Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сергек болгула»

«Сергек болгула»

«Сергек болгула»

«Акылсыз адам ар бир сөзгө ишене берет, ал эми акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт» (Накыл сөздөр 14:15).

1, 2. а) Лот кабылган жагдайдын үстүнөн ой жүгүртүүдөн эмнеге үйрөнсөк болот? б) «Сергек болуу» деген сөз айкашы эмнени билдирет?

ЫБРАЙЫМ Лотко жерди биринчи болуп тандоону сунуш кылганда, ал айланага көз чаптырып, «Теңирдин багындай» болгон, жакшы сугарылган аймакты көрөт. «Лот өзүнө Иордандын бүт тегерек-четин тандап», Содом шаарынын жанына чатырларын тиккенине караганда, ал жер үйбүлө менен отурукташууга абдан эле ылайыктуу болсо керек. Бирок көрүнүшү абдан кооз болгону менен, ал жер жакшы эмес болчу, себеби кошуна жайгашкан Содомдун тургундары «Теңирдин алдында күнөөгө баткан жаман адамдар эле» (Башталыш 13:7—13). Убакыттын өтүшү менен Лот жана анын үйбүлөсү чоң кыйынчылыктарга кабылат. Акыр-аягы ал эки кызы менен үңкүрдө күн көрүүгө аргасыз болот (Башталыш 19:17, 23—26, 30). Ошентип, башында эң сонун болуп көрүнгөн тандоо аягында таптакыр тескери натыйжаларды алып келген.

2 Лот тууралуу билдирүүдө Кудайдын азыркы кызматчылары үчүн маанилүү сабак камтылат. Чечим чыгарарда анын кандай жагымсыз жагдайларга дуушар кылышы мүмкүн экенин ойлоп, алгач пайда болгон сезимдерге алданып калуудан сак болушубуз керек. Кудайдын Сөзүндөгү: «Сергек болгула»,— деген чакырык бекеринен айтылган эмес (1 Петир 1:13). «Сергек болгула» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «акылды таза сактоо» дегенди билдирет. Ыйык Китепти изилдеген окумуштуу Р. Ленскинин айтымында, акылды таза сактоо «шашпай, теңсалмактуулук менен ой жүгүртүүгө, баарын таразалап көрүүгө жана туура чечим чыгарууга өбөлгө түзөт». Келгиле анда, акылды таза сактоону талап кылган айрым жагдайларга токтолуп өтөлү.

Ишкер сунуштарды таразалоо

3. Кимдир бирөө бизге ишкер сунуш менен кайрылганда, эмне себептен сак болуу зарыл?

3 Кадыр-барктуу бирөө, балким, Жахабага сыйынган ишенимдешиң сага бир ишкер сунуш менен кайрылды дейли. Ал ийгилик болоруна бекем ишенип, мүмкүнчүлүктү коё бербөө үчүн батыраак чечим чыгарууга үндөйт. Сен ал ишти баштоо менен өзүңдүн да, үйбүлөңдүн да жакшыраак жашап каларын, атүгүл рухий иштерге да көбүрөөк убакыт бөлө аларыңды ойлоп, кыялданаттырсың. Бирок Накыл сөздөр 14:15те: «Акылсыз адам ар бир сөзгө ишене берет, ал эми акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт»,— деп эскертилет. Жаңы бир ишти баштаарда болуучу толкундануу сезиминин айынан адам анын оңунан чыкпай калуу ыктымалдыгын, коркунучтарын жана андай ишти жүргүзүүдө өзүнүн тажрыйбасыз экенин эске албай калышы мүмкүн (Жакып 4:13, 14). Андайда сергек болуу кандай гана маанилүү!

4. Ишкер сунуштун үстүнөн ой жүгүртүүдө «өз жолубузду байкоого» эмне жардам берет?

