Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жалган сыйынуудан оолак болгула!

Жалган сыйынуудан оолак болгула!

Жалган сыйынуудан оолак болгула!

«Алардын арасынан чыккыла, алардан бөлүнгүлө,— дейт Теңир,— арам нерселерге жолобогула» (2 Корунттуктарга 6:17).

1. Көптөгөн жүрөгү таза адамдардын рухий абалы кандай?

КӨПТӨГӨН жүрөгү таза адамдар Кудай тууралуу чындыкты жана адамзаттын келечеги жөнүндө билишпейт. Алар өздөрүн түйшөлткөн суроолорго жооп таппай, баштары маң болуп, эртеңки күнүн билбей жашап келишет. Миллиондогондор Жаратканыбызга акарат келтирген ырым-жырымдардын, үрп-адаттардын жана майрамдардын кулу болуп калышкан. Балким, силердин да кошуналарыңар жана туугандарыңар тозок, үч бирдиктүү Кудай, жандын өлбөстүгү деген сыяктуу ар кандай жалган окууларга ишенишет.

2. Диний жолбашчылар эмне кылып жатышат жана бул эмнеге алып келүүдө?

2 Мындай рухий караңгылыктын каптап баратышына кимдер жооптуу? Таң калыштуусу, дин, тактап айтканда, Кудайдын чындыгына карама-каршы келген ой-түшүнүктөрдү таратып жаткан диний уюмдар жана алардын жолбашчылары жооптуу (Марк 7:7, 8). Натыйжада көп адамдар чыныгы Кудайга сыйынып жатабыз деп ойлошот, бирок чынында ага акарат келтирип жатышат. Мындай кейиштүү жагдай жалган диндин айынан пайда болгон.

3. Жалган сыйынуунун башкы колдоочусу ким жана Ыйык Китепте ал кандай сүрөттөлөт?

3 Жалган динди көзгө көрүнбөгөн бирөө колдоп турат. Ал жөнүндө элчи Пабыл мындай деген: «Кудайдын бейнеси болгон Машайактын даңкын жарыялаган Жакшы Кабардын жарыгын көрүшпөсү үчүн, бул дүйнөнүн төрөсү ишенбегендердин акылын караңгылатып койгон» (2 Корунттуктарга 4:4). «Бул дүйнөнүн төрөсү» — албетте, Шайтан Ибилис. Ал жалган сыйынуунун башкы колдоочусу болуп саналат. «Бул таң каларлык нерсе эмес, анткени шайтан да өзүн Жарыктын Периштеси кылып көрсөтөт,— деп жазган Пабыл.— Ошондуктан шайтандын кызматчылары да өздөрүн чындыктын кызматчылары кылып көрсөтүшсө, бул таң каларлык эмес» (2 Корунттуктарга 11:14, 15). Шайтан жаманды жакшы кылып көрсөтүп, куулук менен адамдарды жалган нерселерге ишендирип келет.

4. Байыркы Ысрайылга берилген Мыйзамда жалган пайгамбарлар жөнүндө эмне айтылган?

4 Мына ошондуктан Ыйык Китепте жалган дин катуу айыпталат. Мисалы, Мусанын мыйзамында Кудайдын тандалган эли жалган пайгамбарлардан этият болууга чакырылган. Эгер кимдир бирөө бурмаланган окууларды таратып, башкаларды жалган кудайларга табынууга чакырса, ал өлүм жазасына тартылууга тийиш болгон. Ысрайылдыктарга «өз ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кылууга» буйрук берилген (Мыйзам 13:1—5). Ооба, Жахаба жалган динди жамандык деп эсептейт (Жезекиел 13:3).

5. Бүгүнкү күндө кайсы эскертүүлөргө кулак кагышыбыз керек?

5 Ыйса менен анын элчилери да жалган динди кескин айыпташкан. Ыйса шакирттерине: «Жалган пайгамбарлардан сак болгула! Алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок, чындыгында, алар — жырткыч карышкырлар»,— деп эскерткен (Матай 7:15; Марк 13:22, 23). Ал эми Пабыл «чындыкты... басып турган адамдардын кудайсыздык менен кылган бардык иштерине жана адилетсиздигине каршы асмандан Кудайдын каары төгүлөрүн» айткан (Римдиктерге 1:18). Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын ушул эскертүүлөргө кулак какканы жана Кудай Сөзүндөгү чындыкты басып же жалган окууларды таратып жаткандардан оолак болгону кандай гана маанилүү! (1 Жакан 4:1).

«Улуу Бабылдан» качкыла!

6. «Улуу Бабыл» Ыйык Китепте кандай сүрөттөлөт?

