Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын өзүнүн ой-ниетин аткаруудагы «иш алпаруусу»

Кудайдын өзүнүн ой-ниетин аткаруудагы «иш алпаруусу»

Кудайдын өзүнүн ой-ниетин аткаруудагы «иш алпаруусу»

«[Кудай] бардыгын Өз каалоосунун чечими боюнча [жасайт]» (Эфестиктерге 1:11).

1. Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык жыйналыштары 2006-жылдын 12-апрелинде эмне себептен чогулат?

БЫЙЫЛ 12-апрелде, шаршемби күнү кечинде 16 миллиондой адам Эскерүү кечесин белгилөөгө чогулат. Падышалык залдарында үстөлдөргө ачытылбаган нан менен кызыл шарап коюлат. Алар Ыйсанын денесин жана төгүлгөн канын символдоштурат. Баяндамачы Ыйсанын өлүмүн эскерүү эмне үчүн зарыл экенин түшүндүргөн соң, катышып отургандар адегенде нанды, анан шарапты колдон колго өткөрүшөт. Ал символдордон ооз тие тургандар Жахабанын Күбөлөрүнүн саналуу эле жыйналыштарында бар. Эмне үчүн Ыйсанын асманда жашоого үмүттөнгөн жолдоочулары гана символдордон ооз тиет да, жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн басымдуу көпчүлүгү ооз тийбейт?

2, 3. а) Жахабанын эркине ылайык, анын жаратуу иши кандай тартип менен жүргөн? б) Жахаба жер менен адамзатты кандай максат менен жараткан?

2 Жахаба — ой-ниеттердин Кудайы. Ой-ниеттерин аткарууда ал «бардыгын Өз каалоосунун чечими боюнча» жасайт (Эфестиктерге 1:11). Эң башында Кудай тун Уулун жараткан (Жакан 1:1, 14; Аян 3:14). Кийин Уулу экөө рухий уулдардан турган үйбүлөнү, анан ай-ааламды, жерди жана адам баласын жараткан (Аюб 38:4, 7; Забур 102:19—21; Жакан 1:2, 3; Колосалыктарга 1:15, 16).

3 Көптөгөн христиан диндери окуткандай, Жахаба жерди анын үстүндө адамдарды сынактан өткөрүп, татыктууларын асманга алып кетүү үчүн жараткан эмес. Кудай аны белгилүү бир максат менен, тактап айтканда, «жашоо үчүн жараткан» (Ышайа 45:18). Ал жерди адам үчүн, адамды жер үчүн жараткан (Забур 113:24). Биздин планета бүтүндөй бейишке айланган соң, аны иштетип, ага кам көрө турган адил адамдарга толушу керек эле. Асманга кетүү мүмкүнчүлүгү эң биринчи эркек-аялга эч качан сунуш кылынган эмес (Башталыш 1:26—28; 2:7, 8, 15).

Жахабанын ой-ниетине шек келтирилген

4. Адамзат тарыхынын башталышында Жахабанын башкаруусунун адилеттүүлүгүнө кантип шек келтирилген?

4 Асмандагы рухий уулдардын бири козголоң чыгарып, Кудай берген белекти — эрк боштондугун — кыянат пайдаланып, Анын ой-ниетинин аткарылышына тоскоолдук кыла баштаган. Ал Жахабанын башкаруусуна жан-дилден баш ийгендердин ортосундагы тынчтыкты бузган. Шайтан эң биринчи эркек менен аялды Кудайдан көзкарандысыз болууга азгырган (Башталыш 3:1—6). Ал Жахабанын күчүнө эмес, анын башкаруусунун адилеттүүлүгүнө, бийлик жүргүзүү укугуна шек келтирген. Ошентип, жерде адамзат тарыхынын башталышында Жахабанын эгедерлигине байланыштуу өтө маанилүү маселе көтөрүлгөн.

