Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мен силер мененмин»

«Мен силер мененмин»

«Мен силер мененмин»

«Теңирдин кабарчысы... элге Теңирдин сөзүн айтты: „Мен силер мененмин“,— дейт Теңир» (Акай 1:13).

1. Ыйса биздин мезгилди кайсы убакка окшоштурган?

БИЗ тарыхтын абдан маанилүү учурунда жашап жатабыз. Ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарылышы 1914-жылдан бери «Эгенин күнүндө» жашап жатканыбызды далилдеп турат (Аян 1:10, «ЖД»). Ыйсанын «Адам Уулу» падышалык кыла турган убакты Нух пайгамбардын жана Лоттун убагына салыштырганы көбүбүзгө маалым (Лука 17:26, 28). Мындай салыштыруулар Ыйык Китепте маанилеш пайгамбарлыктар деп аталат. Бирок кылдат карап чыгууга татыктуу болгон дагы бир пайгамбарлык бар.

2. Жахаба Акай менен Захарияга кандай тапшырма берген?

2 Келгиле, Акай жана Захария пайгамбарлар жашаган мезгилдеги жагдайды карап көрөлү. Бул эки ишенимдүү пайгамбар Жахабанын азыркы убактагы элине кандай кабар калтырышкан? Акай менен Захария Бабыл туткунунан кайтып келген жүйүттөргө «Теңирдин кабарчылары» катары жиберилген. Алар ысрайылдыктарды ийбадаткананы кайра курууда Жахабанын колдооруна ынандырууга дайындалган (Акай 1:13; Захария 4:8, 9). Акай менен Захария жазган китептер кыска болгону менен, алар «Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу» (2 Тиметейге 3:16).

Бизге тиешелүү пайгамбарлыктар

3, 4. Акай менен Захариянын пайгамбарлыктарына эмне үчүн кызыгышыбыз керек?

3 Акай жана Захария китептеринин жүйүттөр үчүн пайдалуу болгону шексиз, себеби аларда камтылган пайгамбарлыктар ошол убакта аткарылган. Анда бул эки китептин бизге да тиешелүү экенине эмне үчүн шектенбесек болот? Жоопту Эврейлерге 12:26—29-аяттардан табабыз. Ал жерде элчи Пабыл Акай 2:6дан үзүндү келтирип, Жахабанын «асман менен жерди... солкулдатарын» бышыктаган. Ооба, Ааламдын Эгедери акыр-аягында «падышачылык тактыларды кулатып, бутпарас падышачылыктардын күчүн жок кылат» (Акай 2:22).

4 Акай китебине кайрылып, Пабыл «бутпарас падышачылыктардын» эмне болорун айткан жана Ыйсанын майланган жолдоочулары мурастай турган «солкулдабаган Падышачылыктын» алда канча жогору болоруна көңүл бурган (Эврейлерге 12:28). Мындан көрүнүп тургандай, I кылымда (Эврейлерге китеби жазылган убакта) Акай менен Захариянын пайгамбарлыктарында көрсөтүлгөн мезгил али келе элек болчу. Мессиялык Падышалыкты Ыйса менен бирге мурастай турган майланган кызматчылардын калдыгы жерде азыр да бар. Демек, Акай менен Захариянын пайгамбарлыктары биздин мезгилде зор мааниге ээ.

5, 6. Акай менен Захариянын убагына чейин кандай окуялар болгон?

5 Эзра китебинде Акай менен Захариянын убагына чейин кандай окуялар болгону баяндалат. Б.з.ч. 537-жылы жүйүттөр Бабыл туткунунан кайтып келгенден кийин, б.з.ч. 536-жылы башкаруучу Зоробабыл менен башкы ыйык кызмат кылуучу Жешуянын көзөмөлү астында жаңы ийбадаткананын пайдубалы салынган (Эзра 3:8—13; 5:1). Бул иш аларга зор кубаныч тартуулаган. Бирок көп өтпөй алар душмандарынан корко башташкан. Эзра 4:4тө: «Ал жердин адамдары жүйүт элин алсыратып, курулушка тоскоол кыла башташты»,— деп айтылат. Душмандар, айрыкча, самариялыктар жүйүттөргө жалаа жаап, Персия падышасын ийбадаткананы куруу ишине тыюу салууга көндүрүшкөн (Эзра 4:10—21).