4 Акылдуу адам кайсы бир сунушту кабыл алардан мурун анын үстүнөн терең ой жүгүртөт (Накыл сөздөр 21:5). Бул көп учурда алгач байкала бербеген коркунучтарды көрүүгө жардам берет. Мисалы, мындай жагдайды элестетип көрөлү: кандайдыр бир ишти баштоону ойлогон бирөө сенден карызга акча сурап, өзүңдүн да чоң киреше табарыңды убадалайт. Анын айткандары кулакка жагымдуу угулушу мүмкүн. Бирок ал ишке катышуунун кооптуу жактары тууралуу ойлоносуңбу? Карыз алган адам аны иши ийгиликтүү жүрөр-жүрбөсүнө карабай кайрып берүүгө даярбы? Башкача айтканда, иши оңунан чыкпай калса, каражатыңан кол жууга макулсуңбу? Андан сырткары, өзүңө төмөнкүдөй суроолорду берип көрсөң болот: «Эмне үчүн бул адам карыз алуу үчүн банкка эмес, адамдарга кайрылып жатат? Же банк кызматкерлери бул ишти өтө кооптуу деп эсептейби?» Сунуштун үстүнөн шашпай ой жүгүртүү ага реалдуу кароого жардам берет (Накыл сөздөр 13:16; 22:3).

5. а) Талаа сатып алганда Жеремия кандайча акылдуулук менен иш кылган? б) Эмне үчүн ишкер келишимдердин баарын кат жүзүндө түзүү дурус?

5 Жеремия пайгамбар агасынын уулунан (ал да Жахабага сыйынчу) талаа сатып алганда күбөлөрдүн көзүнчө кат жүзүндө келишим түзгөн (Жеремия 32:9—12). Акылдуу адам ишкер келишимдердин, алардын ичинде биртуугандары жана ишенимдештери менен болгон макулдашуулардын баары расмий түрдө кат жүзүндө түзүлүшүнө кам көрөт *. Айкын-так түзүлгөн келишимдер түшүнбөстүктөрдүн алдын алып, биримдиктин бузулушуна бөгөт коёт. Арийне, Жахабанын кызматчыларынын ортосунда ишкер мамилелерге байланыштуу көйгөйлөр көп учурда келишимдердин жазуу түрүндө түзүлбөгөнүнөн улам пайда болот. Тилекке каршы, андай кыйынчылыктардын айынан адам көңүлү чөгүп, кайгыга батышы, атүгүл рухийлигинен ажырашы мүмкүн.

6. Эмне себептен ачкөздүктөн алыс болушубуз керек?

6 Ачкөздүктөн да алыс болушубуз абзел (Лука 12:15). Чоң киреше тууралуу убадаларга ишенип, адам терс натыйжаларын ойлобой туруп кооптуу ишти баштап алышы ыктымал. Мындай торго Жахабага кызмат кылууда сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгон биртуугандар да түшүп калган учурлар кездешкен. Кудайдын Сөзүндө: «Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула»,— деген эскертүү берилет (Эврейлерге 13:5). Кандайдыр бир ишкер сунуш айтылганда, Ыйсанын жолдоочусу өзүнөн: «Бул ишке киришүүнүн чынында эле зарылдыгы барбы?» — деп сурап көрүшү керек. Жахабага сыйынууну көңүлдүн борборуна коюп, жөнөкөй жашоо өткөрүү бизди ар кандай «жамандыктардан» коргойт (1 Тиметейге 6:6—10).

Үйбүлө кура элек ишенимдештерибиз туш болгон кыйынчылыктар

7. а) Үйбүлө кура элек ишенимдештерибиз кандай кыйынчылыктарга туш болушат? б) Никелик жар тандоонун Жахабага болгон берилгендик менен кандай байланышы бар?

7 Жахабанын көптөгөн кызматчылары үйбүлө курууну каалашканы менен, өздөрүнө төп келе турган жар таба элек. Айрым жерлерде айланадагылар жаштарга бул жагынан кысым көрсөтүшөт. Бирок ишенимдештердин арасында ылайыктуу жубай болуп берерлик биртуугандар көп болбошу мүмкүн (Накыл сөздөр 13:12). Ыйсанын жолдоочулары Ыйык Китептеги «Теңирге ишенген адам» менен гана баш кошууга карата берилген буйрукка баш ийүү менен Жахабага болгон берилгендигин далилдешерин түшүнүшөт (1 Корунттуктарга 7:39). Ошондуктан алар бул жагынан көрсөтүлчү кысым менен азгырыктарга каршы тура алыш үчүн сергек болууга тийиш.

8. Шуламитке кандай кысым көрсөтүлгөн жана турмушка чыга элек биртуугандарыбыз ушу сыяктуу кыйынчылыкка кандайча туш болушу мүмкүн?