5. Дагы кандай маселе көтөрүлгөн жана ал кимдерге тиешелүү болгон?

5 Аюбдун күндөрүндө дагы бир маселе көтөрүлгөн. Шайтан Жахабанын жаратуулары Кудайга өздөрүнүн пайдасын көздөгөндүктөн баш иерин жана кызмат кыларын, а эгер сыноого дуушар болушса, Андан баш тартып кетишерин кыйыта айтып, алардын ниетине шек келтирген (Аюб 1:7—11; 2:4, 5). Бул маселе Жахабанын жердеги бир кызматчысына байланыштуу көтөрүлгөнү менен, ал Кудайдын рухий уулдарына, атүгүл жалгыз өзү жараткан Уулуна да тиешелүү болгон.

6. Кандайча Жахаба өзүнүн ой-ниетинен жазбай, ысмынын маанисине ылайык иш кылат?

6 Жахаба ой-ниетинен жазбай, дайыма ысмынын маанисине ылайык иш кылгандыктан, өзүн Пайгамбар жана Куткаруучу болтурган *. Ал Шайтанга: «Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың»,— деген (Башталыш 3:15). Демек, Кудай «аялдын» — асмандагы уюмунун — Тукуму аркылуу Шайтандын шек келтирүүсүнө жооп кайтарып, Адам атанын урпактарына куткарылууга үмүт жана түбөлүк өмүр бермек (Римдиктерге 5:21; Галатиялыктарга 4:26, 31).

«Өз каалоосунун жашыруун сыры»

7. Жахаба элчи Пабыл аркылуу кайсы ой-ниетин ачып берген?

7 Элчи Пабыл Ыйсанын Эфестеги жолдоочуларына жазган катында Жахабанын өзүнүн ой-ниетин аткаруу үчүн кандайча иш алпарарын сонун түшүндүргөн. Ал: «Кудай бизге Машайак аркылуу алдын ала белгилеп койгон Өзүнүн жакшы тилеги боюнча Өз каалоосунун жашыруун сырын ачып берди. Ал өз убагы келгенде [«белгиленген мезгилдердин соңунда иш алпарып», «ЖД»], асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирет»,— деп жазган (Эфестиктерге 1:9, 10). Жахабанын даңктуу ой-ниети боюнча, жакында бүт ааламда биримдик өкүм сүрүп, анда Кудайдын эгедерлигине жан-дилден баш ийгендер жашайт (Аян 4:11). Ошентип, Анын ысмы ыйыкталат, Шайтандын калпычы экени далилденет жана Кудайдын эрки «асмандагыдай эле, жерде да» аткарылат (Матай 6:10).

8. «Иш алпаруу» деп которулган сөздүн мааниси кандай?

8 Жахабанын «жакшы тилеги», атап айтканда, ой-ниети өзүнүн «иш алпаруусу» менен аткарылат. Пабыл колдонгон «иш алпаруу» деген сөз түзмө-түз «үй чарбасын жүргүзүү» деген маанини берет. Ал сөз кайсы бир өкмөткө, мисалы, Мессиялык Падышалыкка тиешелүү эмес; ал иш жүргүзүүнүн, башкаруунун жолун билдирет *. Жахабанын өзүнүн ой-ниетин аткаруу үчүн иш алпаруусу кылымдар аралыгында бара-бара ачылып берилген «жашыруун сырына» байланыштуу (Эфестиктерге 1:10; 3:9).

9. Жахаба өзүнүн эрки жөнүндөгү жашыруун сырды кантип акырындык менен ачып берген?

