Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жарык улам көбүрөөк тийген жолдо жүрөбүз

Жарык улам көбүрөөк тийген жолдо жүрөбүз

Жарык улам көбүрөөк тийген жолдо жүрөбүз

«Адил адамдардын жолу — жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет» (Накыл сөздөр 4:18).

1, 2. Жахабадан келген рухий жарык Анын элине кандай жардам берет?

ТАҢ СӨГҮЛӨ баштаганда, айланага кантип жарык кирерин жарыктын Булагы Жахаба Кудайдан башка дагы ким жакшыраак сүрөттөп бере алат? (Забур 35:10). «Төгөрөктүн төрт бурчу нурга бөлөнгөндө,— дейт Кудай,— чопо мөөрдүн астында өзгөрүлгөндөй, жер да өзгөрүлүп, түрдүү түстөгү кийимдей болуп калат» (Аюб 38:12—14). Жумшак чопо мөөрдүн басылышынан өзгөргөндөй, жерге жарык түшкөн сайын, айлана-тегеректин баары даана көрүнө баштайт.

2 Жахаба — рухий жарыктын да Булагы (Забур 42:3). Дүйнөнү чылк караңгылык каптап турганда, чыныгы Кудай өзүнүн элине жарыгын чачып келүүдө. Ыйык Китепте: «Адил адамдардын жолу — жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 4:18). Жахаба жарыгын улам көбүрөөк чачуу менен өз элинин жолун жарыктандырып, уюмундагы уюштуруу тартибин жакшыртууга, ыйык китептик окууларды туура түшүнүүгө жана адеп-ахлактык принциптерге так карманууга жардам берип келет.

Жарыктын тийиши менен уюштуруу тартиби жакшырат

3. Ышайа 60:17де кандай убада жазылган?

3 Ышайа пайгамбар аркылуу Жахаба «жездин ордуна алтын, темирдин ордуна күмүш, жыгачтын ордуна жез, таштын ордуна темир жеткирип турарын», башкача айтканда, анча сапаттуу эмес материалдын ордуна сапаттуусун берерин убадалаган (Ышайа 60:17). Ошондуктан акыркы күндөр башталгандан тартып Жахабанын Күбөлөрүнүн уюштуруу тартиби улам жакшырып отурган (2 Тиметейге 3:1).

4. 1919-жылы кандай чара караштырылган жана бул эмнеси менен пайдалуу болгон?

4 Акыркы күндөр башталган жылдарда Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүнүн (азыркы Жахабанын Күбөлөрүнүн) жыйналыштарында аксакалдар жана диакондор демократиялык жол менен шайланчу. Бирок кээ бир аксакалдар жакшы кабар айтууга дитин койгон эмес. Айрымдары ал ишке катышууга өздөрү көңүлдөнбөгөндөн тышкары, катышкандардын да демин суутушкан. Ошондуктан 1919-жылы ар бир жыйналышка «кызмат жетекчиси» деген жаңы жоопкерчилик киргизилген. Кызмат жетекчисин жыйналыш шайлаган эмес, аны Кудай элинин филиалы теократиялык жол менен дайындаган. Жаңы кызматчынын жоопкерчиликтерине кабар айтуу ишин уюштуруу, аймактарды бөлүштүрүү жана жарчыларды кызматка катышууга үндөө кирген. Ошентип, андан кийинки жылдары Падышалык тууралуу кабар айтуу иши ого бетер алга жылган.

5. 1920-жылдары кандай өзгөрүүлөр болгон?

5 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүнүн 1922-жылы Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) өткөн жыйынында «Падышаны жана анын падышалыгын жарыялагыла, жарыялагыла, жарыялагыла» деген чакырык айтылганда, бул көптөрдү кабар айтууга шыктандырган. 1927-жылы болсо үйдөн үйгө кабар таратууга жекшемби күн тандалып алынган. Эмне себептен? Анткени жекшемби күнү адамдардын көбү үйүндө болот. Бүгүн да Жахабанын Күбөлөрү адамдарга алар үйүндө болгондо, мисалы, демалыш күндөрү же кечке маал барууга аракеттенишет.

