Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баргыла да, элдерди шакирт кылып чөмүлдүргүлө

Баргыла да, элдерди шакирт кылып чөмүлдүргүлө

Баргыла да, элдерди шакирт кылып чөмүлдүргүлө

«Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды... чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө» (Матай 28:19, 20).

1. Синай тоосунун этегинде ысрайыл эли эмне кылууну чечкен?

МЫНДАН 3500 жылдай мурун бүтүндөй бир эл Кудайга ант берген. Синай тоосунун этегине чогулган ысрайылдыктар: «Теңир эмнени айтса, ошонун баарын аткарабыз»,— деп бир добуштан сөз беришкен. Ошондон тартып алар Кудайдын арналган эли, «энчиси» болуп калышкан (Чыгуу 19:5, 8; 24:3). Ал эл Кудайдын аларды дайым коргооруна жана урпактарынын баары «сүт менен бал аккан» жерде жашаарына бекем ишенген (Лебилер 20:24).

2. Бүгүн адамдар Кудай менен кандай мамиледе боло алышат?

2 Бирок забурчу Асап белгилегендей, ысрайылдыктар «Кудайдын осуятын сактабай», «Анын мыйзамы боюнча жашоодон баш тартып» кетишкен (Забур 77:10). Алар ата-бабаларынын Жахабага берген антын бузушкан. Натыйжада ал эл Кудай менен болгон өзгөчө мамилесинен айрылып калган (Насаатчы 5:3; Матай 23:37, 38). Ошондуктан Жахаба «Өзүнүн ысымы үчүн эл жаратуу» максатында бутпарастарга назар салган (Элчилер 15:14). Азыркы акыркы күндөрдө Тактыда отурган Кудай «ар бир уруудан, ар бир улуттан... ар бир тилден эч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдарды» чогултууда. Алар куткарылуунун Кудайдан жана «Козудан... келерин» билип кубанышууда (Аян 7:9, 10).

3. Кудай менен өз ара мамиледе болууну каалаган адам кандай кадамдарды жасашы керек?

3 Кудай менен ушундай абдан ынак мамиледе болуш үчүн, адам өзүн Ага арнап, аны эл алдында сууда чөмүлтүлүү менен билдириши керек. Муну менен ал Ыйсанын өз шакирттерине берген буйругуна баш иерин көрсөтөт. Ыйса: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»,— деп айткан (Матай 28:19, 20). «Келишим жазылган китеп» окулуп жатканда, ысрайыл эли кулак салып турчу (Чыгуу 24:3, 7, 8). Ошондуктан алар Жахабанын алдында кандай милдеттерге ээ экенин билишкен. Бүгүн да чөмүлтүлгөнгө чейин Кудайдын Сөзүнөн, Ыйык Китептен, Анын эрки тууралуу так билим алуу зарыл.

4. Чөмүлтүлүүгө коюлган талаптарга жооп берүү үчүн адам эмне кылышы керек? (24-беттеги кутучадагы ойлорду кош.)

4 Ыйса шакирттеринин ишеними чөмүлтүлгөнгө чейин эле бекем пайдубалга негизделишин каалаган. Ал жолдоочуларына шакирт даярдоону эле эмес, аларга өзү айткан нерселердин бардыгын аткарууну үйрөтүүнү да буюрган (Матай 7:24, 25; Эфестиктерге 3:17—19). Ошондуктан чөмүлтүлө турган адамдар ал кадамды жасаганга чейин, адатта, Ыйык Китепти бир нече ай же бир-эки жыл изилдешет. Андыктан алар чечимди шашылыш же түшүнбөй туруп чыгарышпайт. Чөмүлтүлөрдүн алдында талапкерлер эки негизги суроого «ооба» деп жооп беришет. Ыйса «ооба» дегенибиз «ообаны», «жок» дегенибиз «жокту» билдириши керектигин баса белгилегендиктен, ошол эки суроонун маанисин кылдат талдап чыкканыбыз пайдалуу (Матай 5:37, «ЖД»).

