Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба койчуларды өзүнүн оторуна кам көрүүгө даярдайт

Жахаба койчуларды өзүнүн оторуна кам көрүүгө даярдайт

Жахаба койчуларды өзүнүн оторуна кам көрүүгө даярдайт

«Акылмандыкты Теңир берет. Анын оозунан билим менен акыл чыгат» (Накыл сөздөр 2:6).

1, 2. Чөмүлтүлгөн ага-инилер кошумча милдеттерди аткарууга эмне үчүн умтулушат?

«АКСАКАЛ болуп дайындалганда төбөм көккө жете сүйүнгөм,— дейт жети жылдан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Ник.— Бул ардактуу милдетти мен Жахабага болгон кызматымды кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүгү катары кабыл алгам. Кудай мага көптөгөн жакшылыктарды кылгандыктан, ага ыраазычылыгымды билдирүүнү каалагам. Андан тышкары, башка аксакалдар мага кандай жардам берсе, мен да жыйналыштагыларга ошондой жардам берип, бүт күчүмдү жумшагым келди». Бирок анын жүрөгүндө кубаныч эле эмес, тынчсыздануу да болгон. «Дайындоо келгенде мен 30га да чыга элек болчумун,— деп сөзүн улайт Ник.— Ошондуктан жыйналышка жакшы койчу болгудай кыраакылыкка, акылмандыкка ээ эмесмин деп кыжалат болгом».

2 Жахабанын оторуна кам көрүүгө дайындалган биртуугандарда кубанууга себептер көп. Бир себебин элчи Пабыл эфестик аксакалдардын эсине салып, Ыйсанын: «Алганга караганда берген жакшы»,— деген сөздөрүн кайталаган (Элчилер 20:35). Чөмүлтүлгөн ага-инилер кызмат жардамчысы же аксакал болуп дайындалгандан кийин Жахабага жана жыйналышка көбүрөөк «бере» алышат. Мисалы, кызмат жардамчылары аксакалдарга жардамдашып, жыйналышта ар кандай тапшырмаларды аткарышат жана буга көп убакыт жумшашат. Бул биртуугандар өздөрүнүн баалуу кызматын Кудайды жана жакындарын сүйгөндүктөн аткарып жатышат (Марк 12:30, 31).

3. Кээ бирөөлөр жыйналыштагы кошумча жоопкерчиликтерге эмне үчүн умтулбашы мүмкүн?

3 Ыйсанын жолдоочусу өзүн жөндөмсүз деп эсептеп, кызмат жардамчысы жана аксакал болуп кызмат кылууга умтулбай жүрсөчү? Никке окшоп, ал жакшы койчу болууга шык-жөндөмүм жок деген ойдо болушу мүмкүн. Чөмүлтүлгөн эркек биртууган болсоң, сага да ошондой ойлор келеби? Кандайдыр бир деңгээлде мунун жөнү бар. Дайындалган койчулар оторго жасаган мамилеси үчүн Жахабанын алдында жооп беришет. Ыйса: «Кимге көп берилсе, андан көп талап кылынат; кимге көп ишенип тапшырылса, андан көп суралат»,— деп айткан (Лука 12:48).

4. Жахаба өз койлоруна кам көрүүгө дайындалган адамдарга кантип жардам берет?

4 Жахаба кызмат жардамчысы же аксакал болуп дайындалгандарды кошумча жүктү көтөрүүдө жардамсыз калтырабы? Жок. Кудай аларга колдоо көрсөтүп, милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жардам берет. Мурунку макалада айтылгандай, Жахаба жоопкерчиликтүү биртуугандарга ыйык рухун берет. Рухтун жемиши болсо аларга жыйналыш мүчөлөрүнө назиктик менен кам көрүүгө көмөк кылат (Элчилер 20:28; Галатиялыктарга 5:22, 23). Андан тышкары, Жахаба аларга акылмандык, билим жана кыраакылык берет (Накыл сөздөр 2:6). Кандайча? Келгиле, Жахабанын өз койлоруна кам көрүүгө дайындалган адамдарды кайсы үч жол менен окутуп-үйрөтөрүн карап чыгалы.

