Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепти түшүнүү Ан үчүн эмне зарыл?

Ыйык Китепти түшүнүү Ан үчүн эмне зарыл?

Ыйык Китепти түшүнүү Ан үчүн эмне зарыл?

«МУНУ акылдуулардан, эстүүлөрдөн жашырып, балдарга ачып бергендигиң үчүн, Сени даңктаймын» (Лука 10:21). Ыйсанын асмандагы Атасына айткан бул сөздөрү Ыйык Китепти түшүнүү үчүн туура маанайга ээ болушубуз керектигин көрсөтүп турат. Жахабанын үйрөнүүгө ынтызар жана момун адамдар гана түшүнө ала турган китепти тартуу кылганы анын акылмандыгынан кабар берет.

Момундукту чагылдыруу көбүбүз үчүн оңойго турбайт. Баарыбыз эле табиятыбыздан бойкөтөрчөөк келебиз. Андан сырткары, биз «акыркы убакта» «өзүн өзү сүйүүчү... кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн» адамдардын арасында жашап жатабыз (2 Тиметейге 3:1—4). Дүйнөдө өкүм сүргөн мындай маанай Кудайдын Сөзүн түшүнүүгө тоскоолдук кылат. Тилекке каршы, тегеректегилер кандайдыр бир деңгээлде баарыбызга таасир этет. Анда Ыйык Китепти түшүнүүгө өбөлгө түзгөн маанайга кантип ээ боло алабыз?

Жүрөгүбүз менен акылыбызды даярдоо маанилүү

Кудайдын байыркы элинин жолбашчысы Эзра «өзүнүн жүрөгүн Теңирдин мыйзамын изилдөөгө» даярдаган (Эзра 7:10). Жүрөгүбүздү кантип даярдай алабыз? Адегенде Ыйык Жазмага карата туура көзкарашта болуу зарыл. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Биз жарыялаган Кудай Сөзүн... адамдын сөзү катары эмес, Кудай Сөзү катары кабыл алдыңар, чынында эле бул — Кудай Сөзү»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктарга 2:13). Ыйык Жазманы жаздырууда Кудай адамдарды колдонсо да, алар өздөрүнүн эмес, Жахабанын ойлорун жазышкан. Ушуну эске алсак, бул бизге Ыйык Китептен окугандарыбызды жан-дилден кабыл алууга жардам берет (2 Тиметейге 3:16).

Жүрөгүбүздү Кудайга тиленүү менен да даярдай алабыз. Ыйык Китеп Кудайдын рухунун жетеги менен жазылгандыктан, анын маанисин түшүнүү үчүн ыйык рухтун жардамы керек. Ошондуктан Кудайга ыйык рух сурап тиленишибиз кажет. Забурчунун Жахабага ошондой өтүнүч менен кайрылганына көңүл бурсаңар: «Мени акылга келтир, ошондо мен Сенин мыйзамыңды сактайм, аны бүт жүрөгүм менен аткарам» (Забур 118:34). Биз окугандарыбызды түшүнүү жөнүндө эле эмес, аларды жүрөгүбүз менен кабыл алуу тууралуу да тиленишибиз керек. Ыйык Китепти түшүнүү үчүн, чындыкты кабыл алууга даяр болушубуз зарыл.

Туура маанайга ээ болууга умтулууда Ыйык Китепти изилдөөнүн кандай пайдасы бар экенин ойлогонубуз дурус. Кудайдын Сөзүн окууга көптөгөн себептер бар. Алардын маанилүүсү — Ыйык Жазма аркылуу биз Кудайга жакындайбыз (Жакып 4:8). Жахабанын ар кандай жагдайларда эмне кыларын, аны сүйгөндөрдү канчалык баалаарын жана аны таштап кеткендерге кандай мамиле жасаарын окуганда, анын чынында кандай Кудай экенин таанып-билебиз. Ыйык Китепти окууда биз дайыма Кудай менен жакшыраак таанышууга жана аны менен болгон мамилебизди бекемдөөгө умтулушубуз керек.