6 Ыйык Жазманын Аян китебинде жалган дин кандай сүрөттөлөрүн карап көрөлү. Ал көптөгөн падышалыктардын жана элдердин үстүнөн бийлиги бар мас сойку аял катары мүнөздөлөт. Бул каймана маанидеги аял көп падышалар менен бузуктук кылып, Кудайдын чыныгы кызматчыларынын канына мас болгон (Аян 17:1, 2, 6, 18). Анын чекесине ыпылас, жийиркеничтүү жүрүм-турумуна шайкеш келерлик ысым жазылган: «Улуу Бабыл — жер үстүндөгү бузулган аялдардын жана жийиркеничтүү нерселердин энеси» (Аян 17:5).

7, 8. Жалган дин рухий жактан кандай ойноштук кылууда жана бул эмнеге алып келди?

7 Улуу Бабылдын Ыйык Жазмадагы сүрөттөлүшү дүйнөдөгү жалган диндердин баарына тиешелүү. Миңдеген диндер расмий түрдө бүткүл дүйнөлүк бир уюмга бирикпегени менен, алардын ой-максаттары жана иштери бири-бириникине окшош. Аян китебинде бузуку аял катары сүрөттөлгөн жалган диндин өкмөттөргө тийгизген таасири зор. Адеп-ахлаксыз аял сыяктуу, жалган дин ар кандай саясий күчтөр менен алака-мамиледе болуп, рухий жактан ойноштук кылууда. «Бузуктук кылуучулар, бул дүйнө менен болгон достук Кудайга каршы кастык экенин билбейсиңерби? — деп жазган шакирт Жакып.— Бул дүйнө менен дос болууну каалаган адам Кудайдын душманы болуп калат» (Жакып 4:4).

8 Жалган дин менен өкмөттөрдүн бул байланышы адамзатты аябагандай азап чектирди. Африкалык саясий баяндамачы Онена Мангу «дүйнөнүн тарыхында дин менен саясаттын чогуу иш алпаруусунун натыйжасында адамдардын массалык түрдө өлтүрүлгөнүнө далай мисалдар бар экенин» белгилеген. Жакында эле бир гезитте: «Азыркы эң кандуу, эң коркунучтуу кагылышуулар... динге байланыштуу»,— деп айтылган. Диндер колдогон согуштарда миллиондогон адамдардын өмүрү кыйылды. Ал түгүл, Улуу Бабыл Кудайдын чыныгы кызматчыларын куугунтуктап, өлтүрүп, алардын канына мас болду (Аян 18:24).

9. Жахабанын жалган сыйынууну жек көрөрү Аян китебинде кандайча көрсөтүлгөн?

9 Жахаба жалган сыйынууну жек көрөт. Муну Улуу Бабылды күтүп турган нерседен айкын көрүүгө болот. Аян 17:16да: «Сен көргөн он мүйүз жана жырткыч бузулган аялды жек көрүп, талап-тонойт, жылаңачтайт. Анын этин жеп, өзүн өрттөп жиберет»,— деп айтылат. Адегенде чоң жырткыч сойку аялды тытып өлтүрүп, этин жейт. Андан калганы бүт бойдон өрттөлөт. Жакында дүйнөлүк өкмөттөр жалган динге дал ушундай мамиле жасашат. Мунун ишке ашышына Кудай кам көрөт (Аян 17:17). Улуу Бабыл, жалган диндин дүйнөлүк империясы, кыйратылат. «Ал таптакыр жок болот» (Аян 18:21).

10. Улуу Бабылга карата кандай көзкарашта болушубуз керек?

10 Кудайдын чыныгы кызматчылары Улуу Бабылга карата кандай көзкарашта болушу керек? Ыйык Китепте: «Менин элим, анын күнөөлөрүнө ортоктошуп, анын башына түшө турган алааматтарга кабылып калбашың үчүн, андан чык!» — деген айдан ачык көрсөтмө берилет (Аян 18:4). Куткарылууну каалагандар кеч боло электе жалган динден чыгышы керек. Ыйса акыркы күндөрдө көптөр өздөрүн анын жолдоочулары кылып көрсөтөрүн алдын ала айткан (Матай 24:3—5). Мындай адамдарга ал: «Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар»,— деп айтат (Матай 7:23). Азыр асмандагы падышалык тактыда отурган Ыйса Машайак жалган дин менен эч кандай мамиледе болууну каалабайт.

Канткенде оолак болобуз?

