Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Колуңарды чыңдагыла

Колуңарды чыңдагыла

Колуңарды чыңдагыла

«Пайгамбарлар аркылуу айтылган сөздөрдү азыр да угуп жаткандар, колуңарды чыңдагыла» (Захария 8:9, «ҮН»).

1, 2. Акай менен Захария китептерине эмне себептен кайрылышыбыз керек?

АКАЙ менен Захариянын пайгамбарлыктары 2 500 жылдай мурун жазылганына карабастан, алардын биздин жашообузга тиешеси бар экени шексиз. Бул китептердеги маалыматтар бир кездерде болуп өткөн тарыхый окуялар эле эмес. Алар «биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган» Ыйык Жазманын бир бөлүгүн түзөт (Римдиктерге 15:4). Акай жана Захария китептерин окуу менен биз аларда 1914-жылы асманда Падышалык орнотулгандан бери болуп жаткан окуялар чагылдырылганын көрө алабыз.

2 Элчи Пабыл Кудайдын байыркы убактагы элинин жашоосу жөнүндө кеп кылгандан кийин: «Алардын башынан өткөн нерселердин баары бизге сабак болуш үчүн болгон. Кылымдын акырында жашап жаткан бизге эскертүү болуш үчүн, кагазга түшүрүлгөн»,— деген (1 Корунттуктарга 10:11). Андыктан бизде: «Акай менен Захария китептери бүгүнкү күндө эмнеси менен баалуу?» — деген суроо туулушу мүмкүн.

3. Акай менен Захария эмнеге көңүл бурган?

3 Мурунку макалада айтылып өткөндөй, Акай менен Захариянын пайгамбарлыктарында жүйүттөрдүн Бабыл туткунунан бошотулгандан кийин Кудай берген жерге кайтып келгени баяндалат. Бул эки пайгамбардын кабарында, негизинен, ийбадаткананын кайрадан курулушуна көңүл бурулган. Жүйүттөр ийбадаткананын пайдубалын б.з.ч. 536-жылы түптөшкөн. Кээ бир кары адамдар мурунку ийбадаткананы эстеп ыйласа да, көптөр «кубанганынан жер жаңырта кыйкырышкан». Биздин мезгилде да ушуга окшогон, атүгүл мындан да маанилүү нерселер болду. Кандайча? (Эзра 3:3—13).

4. Биринчи дүйнөлүк согуштан көп өтпөй эмне болгон?

4 Биринчи дүйнөлүк согуштан көп өтпөй Жахабанын майланган кызматчылары Улуу Бабылдын кулчулугунан бошотулган. Бул алардын Жахабанын колдоосуна ээ экенин айкын көрсөткөн. Буга чейин диний жетекчилер жана алардын саясий шериктери Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүнүн кабар айтуу жана окутуу ишин токтотуп салгандай сезилген (Эзра 4:8, 13, 21—24). Бирок Жахаба ал ишке байланышкан тоскоолдуктардын баарын жойгон. 1919-жылдан бери Падышалыктын иши илгерилеп келатат жана аны эч нерсе токтото алган жок.

5, 6. Захария 4:7 канчалык чоң масштабда аткарылып жатат?

5 Жахабанын тил алчаак кызматчылары аткарып жаткан кабар айтуу жана окутуу иши анын жардамы менен мындан ары да улантыла берерине бекем ишенсек болот. Захария 4:7де: «Ал негизги ташты „Кандай жыргал, кандай сонун!“ деген кыйкырыктын астында алып чыгат»,— деп айтылат. Бүгүнкү күндө бул пайгамбарлык канчалык чоң масштабда аткарылып жатат?