6 Жүйүттөр ийбадаткананы курууга ынталуу киришкени менен, көп узабай алардын деми сууп, баш-оту менен жеке кызыкчылыктарына берилип кетишкен. Бирок б.з.ч. 520-жылы, ийбадаткананын пайдубалы салынгандан 16 жыл өткөн соң, Жахаба Акай менен Захарияны элди ийбадаткананы курууга кайрадан киришүүгө үндөгөнү жиберген (Акай 1:1; Захария 1:1). Кудайдын бул өкүлдөрү жүйүттөрдү бекемдеп, Жахабанын колдой турганына ынандырышкан. Ошентип, курулуш улантылып, ийбадаткана б.з.ч. 515-жылы толук курулуп бүткөн (Эзра 6:14, 15).

7. Акай менен Захариянын убагындагы жагдай биздин мезгилдеги жагдайга эмнеси менен окшош?

7 Бул окуялардын биз үчүн кандай пайгамбарлык мааниге ээ экенин билесиңерби? Бүгүн биз Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу ишине катышып жатабыз (Матай 24:14). Бул ишке Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин өзгөчө көңүл бурулган. Байыркы убакта жүйүттөр Бабыл жериндеги туткундан бошотулгандай, Жахабанын азыркы мезгилдеги эли жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылдын туткунунан бошотулган. Кудайдын майланган кызматчылары кабар айтууда, адамдарды окутууда жана чыныгы сыйынууга багыттоодо ынталуу болушкан. Ал иш бүгүн андан да чоң масштабда аткарылып жатат жана ага силер да катышып жатсаңар керек. Азыр кабар айтуу ишин аткаруунун убагы, анткени бул каардуу дүйнөнүн акырына аз калды! Кудай тапшырган бул иш Жахаба «чоң алааматта» адамзаттын иштерине кийлигишкенге чейин улантылышы керек (Матай 24:21). Андан соң жамандык жоюлуп, жер жүзүндө чыныгы сыйынуу гүлдөйт.

8. Жүргүзүп жаткан ишибизге Кудайдын жардам берерине эмне үчүн шектенбесек болот?

8 Акай менен Захариянын пайгамбарлыктары көрсөтүп тургандай, бул ишке чын жүрөктөн катышсак, Жахабадан жардам жана бата аларыбыз шексиз. Кээ бирөөлөр Кудайдын элин жок кылууга же алардын ишине тыюу салууга аракеттенип келишсе да, кабар айтуу ишин бир дагы өкмөт токтото алган эмес. Биринчи дүйнөлүк согуштан тартып биздин убакка чейин ондогон жылдар бою Жахаба Падышалыктын ишине кандай батасын берип, кандай өсүш болгонун ойлоп көрсөңөр. Бирок дагы деле иш көп.

9. Байыркы убактагы кайсы жагдайга көңүл бурушубуз керек жана эмне үчүн?

9 Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине байланыштуу Кудайдын буйругуна дагы көбүрөөк баш ийүүгө бизге Акай менен Захария китептери кандай түрткү берет? Келгиле, бул эки китепте биз үчүн кандай сабактар камтылганын карап көрөлү. Мисалы, туткундан кайтып келген жүйүттөргө тапшырылган ишке — ийбадаткананы куруу ишине — байланыштуу кээ бир нерселерге токтололу. Жогоруда айтылгандай, Бабыл туткунунан Иерусалимге кайтып келген жүйүттөр ал ишти токтотуп коюшкан. Ийбадаткананын пайдубалы салынгандан кийин, алардын ынтасы сууп калган. Алар кандай туура эмес көзкарашка ээ болушкан жана мындан биз кандай сабак алсак болот?

Туура көзкарашка ээ болуу

10. Жүйүттөр кандай туура эмес көзкарашка ээ болушкан жана натыйжасы эмне болгон?