Тажрыйбалуу койчулардан үйрөнүшөт

5. Эмне себептен Петир менен Жакан мыкты койчулардан болушкан?

5 Петир менен Жакан Синедриондун алдында турганда, дүйнөнүн көзкарашы боюнча акылдуу деп эсептелген сот мүчөлөрү бул эки элчиге «окубаган, жөнөкөй адамдар» деп баа беришкен. Албетте, элчилер окуганды да, жазганды да билишкен, бирок алар атайын диний окуу жайларын бүтүрүшкөн эмес эле. Анткен менен Петир, Жакан жана башка шакирттер чебер окутуучулардан болушкан. Ошол себептен аларды уккан көп адамдар Ыйсанын жолун жолдоого түрткү алган. Бул карапайым шакирттер кантип мыкты окутуучулардан боло алышкан? Сот Петир менен Жаканды уккандан кийин «алардын Ыйса менен бирге жүргөндүгүн» баамдаган (Элчилер 4:1—4, 13). Элчилерге ыйык рух жардам берген (Элчилер 1:8). Андан тышкары, аларды Ыйса окутуп-үйрөткөн. Муну рухий жактан сокур соттор да түшүнгөн. Ыйса жерде жүргөндө элчилерин кой мүнөздүү адамдарды чогултууга эле эмес, аларды кайтарууга да үйрөткөн (Матай 11:29; 20:24—28; 1 Петир 5:4).

6. Башкаларды окутуп-үйрөтүүдө Ыйса менен Пабыл кандай үлгү көрсөтүшкөн?

6 Тирилгенден кийин Ыйса койчу болуп дайындалгандарды окутуп-үйрөтүүсүн уланткан (Аян 1:1; 2:1—3:22). Мисалы, ал Пабылды өзү тандап алып, анын окутулушуна кам көргөн (Элчилер 22:6—10). Пабыл үйрөнгөндөрүн жогору баалап, алган билимин башка аксакалдар менен бөлүшкөн (Элчилер 20:17—35). Маселен, ал Тиметейдин «уятка калбаган» кызматчы болуп чыгышын көздөп, аны окутууга көп убакыт, күч-аракет жумшаган (2 Тиметейге 2:15). Экөөнүн ортосунда ынактык сезими пайда болгон. Мурунураак Пабыл Тиметей жөнүндө: «Жакшы Кабар таратуу ишинде ал мага уулу атасына кызмат кылгандай кызмат кылды»,— деп жазган (Филипиликтерге 2:22). Пабыл Тиметейди же башка бирөөнү өзүнө шакирт кылууга умтулган эмес. Тескерисинче, ал ишенимдештерин: «Мен Машайактан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла»,— деп үндөгөн (1 Корунттуктарга 11:1).

7, 8. а) Ыйсаны жана Пабылды тууроо менен аксакалдар жакшы натыйжаларга жете аларын кайсы мисал көрсөтүп турат? б) Аксакалдар болочок кызмат жардамчыларын жана аксакалдарды окутуп-үйрөтүүнү качан башташы керек?

7 Ыйса менен Пабылга окшоп, тажрыйбалуу койчулар демилгени колго алып, чөмүлтүлгөн ага-инилерди окутуп-үйрөтүшөт жана бул жакшы натыйжаларды алып келет. Мисалы, ата-энеси эки башка динди туткан үйбүлөдө чоңойгон Чад жакында эле аксакал болуп дайындалган. Ал мындай дейт: «Рухий жактан өсүүгө мага тажрыйбалуу аксакалдар бир нече жыл жардам беришти. Атам чындыкта болбогондуктан, алар мага өзгөчө кызыгуу көрсөтүп, рухий аталардай болуп калышты. Бул аксакалдар мени кабар айтууга үйрөтүштү, ал эми кийинчерээк бир аксакал жыйналыштагы милдеттеримди аткарууга үйрөттү».