6 Захария 4:7де Эгедер Теңирдин рухий ийбадатканасынын жердеги короолорундагы чыныгы сыйынуу жогорку деңгээлге көтөрүлө турган мезгил тууралуу айтылат. Рухий ийбадаткана — бул Кудайга Ыйса Машайактын курмандыгынын негизинде сыйынуу аркылуу жакындоого мүмкүнчүлүк берген Жахабанын чарасы. Ал улуу рухий ийбадаткана б.з. I кылымынан бери эле бар. Бирок келечекте анын жердеги короолорундагы чыныгы сыйынуунун сапаты эң жогорку деңгээлге жетет. Миллиондогон кызматчылар азыр рухий ийбадаткананын жердеги короосунда кызмат кылышууда. Алар жана тириле турган көп сандаган адамдар Ыйсанын Миң жылдык башкаруусунун учурунда жеткилеңдикке жетишет. Миң жылдын аягында тазаланган жерде Кудайдын чыныгы сыйынуучулары гана калат.

7. Чыныгы сыйынуунун сапатын эң жогорку деңгээлге жеткирүүдө Ыйса кандай роль ойнойт жана эмне үчүн бул бизди кубаттандырат?

7 Башкаруучу Зоробабыл менен башкы ыйык кызмат кылуучу Жешуя б.з.ч. 515-жылы ийбадаткананын курулуп бүткөнүн өз көздөрү менен көрүшкөн. Захария 6:12, 13тө чыныгы сыйынуунун сапатын эң жогорку деңгээлге жеткирүүдө Ыйсанын негизги роль ойноору алдын ала айтылган: «Себайот Теңир мындай дейт: Мына Адам, Анын ысымы — Бутак, Ал Өзүнүн тамырынан өнүп чыгып, Теңирдин ийбадатканасын тургузат. Ал... даңкты кабыл алат, такка отурат, Өзүнүн тагында отуруп падышачылык кылат. Анын тагында ыйык кызмат кылуучу болот». Рухий ийбадатканадагы Падышалыктын ишин асманда Дөөттүн падышалык тукумунан чыккан Ыйса башкарып жатса, ал иштин ийгиликтүү аткарылышына кимдир бирөө тоскоолдук кыла алабы? Албетте, жок! Бул бизге күндөлүк түйшүктөргө алаксыбай кызмат кылууга түрткү бериши керек эмеспи?

Биринчи орунга эмнени коюшубуз керек?

8. Эмне үчүн рухий ийбадатканадагы кызматыбызды биринчи орунга коюшубуз керек?

8 Жахабанын колдоосуна жана батасына ээ болуу үчүн, рухий ийбадатканадагы кызматыбызды биринчи орунга коюшубуз зарыл. «Али убакыт келе элек»,— деген жүйүттөрдөн айырмаланып, биз «акыркы убакта» жашап жатканыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек (Акай 1:2; 2 Тиметейге 3:1). Ыйса өзүнүн ишенимдүү шакирттеринин Падышалык тууралуу жакшы кабарды таратып, шакирт даярдашарын алдын ала айткан. Кудайга кылып жаткан ыйык кызматыбызды баалабай калуудан сак болгонубуз маанилүү. Дүйнөнүн кысымынан улам убактылуу токтоп калган кабар айтуу жана окутуу иши 1919-жылы кайрадан улантылган, бирок ал соңуна чыга элек. Анын сөзсүз соңуна чыгарына шектенбесек болот!

9, 10. Жахабанын батасы эмнеден көзкаранды жана бул биз үчүн эмнени билдирет?

9 Бул ишке канчалык тырышчаактык менен катышсак, биз жекече да, Кудайдын эли катары да ошончолук көп бата алабыз. Буга байланыштуу Жахабанын бекемдээрлик убадасына көңүл бурсаң. Жүйүттөр кайрадан Ага жан-дилден сыйынып, ийбадаткананы тургузуу ишине ынталуу кирише баштаганда, Жахаба аларга: «Ушул күндөн тартып Мен силерге батамды берем»,— деп убадалаган (Акай 2:19). Алар Кудайдын жактыруусуна кайрадан ээ болушкан. Ал төмөнкүдөй баталарды убада кылган: «Эгин тынчтыкта айдалат, жүзүм сабагы өз жемишин берет, жер өз түшүмүн берет, асман өз шүүдүрүмүн берет: мунун баарын Мен бул калган элдин ээлигине берем» (Захария 8:9—13).

