Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чөмүлтүлө тургандарга коюлган талаптар

Чөмүлтүлө тургандарга коюлган талаптар

Чөмүлтүлө тургандарга коюлган талаптар

«Менин сууга чөмүлдүрүлүүмө кандай тоскоолдук бар?» (Элчилер 8:36).

1, 2. Филип эфиопиялык кызматкерге кантип сөз баштаган жана ал адамдын рухий нерселерге кызыкканы эмнеден көрүнүп турган?

ЫЙСАНЫН өлгөнүнөн бир же эки жылдай өткөндөн кийин, бир кызматкер түштүккө кеткен жол менен Иерусалимден Азага бараткан. Ал араба менен дагы миңдеген километр жол жүрүшү керек болчу. Жүрөгү таза ал киши Иерусалим шаарына Жахабага сыйынуу үчүн Эфиопиядан бери келген эле. Эми артты көздөй тарткан узак сапарында убакытты туура пайдаланып, Кудай Сөзүн окуп бараткан. Бул анын Кудайга чындап ишенгенинен кабар берип турган. Жахаба анын акниет адам экенин байкап, ага периштеси аркылуу Филип аттуу шакиртти кабар айтууга жиберет (Элчилер 8:26—28).

2 Филип үчүн сөз баштоо кыйынга турган эмес, себеби эфиопиялык ал кызматкер колундагы түрмөктү, ошол убакта адат болгондой, үн чыгара окуп бараткан эле. Ошондуктан анын Ышайа жазган пайгамбарлыкты окуп жатканын угуп Филип: «Окуганыңды түшүнүп жатасыңбы?» — деген жөнөкөй эле суроо менен кызыгуусун туудурат. Натыйжада Филип Ышайа 53:7, 8-аяттардагы ойлорду талкуулап, «Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды айтып берет» (Элчилер 8:29—35).

3, 4. а) Эмне себептен Филип эфиопиялык адамды создуктурбай чөмүлдүргөн? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Кыска убакыттын ичинде эфиопиялык адам Кудайдын ой-ниеттеринде Ыйса кандай роль ойноорун жана анын чөмүлтүлгөн жолдоочусу болуу зарыл экенин түшүнөт. Ошондуктан жолдон сууну көргөндө Филиптен: «Менин сууга чөмүлдүрүлүүмө кандай тоскоолдук бар?» — деп сурайт. Албетте, анын жагдайы өзгөчө болгон. Себеби ал жүйүттөрдүн динин эбак кабыл алып, Кудайга сыйынып жүргөн. Андан сырткары, учурдан пайдаланып чөмүлтүлүп албаса, сыягы, ага мындай мүмкүнчүлүктү дагы көпкө күтүүгө туура келмек. Баарынан маанилүүсү, ал Кудайдын андан эмнени талап кыларын түшүнгөндүктөн тийиштүү аракеттерди жасоону каалаган. Филип каалоосун кубаныч менен орундатканда, чөмүлтүлгөн эбнух «кубанган бойдон өз жолун улантып кеткен». Анын өз мекенинде жакшы кабардын ынталуу жарчысы болгону шексиз (Элчилер 8:36—39).

4 Албетте, Кудайга арналууга жана чөмүлтүлүүгө жеңил ойлуулук менен кароо же ал кадамдарды шашылыш жасоо туура эмес. Ошентсе да эфиопиялык кызматкер менен болгон окуя адамдардын Кудай Сөзүндөгү чындыктарды угушканынан көп өтпөй эле чөмүлтүлгөн учурлары болгонун көрсөтүп турат *. Ошондуктан төмөнкү суроолорду карап чыкканыбыз орундуу: чөмүлтүлүүгө кандай даярдык көрүү зарыл? Чөмүлтүлө турган адамдын жашы эске алынышы керекпи? Чөмүлтүлгөнгө чейин адам рухий жактан кандай ийгиликтерди жасашы абзел? Баарынан маанилүүсү, эмне себептен Жахаба өзүнүн кызматчыларынан бул кадамды жасоону талап кылат?

Кудай менен түзүлүүчү келишим

5, 6. а) Жахабанын байыркы эли анын сүйүүсүнө кантип жооп кайтарган? б) Чөмүлтүлгөндөн кийин Жахаба менен канчалык жакын мамиледе боло алабыз?

