Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ой-сезимиңерди ачык билдире аласыңарбы?

Ой-сезимиңерди ачык билдире аласыңарбы?

Ой-сезимиңерди ачык билдире аласыңарбы?

МЫНДАН бир нече жыл мурун Жапониядагы бир банк тарабынан «Алтымыштагы адамдын ашыктыгын билдириши» деген сынак жүргүзүлгөн. Сынакта 50—70 жаштагы жапондуктар өмүрлүк жарларына «жүрөгүнүн түпкүрүндөгү эң назик» сезимдерин ачык айтууга чакырылган. Андагы катышуучулардын бири аялына минтип жазган: «Сен күлөт болушуң керек... Мейли... Айтпай койсом, өкүттө каламын. Ошондуктан чын дитимен: „Мага турмушка чыкканың үчүн ырахмат“,— деп бардыгына угуза айткым келет».

Айрым элдерде, мисалы, Азиядагы кээ бир өлкөлөрдө сезимдерин эркин билдирүү жат эсептелет. Ошого карабастан, айтылган сынакка 15 000 адам катышкан. Ал ушунчалык кеңири колдоого алынгандыктан, артынан дагы бир сынак жарыяланып, келип түшкөн каттардан бир нече китеп чыгарылган. Бул көптөрдүн өмүрлүк шеригин назик, терең сүйөрүн айткысы келерин көрсөтөт. А бирок адамдардын баары эле антүүгө батына бербейт. Эмне үчүн дегенде, алар бирөөгө, тагыраак айтканда, жарына сезимдерин жеткире туюнтууга үйрөнүш үчүн, кыйла күч-аракет жумшашы керек.

Ардактуу эс алуудагылар жөнүндө китеп жазган Китоси Като Жапониядагы улгайгандардын арасында көбүнчө аялдар ажырашууга арыз беришерин белгилейт. Анын себеби — жылдар бою чогулуп келген таарыныч. «Ошондой эле,— дейт ал,— бул — үйбүлөдө кыйынчылыктар пайда болгондо ачык талкуулашпагандыктын жыйынтыгы».

Ардактуу эс алууга чыккан адам, аялы ажырашуу жөнүндөгү билдирүүнү колуна карматканда, дал боло түшөт көрүнөт. Балким, алар көптөгөн жылдар бою бирге жашап жүрүшсө да, бири-бирине болгон сезимдерин ачылып айтпаган чыгар. Же айтууга аракеттенишсе да, сүйлөшүп бүткөнчө «чыртылдашып» кетишчүдүр. Жылуу-жумшак баарлашууга аракеттенгенинен бирин-бири кекетип-мокоткону көп болгондур.

Өмүрлүк түгөйлөр келишпестиктерди чыр-чатаксыз чече алышабы? Өз ой-сезимдерин жумшак, жагымдуу түрдө билдирүүгө канткенде үйрөнүшөт? Белгилей кетчү нерсе, үйбүлө үчүн эң жакшы кеңештер кеңешчилердин акыркы эмгектеринде эмес, миңдеген жылдардан бери баалуулугу кемибей келаткан байыркы китепте камтылат. Ал — Ыйык Китеп.