, 10; 14:3, 4; 2 Корунттуктарга 1:21; Эфестиктерге 1:11; 3:6).

3. Жерде жүргөн майлангандар жөнүндө «асманга отургузулган» деп эмне үчүн айтууга болот?

3 Ыйсанын майланган жолдоочулары Жахабанын рухий балдарынан болуш үчүн ыйык рух тарабынан кайрадан төрөлүшөт (Жакан 1:12, 13; 3:5—7). Жахаба майлангандарды «балдары» катары асырап ала тургандыктан, алар Ыйсанын биртуугандары болушат (Римдиктерге 8:15; Эфестиктерге 1:5). Мына ошондуктан атүгүл жерде жашап жаткан майлангандар жөнүндө «Машайак Ыйса аркылуу асманга отургузулган» деп айтылат (Эфестиктерге 1:3; 2:6). Алар бул рухий жогорку абалды өздөрү үчүн асманда сакталган «мурастын аманаты» болгон «Ыйык Рух менен мөөрлөнгөндүктөн» ээлешет (Эфестиктерге 1:13, 14; Колосалыктарга 1:5). Демек, майлангандар «асмандагылар» болуп саналат жана Жахаба алардын санын алдын ала белгилеп койгон.

Чогултуунун башталышы

4. «Асмандагылардын» чогултулушу качан жана кантип башталган?

4 Жахабанын «иш алпаруусу» боюнча, «асмандагылардын» чогултулушу «белгиленген мезгилдердин соңунда» башталмак (Эфестиктерге 1:10, «ЖД»). Ал убакыт б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында келип жеткен. Ошол күнү элчилерге жана башка шакирттерге — эркектерге да, аялдарга да — ыйык рух түшкөн (Элчилер 1:13—15; 2:1—4). Бул болсо жаңы келишим күчүнө киргенин, Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы жана жаңы рухий эл, «Кудайдын Ысрайылы», жаралганын далилдеген (Галатиялыктарга 6:16; Эврейлерге 9:15; 12:23, 24).

5. Эмне себептен Жахаба ысрайыл элинин ордуна жаңы эл жараткан?

5 Ысрайыл эли менен Мыйзам келишими түзүлгөнүнө карабастан, алардан асманда түбөлүк кызмат кыла турган «ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгы жана ыйык эл» чыккан эмес (Чыгуу 19:5, 6). Ыйса жүйүттөрдүн диний жетекчилерине: «Кудайдын Падышачылыгы силерден тартылып алынып, жемишин бере турган адамдарга берилет»,— деп айткан (Матай 21:43). Рухий Ысрайылды түзгөн ал адамдар — жаңы келишимге кирген Ыйсанын майланган жолдоочулары. Аларга элчи Петир мындай деп жазган: «Силер тандалган уруусуңар, Падышанын ыйык кызмат кылуучуларысыңар, ыйык элсиңер, Кудай энчилеп алган элсиңер. Силерди караңгылыктан Өзүнүн ажайып жарыгына чакырып алган Кудайдын улуу иштерин жар салыш үчүн тандалгансыңар. Бир кезде эл эмес элеңер, азыр Кудайдын элисиңер» (1 Петир 2:9, 10). Ысрайыл эли Жахаба менен келишимде турган эл болбой калган (Эврейлерге 8:7—13). Ыйса алдын ала айткандай, Мессиялык Падышалыкка мүчө болуу мүмкүнчүлүгү алардан тартылып алынып, 144 000 адамдан турган рухий Ысрайылга берилген (Аян 7:4—8).

Падышалык келишими

6, 7. Ыйса рухтан төрөлгөн биртуугандары менен кандай өзгөчө келишим түзгөн жана бул алар үчүн эмнени билдирет?

6 Ыйса өзүнүн өлүмүн Эскерүү кечесин негиздеген кечте ишенимдүү элчилерине мындай деген: «Силер... башыма кыйынчылык келген учурларда Мени менен бирге болдуңар. Атам Мага бийлик бергендей эле, Мен да силерге бийлик берем [«Атам мени менен келишим түзгөндөй, мен да силер менен Падышалык келишимин түзөм», «ЖД»]. Менин Падышачылыгымда Менин дасторконумдан ичип-жейсиңер, тактыларга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар» (Лука 22:28—30). Ыйса бул жерде өзгөчө келишим жөнүндө айткан. Ал келишим рухтан төрөлгөн жана «өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү» боло турган 144 000 жеңүүчү менен түзүлгөн (Аян 2:10; 3:21).