5 Ысрайыл элин Мисирден бошотуп алгандан кийин Жахаба аларга мээримдүү камкордугуна бөлөнүүнү, анын коргоосун сезип, «энчиси» жана «ыйык эли» болууну сунуш кылган. Бирок андай баталарды алыш үчүн алар Кудайдын сүйүүсүнө белгилүү бир жол менен жооп кайтарууга тийиш болушкан. Ысрайылдыктар ал талапты жана «Теңир эмнени айтса, ошонун баарын аткарууга» макулдугун берип, аны менен келишим түзүшкөн (Чыгуу 19:4—9). Биринчи кылымда Ыйса өзүнүн жолдоочуларына бардык элдерден шакирт даярдоону буйруган жана анын окууларын кабыл алгандар чөмүлтүлүшкөн. Адам Ыйса Машайакка ишеним көрсөтүп, чөмүлтүлгөндөн кийин гана Кудай менен жакшы мамиледе боло алган (Матай 28:19, 20; Элчилер 2:38, 41).

6 Ыйык Китептеги бул билдирүүлөр Жахабага кызмат кылууга убада берип, аны аткаргандар мол баталарды алышарын көрсөтүп турат. Жахабанын баталарына ээ болуу үчүн биз да Ага сөзсүз арналып, чөмүлтүлүшүбүз керек. Биз анын жолдору менен жүрүүгө жана жетекчилигине баш ийүүгө чечкиндүүбүз (Забур 47:15). Жахаба болсо, каймана тил менен айтканда, бизди колубуздан алып, жүрүшүбүз керек болгон жолго салат (Забур 72:23; Ышайа 30:21; 41:10, 13).

7. Эмне себептен арналууга жана чөмүлтүлүүгө байланыштуу чечимди өзүбүз чыгарышыбыз керек?

7 Бул кадамдарды жасоого бизге Жахабага болгон сүйүү жана ага кызмат кылууну каалоо түрткү бериши керек. Кимдир бирөө Ыйык Китепти изилдегенибизге көп убакыт болуп калганын айткандыктан же досторубуз чөмүлтүлүп жаткандыктан эле чөмүлтүлгөнүбүз туура эмес. Ооба, ата-энебиз же жетилген ишенимдештерибиз Кудайга арналуу жана чөмүлтүлүү жөнүндө ойлонууга үндөшү ыктымал. Алсак, элчи Петир Элүүнчү күн майрамында аны уккандарды «чөмүлдүрүлүүгө» чакырган (Элчилер 2:38). Анткен менен арналуу — бул жеке ишибиз, ал кадамды биз үчүн эч ким жасай албайт. Кудайдын эркин аткарууга байланыштуу чечимди өзүбүз чыгарышыбыз керек (Забур 39:9).

Чөмүлтүлүүгө тийиштүү даярдык көрүү

8, 9. а) Эмне себептен ымыркайлардын чөмүлтүлүүсү Ыйык Китепке каршы келет? б) Чөмүлтүлгөнгө чейин балдар рухий жаткан кандай ийгиликтерди жасашы керек?

8 Балдар Ыйык Китептен алган билиминин негизинде Кудайга арнала алабы? Ыйык Жазмада чөмүлтүлө турган адамдын жашына карата чек коюлбайт. Ошентсе да ымыркайлар Ыйсанын жолун жолдой, ишеним көрсөтө жана Кудайга арнала алышпайт (Элчилер 8:12). Тарыхчы Август Неандер өзүнүн бир китебинде Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары жөнүндө мындай деп жазган: «Чөмүлтүлүү алгач чоң адамдар үчүн караштырылган, себеби алар гана чөмүлтүлүүнүн маанисин түшүнүп, ишеним көрсөтө алышкан» («General History of the Christian Religion and Church»).

9 Балдарды ала турган болсок, айрымдары салыштырмалуу жаш курагында эле кандайдыр бир деңгээлде рухийлигин өрчүтө алышса, башкаларына көбүрөөк убакыт талап кылынат. Кандай болбосун, чөмүлтүлгөнгө чейин алар, чоң адамдардан талап кылынгандай, Жахаба менен өз ара мамиле өрчүтүшү, Ыйык Китептеги негизги окууларды жана арналуунун маанисин айкын-так түшүнүшү керек.