10 Жүйүттөр: «Али убакыт келе элек»,— дешкен (Акай 1:2). Алар б.з.ч. 536-жылы ийбадаткананын пайдубалын жаңыдан тургуза баштаганда «али убакыт келе элек» деп айтышкан эмес. Бирок көп өтпөй коңшу элдердин каршылыгынан жана башкаруучулардын кийлигишүүсүнөн улам алардын ындыны өчкөн. Жүйүттөр өздөрүнүн үй-жайына жана ыңгай-шарттарына көбүрөөк көңүл бура баштаган. Жахаба алардын баалуу жыгачтардан салынган үйлөрүн курулуп бүтпөй жаткан ийбадатканага салыштырып: «Бул үй кыйрап жатса, өзүңөрдүн жасалгалуу үйүңөрдө жашай турган убакпы?» — деп суроо салган (Акай 1:4).

11. Жахаба Акайдын убагындагы жүйүттөргө эмне себептен кеңеш берген?

11 Ооба, жүйүттөрдү башка нерселер кызыктыра баштаган. Жахабанын эркин биринчи орунга коюунун жана ийбадаткананы кайра куруунун ордуна, Кудайдын эли өзүнүн жашоосуна жана үй-жайына көбүрөөк көңүл бурушкан. Ал эми Кудайга сыйынуу жайын куруу иши унутта калган. Акай 1:5те айтылгандай, Жахаба жүйүттөрдү: «Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы»,— деп үндөгөн. Кудай аларды бир азга токтоп, эмне менен алек болуп жатышканына жана ийбадаткананы куруу ишин биринчи орунга койбой калышканы өздөрүнө кандай таасир тийгизип жатканына көңүл бурууга, ой жүгүртүүгө чакырган.

12, 13. Акай 1:6да жүйүттөрдүн жагдайы кандай сүрөттөлөт жана бул аятты кандай түшүнүшүбүз керек?

12 Жүйүттөрдүн өз кызыкчылыктарын биринчи орунга койгону өздөрүнө терс таасир тийгизген. Кудайдын буга байланыштуу көзкарашы Акай 1:6да чагылдырылган: «Силер үрөндү көп сээп, бирок түшүмдү аз алып жатасыңар; жеп, бирок тойбой жатасыңар; ичип, бирок суусунуңар канбай жатат [«мас болбой жатасыңар», «ЖД»]; кийим кийип, бирок жылыбай жатасыңар; эмгек акы тапкандар түбү тешик намыян үчүн эмгектенип жатышат».

13 Жүйүттөр Кудай тартуулаган жерде жашаса да, ал жерден мол түшүм ала алышкан эмес. Алдын ала эскерткендей, Кудай аларга батасын берген эмес (Мыйзам 28:38—48). Жахаба колдоо көрсөтпөгөндүктөн, жүйүттөр үрөн себишкен, бирок жарыбаган түшүм алышкан жана тамак-аштан өксүшкөн. Жахаба батасын бербегендиктен, жылуу кийим көздөрүнөн учкан. Ал турсун, тапкан акчалары да «тешик намыянга» салынгандай болгон, башкача айтканда, иштеп тапкандарынын бардыгы эч кандай пайда алып келген эмес. Ал эми: «Ичип, бирок мас болбой жатасыңар»,— деген сөздөрдүн мааниси кандай? Бул мас болуу Кудайдын батасы экенин билдирбейт, анткени Жахаба мас болгончо ичүүнү айыптайт (1 Шемуел 25:36; Накыл сөздөр 23:29—35). Демек, ал сөздөр жүйүттөргө Кудайдын батасы тийбегенин дагы бир жолу тастыктап турат. Алар шараптан да өксүшкөн, ага мас болгудай өлчөмдө ээ болушкан эмес. Макарийдин котормосунда Акай 1:6да: «Моокумуңар кангыча ичпейсиңер»,— деп айтылат.

14, 15. Акай 1:6дан кандай сабак алсак болот?