7 Чектелүү сандагы ошол биртуугандар жер үстүндө түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тартышкан. Алар адамзатты соттоо үчүн тактыларга отуруп, Машайак менен асманда бийлик жүргүзүшөт (Аян 20:4, 6). Эми майлангандарга гана тиешелүү болгон жана Эскерүү кечесинде эмне үчүн «башка койлор» символдордон ооз тийбей турганын көрсөткөн дагы башка аяттарды карап чыгалы (Жакан 10:16).

8. Майлангандар нандан ооз тийүү менен эмнени көрсөтүшөт? (13-беттеги кутучаны карагыла.)

8 Майлангандар Машайактын азаптарына ортоктош болуп, ага окшоп өлүүгө даяр. Ошол топтун мүчөсү катары Пабыл «Машайакка ээ болуу үчүн... Аны жана Аны тирилткен күчтү таанып билиш үчүн, Анын тарткан азаптарына ортоктош болуш үчүн» бардык курмандыктарга барууга даяр экенин айткан. Ал тургай, Пабыл «Ага окшоп өлүүгө» даяр болгон (Филипиликтерге 3:8, 10). Ыйсанын көптөгөн майланган жолдоочулары анын өлүмүн өздөрүнүн «денесинде алып жүрүшөт», тактап айтканда, Ыйсаныкындай азап чегүүлөргө чыдап келишет (2 Корунттуктарга 4:10).

9. Эскерүү кечесиндеги нан эмнени символдоштурат?

9 Эскерүү кечесин негиздеп жатып Ыйса: «Бул нан Менин Денем»,— деген (Марк 14:22). Ал жакында сабалып, канжалай турган денеси жөнүндө айткан. Ачыткысыз нан ошол дененин ылайыктуу символу болгон. Эмнеге? Себеби Ыйык Китепте ачыткы күнөөнү же бузуктукту билдирет (Матай 16:4, 11, 12; 1 Корунттуктарга 5:6—8). Ыйса жеткилең болгондуктан, анын адамдык денесинде күнөө болгон эмес. Ал өзүнүн жеткилең денесин куткаруу курмандыгы катары бермек (Эврейлерге 7:26; 1 Жакан 2:2). Бул болсо анын бардык ишенимдүү жолдоочуларына, асманда же жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөн шакирттерине, зор пайда алып келмек (Жакан 6:51).

10. Эскерүүдө шараптан ооз тийгендер кандайча «Машайактын канына үлүштөш» болушат?

10 Пабыл майлангандардын Эскерүүдө шараптан ооз тиери тууралуу: «Теңирге ыраазычылык билдирүү менен ыраазычылык чөйчөгүнөн ичкенде, биз Машайактын канына үлүштөш болуп жаткан жокпузбу?» — деп жазган (1 Корунттуктарга 10:16). Шараптан ооз тийгендер кандайча «Машайактын канына үлүштөш» болушат? Алар, албетте, куткаруу курмандыгын тартуулоого катышпайт, анткени куткарылууга өздөрү муктаж. Машайактын канынын куткаруучу күчүнө болгон ишениминин негизинде майлангандардын күнөөлөрү кечирилип, адил деп жарыяланышат жана асманда жашоого татыктуу болушат (Римдиктерге 5:8, 9; Титке 3:4—7). Ыйсанын 144 000 мурасташы анын төгүлгөн каны аркылуу «ыйыкталат», дүйнөдөн бөлүнөт жана «ыйыктар» катары күнөөлөрүнөн тазаланат (Эврейлерге 10:29; Даниел 7:18, 27; Эфестиктерге 2:19). Ооба, Машайак өзүнүн төгүлгөн каны менен «ар бир уруудан, ар бир тилден, ар бир элден жана ар бир улуттан [адамдарды] Кудайга сатып берген». Алар асманда «падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар» катары жер үстүнөн падышачылык кылышат (Аян 5:9, 10).

11. Эскерүү кечесинде шараптан ичүү менен майлангандар эмнени көрсөтүшөт?