6. 1931-жылы кандай резолюция кабыл алынган жана Падышалыктын ишине бул кандай таасир тийгизген?

6 Жекшемби күнү, 1931-жылдын 26-июлунда, Колумбуста (Огайо штаты, АКШ), андан кийин дүйнө жүзүндө өткөн жыйындарда резолюция кабыл алынган. Бул Падышалыктын ишинин алга жылышына зор өбөлгө түзгөн. Резолюцияда мындай сөздөр камтылган: «Биз, Жахаба Кудайдын кызматчылары, анын ысмынын урматына иш аткарууга, анын буйругу боюнча Ыйса Машайак жөнүндө күбөлөндүрүүгө жана Жахабанын чыныгы Кудуреттүү Кудай экенин адамдарга жарыялоого дайындалганбыз. Ошондуктан биз Кудай-Теңирдин өз оозунан чыккан атты кубаныч менен кабыл алабыз жана ушул ат менен, башкача айтканда, Жахабанын күбөлөрү деп таанылууну жана аталууну каалайбыз» (Ышайа 43:10). Бул жаңы ат Жахабанын элинин негизги иши кайсы экенин айкын көрсөткөн. Көптөр бул өзгөрүүнү чоң кубаныч менен кабыл алышкан.

7. 1932-жылы кандай өзгөрүү болгон жана эмне себептен?

7 Аксакалдардын көбү кабар айтуу ишине момундук менен жигердүү катышып келишкен. Бирок кээ бир жерлерде шайланган аксакалдар ар бир жарчы кабар айтышы керектигине каршы болушкан. Ошондон улам 1932-жылы «Күзөт мунарасы» журналы аркылуу жыйналыштарга аксакалдар менен диакондорду шайлоону токтотуу жөнүндө көрсөтмө берилген. Эми кабар айтуу ишине катышкан, рухий жактан жетилген эркектерден туруучу кызмат комитети шайлана турган болгон. Ошентип, көзөмөлдөө иши кызматка активдүү катышкан биртуугандарга тапшырылган. Бул болсо Падышалыктын ишинин өркүндөшүн шарттаган.

Андан аркы өзгөрүүлөр

8. 1938-жылы жыйналыштарга кандай жаңы тартип киргизилген?

8 Жарык «уламдан-улам жаркырай берген». 1938-жылы жыйналыштарда шайлоо ыкмасы толугу менен жоюлуп, жоопкерчиликтүү биртуугандардын баары «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» көзөмөлү астында теократиялык жол менен дайындала баштаган (Матай 24:45—47). Бул өзгөрүүнү Жахабанын Күбөлөрүнүн дээрлик бардык жыйналыштары чын көңүлдөн кабыл алган жана күбөлөндүрүү иши жемиштүү улантыла берген.

9. 1972-жылы кандай өзгөрүү киргизилген жана ал эмнеси менен натыйжалуу болгон?

9 Жыйналышта көзөмөлдүк кылууга байланыштуу 1972-жылы 1-октябрда дагы бир өзгөрүү болгон. Көзөмөлдөө ишин мурун жыйналыш кызматчысы (көзөмөлчүсү) өзү жалгыз аткарса, эми аксакалдар кеңеши аткара баштаган. Бул чара рухий жактан жетилген эркек биртуугандарга жыйналышта жетекчиликти колго алуу үчүн талаптарга жооп берүүгө умтулууга зор түрткү берген (1 Тиметейге 3:1—7). Натыйжада көп сандаган биртуугандар жыйналыштагы жоопкерчиликтерди аткарууга үйрөнүшкөн. Чындыкка жаңы келгендердин рухий жактан өсүшүнө алар кандай гана чоң салым кошушкан!

10. 1976-жылы кандай өзгөрүү болгон?