10 Жахаба жүйүттөргө рухий жактан да, материалдык жактан да батасын бергендей эле, өзүбүзгө тапшырылган ишти тырышчаактык менен чын жүрөктөн аткарсак, бизге да батасын берет. Ал баталарга ортобуздагы тынчтык, коопсуздук, рухий жактан өсүү жана гүлдөө кирет. Ошентсе да биз рухий ийбадатканада Жахабага жаккандай кызмат кылганыбызда гана бата аларыбызды түшүнөбүз.

11. Өзүбүздү кантип текшерип көрө алабыз?

11 Азыр «жүрөгүбүздү өзүбүздүн жолдорубузга бура» турган убак (Акай 1:5, 7). Биз убакыт бөлүп, жашообузда эмнени биринчи орунга коюп жатканыбызды текшерип көрүшүбүз керек. Жахаба бизге анын ысмын даңазалоого жана рухий ийбадатканасындагы ишти алдыга жылдырууга канчалык катышып жатканыбызга жараша батасын берет. Ар кимибиз өзүбүздөн: «Азыр жашоомдо биринчи орунда эмне турат? Жахабага, чындыкка жана кызматка болгон ынтам чөмүлтүлгөнүмдө кандай болсо, азыр да ошондойбу? Ыңгайлуу жашоого кызыгып, Жахабага жана анын Падышалыгына азыраак көңүл буруп калган жокмунбу? Мени адамдардан коркуу сезими, башкалар эмне деп ойлоп калат деген тынчсыздануу кармап жаткан жокпу?» (Аян 2:2—4).

12. Акай 1:6, 9-аяттарда жүйүттөрдүн жагдайы кандай сүрөттөлөт?

12 Биз Кудайдын ысмын даңктоого кайдыгер карап, анын баталарынан ажырап калгыбыз келбейт. Акай 1:9да айтылгандай, ийбадаткананы куруу иши жакшы башталгандан кийин, туткундан кайтып келген жүйүттөрдүн «ар кимиси өз үйлөрүнө чуркагандыгын» эстесең. Алар керт башынын муктаждыктарын канааттандырууга, түйшүккө берилип кетишкен. Натыйжада «түшүмдү аз алышкан» да, тамак-аш, ичимдик жана жылуу кийим-кече тартыш болгон (Акай 1:6). Алар Жахабанын батасынан айрылып калышкан. Мындан кандай сабак алсак болот?

13, 14. Акай 1:6, 9-аяттардан кандай сабак алсак болот жана бул эмне үчүн маанилүү?

13 Мындан ары да Кудайдын баталарын алуу үчүн, кызматыбызга кошкөңүл кароодон, өз кызыкчылыктарыбызды көздөөдөн сак болушубуз керек. Бул жагынан бизге байлыктын артынан сая түшүү, тез баюуну көздөө, дүйнөдөн мансап издеп жогорку билимге умтулуу жана жеке кызыкчылыктарыбыз үчүн шык-жөндөмдөрүбүздү өрчүтүүгө өзгөчө көңүл буруу коркунуч туудурат.

14 Аталып өткөндөр күнөө деле болбошу мүмкүн. Бирок түбөлүк өмүрдү эске алганда, алардын баары сага «өлүк иштердей» көрүнбөйбү? (Эврейлерге 9:14). Кандайча? Алар — рухий жактан өлүк, курулай жана пайдасыз нерселер. Эгер адам аларга баш-оту менен берилсе, акыр-түбү рухий жактан кыйроого учурайт. Элчилердин убагында Ыйсанын кээ бир майланган жолдоочулары ошондой кыйроого дуушар болушкан (Филипиликтерге 3:17—19). Андай көрүнүш бүгүнкү күндө да байкалат. Рухий иштерден жана жыйналыштан акырындык менен алыстап, азыр Жахабага кайрадан кызмат кылууга анча көңүлдөнбөй жүргөндөрдү, балким, сен да билесиң. Албетте, биз алардын Кудайга кайтып келерине үмүттөнөбүз, бирок «өлүк иштердин» артынан сая түшүү Жахабанын ырайымынан жана батасынан айрылтары турган иш. Ал эми мунун арты кайгылуу болот: адам Кудайдын рухунун жемиши болгон кубанычтан жана тынчтыктан ажырайт. Элестетсең, биртуугандык ынактыктан айрылуу деген кандай чоң жоготуу! (Галатиялыктарга 1:6; 5:7, 13, 22—24).