14 Мунун баары бизге үйүбүздүн кандай болушу керектигине байланыштуу эле сабак эмес. Бабыл туткунуна чейин көп убакыт мурун Амос пайгамбар Ысрайылдагы бай адамдарды «пил сөөгү менен кооздолгон үйлөрдө» жашап, «пил сөөгүнөн жасалган сөрүдө жатышканы» үчүн айыптаган (Амос 3:15; 6:4). Кооз үйлөр жана жасалгалуу эмеректер сакталып калган эмес. Алардын баары баскынчы душмандар тарабынан таланып-тонолгон. Тилекке каршы, 70 жылдык туткундан кийин Кудайдын элинин ичинен көптөр ошол окуялардан сабак алышкан эмес. Бизчи? Ар бирибиз өзүбүзгө төмөнкүдөй суроолорду берип көрсөк болот: «Үйүмө жана аны жасалгалоого ашкере көңүл буруп жаткан жокмунбу? Бир канча жыл бою көп убактымды алып, рухий иштеримди артка сүрүп чыгара турган болсо, мансап издеп кошумча билим алууга умтулганым туурабы?» (Лука 12:20, 21; 1 Тиметейге 6:17—19).

15 Акай 1:6дагы сөздөр бизге Кудайдын батасын издөөгө түрткү бериши керек. Байыркы жүйүттөр издеген эмес жана мунун натыйжасы кайгылуу болгон. Материалдык абалыбыз кандай болбосун, Жахабанын батасына ээ болбосок, бул рухийлигибизге сөзсүз түрдө залакасын тийгизет (Матай 25:34—40; 2 Корунттуктарга 9:8—12). Кудайдын батасын канткенде ала алабыз?

Жахаба ыйык руху аркылуу жардам берет

16—18. Захария 4:6 байыркы убакта кандайча аткарылган?

16 Акайдын замандашы Захария пайгамбар Жахабанын өзүнүн берилген кызматчыларына кандай жол менен күч-кубат, бата берерин баса белгилеген. Анын сөздөрүнөн Кудайдын бизге да кантип бата берерин көрө алабыз. Захария: «„Аскер кошууну менен да эмес, күч менен да эмес, бир гана Менин Рухум менен“,— дейт Себайот Теңир»,— деп жазган (Захария 4:6). Бул аят бизге карата көп колдонулат, бирок андагы сөздөр Акай менен Захариянын күндөрүндөгү жүйүттөр үчүн эмнени билдирген жана биз үчүн эмнени билдирет?

17 Кудайдын Акай менен Захария аркылуу айткандары жүйүттөргө укмуштай таасир эткенин эстесең. Бул эки пайгамбардын сөздөрүнөн ишенимдүү жүйүттөр зор күч-кубат алышкан. Акай пайгамбарлык кызматын б.з.ч. 520-жылдын алтынчы айында, ал эми Захария ошол эле жылдын сегизинчи айында баштаган (Захария 1:1). Акай 2:18ге ылайык, ийбадаткананын пайдубалын тургузуу иши тогузунчу айда улантылган. Демек, жүйүттөр иш-аракет кылууга түрткү алышкан да, Жахабанын тилин алып, анын жардам берерине бекем ишенишкен. Захария 4:6дагы сөздөр көңүлүбүздү Кудайдын жардамына бурат.

18 Б.з.ч. 537-жылы жүйүттөр Бабылдан өз жерине кайтып келатканда алардын эч кандай аскери болгон эмес. Аларды Жахаба коргоп, жетектеп алып келген. Андан көп өтпөй жүйүттөр ыйык рухтун таасири астында ийбадаткананы курууга киришкен. Алар бул ишти кайрадан бүт ынтасы менен аткара баштагандыктан, Жахаба ыйык руху менен колдоп, аларды бардык жактан коргоого алган.

19. Кудайдын руху кайсы күчтүү таасирди жеңген?

19 Захария сегиз аян көрүп, Жахабанын кызматчылары ийбадаткананы куруу ишин аягына чыгарса, Кудай алар менен болоруна ынанган. Ал аяндардын төртүнчүсү 3-бөлүмдө жазылган. Анда Шайтандын жүйүттөргө бут тосууга жана ийбадаткананын тургузулушуна тоскоолдук кылууга бүт күчүн жумшаганы көрсөтүлөт (Захария 3:1). Ал башкы ыйык кызмат кылуучу Жешуянын жаңы ийбадатканада эл үчүн кызмат кылышын каалаган эмес. Бирок Шайтан канчалык бут тоспосун, жүйүттөр бардык кыйынчылыктарды Жахабанын рухунун жардамы менен жеңип, куруу иши бүткөнчө ынталуу эмгектенишкен.

20. Ыйык рух жүйүттөргө Кудайдын эркин аткарууга кандай жардам берген?