9 Кызматчылары менен бир нече келишим түзүп, Жахаба Эйденде убадаланган Тукум жөнүндөгү ой-ниети кантип аткарыларын акырындык менен ачып берген. Ыбрайым менен түзүлгөн келишим Тукумдун Ыбрайымдын урпактарынан келерин жана ал аркылуу «бүт жер жүзүнүн элдери бата алышарын» көрсөткөн. Ошондой эле ал келишимде башкалардын Тукумдун негизги бөлүгү менен байланышта болору кыйыр айтылып өткөн (Башталыш 22:17, 18). Ысрайыл эли менен түзүлгөн Мыйзам келишими аркылуу Жахаба «ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгын» орнотуу жөнүндөгү ой-ниетин ачып берген (Чыгуу 19:5, 6). Ал эми Дөөт менен түзүлгөн келишим Тукумдун түбөлүктүү Падыша болорун көрсөткөн (2 Шемуел 7:12, 13; Забур 88:4, 5). Мыйзам келишими аркылуу жүйүттөр Машайак менен таанышканда, Жахаба ой-ниетин дагы кененирээк ачып берген (Галатиялыктарга 3:19, 24). Тукумдун негизги бөлүгү менен байланышта боло тургандар алдын ала айтылган «ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгын» түзүп, жаңы «Ысрайыл», рухий эл, катары «жаңы келишимге» киришмек (Жеремия 31:31—34; Эврейлерге 8:7—9) *.

10, 11. а) Жахаба убадаланган Тукумдун жерге келерин кантип ачып берген? б) Кудайдын жалгыз өзү жараткан Уулу жерге эмне үчүн келген?

10 Кудайдын ой-ниетине, «иш алпаруусуна» ылайык, убадаланган Тукумдун жерге келер убактысы жакындап калганда, Жахаба Жебирейил периштесин жөнөтүп, Мариямга уулдуу болорун жана анын атын Ыйса коюу керектигин айттырган. Периште мындай деген: «Ал улуу болот жана Бардыгынан Жогору Тургандын Уулу деп аталат. Кудай-Теңир Ага атасы Дөөттүн тагын берет. Ал Жакыптын тукумуна түбөлүккө падышачылык кылат, Анын падышачылыгынын чеги болбойт» (Лука 1:32, 33). Ошентип, убадаланган Тукумдун ким экендиги айкын болгон (Галатиялыктарга 3:16; 4:4).

11 Жахабанын жалгыз өзү жараткан Уулу жерге акырына чейин сыналуу үчүн келген. Ал өзүнүн өмүр жолу менен Шайтандын шек келтирүүсүнө толук жооп кайтармак. Ыйса Атасына ишенимдүү бойдон калабы? Бул да жашыруун сырга байланыштуу болгон. Кийинчерээк элчи Пабыл Ыйсанын ролун мындайча түшүндүргөн: «Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай [«Машайак», «БМК»] адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү» (1 Тиметейге 3:16). Ыйса өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү болуп, Шайтандын шек келтирүүсүнө төгүндөлгүс жооп кайтарган. Бирок жашыруун сырдын башка дагы өзгөчөлүктөрү ачылып берилиши керек болчу.

«Асман Падышачылыгынын жашыруун сыры»

12, 13. а) «Асман Падышачылыгынын жашыруун сырынын» бир бөлүгү кайсы? б) Жахабанын асманга бара турган адамдарды тандап алышы үчүн, эмне зарыл болгон?

12 Галилеядагы кабар айтуу сапарларынын биринде Ыйса жашыруун сырдын Мессиялык Падышалык менен тыгыз байланышы бар экенин көрсөткөн. Ал өз шакирттерине: «Силерге Асман Падышачылыгынын сырларын [«жашыруун сырын», Марк 4:11] таанып билүү мүмкүнчүлүгү берилди»,— деп айткан (Матай 13:11). Ошол сырдын бир бөлүгү Жахабанын 144000 адамдан турган «кичине оторду» тандап алышы болгон. Алар тукумдун бир бөлүгү катары Кудайдын Уулу менен жакын мамиледе болуп, асманда аны менен бийлик жүргүзүшмөк (Лука 12:32, «ЖД»; Аян 14:1, 4).