10 Кийинчерээк алты комитет түзүлүп, алардын курамына Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү кирген, ал эми 1976-жылдын 1-январынан тартып уюмдун жана жер жүзүндөгү жыйналыштардын бардык иш-аракеттери ошол комитеттердин көзөмөлүнө өткөн. Падышалыктын иштерин аткарууда «кеңешчилердин көп болгону» кандай сонун! (Накыл сөздөр 15:22; 24:6).

11. 1992-жылы кандай жаңы тартип киргизилген жана эмне үчүн?

11 Ал эми 1992-жылы киргизилген жаңы тартипти ысрайылдыктар жана башкалар Бабыл туткунунан кайтып келгенден кийин болгон окуяга салыштырууга болот. Ошол убакта ийбадатканада кызмат кылууга лебилер жетишсиздик кылгандыктан, ысрайылдык эмес нетиниликтер лебилерге жардам берүүгө дайындалып, көбүрөөк жумуш аткара башташкан. Ошо сыяктуу эле, ишенимдүү жана акылдуу кулдун жердеги жоопкерчиликтери улам көбөйүп отургандыктан, 1992-жылы «башка койлордун» ичинен кээ бирөөлөр Жетектөөчү Кеңештин комитеттерине жардам берүүгө дайындалган (Жакан 10:16).

12. Кандайча Жахаба башкаруучубуз кылып тынчтыкты койгон?

12 Мунун баары эмнеге алып келди? «Сенин башкаруучуңдун ордуна тынчтыкты, күзөтчүңдүн ордуна чындыкты коём»,— дейт Жахаба (Ышайа 60:17). Бүгүн Жахабанын кызматчыларынын арасында тынчтык өкүм сүрөт жана алардын «күзөтчүсү», башкача айтканда, Кудайга кызмат кылууга түрткү берген күч чындыкка карата сүйүү өрчүтүүгө жардам берет. Алар Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин аткарууга жакшы уюшулган (Матай 24:14; 28:19, 20).

Жахаба ыйык китептик окууларга жарык чачат

13. Жахаба ыйык китептик окууларга 1920-жылдары кантип жарык чачкан?

13 Жахаба ыйык китептик окууларга да жарык чачып, өз элинин жолун улам көбүрөөк жарыктандырып келет. Буга Аян 12:1—9-аяттар мисал боло алат. Бул билдирүүдө каймана маанидеги үч каарман: жаңы төрөгөн «аял», «ажыдаар» жана «эркек бала» жөнүндө сөз жүрөт. Алардын ар бири кимди же эмнени символдоштурарын билесиңерби? Бул тууралуу 1925-жылдын 1-мартындагы «Күзөт мунарасында» (англ.) «Элдин төрөлүшү» деген макалада талкууланган. Андан Кудайдын эли Падышалыктын төрөлүшүнө байланышкан пайгамбарлыктар, ошондой эле Жахабанын жана Шайтандын уюмдары жөнүндө кеңири түшүнүк алган. 1927—1928-жылдары Кудайдын кызматчылары Рождествону жана туулган күндү белгилөө Ыйык Жазмага дал келбээрин түшүнүп, ошондон кийин белгилебей калышкан.

14. 1930-жылдары кайсы ыйык китептик окууларга жарык тийген?

14 Кийин, 1930-жылдары, дагы үч ыйык китептик окууга жарык тийген. Көп жылдар бою Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрү Аян 7:9—17-аяттарда кеп кылынган «эбегейсиз көп адамдардын» Машайак менен бийлик жүргүзө турган 144 000 падыша-ыйык кызмат кылуучулардан башкалар экенин билишчү (Аян 5:9, 10; 14:1—5). Бирок эбегейсиз көп адамдардын ким экени белгисиз болуп келген. Таң сүргөндө айлана-тегеректеги нерселер даанараак көрүнө баштагандай, 1935-жылы эбегейсиз көп адамдар «улуу кайгыдан» аман өтө тургандар жана жерде түбөлүк жашоого үмүтү барлар экени айкын болгон. Ошол эле жылы мектеп жашындагы Күбөлөргө байланыштуу маселе айкындалган. Дүйнө жүзүндө патриоттук маанай күч алып турганда, Күбөлөр желекке таазим этүү жөн эле формалдуулук эмес экенин түшүнүшкөн. Кийинки жылы Ыйсанын айкаш жыгачта эмес, мамыда өлгөнү түшүндүрүлгөн (Элчилер 10:39, «ЖД»).