20 Куруу ишине тыюу салууга кудуреттүү болгон бийлик башчыларынын каршылыгы, тоскоолдуктары опол тоодой көрүнгөн. Бирок Жахаба ал «тоонун» талкаланып, «түздүккө» айланарын убада кылган (Захария 4:7). Кийин так ошондой болгон! Падыша Дарий I ишкагаздарын иликтеп жатып Корештин жүйүттөргө ийбадаткананы кайра курууга уруксат берген буйругун тапкан. Ошондуктан ал курулуш ишинин улантылышына уруксат берип, курулушка сарпталган чыгымдарды жабуу үчүн, жүйүттөргө падышанын казынасынан каражат бөлүнүшүнө кам көргөн. Ошентип, жагдай күтүлбөгөн жерден өзгөргөн. Мында Кудайдын ыйык руху роль ойногонбу? Шексиз түрдө! Ийбадаткана б.з.ч. 515-жылы, Дарий Iнин падышалыгынын алтынчы жылында, курулуп бүткөн (Эзра 6:1, 15).

21. а) Байыркы убакта Кудай кантип «элдерди солкулдаткан» жана кандайча мунун натыйжасында «бардык элдердин асылдары» чыккан? б) Ал пайгамбарлык бүгүнкү күндө кантип аткарылууда?

21 Акай 2:5те пайгамбар жүйүттөргө Синай тоосунун этегинде, «тоо катуу солкулдап турганда», Жахаба менен келишим түзүлгөнүн эскерткен (Чыгуу 19:18). 6, 7-аяттарда айтылгандай, Акай менен Захариянын убагында да Жахаба жерди каймана мааниде солкулдатууга ниеттенген. Персия империясы каргашага учурамак, ал эми ийбадаткананы куруу иши ийгиликтүү аяктамак. Ийбадаткана тургузулуп, акыр-аягында Кудайды жүйүттөр эле эмес «бардык элдердин асылдары» (МАК) деп аталган башка улуттагы адамдар да даңкташмак. Азыркы мезгилде Жахаба элдерди биздин кабар айтуу кызматыбыз аркылуу чоңураак масштабда солкулдатып жатат жана мунун натыйжасында «бардык элдердин асылдары» чыгып, майланган калдык менен бирге Кудайды даңктап жатышат. Ооба, майлангандар менен башка койлор азыр Жахабанын үйүн даңкка толтурушууда. Алар убагы келгенде Анын «асман менен жерди» башка мааниде солкулдатарына бекем ишенишет. Кудай бутпарас падышалыктарды кулатып, алардын күчүн жок кылат (Акай 2:22).

22. Элдер кандай мааниде «солкулдатылууда», бул кандай натыйжа берүүдө жана алдыда дагы эмне болот?

22 Жогорудагы пайгамбарлыкта «асман менен жер, деңиз менен кургактык» деп сүрөттөлгөн чөйрөлөрдө болгон солкулдоолор тууралуу айтылат. Мисалы, Шайтан Ибилис жана анын жин-перилери асмандан жердин айланасына куулуп түшүрүлгөн (Аян 12:7—12). Андан тышкары, Кудайдын майланган кызматчыларынын кабар айтуу иши адамзат коомун «солкулдатып» жатканы шексиз (Аян 11:18). Буга карабастан «бардык элдердин асылдарынан» турган «эбегейсиз көп адамдар» Жахабага сыйынуу үчүн рухий Ысрайылга кошулууда (Аян 7:9, 10). Эбегейсиз көп адамдар Ыйсанын майланган жолдоочулары менен кызматташып, жакында Кудай Армагедондо элдерди солкулдатары тууралуу жакшы кабарды жарыялап жатышат. Армагедондон кийин жер жүзү боюнча чыныгы сыйынуунун сапаты эң жогорку деңгээлге көтөрүлөт.

Эсиңердеби?

• Акай менен Захария качан жана кандай жагдайларда кызмат кылышкан?

• Акай менен Захариянын кабарын сен кантип колдоно аласың?

Захария 4:6дагы сөздөрдү эмне үчүн бекемдээрлик деп эсептейсиң?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Акай менен Захариянын пайгамбарлыктары бизди Кудайдын колдоосуна ынандырат