10. Арналып, чөмүлтүлгөнгө чейин адам эмне кылышы керек?

10 Ыйса жолдоочуларына башкаларга өзү айткандардын баарын үйрөтүүнү буйруган (Матай 28:20). Андыктан адам, эң алды, чындык тууралуу так билим алышы зарыл, ошондо Жахабага жана анын Сөзүнө болгон ишенимин өрчүтө алат (Римдиктерге 10:17; 1 Тиметейге 2:4; Эврейлерге 11:6). Андан соң ыйык китептик чындыктар жүрөгүнө жеткенде, ал өкүнүүгө жана жашоосун өзгөртүүгө түрткү алат (Элчилер 3:19). Акыр-аягы анда, Ыйсанын буйругуна баш ийип, өзүн Жахабага арноого жана чөмүлтүлүүгө каалоо пайда болот.

11. Эмне себептен чөмүлтүлгөнгө чейин эле кабар айтуу кызматына үзгүлтүксүз катышуу маанилүү?

11 Чөмүлтүлгөнгө чейин эле Падышалык тууралуу кабарды таратууга катышуу да маанилүү. Кабар айтуу иши — Жахаба өз элине азыркы акыркы күндөрдө аткарууну буйруган негизги иш (Матай 24:14). Ошондуктан чөмүлтүлбөгөн жарчылар башкаларга өз ишеними жөнүндө айтуудан кубаныч таба алышат. Бул аларга чөмүлтүлгөндөн кийин да кабар айтуу кызматына үзгүлтүксүз жана жигердүү катышууга жардам берет (Римдиктерге 10:9, 10, 14, 15).

Чөмүлтүлүүңө бир нерсе тоскоолдук кылабы?

12. Эмне себептен айрымдар чөмүлтүлүүдөн коркот?

12 Кээ бирөөлөр чөмүлтүлүү менен келүүчү жоопкерчиликти алууну каалабагандыктан бул кадамды жасоодон карманышы мүмкүн. Алар Жахаба бекиткен нормаларга жооп берүү үчүн жашоолорунда белгилүү өзгөрүүлөрдү жасоо керектигин түшүнүшөт. Дагы бирөөлөрү чөмүлтүлгөндөн кийин Кудайдын талаптарын бузбай жашоо оңой эмес деп ойлогондуктан коркушу ыктымал. Айрымдар атүгүл: «Бир күнү туура эмес иш жасап алсам, жыйналыштан чыгарылып калам»,— деп ой жүгүртүшү мүмкүн.

13. Ыйсанын күндөрүндө айрымдар эмне себептен аны жолдошкон эмес?

13 Биринчи кылымда айрымдар жеке кызыкчылыктары менен үйбүлөлүк милдеттерин жогору коюшкандыктан Ыйсаны жолдоону каалашкан эмес. Мисалы, бир адам Ыйсага: «Сен кайда барсаң да, мен Сенин артыңдан барам»,— деп айткан. Анда Ыйса өзүнүн көп учурда баш калкалаар жайы да жок болорун баса белгилеген. Кийинчерээк Ыйса дагы бир адамды өзүн жолдоого чакырганда, ал адегенде атасын «көргө коюп» келиши керектигин айткан. Сыягы, ал Ыйсаны жолдоого караганда, үйдө калып, атасы өлгөнгө чейин күтүүнү артык көргөн. Бул да шылтоо болгон, себеби ал өзү сөз кылган милдетин учуру келгенде деле аткара алмак. Дагы бирөө Ыйсага анын жолун жолдоодон мурун үйүндөгүлөрү менен «коштошуп» келүүсү зарыл экенин айткан. Ыйса мындай создуктурууну «артка кылчактоо» менен салыштырган. Мындан Ыйсанын жолдоочусу катары жоопкерчиликти алуудан баш тарткандар өзүлөрүн актоо үчүн дайыма шылтоо табышары көрүнүп турат (Лука 9:57—62).

14. а) Ыйса Петирди, Андрейди, Жакыпты жана Жаканды «адам кармоочу» болууга чакырганда, алар кандай жооп кайтарышкан? б) Эмне себептен Ыйсанын моюнтуругун даярдуулук менен кабыл алышыбыз керек?