11. Жалган сыйынуудан оолак болуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

11 Жалган сыйынуудан оолак болуу үчүн, Ыйсанын чыныгы жолдоочулары диний жалган окууларды четке кагышат. Бул болсо кайсы бир диндин Кудай жана анын Сөзү жөнүндөгү жалган окууларын радиодон угууну, телевизордон көрүүнү жана адабияттарынан окууну каалабай турганыбызды билдирет (Забур 118:37). Ошондой эле жалган дин менен байланышы бар уюмдар уюштурган коомдук иш-чараларга жана көңүл ачууларга катышпаганыбыз акылмандуулукка жатат. Андан тышкары, кандайдыр бир башка жолдор менен да жалган динге колдоо көрсөтпөйбүз (1 Корунттуктарга 10:21). Бул болсо бизди бирөөлөрдүн «адамдык окутууга жана дүйнөнүн түшүнүктөрүнө негизделген философия менен, жалган түшүнүктөр менен адаштыруусунан» коргойт (Колосалыктарга 2:8).

12. Адам жалган дин менен болгон байланышын канткенде үзө алат?

12 Жахабанын Күбөсү болууну каалаган адам учурда жалган диндин мүчөсү болсочу? Айрым учурларда андан чыгууну чечкенин кат жүзүндө билдирүү талап кылынышы мүмкүн. Бул ал адамдын мындан ары жалган диндин мүчөсү болууну каалабаарын далилдейт. Жалган сыйынуунун рухий жактан зыяндуу таасиринен толугу менен бошонуу үчүн, чечкиндүү болуу өзгөчө маанилүү. Жахабанын Күбөсү болууну каалаган адам мурунку ишенимдештерине жана башкаларга ал динден чыгып, мындан ары анын мүчөсү болбой турганын айкын көрсөтүшү керек.

13. Жалган сыйынуудан оолак болуу жөнүндө Ыйык Китепте кандай кеңеш берилет?

13 «Ишенбегендер менен бирге жат моюнтурукка кошулбагыла,— деп жазган элчи Пабыл.— Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Машайак менен Белиардын ортосунда кандай макулдашуу бар? Ишенген адам менен ишенбеген адамдын ортосунда кандай жалпылык бар? Кудайдын ийбадатканасы менен буркандардын ортосунда кандай байланыш бар?.. „Ошон үчүн алардын арасынан чыккыла, алардан бөлүнгүлө,— дейт Теңир,— арам нерселерге жолобогула“» (2 Корунттуктарга 6:14—17). Бул сөздөргө ылайык иш кылууну кааласак, жалган сыйынуудан оолак болушубуз керек. Пабылдын бул кеңеши жалган диндеги адамдардан да алыс болушубуз керектигин билдиреби?

«Акыл-эстүүлүк менен мамиле кылгыла»

14. Жалган диндеги адамдардан обочолонушубуз керекпи? Түшүндүргүлө.

14 Кудайдын чыныгы кызматчылары жалган диндеги адамдар менен мамилелешүүдөн качышы керекпи? Ишенимибизди бөлүшпөгөндөрдөн обочолонгонубуз туурабы? Жок. Эң маанилүү эки осуяттын экинчиси мындай: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй» (Матай 22:39). Ошондуктан биз Падышалыктын жакшы кабарын жакындарыбыз менен бөлүшүп, аларга сүйүү көрсөтөбүз. Ошондой эле сүйүү бизге алар менен Ыйык Китепти изилдөөгө жана жалган сыйынуудан оолак болуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө түрткү берет.

15. Дүйнөдөн болбоо деген эмнени билдирет?

15 Жакындарыбызга жакшы кабар таратсак да, Ыйсанын жолдоочулары катары биз «бул дүйнөдөн эмеспиз» (Жакан 15:19). Бул аяттагы «дүйнө» деген сөз Кудайдан алыстаган адамзат коомун билдирет (Эфестиктерге 4:17—19; 1 Жакан 5:19). Дүйнөдөн эмес экенибизди Жахабага жакпаган маанайдан, сөздөрдөн жана жүрүм-турумдан качуу менен көрсөтө алабыз (1 Жакан 2:15—17). Андан тышкары, биз «акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат» деген принципке карманып, ыйык китептик нормалар боюнча жашабагандар менен тыгыз мамилелешпейбиз (1 Корунттуктарга 15:33). Дүйнөдөн болбоо өзүбүздү «бул дүйнөдө таза сактоону» билдирет (Жакып 1:27). Демек, дүйнөдөн обочо болуу деген башка адамдар менен мамилелешүүдөн качууну билдирбейт (Жакан 17:15, 16; 1 Корунттуктарга 5:9, 10).

16, 17. Чындыкты билбегендерге кандай мамиле кылышыбыз керек?

