Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аюб китебиндеги урунттуу ойлор

Аюб китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Аюб китебиндеги урунттуу ойлор

АЮБ аттуу белгилүү адам Ус жеринде (азыркы Аравияда) жашаган. Ал кезде ысрайылдыктар Мисирди мекендеп турган. Аюб ысрайыл элинен болбосо да, Жахаба Кудайдын кызматчысы болгон. Ал жөнүндө Ыйык Китепте: «Жер жүзүндө андай адам жок. Ал — кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам»,— деп айтылат (Аюб 1:8). Анын өмүрү, сыягы, Жахабанын көрүнүктүү эки кызматчысы: Жакыптын уулу Жусуп менен Муса пайгамбар жашаган мезгилдердин ортосунда өткөн.

Аюб китебин Муса жазган деп эсептешет. Болжолу, Муса Аюб жөнүндө Ус жерине жакын жайгашкан Мидиандан уккан (Мусанын 40 жылдык өмүрү ошол жер менен байланыштуу болгон). Ал эми ысрайылдыктар 40 жылдык чөл кезүүнүн аягында Ус жеринин жанынан өткөндө, Муса аерден Аюбдун жашоосунун акыркы жылдары жөнүндө көбүрөөк биле алган *. Аюбдун таржымалы ушунчалык көркөм сүрөттөлгөндүктөн, бул китеп адабий шедевр деп эсептелет. Мындан тышкары, анда төмөнкүдөй суроолорго жооп берилет: жакшы адамдар эмне үчүн азап чегет? Жахаба жамандыктын өкүм сүрүшүнө эмне себептен жол берүүдө? Жеткилең эмес адамдар Кудайга болгон берилгендигин сактай алабы? Кудай Сөзүнүн бир бөлүгү катары Аюб китебиндеги билдирүү бүгүн да тирүү жана таасирдүү (Эврейлерге 4:12).

«МЕН ТУУЛГАН КҮН КУРУСУН»

(Аюб 1:1—3:26)

Бир күнү Шайтан Аюбдун Кудайга болгон берилгендигине шек келтирет. Ошондон улам Жахаба Шайтандын Аюбга кырсык артынан кырсык жиберишине жол берет. Буга карабастан Аюб «Кудайга акарат келтирүүдөн» баш тартат (Аюб 2:9).

Аюбдун үч досу «аны сооротуш үчүн» келет (Аюб 2:11). Алар анын маңдайында унчукпай отурушат. Акыр-аягы Аюб өзү сөз баштап: «Мен туулган күн курусун»,— дейт (Аюб 3:3). Ал «жарык дүйнөнү көрбөй калган наристедей болуп өлүп калууну» каалайт (Аюб 3:11, 16).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Аюб 1:4 — Аюбдун балдары туулган күндөрүн белгилегенби? Жок. Түпнускада «күн» жана «туулган күн» деген сөздөр бири-биринен айырмаланып, ар башка маанини туюнтат (Башталыш 40:20). Аюб 1:4тө колдонулган «күн» деген сөз күн чыгып уясына киргенге чейинки убакыт аралыгын билдирет. Аюбдун жети уулу, сыягы, жылына бир жолу жети күн катары менен үйбүлөлүк той өткөрүп турушкан. Алардын ар бири, «өз күнү келгенде», өз үйүндө той берген.

Аюб 1:6; 2:1 — Жахабанын алдына кимдер келе алган? Алар төмөнкүлөр: Кудайдын тун Уулу — Сөз; ишенимдүү периштелер; Кудайдын тилазар периштелерден турган уулдары, алардын ичинде Шайтан Ибилис (Жакан 1:1, 18). Шайтан жана анын жин-перилери Кудайдын Падышалыгы орнотулган 1914-жылга чейин асмандан куулуп түшкөн эмес (Аян 12:1—12). Жахаба аларга Өзүнүн алдына келүүгө уруксат берүү менен Шайтандын шек келтирүүсүн жана ага байланыштуу көтөрүлгөн маселелерди бардык рухий жаратуулардын алдына койгон.

Аюб 1:7; 2:2 — Жахаба Шайтан менен түздөн-түз сүйлөшкөнбү? Ыйык Китепте Жахабанын рухий жаратуулар менен кантип пикирлешери жөнүндө кеңири айтылбайт. Ошентсе да Михей пайгамбар аян аркылуу бир периштенин Жахаба менен түздөн-түз сүйлөшүп жатканын көргөн (1 Падышалар 22:14, 19—23). Ушундан улам Жахаба Шайтан менен, сыягы, ортомчусуз сүйлөшкөн деген тыянак чыгарууга болот.