Туура маанайга ээ болууга эмнелер тоскоолдук кылат?

Кудай Сөзүн түшүнүүгө кандай тоскоолдуктар бар? Алардын бири — берилгендиктин орунсуз түрдө көрсөтүлүшү. Мисалы, белгилүү бир адамдардын көзкараштарын жана айткан пикирлерин бедел тутуп алышыбыз ыктымал. Бирок алар Кудай Сөзүндөгү чындыкты баалабасачы? Андай учурда Ыйык Китептин чыныгы маанисин түшүнүү кыйынга турушу мүмкүн. Ошондуктан Ыйык Жазма бизди мурун үйрөнүп-билгендерибизди кылдат текшерүүгө үндөйт (1 Тесалоникалыктарга 5:21).

Ыйсанын апасы Мариямга ошондой тоскоолдукту жеңүүгө туура келген. Ал жүйүттөрдүн салттары боюнча тарбияланган. Мариям Мусанын мыйзамын так аткарып, дайыма синагогага барып турган. Кийинчерээк ал ата-энеси өмүр бою тутуп келген сыйынуунун Кудайга жакпаарын түшүнгөн. Натыйжада Мариям Ыйсанын окуусун кабыл алып, биринчи кылымдагы жыйналыштын алгачкы мүчөлөрүнөн болуп калган (Элчилер 1:13, 14). Бул ата-энесине же алардын салт-санааларына урмат-сый көрсөтпөгөндүккө жаткан эмес, тескерисинче, Кудайга сүйүү көрсөткөндүк болгон. Ыйык Китепти түшүнүп, андан толук пайда алуу үчүн, кимдир бирөөгө эмес, Мариям сыяктуу, Кудайга берилгендик көрсөтүшүбүз керек.

Тилекке каршы, көптөгөн адамдар Ыйык Китептеги чындыкты баалабайт. Кээ бирөөлөр жалган диндин каада-салттарына карманып жашаганына ыраазы. Башкалары сөздөрү же жашоо мүнөзү менен чындыкка кошкөңүл экенин көрсөтүшөт. Чындыкты кабыл алууда кыйынчылыктарга даяр болуу зарыл. Досторубуз, кошуналарыбыз, бирге иштегендерибиз, атүгүл үйдөгүлөрүбүз менен пикир келишпестиктер болушу мүмкүн (Жакан 17:14). Ошентсе да даанышман падыша Сулайман: «Чындыкты сатып ал да, аны сатпа»,— деп жазган (Накыл сөздөр 23:23, МАК). Эгер чындыкты жогору бааласак, Жахаба бизге Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берет.

Ыйык Китептин маанисин түшүнүүгө тоскоолдук кыла турган дагы бир нерсе — анда айтылгандарды колдонууну каалабагандык. Ыйса шакирттерине: «Силерге Асман Падышачылыгынын сырларын таанып билүү мүмкүнчүлүгү берилди, аларга болсо берилген жок. Анткени бул элдин көкүрөгү сокур болуп калган, кулагын жаап, көзүн жуумп алган»,— деп айткан (Матай 13:11, 15). Ыйсанын кабарына адамдардын көбү кошкөңүл карап, жашоолорун өзгөрткүсү келген эмес. Алар Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы соодагерден кандай гана айырмаланат! Ал соодагер кымбат баалуу бермет тапкан соң, колунда болгондун баарын сатып, берметти сатып алган. Ыйык Китептеги чындыкты биз да жогору баалашыбыз керек (Матай 13:45, 46).