Өкүнүү жана арналуу

5. Чөмүлтүлө турган адамга берилүүчү биринчи суроодо кайсы маанилүү эки кадам баса белгиленет?

5 Чөмүлтүлө турган адамга берилүүчү биринчи суроо анын мурунку жашоосу үчүн өкүнгөн-өкүнбөгөнүнө жана өмүрүн Жахабанын эркин аткарууга арнаган-арнабаганына байланыштуу. Бул суроодо чөмүлтүлгөнгө чейин эки маанилүү кадамды жасоо, тактап айтканда, өкүнүү жана Кудайга арналуу керектиги баса белгиленет.

6, 7. а) Эмне себептен чөмүлтүлө турган ар бир адам өкүнүшү керек? б) Өкүнгөндөн кийин адам кандай өзгөрүүлөрдү жасоого тийиш?

6 Эмне себептен адам чөмүлтүлгөнгө чейин өкүнүшү керек? Элчи Пабыл: «Бир кезде... дененин каалоолорун аткарып... жашачубуз»,— деп түшүндүрөт (Эфестиктерге 2:3). Кудайдын эркин так түшүнгөнгө чейин биз бул дүйнөнүн баалуулуктарына умтулуп, анын нормаларына карманчубуз. Андан сырткары, азыркы түзүлүштүн кудайы болгон Шайтандын жетеги астында жашап келгенбиз (2 Корунттуктарга 4:4). Бирок Кудайдын эркин билгенден кийин жашообузду «адамдык кумарлар менен эмес, Кудайдын эрки менен» өткөрүүнү чечтик (1 Петир 4:2).

7 Мындай жашоо көптөгөн баталарды алып келет. Баарынан маанилүүсү, ал Жахаба менен баа жеткис мамиледе болууга жол ачат. Дөөт муну Кудайдын «турагына» жана «ыйык тоосуна» чыгуу мүмкүнчүлүгүнө салыштырган. Бул, чынында эле, чоң сыймык (Забур 14:1). Жахабанын өзүнүн үйүнө туш келди бирөөлөрдү эмес, «күнөөсүз жашаган, адилеттик кылган, жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн» адамдарды гана чакырары түшүнүктүү (Забур 14:2). Бул аятта көрсөтүлгөн талаптарга жооп берүү үчүн, чындыкка чейин өткөргөн жашообузга жараша жүрүм-турумубуз менен мүнөзүбүздү кандайдыр бир деңгээлде өзгөртүү керектир (1 Корунттуктарга 6:9—11; Колосалыктарга 3:5—10). Андай өзгөрүүлөрдү жасоого мурунку жашообуз үчүн чын жүрөктөн өкүнүү жана Жахабага жагууга чечкиндүү болуу түрткү берет. Бул толук өзгөрүлүүгө — өзүмчүлдүккө негизделген жашоо мүнөзүнөн баш тартып, Жахабага жаккыдай жашоо өткөрүүгө — алып барат (Элчилер 3:19).

8. Кудайга кантип арналабыз жана анын чөмүлтүлүү менен кандай байланышы бар?

8 Чөмүлтүлүүнүн алдында берилүүчү биринчи суроонун экинчи бөлүгү адамдын Жахабага анын эркин аткаруу үчүн арналган-арналбаганына байланыштуу. Арналуу — бул чөмүлтүлгөнгө чейин жасалуучу маанилүү кадам. Аны биз Жахабага Ыйса аркылуу тиленип, өмүрүбүздү Ага тапшырууну каалаарыбызды билдирүү менен, башкача айтканда, ага убада берүү менен кылабыз (Римдиктерге 14:7, 8; 2 Корунттуктарга 5:15). Натыйжада Жахаба биздин Кожоюнубуз болот жана Ыйсага окшоп, биз Анын эркин аткаруудан ырахат алабыз (Забур 39:9; Эфестиктерге 6:6). Андай убаданы адам Жахабага бир эле жолу берет. Кудайга өз алдыбызча арналабыз, ал эми чөмүлтүлгөн күнү асмандагы Атабызга арналганыбызды эл алдында көрсөтөбүз (Римдиктерге 10:10).