Аюб 2:9 — Эмнеден улам Аюбдун аялы күйөөсүнө: «Кудайга акарат келтир да, өл»,— деп айткан? Аюб кандай жоготууларга учураса, аялы да ошондой жоготууларга кабылган. Бир кездерде күүлүү-күчтүү жүргөн күйөөсүнүн эми жийиркеничтүү оорудан куурап жатканы, сыягы, аялынын жүрөгүн туз куйгандай ачыштырган. Андан тышкары, Аюбдун аялы жанындай көргөн балдарын жоктоп, күйүт тартып жүргөн. Ушулардан улам ички дүйнөсү астын-үстүн болуп, эс-учун жыя албай жүргөндө, ал эмне чындап маанилүү экенин, тактап айтканда, Кудай менен болгон мамилелери баарынан баалуу экенин көңүлүнөн чыгарып койгон көрүнөт.

Биз алчу сабактар:

Аюб 1:8—11; 2:3—5. Аюбдун үлгүсүнөн айкын болгондой, актыгыбызды сактоо сүйлөгөн сөздөрүбүз жана иш-аракеттерибиз менен үлгүлүү болууну эле эмес, Жахабага туура ниет менен кызмат кылышыбызды да камтыйт.

Аюб 1:21, 22. Жахабага болгон берилгендигибизди жагымдуу да, жагымсыз да жагдайларда сактасак, Шайтандын жалганчы экенин далилдейбиз (Накыл сөздөр 27:11).

Аюб 2:9, 10. Жакындарыбыз кызматыбызды баалабашы же чындыктан тайдыруу үчүн кысым көрсөтүшү мүмкүн. Ошондой учурларда, Аюбга окшоп, ишенимибизди бекем сакташыбыз керек.

Аюб 2:13. Аюбдун достору рухий адамдар болбогондуктан, Кудай жана анын убадалары жөнүндө жубатарлык эчтеке айта алышкан эмес.

«ӨМҮРҮМ ӨТКӨНЧӨ ӨЗҮМДҮН ТАЗА ЭКЕНДИГИМДЕН ТАНБАЙМ»

(Аюб 4:1—31:40)

Аюбдун үч досу сүйлөгөн сөздөрүндө мындай ойду баса белгилешет: Аюб кандайдыр бир аябай жаман иш кылган, ошондуктан Кудай аны катуу жазалап жатат. Адегенде Элипаз сүйлөйт. Андан кийин Билдат заардуу сөздөрдү айтат. Сопар ого бетер куйкум сүйлөйт.

Аюб алардын жалган ойлорун четке кагат. Азап чегүүсүнө Кудайдын эмне үчүн жол бергенин түшүнө албай, ал актанып кирет. Анткен менен Аюб Кудайды сүйөт. Ошондуктан: «Өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден танбайм»,— деп айтат (Аюб 27:5).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Аюб 7:1; 14:14 (МАК) — Эмне үчүн бул аяттарда «аскердик кызмат» деген сөз айкашы колдонулган? Кайгысы ушунчалык оор болгондуктан, Аюб жашоону катуу тартип өкүм сүргөн аскердик кызматтай көргөн (Аюб 10:17). Өлгөн адам көрдө жаткан убакыт (өлүмдөн тирилүүгө чейинки мезгил) айласыздыктын иши болгондуктан, Аюб ал убакытты да аскердик кызматка окшоштурган.

Аюб 7:9, 10; 10:21; 16:22 — Бул аяттардагы сөздөр Аюбдун тирилүүгө ишенбегенин көрсөтүп турабы? Аюб бул жерде жакынкы келечеги жөнүндө сөз кылган. Муну менен ал эмнени айткысы келген? Болжолу, Аюб эгер өлүп кала турган болсо, аны замандаштарынын бири да көрбөй турганын айткан. Ошондой эле ал, сыягы, өлгөндөрдүн жайынан эч ким өз эрки менен кайтып келе албасын билдирген. Аюбдун келечекте тирилүү болоруна ишенгенин Аюб 14:13—15-аяттар айкын көрсөтүп турат.