16 Анда Ыйык Китептеги чындыкты билбеген адамдарга кандай мамиле кылышыбыз керек? Пабыл Колоссадагы жыйналышка мындай деп жазган: «Убакыттан пайдаланып, сырттагыларга акыл-эстүүлүк менен мамиле кылгыла. Сөзүңөр туз менен татытылгандай, дайыма жагымдуу болсун, ар бир адамга жооп бере билгиле» (Колосалыктарга 4:5, 6). Элчи Петир мындай деген: «Машайакты жүрөгүңөрдө Теңир катары ыйык туткула. Силердин үмүтүңөр жөнүндө айтып берүүңөрдү сураган ар бир адамга момундук жана кичи пейилдик менен жооп берүүгө дайым даяр болгула» (1 Петир 3:15, «ҮН», 2001). Пабыл Ыйсанын жолдоочуларына: «Эч кимге жаман сөз айтышпасын, жаңжалчыл эмес, жоош болушсун жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылышсын»,— деп кеңеш берген (Титке 3:2).

17 Жахабанын Күбөлөрү катары биз башкаларга орой мамиле кылбайбыз жана бой көтөрбөйбүз. Ошондой эле башка диндеги адамдарга карата кемсинтерлик сөздөрдү колдонбойбуз. Тескерисинче, кабар айтууда бизге үй ээси, кошунабыз же кесиптешибиз орой мамиле кылса да, кордоп сүйлөсө да, биз сылыктыгыбыздан жазбайбыз (Колосалыктарга 4:6; 2 Тиметейге 2:24).

«Уккандарыңды туура сөздүн үлгүсү катары... сакта»

18. Кайрадан жалган динге кетип калгандар рухий жактан кандай аянычтуу абалда болушат?

18 Адам Ыйык Китептеги чындыкты таанып-билгенден кийин кайрадан жалган динге кетип калса, кандай гана өкүнүчтүү болмок! Мунун кесепети тууралуу Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «Алар Теңир жана Куткаруучу Ыйса Машайыкты таанып билүү аркылуу бул дүйнөнүн ыпыластыктарынан качып кутулгандан кийин, кайрадан аларга тутулуп, жеңилип калышса, анда алардын кийинки абалы мурунку абалынан да жаман болот... „Ит өзүнүн кусундусун кайра жей берет. Чочкону канча тазалаба, ал кайра эле балчыкка оонайт“ деген макал аларга туура келет» (2 Петир 2:20—22).

19. Рухийлигибизге коркунуч туудурган нерселерден сак болуу эмне үчүн маанилүү?

19 Биз рухийлигибизге коркунуч туудурган нерселердин баарынан сак болушубуз керек. Андай нерселер чынында көп! Элчи Пабыл: «Рух болсо мындай деп ачык айтып жатат: акыркы убактарда адаштыруучу рухтарга жана жиндердин окутууларына кулак салып, кээ бирөөлөр ишенимден четтешет»,— деп эскерткен (1 Тиметейге 4:1). Биз азыр «акыркы убактарда» жашап жатабыз. Жалган сыйынуудан оолак болбогондор «адамдык амалкөйлүк жана ар кандай азгыруу ыкмасы менен адаштырган ар кандай окутуулардын шамалына айдалышы» мүмкүн (Эфестиктерге 4:13, 14).

20. Жалган диндин зыяндуу таасиринен кантип коргоно алабыз?

20 Өзүбүздү жалган диндин зыяндуу таасиринен кантип коргой алабыз? Жахабанын бизди эмнелер менен камсыз кылып жатканын ойлоп көрсөңөр. Биз Кудайдын Сөзүнө, Ыйык Китепке, ээбиз (2 Тиметейге 3:16, 17). Ошондой эле «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу Жахаба рухий тамакты мол берип келүүдө (Матай 24:45). Рухий жактан өскөн сайын биз жетилген адамдарга таандык болгон «күчтүү тамакка» табит өрчүтүп, рухий чындыктар үйрөтүлгөн жайга келүүгө ынтызар болушубуз керек эмеспи? (Эврейлерге 5:13, 14; Забур 25:8). Эмесе, «уккандарыбызды туура сөздүн үлгүсү катары... сактап», Жахаба караштырган чаралардан толук пайда алууга чечкиндүү бололу (2 Тиметейге 1:13). Ошентип жалган сыйынуудан оолак боло алабыз.

Эмнелерди билдиңер?

• «Улуу Бабыл» деген эмне?

• Жалган динден оолак болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

• Рухийлигибизге эмнелер коркунуч туудурат?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Эмне себептен жалган дин бузуку аял катары сүрөттөлөт?

[19-беттеги сүрөт]

«Улуу Бабыл» кыйроого учурайт.

[21-беттеги сүрөт]

Ишенимибизди бөлүшпөгөндөргө «момундук жана кичи пейилдик менен жооп беребиз».