8 Ырдын ыры китебинде элеттик Шуламит аттуу карапайым кызга падышанын көңүлү түшүп калгандыгы тууралуу айтылат. Сүйлөшкөн жигити бар болгонуна карабай, падыша аны байлыгы, мансабы менен таасирлентүүгө аракеттенет (Ырдын ыры 1:8—10; 3:7—10; 6:8—10; 7:1). Эгерде турмушка чыга элек болсоң, каалабасаң деле кимдир бирөө сага да көңүл бура башташы мүмкүн. Балким, иштеген жериңдеги жетекчилердин бири жагымдуу сөздөрдү айтышы, жакшылык кылышы жана сенин жаныңда болуу үчүн дайым мүмкүнчүлүк издей бериши ыктымал. Мындай көңүл буруу жагымдуу экени чын, бирок абайла. Андай адамдар дайыма эле ынак мамиле түзүүнү каалабаса да же ниеттери ар качан эле жаман боло бербесе да, көбүнчө ошондой мамиле кылат. Шуламитке окшоп, «дубалдай» бекем бол (Ырдын ыры 8:4, 10). Орунсуз тийишүүлөрдү чечкиндүү түрдө четке как. Чогуу иштешкендериңе Жахабанын Күбөсү экениңди башынан эле билдирип, мүмкүнчүлүк боло калган сайын күбөлөндүрүү берүүгө умтул. Бул сени коргойт.

9. Бейтааныш бирөө менен Интернет аркылуу мамиле түзүүнүн кандай коркунучтары бар? (31-беттеги кутучаны да карагыла.)

9 Азыркы учурда Интернетте никелик жар тандоого жардам берүү максатында түзүлгөн веб-сайттар көбөйүп, жалпынын колдоосуна алынууда. Айрымдар муну башка жол менен жолугууга мүмкүн болбогон адам менен таанышуунун жакшы ыкмасы деп эсептешет. Бирок бейтааныш бирөө менен «көз жумуп» мамиле түзүү коркунучтуу. Интернеттен чындыкты жалгандан айырмалап билүү кыйын болуп калат (Забур 25:4). Кээ бирөөлөр Жахабанын кызматчысымын деп калп айтышы мүмкүн. Андан сырткары, кыз-жигит ушундай жол менен мамиле түзгөндө, сезимдер бат өрчүп кетип, адам теңсалмактуу ой жүгүртө албай калышы ыктымал (Накыл сөздөр 28:26). Арийне, кандай жол менен болбосун, Интернет аркылуубу же башка жол мененби, жакшы тааный элек адам менен өтө жакын мамиле өрчүтүү акылдуулукка жатпайт (1 Корунттуктарга 15:33).

10. Үйбүлө кура элек ишенимдештерибизди кантип бекемдесек болот?

10 Жахаба өзүнүн кызматчыларына сезимдерин зор назиктик менен көрсөтөт (Жакып 5:11). Ал кайсы бир себептен улам үйбүлө кура албай келаткан кызматчыларынын кээде көңүлү чөгөрүн билет жана ага берилгендик көрсөтүп жатышканын абдан баалайт. Андай биртуугандарды башкалар кантип бекемдей алышат? Биз аларды тил алчаактык жана жанаябастык рухун көрсөтүп келатышканы үчүн дайым мактап турушубуз керек (Башкаруучулар 11:39, 40). Достук жолугушууларыбызга да чакырсак болот. Акыркы жолу аларга качан көңүл бурдуңар эле? Мындан сырткары, Жахабадан аларга рухий теңсалмактуулугун жоготпоого жана ага кубаныч менен кызмат кылууга жардам беришин сурасак болот. Ошондой эле чын дилден кызыгуу көрсөтүп, берилгендикте кызмат кылып жаткан андай биртуугандарыбызды Жахабага окшоп абдан баалаарыбызды билдирели (Забур 36:28).

Денсоолукка байланыштуу кыйынчылыктарды көтөрүү

11. Катуу ооруга чалдыкканда кандай көйгөйлөр пайда болот?

11 Өзүбүз же жакын адамыбыз катуу ооруганда кандай гана кыйналабыз (Ышайа 38:1—3). Дарылоонун натыйжалуу жолдорун издөөдө алардын ыйык китептик принциптерге каршы келбегенине ынануу маанилүү. Алсак, Ыйсанын жолдоочулары Ыйык Китептин канга байланыштуу буйругуна бекем карманышат жана ооруну аныктоонун же дарылоонун спиритизм менен байланышкан ыкмаларынан качышат (Элчилер 15:28, 29; Галатиялыктарга 5:19—21). Бирок медициналык билими жоктор үчүн дарылоонун ылайыктуу жолун аныктоо кыйынга турушу мүмкүн. Мындайда сергек бойдон калууга эмне жардам берет?