13 Адам баласы жерде жашоого жаратылгандыктан, Жахаба кээ бир адамдардын асманга барышын караштырган (2 Корунттуктарга 5:17). Асманда жашоо үмүтүнө ээ болгон ошол адамдардын бири элчи Петир мындай деп жазган: «Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы даңкталсын! Анткени Ал Ыйса Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү аркылуу бизге тирүү үмүт берүү үчүн, асманда сакталган чирибес, таза, соолгус мураска ээ кылуу үчүн, бизди Өзүнүн улуу ырайымы менен кайрадан төрөлттү» (1 Петир 1:3, 4).

14. а) «Асман Падышачылыгынын жашыруун сырына» жүйүт эместердин кандай катышы болгон? б) Биз «Кудайдын жашыруун сырларын» эмне үчүн түшүнө алабыз?

14 Болочок Падышалыкка тиешелүү жашыруун сырдын дагы бир бөлүгү Кудайдын жүйүт эместерге байланыштуу эрки болгон. Жахаба аларды Ыйса менен асманда бийлик жүргүзүүгө чакырыла турган аз сандагы адамдардын катарына киргизүүнү чечкен. Пабыл Жахабанын өзүнүн ой-ниетин аткаруудагы «иш алпаруусунун» бул өзгөчөлүгүн мындайча түшүндүргөн: «Азыркы күндө Анын ыйык элчилерине жана пайгамбарларына Рух аркылуу белгилүү болгон бул сыр мурунку муундун адамдарына белгилүү болгон эмес. Ал сыр мындай: бутпарастар да мураскорлор жана ошол эле дененин мүчөлөрү болушат, ошондой эле Жакшы Кабардын негизинде Машайак Ыйса аркылуу Анын убадасы аларга да тиешелүү» (Эфестиктерге 3:5, 6). Жашыруун сырдын бул бөлүгү жөнүндөгү түшүнүк «ыйык элчилерге» ачылып берилген. Бүгүн да, ыйык рухтун жардамы болбосо, биз «Кудайдын жашыруун сырларын» түшүнө албайбыз (1 Корунттуктарга 2:10; 4:1; Колосалыктарга 1:26, 27).

15, 16. Эмне үчүн Жахаба Ыйсанын кошо башкаруучуларын адамдардын арасынан тандап алган?

15 Аян китебинде айтылгандай, асмандагы Сион тоосунда «Козунун» жанында турган «жүз кырк төрт миң» «жер үстүнөн сатылып алынган». «Алар — Кудайга жана Козуга [Ыйсага] арналган, адамдардын арасынан сатылып алынган тунгучтар» (Аян 14:1—4). Жахаба асмандагы уулдарынын туңгучун Эйденде убадаланган Тукумдун негизги бөлүгү болууга тандап алган, бирок эмне үчүн Машайактын кошо башкаруучуларын адамдардын арасынан тандаган? Элчи Пабыл саны чектелүү бул топ Жахабанын «жакшы тилеги», «каалоосу боюнча чакырылганын» түшүндүрөт (Римдиктерге 8:17, 28—30; Эфестиктерге 1:5, 11; 2 Тиметейге 1:9).

16 Жахабанын ой-ниети ыйык жана улуу ысмын ыйыктоого, ааламдагы эгедерлигин актоого байланышкан. Өзүнүн теңдешсиз акылмандыгы менен Кудай жерге тун Уулун өмүрүнүн акырына чейин сыналыш үчүн жөнөткөн. Андан тышкары, Уулунун Мессиялык Падышалыгына Анын эгедерлигин өлөр-өлгөнчө жактаган адамдарды киргизүүнү чечкен (Эфестиктерге 1:8—12; Аян 2:10, 11).

17. Ыйса менен анын кошо башкаруучуларынын мурун жерде адам болуп жашаганына эмне үчүн кубансак болот?

