Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнө азыр да Кудайдын көзөмөлү астындабы?

Дүйнө азыр да Кудайдын көзөмөлү астындабы?

Дүйнө азыр да Кудайдын көзөмөлү астындабы?

ТАБИГЫЙ кырсык, айыкпас оору, бийликтегилер арасындагы паракорлук, террорчулук, согуш-жаңжал, кылмышкерлик... Мындай көрүнүштөргө байланыштуу жаңылыктарды күнүгө угабыз. Аларды керт башыбыздан кечирсек да, кечирбесек да, дүйнө деги кай жакка баратат, заман оңолобу деп ойлонбой коё албайбыз.

Дал ушундай тынчсызданууларды эске алып, Жахабанын Күбөлөрү «Дүйнө азыр да Кудайдын көзөмөлү астындабы?» деген баяндама даярдашты. Ал баяндама дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун өлкөдө айтылмакчы. Баяндамада Кудайдын берген убадалары жана төмөнкү маанилүү суроолорго байланыштуу Ыйык Китепте эмнелер айтылганы каралат:

Кудай жердеги окуялардын жүрүшүнө кызыгабы?

Ал адамзатка кандай мамиле жасайт?

Ал биздин жыргалчылыгыбыз үчүн кам көрөбү?

Баяндама дүйнө жүзүнүн көпчүлүк бөлүгүндө 2006-жылы 30-апрелде (жекшемби күнү) Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залдарында айтылат. Анын убактысын жана залдын дарегин жашаган жериңиздеги Күбөлөрдөн тактап алсаңыз болот.

Биз Ыйык Китепке негизделген ал баяндаманы угуп кетүүгө сизди да чын жүрөктөн чакырабыз. Киришине акы алынбайт. Баяндамада «Дүйнө азыр да Кудайдын көзөмөлү астындабы?» деген суроого канааттандырарлык жооп берилет.

Чакыруу:

www.watchtower.org