8 Бул мисалдан көрүнүп тургандай, кыраакы аксакалдар болочок кызмат жардамчыларын жана аксакалдарды окутуп-үйрөтүүнү алар талаптарга жооп бергидей деңгээлге жеткенге чейин бир топ эрте башташат. Эмне үчүн? Себеби, Ыйык Китепке ылайык, кызмат жардамчылары менен аксакалдар кызмат кылууга дайындалганга чейин эле адеп-ахлактык жана рухий бийик нормаларга жооп бериши керек. Алар «адегенде сыналышы» керек (1 Тиметейге 3:1—10).

9. Рухий жактан жетилген койчулардын кандай милдети бар жана эмне үчүн?

9 Сыналышы керек болгон ага-инилерди адегенде даярдыктан өткөрүү адилеттикке жатат. Мисалы, эгер мугалими жардам берип даярдабаса, окуучу оор экзаменден өтө алабы? Өтүшү күмөн. Андыктан аны даярдоо зарыл. Бирок акниет мугалимдер окуучуларды экзаменге даярдоо менен эле чектелбестен, алган билимдерин колдонууга да үйрөтүшөт. Анын сыңарындай, күжүрмөн аксакалдар чөмүлтүлгөн ага-инилерге дайындалуу үчүн зарыл сапаттарды өрчүтүүгө жардам беришет. Алар бул биртуугандардын дайындалышын эле эмес, оторго тийиштүү түрдө кам көрүүгө үйрөтүлүшүн да көздөшөт (2 Тиметейге 2:2). Албетте, чөмүлтүлгөн ага-инилер кызмат жардамчысы же аксакал болуп дайындалуу үчүн коюлган талаптарга жооп берүүгө өздөрү тырышчаактык менен умтулушу керек (Титке 1:5—9). Ошентсе да тажрыйбалуу койчулар жыйналыштагы жоопкерчиликтерге умтулуп жаткандарды даярдуулук менен окутуп-үйрөтүп, аларга тезирээк ийгилик кылууга жардам бере алышат.

10, 11. Койчулар башкаларды кошумча милдеттерди аркалоого кантип даярдай алышат?

10 Тажрыйбалуу койчулар башкаларды жыйналыштагы жоопкерчиликтерди аркалоого кантип даярдай алышат? Баарынан мурда алар ага-инилерге кызыгуу көрсөтүшөт: дайыма алар менен кызматка чыгышат жана «чындык сөзүн туура жеткирүүгө» жардам беришет (2 Тиметейге 2:15). Рухий жактан жетилген койчулар башкаларга кызмат кылуу кандай кубаныч алып келерин жана рухий максаттарды коюп, аларга жетүүнүн аркасында өздөрү кандай канааттануу сезип жатышканын айтып беришет. Ошондой эле алар биртуугандарына сылыктык менен кеп-кеңеш айтып, аларга «оторго үлгү болууга» жардам беришет (1 Петир 5:3, 5, «ЖД»).

11 Ага-инилердин кимдир бирөөсү кызмат жардамчысы болуп дайындалганда, акылдуу койчулар аларды андан ары да окутуп-үйрөтүшөт. Ондогон жылдардан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Брюс мындай дейт: «Жаңы дайындалган кызмат жардамчысы менен бирге отуруп, ишенимдүү жана акылдуу кулдун көрсөтмөлөрүн чогуу карап чыгуу мага аябай жагат. Экөөбүз анын жоопкерчиликтерине байланышкан көрсөтмөлөрдү да окуп чыгабыз. Анан аны менен өз милдеттерин жакшы билип калмайынча кызматташам». Кызмат жардамчысы анча-мынча тажрыйба топтоп калганда, аны кайтаруучулук ишке да үйрөтүү зарыл. «Кызмат жардамчысын кайтаруучулук барышка чакырганда,— деп сөзүн улайт Брюс,— мен ага биз менен сүйлөшө турган адамды же үйбүлөнү бекемдээрлик, аларга таасир берерлик аяттарды тандоого жардам берем. Жакшы койчу болуп чыгышы үчүн, кызмат жардамчысы Ыйык Жазманы жүрөктү козгогудай колдоно билүүгө үйрөнүшү керек» (Эврейлерге 4:12; 5:14).

