Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепти түшүнүү кубаныч тартуулайт

Ыйык Китепти түшүнүү кубаныч тартуулайт

Ыйык Китепти түшүнүү кубаныч тартуулайт

ЫЙЫК КИТЕП — Кудай жөнүндөгү баа жеткис чындыктардын кенчи. Ал бизге адамзаттын келечеги кандай болорун, жашоонун маңызы эмнеде экенин жана азап-кайгылардын себебин түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле анда бактылуу болуунун, чыныгы досторду табуунун, кыйынчылыктарды ийгиликтүү чечүүнүн жолу көрсөтүлөт. Андан да маанилүүсү, Ыйык Китептен Жаратканыбыз, асмандагы Атабыз Жахаба жөнүндө биле алабыз. Мындай билим бизге кубаныч тартуулап, жашообузду маңыздуу кылат.

Ыйык Китепте Кудай жөнүндө билим алуу тамактанууга салыштырылат. Ыйса: «Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деп айткан (Матай 4:4; Эврейлерге 5:12—14). Жашоо үчүн күнүгө жакшы тамактануу зарыл болгондой эле, Кудай убадалаган түбөлүк өмүргө жетүү үчүн Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окуу абдан маанилүү.

Биз тамак ичүүдөн кандайдыр бир ырахат алабыз, анткени ошондой муктаждык менен жаратылганбыз. Бирок чындап бактылуу болууну кааласак, дагы бир муктаждыгыбызды канааттандырышыбыз зарыл. Ыйса: «Рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу»,— деген (Матай 5:3, «ЖД»). Рухий муктаждыгыбызды Кудай Сөзүн түшүнүү менен канааттандырсак, чындап бактылуу болобуз.

Айрымдар Ыйык Китепти түшүнүү кыйын деп эсептешет. Мисалы, тааныш эмес салттардын жана каймана мааниде колдонулган сөз айкаштарынын маанисин билүү үчүн, кимдир бирөөнүн жардамы керек болушу мүмкүн. Ошо сыяктуу эле, Ыйык Китептеги каймана тил менен жазылган пайгамбарлыктарды ошол темага байланыштуу башка аяттарга кайрылуу менен гана түшүнүүгө болот (Даниел 7:1—7; Аян 13:1, 2). Анткен менен Ыйык Китепти ар бир адам түшүнө алат. Буга эмне үчүн шектенбесек болот?

Бардыгына кубаныч тартуулайт

Ыйык Китеп — Кудайдын Сөзү. Ал аркылуу Жахаба бизге өзүнүн эркин билдирет. Кудай өзү жаздырган китептин түшүнүксүз болушун же жогорку билимдүү адамдардын гана түшүнүшүн каалайбы? Албетте, жок. Жахаба андай катаал Кудай эмес. Ыйса Машайак мындай деген: «Араңардагы кандай ата баласы нан сураса, таш берсин? Же балык сураса, жылан берсин? Же жумуртка сураса, чаян берсин? Демек, силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берери анык» (Лука 11:11—13). Ошондуктан Ыйык Китепти түшүнө аларыбызга жана Кудайдан чын жүрөктөн сурансак, ал бизге Өзүнүн Сөзүн ачып берерине шектенбесек болот. Ыйык Жазмадагы негизги окууларды атүгүл балдар да түшүнө алат! (2 Тиметейге 3:15).

Кудайдын Сөзүн түшүнүү үчүн күч-аракет жумшоо талап кылынса да, мунун акыбети кайтпай койбойт. Тирилтилгенден кийин Ыйса эки шакиртине көрүнүп, Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын кандайча аткарылганын айтып берген. Бул тууралуу Лука мындай деп жазат: «Аларга „Тоорат“, „Пайгамбарлар“ жана „Жазмалар“ китептеринде Өзү тууралуу айтылгандардын баарын түшүндүрүп берди». Натыйжасы кандай болгон? Ошол кечте угуп-билгендери жөнүндө ой жүгүртүп жатып, шакирттер бири-бирине: «Ал жолдо бизге сүйлөп келе жатканда, бизге Ыйык Жазууну түшүндүрүп берип жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле?» — деп айтышкан (Лука 24:13—32). Кудай Сөзүн түшүнгөндө ал эки шакирттин Жахабанын убадаларына болгон ишеними бекемделип, келечекке оң көзкараш менен кароого түрткү алышкан

Кудай Сөзүн түшүнүү колдон келбес иш эмес. Аны изилдөө ары кызыктуу, ары пайдалуу жана андан, даамдуу тамак жеген сыяктуу, ырахат алабыз. Кудай Сөзүн окуудан кубаныч алуу үчүн эмне кылышыбыз керек? Муну кийинки макаладан биле алабыз (Накыл сөздөр 2:1—5).

[4-беттеги сүрөт]

Мээримдүү ата сыяктуу, Жахаба бизге Ыйык Китепти түшүнүүгө ыйык руху менен жардам берет.