9, 10. а) Кудайдын эркин аткарууга эмнелер кирет? б) Атүгүл нацистер Кудайдын арналган кызматчылары экенибизди түшүнүшкөнүн кантип көрсөтүшкөн?

9 Кудайдын эркин аткарууда Ыйсаны тууроо деген эмнени билдирет? Ыйса шакирттерине: «Эгерде ким мени ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын, өзүнүн кыйноо мамысын алсын жана дайым менин жолумду жолдосун»,— деген (Матай 16:24, «ЖД»). Бул аятта ал бизден талап кылынган үч нерсени баса белгилеген. Биринчиден, биз өзүбүздөн «баш тартабыз». Тактап айтканда, өзүмчүл каалоолорубуз менен пенделик алсыздыктарыбыздан баш тартып, Кудайдын кеңештери менен жетекчилигин кабыл алабыз. Экинчиден, «кыйноо мамыбызды» алабыз. Ыйсанын күндөрүндө кыйноо мамысы шылдың болуунун жана азап чегүүнүн символу болуп эсептелчү. Ыйсанын жолдоочулары катары биз жакшы кабар үчүн азап чегүүгө даярбыз (2 Тиметейге 1:8). Бул дүйнөдөгү адамдар маскаралап, сынга алышса да, биз «шылдың болгонубузга» карабай, Ыйсага окшоп, Кудайдын жактыруусуна ээ экенибизди билүүдөн кубаныч алабыз (Эврейлерге 12:2). Үчүнчүдөн, биз Ыйсаны «дайым» жолдойбуз (Забур 72:26; 118:44; 144:2).

10 Атүгүл айрым душмандар да Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайга гана кызмат кылууга арналышканын түшүнүшөт. Мисалы, нацистик Германиядагы Бухенвальд деген концлагерде чындык жолунан чегинүүдөн баш тарткан Күбөлөрдөн төмөнкүдөй сөздөр жазылган кагазга кол коюу талап кылынган: «Мен дагы эле Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүнүн тарабындамын жана Жахабага берген антымды эч качан бузбайм». Бул сөздөр Жахабанын арналган бардык ишенимдүү кызматчыларынын маанайын эң сонун чагылдырып турат! (Элчилер 5:32).

Жахабанын Күбөсү катары таанылуу

11. Чөмүлтүлгөндөн кийин адам кандай сыймыкка ээ болот?

11 Талапкерге берилүүчү экинчи суроо, эң алды, анын чөмүлтүлүү менен Жахабанын Күбөсү катары тааныларын түшүнөр-түшүнбөсүнө байланыштуу. Чөмүлтүлгөндөн кийин ал Жахабанын ысмы менен аталган кызматчы болуп дайындалат. Бул бир эле учурда сыймык да, олуттуу жоопкерчилик да. Эгер адам Жахабага ишенимдүү бойдон калса, куткарылып, түбөлүк өмүргө ээ болот (Матай 24:13).

12. Жахабанын ысмы менен аталуу сыймыгы кандай жоопкерчилик артат?

12 Кудуреттүү Кудай Жахабанын ысмы менен аталуу зор сыймык экени шексиз. Михей пайгамбар: «Бардык элдер, ар бири өз кудайынын аты үчүн жашайт. Биз болсо кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашайбыз»,— деп айткан (Михей 4:5). Анткен менен бул сыймык жоопкерчилик артат. Жахабанын ысмы менен аталгандыктан биз ага даңк алып келгидей жашашыбыз керек. Римдеги ишенимдештерине Пабыл кимдир бирөө туура эмес иштерди жасаса, Кудайдын ысмына «тил тиерин» же акарат келтирилерин эскерткен (Римдиктерге 2:21—24).

13. Эмне себептен Жахабанын арналган кызматчылары өзүлөрү сыйынган Кудай тууралуу күбөлөндүрүшөт?