12. Тажрыйбалуу койчулар жаңы дайындалган аксакалдарды кантип даярдай алышат?

12 Кошумча окутуудан жаңы дайындалган койчулар да чоң пайда алышат. Мурунураак кеп кылынган Ник мындай дейт: «Эки тажрыйбалуу аксакал мага өзгөчө зор жардам берди. Ал биртуугандар белгилүү бир маселелерди кантип чечүү керектигин жакшы билишчү. Алар мени чыдамдуулук менен угуп, макул болушпаса да, айткан оюма маани берип карашчу. Алардын жыйналыштагы биртуугандарга момундук жана урмат-сый менен жасаган мамилеси мени көп нерсеге үйрөттү. Ал аксакалдар мага көйгөйлөрдү чечүүдө же башкаларды бекемдөөдө Ыйык Китепти чебер колдоно билүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүшчү».

Кудай Сөзүнөн окуп-үйрөнүшөт

13. а) Жакшы койчу болуш үчүн ага-инилер эмне кылышы керек? б) Эмне үчүн Ыйса: «Менин окутуум Меники эмес»,— деп айткан?

13 Кудай Сөзүндө камтылган мыйзамдар, принциптер жана мисалдар койчуга билгичтик менен иш кылууга жана «бардык жакшы ишке даяр болууга» жардам берет (2 Тиметейге 3:16, 17). Биртуугандын дүйнөлүк билим деңгээли жогору болушу мүмкүн, бирок ал Ыйык Жазманы жакшы билгенде жана иш жүзүндө колдонгондо гана жакшы койчу боло алат. Ыйсаны мисалга алсак, ал адамзат тарыхындагы эң билимдүү, эң кыраакы жана эң акылман рухий койчу болгон. Ошентсе да Ыйса Жахабанын койлорун окутууда өзүнүн акылмандыгына таянган эмес. Ал: «Менин окутуум Меники эмес, Мени жиберген Кудайдыкы»,— деп айткан. Эмне үчүн Ыйса атак-даңкты асмандагы Атасына ыйгарган? «Өз атынан сүйлөгөн өзүнүн даңкталышын каалайт»,— деп түшүндүргөн ал (Жакан 7:16, 18).

14. Канткенде койчулар өздөрүнө даңк издешпейт?

14 Кудайга берилген койчулар өздөрүнө даңк издешпейт. Башкаларды бекемдөөдө же кеңеш берүүдө алар өз акылмандыгына эмес, Кудай Сөзүнө жетектелишет. Алар койчунун милдети койлорго аксакалдардын эмес, «Машайактын акылына» ээ болууга жардам берүү экенин түшүнүшөт (1 Корунттуктарга 2:14—16). Мисалы, аксакал өмүрлүк жарларга никедеги кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүүдө кеңештерин ыйык китептик принциптерге, «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» адабияттарына эмес, өзүнүн тажрыйбасына негиздесечи? (Матай 24:45). Мындай учурда анын кеңештери жергиликтүү салттардын таасири астында, чектелүү билиминин деңгээлинде берилип калышы мүмкүн. Албетте, кээ бир салттар жаман эмес жана аксакал турмуштук тажрыйбага бай болушу этимал. Бирок биртуугандарды адамдардын ой-түшүнүктөрүнө же жергиликтүү салттарга жетектелүүгө эмес, Ыйсанын үнүнө жана Жахабанын сөздөрүнө кулак салууга үндөө алда канча жакшы (Забур 11:7; Накыл сөздөр 3:5, 6).

«Ишенимдүү жана акылдуу кулдан» окуп-үйрөнүшөт

15. Ыйса «ишенимдүү жана акылдуу кулга» кандай тапшырма берген жана кул тобунун ийгиликтерге жетишип жатканынын бир себеби эмнеде?