14 Андай адамдардан айырмаланып, Петир, Андрей, Жакып жана Жакан бул жагынан таптакыр башкача маанай көрсөтүшкөн. Ыйса аларды өзүн ээрчүүгө жана «адам кармоочу» болууга чакырганда, Ыйык Китепте айтылгандай, «алар ошол замат торлорун таштап, Аны ээрчип жөнөшкөн» (Матай 4:19—22). Создуктурбай иш-аракет кылышкандыктан алар Ыйсанын кийинчерээк айткан төмөнкү сөздөрүнүн калетсиздигин өз тажрыйбаларынан көрүшкөн: «Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Менин моюнтуругум жакшы, жүгүм жеңил» (Матай 11:29, 30). Чөмүлтүлүү жоопкерчилик артса да, Ыйса ал жоопкерчиликтин жакшы жана адам көтөрө алгыдай, ошондой эле жан сергитерлик болоруна ынандырган.

15. Муса менен Жеремиянын жашоосу Жахабанын жардамына таянууга болорун кандайча көрсөтүп турат?

15 Албетте, чөмүлтүлүү менен артылган жоопкерчиликти көтөрө албайм деп кабатырлануу — табигый нерсе. Муса да, Жеремия да Жахаба тапшырган ишти аткара алышарына шектенишкен (Чыгуу 3:11; Жеремия 1:6). Бирок Жахаба аларды кантип бекемдеген? Ал Мусага: «Мен сени менен болом»,— деген. Жеремияга болсо: «Сени куткаруу үчүн, Мен сени мененмин»,— деп убадалаган (Чыгуу 3:12; Жеремия 1:8). Биз да Кудайдын жөлөп-таярына толук ишенсек болот. Кудайга болгон сүйүү жана ага таянуу арналуубузга ылайык жашай алар-албасыбызга байланыштуу күмөн саноолордун баарын жеңүүгө жардам берет. Элчи Жакан: «Сүйүүдө коркунуч жок... Жеткилең сүйүү коркунучту жок кылат»,— деп жазган (1 Жакан 4:18). Кичинекей бала жалгыз баратканда коркушу мүмкүн, бирок атасынын колун кармап баратса өзүн ишенимдүү сезет. Анын сыңарындай, Жахабага бүт жүрөгүбүз менен таянсак, анын жанында басып бараткандай болобуз, себеби ал бизди, өзү убада кылгандай, туура жолго багыттайт (Накыл сөздөр 3:5, 6).

Өзгөчө учур

16. Эмне себептен чөмүлтүлгөндө адам сууга толук чумкутулат?

16 Чөмүлтүлүүнүн алдында, адатта, Ыйык Китептин негизинде баяндама айтылат. Анда бул кадамдын мааниси түшүндүрүлөт. Аягында болсо, чөмүлтүлө тургандар ишенимдерин эл алдында билдирүү үчүн эки суроого жооп берүүгө чакырылат (Римдиктерге 10:10; 24-беттеги кутучаны карагыла). Андан кийин, Ыйса калтырган үлгүгө ылайык, сууга чумкутулуп чыгышат. Ыйык Китепте Ыйсанын чөмүлтүлгөндөн кийин «суудан чыкканы» тууралуу айтылат (Матай 3:16; Марк 1:10). Чөмүлдүрүүчү Жакандын Ыйсаны сууга толук чумкутканы айкын *. Толук чумкутулуу жашообузда чоң өзгөрүү болгонун, каймана мааниде айтканда, мурунку жашообуз үчүн өлүп, Кудайга кызмат кылуу үчүн жаңы жашоо баштаганыбызды билдирет.

17. Чөмүлтүлө тургандар да, башкалар да анын маанилүү кадам экенин түшүнүшкөнүн кантип көрсөтө алышат?

17 Чөмүлтүлүү өткөрүлө турган убак — олуттуу да, кубанычтуу да учур. Ыйык Китепте Ыйсанын Жакан тарабынан Иордан дарыясында чөмүлтүлүп жатканда тиленгени айтылат (Лука 3:21, 22). Андыктан чөмүлтүлө турган адам бул учурда өзүн өзгөчө үлгүлүү алып жүрүүгө тийиш. Көңүл бурарлык дагы бир нерсе, Ыйык Китепте биз күндөлүк жашообузда уят-сыйыттуулукту чагылдырган кийимдерди кийүүгө үндөлөбүз. Анда чөмүлтүлгөн күнү бул кеңешке ылайык иш кылуу ого бетер маанилүү эмеспи?! (1 Тиметейге 2:9). Чөмүлтүлүүгө карата айтылган атайын баяндаманы кунт коюп угуу жана чөмүлтүлүү жүргүзүлүп жатканда тартипти сактоо менен башкалар да бул кадамдын зор мааниге ээ экенин түшүнүшкөнүн көрсөтө алышат (1 Корунттуктарга 14:40).