15. Кандын ыйыктыгы жөнүндөгү маселе качан жана кантип пайда болгон?

15 Жарадар аскерлерди кан куюу менен дарылоо кадыресе көрүнүшкө айланган Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, кандын ыйыктыгы жөнүндө маселе көтөрүлгөн. 1945-жылдын 1-июлундагы «Күзөт мунарасында» (англ.) «Жахабанын адилеттүү жаңы дүйнөсүндө түбөлүк жашоого умтулган бардык кызматчылар канды ыйык көрүүгө жана бул өтө маанилүү маселеде Кудайдын адил чечимдерине ылайык жашоого» чакырылган.

16. «Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосу» качан жарык көргөн жана ал кайсы эки өзгөчөлүгү менен айырмаланат?

16 Ал эми 1946-жылы Ыйык Китептин жаңы котормосу — акыркы изилдөөлөргө негизделген жана христиан чиркөөлөрүнүн догмаларын камтыбаган котормо — керек экени айкын болгон. Которуу иши 1947-жылы декабрда башталган. 1950-жылы англис тилинде «Грек Жазмаларынын Жаңы Дүйнө котормосу» чыккан. 1953-жылдан тартып англис тилинде Эврей Жазмалары том-том болуп чыга баштаган. Акыркы бешинчи тому 1960-жылы, которуу иши башталгандан 12 жылдан бир аз көбүрөөк убакыт өткөндөн кийин жарык көргөн. «Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен 1961-жылы бир том болуп басылып чыккан. Көп тилдерде чыккан бул котормонун бир нече өзгөчөлүгү бар. Анда Кудайдын ысмы калыбына келтирилген. Мындан тышкары, түпнуска тексттин түзмө-түз которулуп берилиши Кудайдын чындыгын андан ары да тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзгөн.

17. 1962-жылы эмне айкын болгон?

17 Римдиктерге 13:1деги «жогорку бийликтегилер» кимдер экени жана Ыйсанын жолдоочулары аларга канчалык деңгээлде баш ийиши керектиги 1962-жылы түшүндүрүлгөн. Римдиктерге 13-бөлүмдү, ошондой эле Титке 3:1, 2 жана 1 Петир 2:13, 17 сыяктуу аяттарды кылдат изилдөөнүн аркасында «жогорку бийликтегилер» деген сөз айкашы Жахаба Кудай менен Ыйса Машайакты эмес, мамлекеттик бийликтегилерди билдирери айкын болгон.

18. 1980-жылдары кайсы чындыктар түшүндүрүлгөн?

18 Адил адамдардын жолу андан кийинки жылдары дагы көбүрөөк жарык боло берген. 1985-жылы «өмүргө ээ болуу үчүн» жана Кудайдын досу болуу үчүн адил деп жарыялануу эмнени билдирери түшүндүрүлгөн (Римдиктерге 5:18; Жакып 2:23). Ал эми 1987-жылы Ыйсанын жолдоочуларынын юбилейи жөнүндө кеңири түшүнүк берилген.

19. Кандайча акыркы жылдары Жахаба өзүнүн элине рухий жарыгын көбүрөөк чачкан?

19 Кийин, 1995-жылы, «койлордун» «эчкилерден» бөлүнүшүнө карата тактоолор берилген. 1998-жылы азыр аткарылып жаткан Жезекиелдин ийбадаткана жөнүндөгү аяны кеңири түшүндүрүлгөн. 1999-жылы «жийиркеничтин» ыйык жайда качан жана кантип турары айкындалган (Матай 24:15, 16; 25:32). Ал эми 2002-жылы Кудайга «рухта жана чындыкта сыйынуу» эмнени билдирери такталган (Жакан 4:24, «ЖД»).