17 Жахаба өз Уулун жерге жөнөтүп жана адамзаттын ичинен Падышалыкта Ыйсанын кошо башкаруучулары боло тургандарды тандап алып, Адам атанын урпактарына улуу сүйүүсүн көрсөткөн. Кудайдын бул иш-чаралары Абылдан тартып ишенимдүүлүк көрсөтүп келген башка адамдарга эмнеси менен пайдалуу болот? Күнөө менен өлүмдүн кулдары болуп төрөлгөн жеткилеңсиз адамдар рухий жактан да, денелик жактан да айыгып, Жахабанын адамзатка байланыштуу алгачкы ой-ниетине ылайык, жеткилеңдикке ээ болушат (Римдиктерге 5:12). Жер үстүндө түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөндөрдүн Падышасы, биринчи кылымдагыдай эле, аларга да сүйүү, жумшактык, түшүнүктүүлүк менен мамиле кыларын билүү кандай кубанычтуу! (Матай 11:28, 29; Эврейлерге 2:17, 18; 4:15; 7:25, 26). Ошондой эле Ыйса менен бийлик жүргүзө турган падыша-ыйык кызмат кылуучулардын бир кездерде ишенимдүү эркек-аялдар болгону, өздөрү да биздикиндей эле алсыздыктар менен күрөшүп, биздикиндей эле кыйынчылыктарды баштарынан өткөргөнү кандай жубатарлык! (Римдиктерге 7:21—25).

Жахабанын өзгөрүлгүс ой-ниети

18, 19. Пабылдын Эфестиктерге 1:8—12-аяттардагы сөздөрүн азыр эмне үчүн жакшыраак түшүнөбүз жана эмки макалада эмне каралат?

18 Биз Пабылдын майланган ишенимдештерине Эфестиктерге 1:8—12-аяттарда жазган сөздөрүнүн маанисин азыр жакшыраак түшүнөбүз. Пабыл Жахабанын аларга «Өз каалоосунун жашыруун сырын ачып бергенин» жана «бардыгын Өз каалоосунун чечими боюнча Жасоочунун алдын ала аныктап койгону боюнча» алардын Машайак менен «мурасчылар» болорун айткан. Биз Жахабанын эң сонун «иш алпаруусу» анын ой-ниетинин аткарылышына өбөлгө түзөрүн көрдүк. Ошондой эле бул бизге Эскерүү кечесинде эмне үчүн символдордон Ыйсанын аз эле жолдоочулары ооз тиерин түшүнүүгө жардам берет.

19 Кийинки макалада Ыйсанын өлүмүн Эскерүү кечеси асманда жашоого үмүттөнгөндөр үчүн эмнени билдирерин карап чыгабыз. Андан тышкары, жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн миллиондогон адамдар Эскерүү кечесинин маанисине эмне себептен өзгөчө кызыгышы керектигин көрөбүз.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Кудайдын ысмы түзмө-түз «болтурат» дегенди билдирет. Жахаба, ой-ниетин аткаруу үчүн ким болушу керек болсо, ошол боло алат (Чыгуу 3:14; «Жахабага жакында» китебинин 1-бөлүмүнүн 8-абзацын карагыла).

^ 8-абз. Пабылдын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудайдын «иш алпаруусу» I кылымда эле башталган, ал эми Мессиялык Падышалык 1914-жылга чейин орнотулган эмес.

^ 9-абз. Кудайдын ой-ниетинин аткарылышына байланышкан бул келишимдер жөнүндө 1989-жылдын 1-июлундагы «Күзөт мунарасында» (10—15-бб., ор.) кененирээк талкууланган.

Кайталоо үчүн суроолор

• Жахаба жер менен адамзатты эмне үчүн жараткан?

• Жахабанын жалгыз өзү жараткан Уулунун жерде сыналышы эмне үчүн зарыл болгон?

• Жахаба Ыйсанын кошо башкаруучуларын эмне себептен адамдардын арасынан тандап алган?

[Изилдөө суроолору]