15. Жахабага сыйынууга олуттуу карашыбыз керектиги Акай 2:14тө кандайча көрсөтүлөт?

15 Бул маселе абдан олуттуу. Кудайдын үйүн куруунун ордуна, түз жана каймана мааниде өздөрүнүн үйлөрүн кооздоо менен алек болгон жүйүттөргө Жахабанын кандай караганына көңүл бурсаң. Акай 2:14тө: «Бул эл ушундай, Менин алдымда бул уруу ушундай,— дейт Теңир,— алар кылган иштердин баары ушундай! Алардын ошол жерде чалган курмандыктарынын бардыгы таза эмес»,— деп айтылат. Жүйүттөр сыйынууга кошкөңүл карагандыктан, Жахаба алардын Иерусалимдеги убактылуу курмандык чалынуучу жайга алып келген курмандыктарын кабыл алган эмес (Эзра 3:3).

Кудайдын колдоо көрсөтөрү шексиз

16. Захарияга берилген аяндар жүйүттөрдү эмнелерге ынандырган?

16 Ийбадаткананы курууга катышып жаткан тил алчаак жүйүттөр Захарияга берилген сегиз аян аркылуу Кудайдын аларга колдоо көрсөтөрүнө ынандырылган. Биринчи аян ийбадаткана курулуп бүтөрүнө жана Иерусалим менен Жүйүттүн гүлдөөрүнө кепилдик берген. Ан үчүн тил алчаак жүйүттөр куруу ишин кайра башташы керек болчу (Захария 1:8—17). Экинчи аянда чыныгы сыйынууга бут тоскон бардык башкаруучулардын жок кылынары убадаланган (Захария 1:18—21). Кийинки аяндар куруу иши жүрүп жатканда Кудай ысрайылдыктарды коргоорун, Жахабанын курулуп бүткөн үйүнө көп улуттун өкүлдөрү агылып келерин, ошондой эле чыныгы тынчтык жана коопсуздук орноорун көрсөткөн. Бул пайгамбарлыктар Кудайдын ишине жасалган тоодой тоскоолдуктар менен мыйзамсыздардын баары жок кылынып, Кудайдын элин периштелер коргой турганына кепилдик берген (Захария 2:5, 11; 3:10; 4:7; 5:6—11; 6:1—8). Тил алчаак жүйүттөр Кудайдын колдой турганына ушундай кепилдик алгандан кийин, жашоолорун өзгөртүп, Кудай аларды кайсы ишти аткаруу үчүн бошотсо, ошол ишке көңүл бурушкан.

17. Кудайдын ынандыруусун эске алып, өзүбүзгө кандай суроолорду берсек болот?

17 Анын сыңарындай, чыныгы сыйынуунун бүт жер жүзү боюнча өкүм сүрөрү тууралуу ынандыруу бизге иш-аракет кылууга, Жахабанын рухий ийбадатканасындагы сыйынууга олуттуу мамиле жасоого түрткү бериши керек. Өзүңө мындай суроолорду берип көр: максаттарым менен жашоо мүнөзүмдөн азыр Падышалык тууралуу жакшы кабарды жарыялоонун жана шакирт даярдоонун убагы экенине ишенерим көрүнүп турабы? Кудайдын пайгамбарлык Сөзүн изилдөө маанилүү экенин түшүнүп, ага жетиштүү убакыт бөлөмбү жана андан билгендерим жөнүндө ишенимдештериме, ошондой эле кызматта жолуккан адамдарга айтып беремби?