Аюб 10:10 — Кандайча Жахаба Аюбду «сүт сыяктуу куюп, быштак сыяктуу уюткан»? Муну менен Аюб энесинин ичинде кантип жаралганын көркөмдөп айткан.

Аюб 19:20 — Аюбдун: «Тишимдин бүйлөсү [«териси», МАК] менен гана калдым»,— деген сөздөрү эмнени билдирет? Тиштин териси болбой тургандыктан, Аюб бул сөздөрдү айтуу менен, сыягы, дээрлик эчтекеси калбаганын билдирген.

Биз алчу сабактар:

Аюб 4:7, 8; 8:5, 6; 11:13—15. Бирөөнүн башына жамандык түшсө, ал сепкенин оруп жатат жана Кудайдын жактыруусуна ээ эмес деп бат тыянак чыгаруудан алыс болушубуз керек.

Аюб 4:18, 19; 22:2, 3. Берген кеңештерибиз өзүбүздүн жеке пикирибизге эмес, Кудайдын Сөзүнө негизделиши керек (2 Тиметейге 3:16).

Аюб 10:1. Жанынын кыйналганы, кайгы-муңу акылын караңгылатып койгондуктан, Аюб азап чегүүсүнө башка да себептер болушу мүмкүн экенин ойлогон эмес. Биз ааламда кандай талаш маселелер көтөрүлгөнүн жакшы билгендиктен, азап чегип жатканда катаалданып кетпешибиз керек.

Аюб 14:7, 13—15; 19:25; 33:24. Шайтан бизди кандай гана сыноолорго дуушар кылбасын, тирилүүгө болгон үмүт сыноо учурунда бизге күч берет.

Аюб 16:5; 19:2. Сүйлөгөн сөздөрүбүз башкаларды кейиткидей же кыжырданткыдай эмес, тескерисинче, кубаттагыдай болушу керек (Накыл сөздөр 18:21).

Аюб 22:5—7. Негизсиз айыптоолор менен берилген кеңештер пайдасыз, залакалуу.

Аюб 27:2; 30:20, 21. Берилгендикти сактоо үчүн жеткилеңдик талап кылынбайт. Аюб Кудай жөнүндө туура эмес ойдо болгон.

Аюб 27:5. Аюб берилгендигинен өзү гана тана алмак, анткени адамдын берилгендиги Кудайга болгон сүйүүсүнөн көзкаранды. Андыктан биз Жахабага карата күчтүү сүйүү өрчүтүшүбүз керек.

Аюб 28:1—28. Адам баласы кенбайлыктарды кайдан издөө керектигин билет. Жер астынан кен казып, ал эч бир жырткыч куш көрө албай турган жолдорду салат. Бирок Кудайдын акылмандыгына ээ болуу үчүн Андан коркуу зарыл.

Аюб 29:12—15. Муктаж болгондорго жан-дилден жакшылык кылышыбыз керек.

Аюб 31:1, 9—28. Аюб кыз-келиндерге тийишүүдөн, ойноштуктан, адилетсиз жана кайрымсыз мамиледен, дүнүйөкорлуктан, бурканга табынуудан алыс болуу менен бизге сонун үлгү көрсөткөн.

«ТОПУРАК МЕНЕН КҮЛГӨ ОТУРУП АЛЫП ӨКҮНӨМ»

(Аюб 32:1—42:17)

Кызуу талкууну чыдамкайлык менен угуп отурган Элийу аттуу жигит эми тайманбастык менен сөзгө аралашат. Ал Аюбдун жана анын жанындагы үч кыйноочунун көзкарашын оңдойт.

Элийу сөзүнүн аягына чыгары менен, Жахаба бороондун ичинен жооп берет. Ал Аюбдун эмне үчүн азап чегип жатканын түшүндүрбөйт. Тескерисинче, Кудуреттүү Кудай Аюбга бир нече суроо берип, зор күчүн жана улуу акылмандыгын даңазалайт. Аюб түшүнбөстүк менен туура эмес сүйлөп алганын мойнуна алып: «Мен мурунку айткан сөздөрүмдөн баш тартам, топурак менен күлгө отуруп алып өкүнөм»,— дейт (Аюб 42:6). Аюб сыналып бүтөт да, берилгендиги үчүн Жахабадан бата алат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Аюб 32:1—3 — Элийу качан келген? Ал тигилердин сөзүн баштан-аяк уккан. Демек, Элийу алардын жанына Аюб сүйлөп баштаганга чейин жана анын үч досу лам дебей отурган жети күн аяктаганга чейин эле келген. Кыязы, Элийу алыс эмес жерде алардын сүйлөгөн сөздөрүн угуп отурган (Аюб 3:1, 2).