15 Петир, Жакан жана Пабыл сыяктуу койчулар Ыйса «ишенимдүү жана акылдуу кул» деп атаган топтун мүчөлөрү болушкан. Бул кул тобу Ыйсанын рух менен майланган биртуугандарынан куралган жана алардын Машайак менен асманда бийлик жүргүзүүгө үмүтү бар (Аян 5:9, 10). Дүйнөнүн ушул акыркы күндөрүндө Ыйсанын жердеги биртуугандарынын саны улам кемип баратат. Бирок Ыйса тапшырган иш — дүйнөнүн акыры келгенге чейин Падышалык тууралуу жакшы кабарды таратуу иши — мурда болуп көрбөгөндөй кеңири кулач жаюуда. Ошондо да кул тобу укмуштай ийгиликтерге жетишип жатат! Эмне үчүн? Кандайдыр бир деңгээлде бул анын «башка койлорду» кабар айтуу жана окутуу ишине үйрөтүп жатканы менен түшүндүрүлөт (Жакан 10:16; Матай 24:14; 25:40). Бүгүн бул иштин басымдуу бөлүгүн майлангандардын ушул ишенимдүү шериктери аткарууда.

16. Кул тобу дайындалган ага-инилерди кантип окутуп-үйрөтөт?

16 Кул тобу башка койлорду кантип окутуп-үйрөтөт? I кылымда кул тобунун өкүлдөрү жыйналыштарда көзөмөлчүлөрдү даярдап дайындашкан, көзөмөлчүлөр болсо өз кезегинде жыйналыш мүчөлөрүн окутушкан (1 Корунттуктарга 4:17). Бүгүн да Жетектөөчү Кеңеш — ишенимдүү кулдун курамындагы майланган аксакалдардын чакан тобу — өз өкүлдөрү аркылуу дүйнө жүзүндөгү он миңдеген жыйналыштарда кызмат жардамчылары менен аксакалдарды даярдап дайындайт. Андан тышкары, Жетектөөчү Кеңеш ар кандай мектептерди уюштуруп, филиал комитеттеринин мүчөлөрүн, кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү, аксакалдарды жана кызмат жардамчыларын койлорго жакшы кам көрүүгө үйрөтөт. Ошондой эле каттар, «Күзөт мунарасына» чыккан макалалар жана «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китеби * сыяктуу адабияттар аркылуу кошумча көрсөтмөлөр берилет.

17. а) Ыйса кул тобуна ишенерин кантип көрсөткөн? б) Рухий койчулар кул тобуна толук ишенерин кантип көрсөтө алышат?

17 Ыйса кул тобуна ушунчалык ишенгендиктен, аны «бүт мүлкүнүн», башкача айтканда, жердеги бардык рухий менчигинин үстүнөн койгон (Матай 24:47, «Инжил»). Дайындалган койчулар да кул тобуна толук ишенерин Жетектөөчү Кеңештин көрсөтмөлөрүнө кармануу менен далилдешет. Койчулар башкаларды окутуп, өздөрү Кудай Сөзүнүн негизинде окуп-үйрөнүп, кул тобунун жетекчилигине ылайык иш кылышканда, отордун биримдиги чыңдалат. Ага-инилерди жыйналыштын ар бир мүчөсүнө чын жүрөктөн кам көрүүгө даярдап жатканы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

[Шилтемелер]

^ 16-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Рухий жактан жетилген койчулар башкаларды кантип окутуп-үйрөтүшөт?

• Эмне үчүн койчулар биртуугандарын өз ойлорунун негизинде окутушпайт?

• Койчулар кул тобуна кантип жана эмне үчүн ишеним көрсөтүшөт?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Аксакалдар жыйналыштагы жаштарды окутуп-үйрөтүшөт

[26-беттеги сүрөт]

«Ишенимдүү жана акылдуу кул» аксакалдарды ар кандай жолдор менен окутуп-үйрөтөт