20. Кудайдын эли дагы кандай өзгөрүүлөргө күбө болгон?

20 Жахаба жердеги уюмунун уюштуруу тартибине жана ыйык китептик окууларга эле эмес, адеп-ахлактык принциптерге да жарыгын чачкан. Мисалы, 1973-жылы тамеки чегүү «денебизди... булгаган ар кандай ыпыластыкка» кирери жана олуттуу күнөөгө жатары түшүнүктүү болгон (2 Корунттуктарга 7:1). Он жыл өткөн соң 1983-жылдын 15-июлундагы «Күзөт мунарасында» (орусчасы 1984-жылдын 1-февралындагы санында) ок атуучу куралдарды колдонууга кандай карашыбыз керектиги айкын көрсөтүлгөн. Бул маселелердин баарына уламдан-улам жарык тие берген.

Жарык улам көбүрөөк тийген жолдо мындан ары да жүрөлү

21. Бизге жарык улам көбүрөөк тийген жолдо жүрүүгө кандай маанай жардам берет?

21 «Өзгөрүү болгондо, аны кабыл алуу жана ага ылайыкташуу оңой эмес»,— дейт бир тажрыйбалуу аксакал. 48 жылдан бери Падышалыктын жарчысы болгон бул биртууганга көптөгөн өзгөрүүлөрдү кабыл алууга эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Эң негизгиси — туура маанайда болуу. Өзгөрүүнү колдобогондук бул алга илгерилеген уюмдан артта калууну билдирет. Кайсы бир өзгөрүүгө макул болуу кыйынга турганда, мен Петирдин: „Биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде“,— деп Ыйсага айткан сөздөрүнүн үстүнөн ой жүгүртөм. Анан өзүмдөн: „Мен кайда бармакмын? Караңгылык каптаган дүйнөгөбү?“ — деп сурайм. Бул мага Кудайдын уюмуна бекем карманууга жардам берет» (Жакан 6:68).

22. Жарыкта жүрүүнүн бизге кандай пайдасы бар?

22 Бизди курчаган дүйнөнү чылк караңгылык каптап турат. Жахаба өзүнүн элине жарыгын чачкан сайын, алар менен дүйнөдөгүлөрдүн ортосундагы айырма улам айкыныраак болууда. Рухий жарыктын бизге дагы кандай пайдасы бар? Албетте, караңгыда фонардын жарыгы жолдогу чуңкурларды түздөп салбагандай эле, Кудай Сөзүнүн жарыгы өмүр жолубуздагы кыйынчылыктарды жоюп жибербейт. Анткен менен Кудайдын жарыгы бизге ал кыйынчылыктардан качууга жана жарык улам көбүрөөк түшкөн жолдо жүрүүгө жардам берет. Ошондуктан, келгиле, мындан ары да Жахабанын «караңгыда жарык чачкан чырактай болгон» пайгамбарлык сөзүнө кайрыла берели (2 Петир 1:19).

Эсиңердеби?

• Жахаба өз элинин уюштуруу тартибине кандай өзгөртүүлөрдү киргизген?

• Кайсы ыйык китептик окууларга жарык тийген?

• Силер кайсы өзгөрүүлөргө күбө болдуңар жана аларды кабыл алууга эмне жардам берген?

• Жарык улам көбүрөөк түшкөн жолдо жүрүүгө силерге эмне түрткү берет?

[Изилдөө суроолору]

© 2003 BiblePlaces.com

[19-беттеги сүрөт]

1922-жылы Сидар-Пойнтто өткөрүлгөн жыйын Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүнө Кудайдын ишин ынталуу аткарууга түрткү берген.

[21-беттеги сүрөт]

Нейтан Норр «Грек Жазмаларынын Жаңы Дүйнө котормосу» жарык көргөнүн кулактандырууда, 1950-жыл.