13 Жахабанын Күбөсү болгондо адам Кудай тууралуу күбөлөндүрүү жоопкерчилигин да кабыл алат. Жахаба өзүнө арналган ысрайыл элин Анын күбөлөрү болууга чакырган. Алар башкаларга Анын түбөлүктүү Кудай экенин билдиришмек (Ышайа 43:10—12, 21). Бирок ысрайылдыктар ал жоопкерчилигин аткарбай коюшкандыктан, убакыттын өтүшү менен Жахабанын жактыруусунан биротоло айрылышкан. Бүгүн Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Жахаба тууралуу күбөлөндүрүүнү сыймык катары көрүшөт. Биз Кудайды жакшы көргөндүктөн жана анын ысмынын даңкталышын каалагандыктан күбөлөндүрөбүз. Асмандагы Атабыз жана анын ой-ниеттери жөнүндө чындыкты билип туруп кантип унчукпай коё алабыз?! Биз: «Бул менин милдетим. Эгерде Жакшы Кабар таратпасам, мага кайгы!» — деп айткан элчи Пабылга толук кошулабыз (1 Корунттуктарга 9:16).

14, 15. а) Жахабанын уюму рухий жактан өсүүгө кандайча жардам берип келет? б) Рухий жактан сергек бойдон калууга эмнелер көмөк кылат?

14 Экинчи суроо чөмүлтүлө турган адамга Жахабанын ыйык руху аркылуу жетектелген уюму менен кызматташуу керектигин эскертет. Биз Кудайга өзүнчө бөлүнүп алып кызмат кыла албайбыз, себеби «бир туугандарыбыздын» жардамына, жөлөгүнө жана бекемдөөсүнө муктажбыз (1 Петир 2:17; 1 Корунттуктарга 12:12, 13). Кудайдын уюму рухий жактан өсүшүбүзгө зор өбөлгө түзүп келет. Ал аркылуу биз так билим алууга, кыйын учурларда туура чечим чыгарууга, ошондой эле Кудай менен тыгыз мамиле өрчүтүүгө жардам берген ыйык китептик адабияттарды алып турабыз. Баласына бардык жагынан эң сонун кам көргөн эне сыяктуу, «ишенимдүү жана акылдуу» кул тобу рухий жактан илгерилөөбүзгө өбөлгө түзгөн рухий тамакты өз убагында жана мол берип келет (Матай 24:45—47; 1 Тесалоникалыктарга 2:7, 8).

15 Жума сайын өткөрүлүүчү жолугушуулардан Жахабанын ишенимдүү Күбөлөрүнөн болууга жардам берген насааттар менен бекемдөөлөрдү алабыз (Эврейлерге 10:24, 25). Мисалы, Теократиялык кызмат мектебинен эл алдында сүйлөөгө, ал эми кызмат жолугушуусунан жакшы кабарды натыйжалуураак айтууга үйрөнөбүз. Жыйналыш жолугушуулары менен ыйык китептик адабияттарды өз алдынча изилдөө аркылуу биз Жахабанын руху иш-аракетте экенин жана анын уюмун жетектеп жатканын көрө алабыз. Ушундай жолдор менен Кудай бизге жакшы кызматчы болууга, коркунучтарды алдын ала көрүүгө жана рухий жактан сергек бойдон калууга дайым көмөк көрсөтүп келет (Забур 18:8, 9, 12; 1 Тесалоникалыктарга 5:6, 11; 1 Тиметейге 4:13).

Чөмүлтүлүүгө эмне түрткү бериши керек?

16. Жахабага арналууга бизге эмне түрткү берет?