12. Ыйсанын жолдоочуларына дарылоо ыкмаларын тандоодо теңсалмактуу болууга эмне жардам берет?

12 Акылдуу адам Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды изилдеп, «өз жолун байкайт» (Накыл сөздөр 14:15). Доктурлар жана ооруканалар аз жерлерде негизин фитотерапия (дарылоо максатында өсүмдүктөрдүн дарылык касиети колдонулат) түзгөн элдик медицинага кайрылуудан башка арга жок болушу мүмкүн. Андайда төмөнкүлөрдү тактап алуу маанилүү: элдик дабагердин спиритизм менен байланышы жокпу? Ал ооруну же өлүмдү таарынган кудайлар (же арбактар) же бүбү-бакшыга кайрылган кайсы бир душман жиберет дегенге ишенбейби жана дарылоо ыкмасын ошол ишенимине негиздебейби? Дармек даярдалып же колдонулуп жатканда курмандыктар чалынбайбы, дуба окулбайбы же спиритизмдик каадалар аткарылбайбы? (Мыйзам 18:10—12). Мындай изилдөө Кудай Сөзүндөгү төмөнкү кеңешке ылайык иш кылууга жардам берет: «Бардыгын сынагыла, жакшысын кабыл алгыла» * (1 Тесалоникалыктарга 5:21). Бул бизге теңсалмактуу болууга көмөк кылат.

13, 14. а) Денсоолугубузга кам көрүүдө кандайча эстүүлүк көрсөтө алабыз? б) Эмне себептен денсоолукка жана дарыланууга байланыштуу суроолорду башкалар менен талкуулоодо эстүүлүк көрсөтүү зарыл?

13 Жашообуздун бардык тармактарында, анын ичинде денсоолукка кам көрүүдө да эстүүлүк көрсөтүү маанилүү (Филипиликтерге 4:5, «ЖД»). Ага тийиштүү түрдө көңүл бөлүү менен өмүр белегин баалаарыбызды тастыктайбыз. Андыктан ооруга чалдыкканда өзүбүзгө сөзсүз көңүл бурушубуз керек. Анткен менен жеткилең денсоолукка Кудайдын «элдерди айыктыра» турган убагы келгенде гана ээ болобуз (Аян 22:1, 2). Ошол себептүү саламаттыгыбызга тынчсыздануунун айынан жашообузда маанилүүрөөк болгон рухий муктаждыктарыбызды экинчи орунга коюп койбошубуз абзел (Матай 5:3; Филипиликтерге 1:10).

14 Мындан сырткары, денсоолукка жана дарыланууга байланыштуу суроолорду башкалар менен талкуулоодо теңсалмактуулук менен эстүүлүк көрсөтүү зарыл. Жыйналыш жолугушууларына жана жыйындарга келгенде мындай маселелер пикир алышуубуздун негизги темасына айланбашы керек. Денсоолукка байланыштуу чечимди адам көп учурда ыйык китептик принциптердин, абийиринин жана Жахаба менен болгон мамилесинин негизинде чыгарат. Ошондуктан ишенимдешибизге өз көзкарашыбызды таңуулоо же аны абийиринин айткандарына көңүл бурбоого үндөө сүйүү көрсөтүүгө жатпай калат. Бул туурасында жыйналыштагы жетилген биртуугандар менен кеңешип көрүүгө болот дечи, бирок Ыйсанын жолдоочусу ар бир адам «өз жүгүн өзү көтөрөрүн», башкача айтканда, чыгарган чечимине өзү жооптуу экенин жана «Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп берерибизди» эстен чыгарбашы зарыл (Галатиялыктарга 6:5; Римдиктерге 14:12, 22, 23).

Стресске кабылганда...

15. Стресске кабылганда адам эмне кылышы мүмкүн?