11 Өзүнүн өлүмүн Эскерүү кечесин негиздөөдө Ыйса шарап куюлган чөйчөктү ишенимдүү элчилерине узатып жатып: «Баарыңар мындан ичкиле. Анткени бул — көптөрдүн күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным»,— деген (Матай 26:27, 28). Букачарлардын жана текелердин каны Кудай менен ысрайыл элинин ортосунда түзүлгөн Мыйзам келишимин күчүндө сактап тургандай эле, Ыйсанын каны б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан тартып Жахабанын рухий Ысрайыл менен түзгөн жаңы келишимин күчүнө киргизген (Чыгуу 24:5—8; Лука 22:20; Эврейлерге 9:14, 15). «Жаңы келишимди беките турган канды» символдоштурган шараптан ичүү менен майлангандар өздөрүнүн жаңы келишимге кабыл алынганын жана андан пайда алып жатышканын көрсөтүшөт.

12. Майлангандар кандайча Машайактын өлүмүнө чөмүлдүрүлөт?

12 Майлангандарга дагы бир нерсе эске салынат. Ыйса ишенимдүү шакирттерине: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер, Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлөсүңөр»,— деп айткан (Марк 10:38, 39). Кийинчерээк элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочуларынын «Анын өлүмүнө чөмүлдүрүлгөнү» жөнүндө айткан (Римдиктерге 6:3). Майлангандар көптөгөн курмандыктарга барышат. Алардын өлүмү да курмандык болуп саналат, анткени алар жерде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнөн баш тартышат. Майлангандар ишенимдүүлүгүн сактап өлгөндөн кийин, Ыйса менен асманда «падышачылык кылуу» үчүн рухий жаратуулар катары тирилгенде, алардын Машайактын өлүмүнө болгон чөмүлдүрүлүүсү аяктайт (2 Тиметейге 2:10—12; Римдиктерге 6:5; 1 Корунттуктарга 15:42—44, 50).

Символдордон ооз тийүү

13. Жерде жашоого үмүттөнгөндөр эмне үчүн Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийбейт жана Эскерүүгө эмне себептен катышышат?

13 Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийүү жогоруда айтылгандардын баарын камтый тургандыктан, жерде жашоого үмүттөнгөндөрдүн ал символдордон даам татышы орунсуз. Алар өздөрүнүн Машайактын денесинин майланган мүчөлөрү эмес экенин жана Ыйсанын кошо башкаруучулары менен түзүлгөн жаңы келишимде турбаарын түшүнүшөт. «Чөйчөк» жаңы келишимди билдиргендиктен, символдордон жаңы келишимге кабыл алынгандар гана ооз тиет. Ал эми Падышалыктын башкаруусунун алдында жерде жеткилең адамдар катары түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр Ыйсанын өлүмүнө чөмүлдүрүлгөн эмес, ошондой эле аны менен асманда бийлик жүргүзүүгө чакырылган эмес. Эгер бул топко кирген адамдар символдордон ооз тийсе, бул алардын өздөрүнө тиешеси жок нерсени кылууга батынганын көрсөтмөк. Ошондуктан алар Эскерүү кечесинде символдордон даам татпай, сый көргөзгөн байкоочулар катары катышышат. Алар Жахабанын өзүнүн Уулу аркылуу кылган бардык жакшылыктарына, анын ичинде Ыйсанын төгүлгөн канынын негизинде күнөөлөрүнүн кечирилгенине ыраазычылык билдиришет.

14. Майлангандар символдордон ооз тийүү менен кандайча рухий жактан бекемделип турушат?

14 Ыйса менен асманда бийлик жүргүзүүгө чакырылган салыштырмалуу аз сандагы шакирттердин мөөрлөнүп бүтүшүнө аз калды. Майлангандар жердеги жашоосунун акырына чейин символдордон ооз тийүү менен рухий жактан бекемделип турушат. Алар Ыйсанын денесинин мүчөлөрү болгон башка майланган Күбөлөр менен биримдикте экенин сезишет. Нан менен шараптан ооз тийүү алардын эсине акырына чейин ишенимдүү бойдон калуу зарыл экенин салат (2 Петир 1:10, 11).

«Жердегилердин» чогултулушу

15. Ыйсанын майланган жолдоочуларынын тарабына кимдер чогултулууда?