18. Захария китебинин 14-бөлүмүнө ылайык, жакында эмне болот?

18 Захария Улуу Бабыл талкаланган соң Армагедон согушу келерин айтып өткөн. Биз: «Ошол күн Теңир гана билген күн болот: күн да, түн да болбойт; кечкурун гана жарык пайда болот»,— деген сөздөрдү окуйбуз. Ооба, Жахабанын күнү анын жердеги душмандары үчүн, чынында эле, караңгы жана каардуу күн болот. Бирок ал күнү Жахабанын ишенимдүү кызматчыларына жарык чачылып, алар Жахабанын ырайымына ээ болушат. Андан тышкары, Захария жаңы дүйнөдө баары Жахабанын ыйыктыгын жар саларын сүрөттөгөн. Кудайдын улуу рухий ийбадатканасындагы чыныгы сыйынуу жер жүзүндөгү сыйынуунун жападан-жалгыз түрү болот (Захария 14:7, 16—19). Кандай сонун убада! Биз пайгамбарлыктардын аткарылганын жана Жахабанын эгедерлигинин акталганын өз көзүбүз менен көрөбүз. Ал күн, чынында эле, Жахабанын күнү болот!

Түбөлүк баталар

19, 20. Эмне үчүн Захария 14:8, 9-аяттар кубаттандырат?

19 Ошол маанилүү окуялардан кийин, Шайтан жана анын жин-перилери туңгуюкка камалат (Аян 20:1—3, 7). Анан Машайактын миң жылдык башкаруусунун тушунда адамзат зор баталарды алат. Захария 14:8, 9да мындай деп айтылат: «Ошол күнү мындай болот: Иерусалимден тирүү суулар агып чыгат, алардын жарымы чыгыш деңизине, жарымы батыш деңизине агат: жайында да, кышында да ушундай болот. Теңир бүт жер жүзүнө Падыша болот. Ошол күнү жалгыз Теңир болот, Анын ысымы да бирөө болот».

20 Жахабанын өмүр берерлик чарасын билдирген «тирүү суу», башкача айтканда, «өмүр суусу» Мессиялык Падышалыктан дайыма агып турат (Аян 22:1, 2). Жахабанын Армагедондон аман өткөн эбегейсиз көп кызматчылары Адам атадан өткөн өлүмдөн бошотулат. Өлгөндөргө да тирилүү чарасы аркылуу баталар тиет. Ошентип, Жахабанын жер үстүнөн болгон башкаруусунун жаңы доору башталат. Бардык адамдар Жахабаны Ааламдын Эгедери деп билип, сыйынууга бир гана Ал татыктуу экенин таанышат.

21. Биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

21 Акай менен Захария айткан пайгамбарлыктарды жана алардын аткарылганын карап чыккандан кийин, Жахаба рухий ийбадатканасынын жердеги короолорунда аткарууга тапшырган ишти уланта берүүгө орчундуу негиз бар экенине ынандык. Чыныгы сыйынуунун сапаты эң жогорку деңгээлге жеткенге чейин, келгиле, мындан ары да Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коёлу. Кудай Сөзү бизди: «Пайгамбарлар аркылуу айтылган сөздөрдү азыр да угуп жаткандар, колуңарды чыңдагыла»,— деп үндөйт (Захария 8:9, «ҮН»).

Эсиңердеби?

• Акай менен Захариянын пайгамбарлыктарынын биздин мезгилге кандай тиешеси бар?

• Акай жана Захария китептеринде биринчи орунга эмнени коюшубуз керектигине байланыштуу кандай сабак камтылат?

• Акай менен Захариянын пайгамбарлыктарын карап чыгуу эмне үчүн келечекке ишенимдүү кароого негиз берет?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Жеке кызыкчылыктарыңды көздөп кеткен жоксуңбу?