15 Стресске кабылганда атүгүл Жахабанын берилген кызматчылары да туура эмес сүйлөп же иш кылып алышы ыктымал (Насаатчы 7:7). Мисалы, катуу сыноого дуушар болгондо Аюб теңсалмактуулугун кандайдыр бир деңгээлде жоготуп койгон, натыйжада анын ой жүгүртүүсүн оңдоого туура келген (Аюб 35:2, 3; 40:1—3). Муса «жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун адам болсо» да, бир жолу ачууга алдырып, туура эмес сүйлөп алган (Сандар 12:3; 20:7—12; Забур 105:32, 33). Шабул падышага кол көтөрбөө менен Дөөт өзүн өзү кармоо сапатын укмуштай деңгээлде чагылдырган. Бирок Набал аны кемсинтип, жиберген адамдарына жаман мамиле жасаганда, ал каарданып, туура ой жүгүртө албай калган. Жагдайга Абигейил кийлигишкенде гана, ал акылына келип, чоң ката жасап жибере жаздаганын түшүнгөн (1 Шемуел 24:3—8; 25:9—13, 32, 33).

16. Ойлонбой иш кылуудан эмне сактайт?

16 Биз да туура ой жүгүртүүгө тоскоол кылган жагдайларга кабылышыбыз мүмкүн. Андайда, Дөөткө окшоп, башкалардын айткандарын таразалап көрүү ойлонбой иш кылуудан жана күнөөдөн алыс болууга жардам берет (Накыл сөздөр 19:2). Андан сырткары, Кудай Сөзү бизди: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: төшөктө жатканыңарда ойлонуп сабыр кылгыла»,— деп чакырат (Забур 4:5). Мүмкүн болсо, ачуубуз тараганга чейин иш-аракет кылбай же чечим чыгарбай токтото туруу акылдуулукка жатат (Накыл сөздөр 14:17, 29). Жахабага жалындуу тиленсек болот, «ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы» жүрөгүбүздү жана ойлорубузду «Машайак Ыйса аркылуу сактайт» (Филипиликтерге 4:6, 7). Кудайдан келген ошол тынчтык бизге теңсалмактуулукту сактоого жана сергек болууга жардам берет.

17. Сергек болуу үчүн эмне себептен Жахабага таянышыбыз керек?

17 Кооптуу жагдайлардан качууга жана акылдуулук менен иш кылууга канчалык аракет жасабайлы, ката кетирбей койбойбуз (Жакып 3:2). Кээде өтө кесепеттүү чечим чыгаруу коркунучу алдында турганыбызды байкабай калышыбыз мүмкүн (Забур 18:13, 14). Андан сырткары, пенде болгондуктан биз Жахабага көзкарандыбыз жана жолубузга багыт берүүгө жөндөмүбүз да, укугубуз да жок (Жеремия 10:23). Ага: «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө»,— деген ынандыруусу үчүн биз кандай гана ыраазыбыз (Забур 31:8). Ооба, Жахабанын жардамы менен биз сергек боло алабыз.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Кат жүзүндө келишим түзүү тууралуу көбүрөөк маалымат алууну кааласаңар, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган төмөнкү журналдарды карагыла: «Күзөт мунарасы», 1997-ж., 1-август, 30, 31-б., ор.; 1987-ж., 15-апрель, 15, 16-б., ор.; «Ойгонгула!», 1983-ж., 8-февраль, 13—15-бб., англ.

^ 12-абз. Мындай изилдөө дарылоонун салттуу медицинада талаш суроолорду туудурган ыкмаларына байланыштуу чечим чыгарууда да жардам берет.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ишкер сунуш айтылганда...

• Никелик жар тандоодо...

• Денсоолукка байланыштуу кыйынчылыктарга дуушар болгондо...

• Стресске кабылганда...

сергек болууга эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги кутуча]

Ишеним артканың туура болобу?

Үйбүлө кура электер үчүн түзүлгөн веб-сайттарда төмөнкүдөй эскертүүлөр кездешет:

«Канчалык аракет кылсак да, адамдын өзү тууралуу чындыкты айтып жатканына кепилдик бере албайбыз».

«Бул жердеги маалыматтын тактыгына, толуктугуна же пайдалуулугуна кепилдик бере албайбыз».

«Бул кызмат аркылуу жарыяланган көзкараштар, кеңештер, сөздөр, сунуштар же башка маалыматтар аларды жиберген адамдардыкы... жана аларга дайыма эле таяна берүүгө болбойт».

Ишеним артканың туура болобу?

[29-беттеги сүрөт]

«Акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт».

[30-беттеги сүрөт]

«Бардыгын сынагыла, жакшысын кабыл алгыла».

[31-беттеги сүрөт]

Турмушка чыга элек ишенимдештерибиз кандайча Шуламитти туурай алышат?