Аюб 34:7 — Эмне үчүн Аюб «шылдыңды суудай ичип жаткан» адамга салыштырылат? Кабыргасы кайышып турган Аюб үч жолдошунун мыскылдоосун өзүнө карата айтылгандай кабыл ала берген, а чынында, алардын сөздөрү Кудайга каршы айтылган эле (Аюб 42:7). Демек, ал сууну ырахаттана ичкен бирөө сыяктуу шылдыңды өзүнө сиңире берген.

Биз алчу сабактар:

Аюб 32:8, 9. Акылмандык сөзсүз эле курактын өтүшү менен келбейт. Ага ээ болуу үчүн, Кудай Сөзүн түшүнүү жана Анын рухуна жетектелүү зарыл.

Аюб 34:36. «Толугу менен сыноодон өтсөк», Кудайга болгон берилгендигибизди далилдейбиз.

Аюб 35:2. Элийу сүйлөөрдүн алдында башкаларды кунт коюп угуп, иштин чоо-жайын так түшүнгөн (Аюб 10:7; 16:7; 34:5). Ыйсаны жолдогон аксакалдар кеңеш берердин алдында кунт коюп угууга, бардык фактыларды билүүгө жана иштин жөнүн айкын түшүнүүгө тийиш (Накыл сөздөр 18:13).

Аюб 37:14; 38:1—39:30. Жахабанын укмуш иштери, күч-кубаты, акылмандыгы жөнүндө ой жүгүртүү бизге момун болууга жана анын эгедерлигинин акталышы жеке кызыкчылыктарыбыздан маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берет (Матай 6:9, 10).

Аюб 39:31—34. Кудуреттүү Кудайга наалыгыбыз келгенде, «колубуз менен оозубузду жабышыбыз» керек.

Аюб 40:10—41:26. Бегемот (гиппопотам) менен лебийатан (крокодил) кандай гана күчкө ээ! Кызматыбызды туруктуулук менен улантуу үчүн, биз да ушундай күчтүү жаныбарларды жараткан Кудайдан күч алышыбыз керек. Ал бизге күч-кубат берет (Филипиликтерге 4:13).

Аюб 42:1—6. Жахабанын сөзүн укканы жана анын канчалык күчтүү экени эсине салынганы Аюбга «Кудайды көрүүгө», башкача айтканда, ал тууралуу чындыкты түшүнүүгө жардам берген (Аюб 19:26). Бул анын ой жүгүртүүсүн өзгөрткөн. Аксакалдар бизди Ыйык Жазманын негизинде насааттап оңдогондо, катабызды моюнга алууга жана өзгөрүлүүгө даяр болушубуз керек.

Аюбдай чыдамдуу болгула

Аюб китеби адамдардын азап чегүүсүнө Кудай эмес, Шайтан жооптуу экенин көрсөтүп турат. Кудай жерде жамандыктын өкүм сүрүшүнө жол берип, бизге Анын эгедерлигине жана берилгендигибизге байланышкан маселелерде кайсы тарапты ээлей турганыбызды далилдөөгө мүмкүнчүлүк берип келет.

Жахабаны сүйгөндөрдүн баары, Аюбга окшоп, сыналат. Аюб китеби бизди сыноолорго туруштук бере аларыбызга ынандырып, кыйынчылыктардын түбөлүккө созулбай турганын эсибизге салат. Жакып 5:11де: «Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер»,— деп айтылат. Жахаба Аюбга ишенимдүүлүгү үчүн батасын берген (Аюб 42:10—17). Элестетсеңер, бизге кандай сонун үмүт — жер бетиндеги Бейиште түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгү — берилип жатат! Ошондуктан, келгиле, Аюбга окшоп, берилгендигибизди сактоого чечкиндүү бололу (Эврейлерге 11:6).

[Шилтеме]

^ 4-абз. Аюб китебинде 140 жылдан ашык мезгил ичинде (б.з.ч. 1657—1473-жылдары) болгон окуялар баяндалат.

[16-беттеги сүрөт]

Аюбдун чыдамкайлыгынан эмнеге үйрөнсөк болот?