Үйрөнүүгө даяр болуунун маанилүүлүгү

Ыйык Китепти түшүнүү үчүн дагы бир чоң тоскоолдукту жеңүү керек, атап айтканда, үйрөнүүгө даяр болуу зарыл. Кээ бирөөлөр коомдогу абалы төмөн адамдардан бир нерсеге үйрөнүүнү каалабашы мүмкүн. Бирок Ыйса Машайактын элчилери «окубаган, жөнөкөй адамдардан» болгон (Элчилер 4:13). Мунун себебин түшүндүрүп элчи Пабыл мындай деп жазган: «Кудай тарабынан чакырылып алынган бир туугандар, өзүңөрдүн ким экениңерди карап көргүлөчү: бир азыңар эле акылдуусуңар, бир азыңар эле күчтүүсүңөр, бир азыңар эле тектүү жерден чыккансыңар. Акылдууларды уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн акылсыздарын тандап алды. Күчтүүлөрдү уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн алсыздарын тандап алды» (1 Корунттуктарга 1:26, 27). Эгер абалы өзүбүздүкүнөн төмөн болгон адамдан окуп-үйрөнүү кыйынга турса, Кудай аны тек гана куралы катары колдонуп жатканын эсибизден чыгарбайлы. Анткени билимди чындыгында «Улуу Насаатчыбыз» Жахаба өзү берүүдө. Бул кандай зор сыймык! (Ышайа 30:20, «ЖД»; Ышайа 54:13).

Мисалы, Сириянын аскер башчысы Нааманга абалы аныкынан төмөн турган адамдын көрсөтмөсүн кабыл алуу кыйын болгон. Пес оорусунан айыгууну каалаган Нааман Жахабанын пайгамбары Элишага барган. Пайгамбар кызматчысы аркылуу ага айыгуу үчүн эмне кылышы керектигин айткан. Бул Наамандын намысына тийгендиктен, ал адегенде пайгамбардын сөзүн угуудан баш тарткан. Кийинчерээк ал маанайын өзгөрткөн да, оорусунан айыккан (2 Падышалар 5:1, 9—14). Биз да Ыйык Китепти окуганда ошондой кыйынчылыкка кабылышыбыз мүмкүн. Рухий жана адеп-ахлактык жактан айыгуу үчүн, жаңыча жашоо өткөрүү зарыл экенин түшүнүшүбүз ыктымал. Ушундай учурда момундук көрсөтүп, кимдир бирөөдөн керектүү нерселерге үйрөнүүнү каалайбызбы? Үйрөнүүгө ынтызар болгон адамдар гана Ыйык Китепти түшүнүүдөн кубаныч ала алышат.

Эфиопиялыктардын аял падышасы Кандакиянын жогорку даражалуу төрөсү бул жагынан жакшы маанай көрсөткөн. Ал Африкага ат арабасы менен кайтып баратканда, шакирт Филип катарлаш чуркап, аны менен маектешкен. Филип андан окугандарын түшүнөр-түшүнбөсүн сураган. Төрө момундук менен: «Мага бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» — деп жооп берген. Кудайдын Сөзүн толугу менен түшүнгөн соң ал адам чөмүлтүлгөн. Андан кийин «кубанган бойдон өз жолун уланткан» (Элчилер 8:27—39).

Жахабанын Күбөлөрү — жалпы жонунан, жөнөкөй адамдар. Алар жума сайын алты миллиондой адам менен ыйык китептик изилдөө өткөрүшөт. Ыйык Китепте канткенде бактылуу болорубуз көрсөтүлгөндүктөн, адамзат кандай үмүткө ээ экени түшүндүрүлгөндүктөн, ошондой эле ал Кудай менен таанышууга жардам бергендиктен, миллиондогон адамдар аны изилдөөдөн жана түшүнүүдөн зор ырахат алып жатышат. Сизге да Кудайдын Сөзү кубаныч тартуулары шексиз.

[7-беттеги сүрөт]

Нааманга абалы өзүнүкүнөн төмөн кызматчынын көрсөтмөлөрүн кабыл алуу кыйын болгон.

Ыйык Китепти түшүнүү жүрөгүбүздү козгойт.