Кудайдын чөмүлтүлгөн кызматчылары алчу баталар

18, 19. Чөмүлтүлгөндөн кийин кандай баталарды алабыз?

18 Кудайга арналып, чөмүлтүлгөндөн кийин биз анын өзгөчө үйбүлөсүнө кошулабыз. Жахаба биздин Атабыз жана Досубуз болот. Мурун Кудай менен эч кандай байланышыбыз жок болсо, бул кадамды жасагандан кийин аны менен тыгыз мамиле өрчүтөбүз (2 Корунттуктарга 5:19; Колосалыктарга 1:20). Андан сырткары, Ыйсанын курмандыгынын негизинде биз Кудайга жакындайбыз, ал да бизге жакындайт (Жакып 4:8). Малахия пайгамбар Жахаба анын ысмын колдонгондорго жана ал ысым менен аталгандарга көңүл бурарын, аларды угарын, ошондой эле алардын атын өзүнүн «эстелик китебине» жазарын айткан. «Алар Меники болот,— дейт Кудай.— Адам өзүнө кызмат кылган уулуна кандай ырайым кылса, Мен да аларга ошондой ырайым кылам» (Малахия 3:16—18).

19 Чөмүлтүлүү менен биз бүткүл дүйнөлүк биртуугандыкка мүчө болобуз. Элчи Петир Ыйсадан аны жолдоодо жасаган курмандыктары үчүн адам кандай баталарды аларын сураганда, Ыйса: «Менин ысымым үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, аялын же балдарын, же өз жерин таштаган адам жүз эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт»,— деп убада берген (Матай 19:29). Бир нече жылдан кийин Петир «дүйнөнүн ар тарабындагы бир туугандары» жөнүндө жазган. Ал сүйүүсү артып турган биртуугандыктын жардамын көрүп, анын чынында эле бата экенин өз тажрыйбасынан билген. Биз да муну сезип, көрө алабыз (1 Петир 2:17; 5:9).

20. Чөмүлтүлүү кандай келечекке жол ачат?

20 Мындан сырткары, Ыйса жолдоочуларынын «түбөлүк өмүрдү мурасташарын» айткан. Ооба, Кудайга арналуу жана чөмүлтүлүү менен биз анын жаңы заманында боло турган түбөлүк өмүргө, «чыныгы» өмүргө, жетүүгө үмүттөнө алабыз (1 Тиметейге 6:19, «ЖД»). Өзүбүздүн жана үйбүлөбүздүн келечеги үчүн мындан артык кандай пайдубал кура алат элек?! Бул бизге «кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин атынан» жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет (Михей 4:5).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Элүүнчү күн майрамында Петирди уккан үч миң адам, жүйүттөр менен прозелиттер, дароо чөмүлтүлүшкөн. Албетте, эфиопиялык эбнухка окшоп, алар да Кудай Сөзүндөгү негизги окуулар менен принциптерди мурун эле билишчү (Элчилер 2:37—41).

^ 16-абз. Чөмүлтүлүү деп которулган baʹpti·sma деген грек сөзү, бир сөздүккө ылайык, «чумкутулууну, тактап айтканда, сууга толук кирип, кайра чыгууну» билдирет («Vine’s Expository Dictionary of New Testament Words»).

Түшүндүрүп бере аласыңарбы?

• Жахабанын сүйүүсүнө эмне себептен жана кантип жооп кайтарышыбыз керек?

• Чөмүлтүлгөнгө чейин адам рухий жактан кандай ийгиликтерди жасашы керек?

• Коркуу сезиминен улам же жоопкерчиликтерди алууну каалабагандыктан чөмүлтүлбөй коюу эмне себептен туура эмес?

• Ыйсанын чөмүлтүлгөн жолдоочулары кандай өзгөчө баталарды алышат?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Чөмүлтүлүү учуру олуттуу да, кубанычтуу да.