16 Ошентип, чөмүлтүлүүнүн алдында берилүүчү эки суроо талапкерге бул кадамдын маанисин жана анын кандай жоопкерчиликтерди артарын түшүнүүгө жардам берет. Демек, чөмүлтүлүүгө эмне түрткү бериши керек? Биз бирөө мажбурлагандыктан эмес, Жахаба өзү «чакыргандыктан», Анын чөмүлтүлгөн кызматчысы болобуз (Жакан 6:44). «Кудай — сүйүү», ошондуктан ал ааламды күч менен эмес, сүйүү менен башкарат (1 Жакан 4:8). Ал бизди эң сонун сапаттары жана жасаган мамилеси менен өзүнө тартып турат. Жалгыз өзү жараткан Уулун биз үчүн берип, Кудай эң сонун келечекке жол ачкан (Жакан 3:16). Ушундан улам биз өмүрүбүздү Жахабага арноого түрткү алуудабыз (Накыл сөздөр 3:9; 2 Корунттуктарга 5:14, 15).

17. Биз өзүбүздү эмнеге арнаган эмеспиз?

17 Биз өзүбүздү кайсы бир окутууга же ишке эмес, Жахабага арнаганбыз. Кудай өзүнүн элине аткарууну буюрган иш өзгөрөт, ал эми арналуу ошол бойдон калат. Мисалы, Анын Ыбрайымга берген тапшырмасы Жеремияга берген тапшырмасынан таптакыр айырмаланган (Башталыш 13:17, 18; Жеремия 1:6, 7). Анткен менен экөө тең өздөрүнө берилген ишти Жахабаны абдан сүйгөндүктөн жана анын эркин ишенимдүүлүк менен орундатууну каалагандыктан аткарышкан. Азыркы түзүлүштүн аягында Ыйсанын чөмүлтүлгөн жолдоочуларынын баары анын Падышалык тууралуу кабар айтуу жана шакирт даярдоо буйругун орундатууга умтулууда (Матай 24:14; 28:19, 20). Бул ишти чын жүрөктөн аткаруу — асмандагы Атабызды сүйөрүбүздү жана ага арналганыбызды көрсөтүүнүн эң сонун жолу (1 Жакан 5:3).

18, 19. а) Чөмүлтүлүп жатканда биз эл алдында эмне деп айткандай болобуз? б) Кийинки макалада кайсы суроолор каралат?

18 Чөмүлтүлүү көптөгөн баталарга жол ачат, бирок бул кадамды терең ойлонгондон кийин гана жасоо керек (Лука 14:26—33). Анткени чөмүлтүлүү менен адам аны башка милдеттеринин баарынан жогору эсептээрин көрсөтөт (Лука 9:62). Чөмүлтүлүп жатканда биз эл алдында: «Бул Кудай биздин түбөлүк Кудайыбыз. Ал биз өлгөнгө чейин да жол башчыбыз болот»,— деп айткандай болобуз (Забур 47:15).

19 Чөмүлтүлүүгө байланыштуу төмөнкүдөй суроолор туулушу ыктымал: чөмүлтүлүүдөн коркууга олуттуу себептер болушу мүмкүнбү? Адамдын курагы роль ойнойбу? Чөмүлтүлүүнүн Кудайга жаккандай өткөрүлүшүнө кандайча салым кошо алабыз? Бул суроолор кийинки макалада каралат.

Түшүндүрүп бере аласыңарбы?

• Эмне себептен адам чөмүлтүлгөнгө чейин өкүнүшү керек?

• Кудайга арналуу эмнени камтыйт?

• Жахабанын ысмы менен аталуу сыймыгы кандай жоопкерчиликтер менен коштолот?

• Чөмүлтүлүүгө эмне түрткү бериши керек?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги кутуча]

Чөмүлтүлө тургандарга берилүүчү эки суроо

Ыйса Машайактын курмандыгынын негизинде күнөөлөрүң үчүн өкүнүп, Жахабага анын эркин аткаруу үчүн өзүңдү арнадыңбы?

Сенин Кудайга арналганың жана чөмүлтүлгөнүң Жахабанын Күбөлөрүнө — рух менен жетектелген Кудайдын уюмуна — кошулганыңды билдирерин түшүнүп жатасыңбы?

[25-беттеги сүрөт]

Кабар айтуу менен биз Кудайга арналганыбызды көрсөтөбүз.