15 «Кичине оторго» кирбеген жана жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн «башка койлордун» саны 1930-жылдардын ортосунан бери улам өсүп, майлангандардын тарабына чогула баштаган (Жакан 10:16; Лука 12:32, «ЖД»; Захария 8:23). Алар «асман Падышачылыгы жөнүндөгү» жакшы кабарды бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратып, Ыйсанын биртуугандарына берилгендик менен колдоо көрсөтүп келишет (Матай 24:14; 25:40). Ошондуктан Ыйса ал шакирттерин да өзүнүн «койлору» деп эсептейт жана элдерди соттогону келгенде аларды «Өзүнүн оң жагына» коёт (Матай 25:33—36, 46). Машайактын канына ишенүү аркылуу бул «эбегейсиз көп адамдар» «улуу кайгыдан» аман өтүшөт (Аян 7:9—14).

16. «Жердегилерге» кимдер кошулат жана кандайча алар «Кудайдын балдары» боло алышат?

16 Ошол 144 000дин калдыгы мөөрлөнүп бүткөндө, Шайтандын жердеги каардуу түзүлүшүнө кыйратуучу «шамалдар» коё берилет (Аян 7:1—4). Машайактын жана аны менен бийлик кыла турган падыша-ыйык кызмат кылуучулардын Миң жылдык башкаруусунун тушунда эбегейсиз көп адамдарга түмөндөгөн тирилгендер кошулат (Аян 20:12, 13). Алар Мессиялык Падышанын, Ыйса Машайактын, жердеги букара эли болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Миң жылдык башкаруунун аягында «жердегинин бардыгы» акыркы сыноодон өтөт. Ишенимдүү бойдон калгандарды Кудай жердеги балдары катары асырап алат (Эфестиктерге 1:10; Римдиктерге 8:21; Аян 20:7, 8).

17. Жахабанын ой-ниети кантип аткарылат?

17 Ошентип, Жахаба өзүнүн чексиз акылдуу «иш алпаруусунун» аркасында «асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирүүгө» байланышкан ой-ниетин ишке ашырат. Асмандагы жана жердеги аң-сезимдүү жаратуулардын баары биригип, улуу ой-ниеттердин Кудайы болгон Жахабанын адилеттүү башкаруусуна кубаныч менен баш ийишет жана бүт ааламда тынчтык өкүм сүрөт.

18. Эскерүү кечеси майлангандарга да, алардын шериктерине да кандай пайда алып келет?

18 Аз сандагы майлангандар менен алардын миллиондогон шериктери, башка койлор, үчүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги жолугушуу кандай гана кубаттандырарлык болот! Ыйсанын: «Муну Мени эске түшүрүү үчүн кылгыла»,— деген буйругуна ылайык, алар Машайактын өлүмүн Эскерүү кечесин белгилешет (Лука 22:19, «Инжил»). Катышуучулардын баары Жахабанын аларга өзүнүн сүйүктүү Уулу Ыйса аркылуу эмнелерди жасаганын эсинен чыгарбашы керек.

Кайталоо үчүн суроолор

• Асмандагылар менен жердегилерге карата Жахабанын ой-ниети кандай?

• «Асмандагылар» деген кимдер жана алар кантип чогултулган?

• «Жердегилер» деген кимдер жана алар кандай үмүткө ээ?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги кутуча]

«Машайактын денеси»

Пабыл 1 Корунттуктарга 10:16, 17де Эскерүүдөгү нан Ыйсанын рух менен майланган биртуугандары үчүн кандай мааниге ээ экенин талкуулап жатып, «дене» деген сөздү өзгөчө мааниде айтып өткөн. Ал мындай деген: «Нан сындырып жегенде, биз Машайактын денесине үлүштөш болуп жаткан жокпузбу? Нан бирөө, бардыгыбыз биригип бир денебиз, анткени бардыгыбыз бир нандан жеп жатабыз». Ыйсанын майланган жолдоочулары Эскерүү кечесинде нандан ооз тийгенде, алар Башчысы Машайак болгон майлангандардын жыйналышы дене сыяктуу биримдикте экенин айгинелешет (Матай 23:10; 1 Корунттуктарга 12:12, 13, 18).

[13-беттеги сүрөт]

Нан менен шараптан эмне үчүн майлангандар гана ооз тиет?

[15-беттеги сүрөт]

Жахабанын «иш алпаруусунун» аркасында асмандагы менен жердегинин баары биригет.